Редакцияот 31.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2025-жылдын 31-декабры № 1185-т

 

Кыргыз Республикасынын энергетикалык секторун өнүктүрүү жана генерациялоочу кубаттуулугун көбөйтүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен "Чайнатаун кыймылсыз мүлк" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген кубаттуулугу 1200 МВт болгон жылуулук электр станциясын долбоорлоо, жабдууларды жеткирүү, куруу, жөнгө салуу, иштетүү, өндүрүү, эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча инвестициялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын энергетика министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев