Загрузка документа…
|
| 7-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы N 673 токтомуна) |
Жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоо СТАНДАРТЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул стандарттын колдонулушу жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоого жайылтылат.
2. Бул стандарт Кыргыз Республикасынын аймагындагы жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоонун бирдиктүү принциптерин, ыкмаларын жана методологиялык негиздерин белгилейт.
3. Стандарт мамлекеттик, көз карандысыз, соттук жана корпоративдик баалоону жүргүзүүдө, ошондой эле экологиялык мониторингдин жана аудиттин алкагында колдонулат.
4. Терминдер жана аныктамалар. Бул стандартта баалоо иши жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда келтирилген маанидеги терминдер жана аныктамалар да колдонулат.
Жаратылыш ресурстары - потенциалдуу же иш жүзүндөгү экономикалык баалуулукка ээ болгон жана адамдын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн пайдаланылуучу жаратылыш чөйрөсүнүн элементтери (жер, суу, аба, жер казынасы, өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсү, күн энергиясы жана башкалар).
Жер казынасы - жер кыртышынын жер бетинен төмөн жайгашкан, пайдалуу кендерди, геотермалдык, гидрогеологиялык жана башка ресурстарды камтыган, сарамжалдуу өздөштүрүлүүгө жана корголууга тийиш болгон бөлүгү.
Минералдык ресурстар - өнөр жайлык казып алуу үчүн жарактуу рудалык, отун жана рудалык эмес пайдалуу кендерди камтыган жер казынасындагы табигый түзүлүштөр.
Суу ресурстары - ичүүчү, техникалык, айыл чарбалык жана өнөр жайлык суу менен жабдуу үчүн пайдаланылуучу жер үстүндөгү жана жер астындагы суулар.
Табигый потенциалы бар жер участоктору - өнүмдүүлүгү, экологиялык туруктуулугу жана айыл чарбалык, токой же рекреациялык пайдалануу үчүн жарактуулугу бар аймактар.
Токой жана биологиялык ресурстар - жандуу жаратылыштын компоненттери, анын ичинде экосистемалардын алкагында түзүлүүчү жыгач, жапайы өсүмдүктөр, аңчылык жана балык ресурстары.
Альтернативдүү табигый энергия булактары - табигый процесстер аркылуу пайда болгон кайра жаралуучу ресурстар: күн радиациясы, шамал энергиясы, геотермалдык агымдар.
Экологиялык, рекреациялык жана маданий маанидеги аймактар - өзгөчө коргоо статусуна, эстетикалык баалуулукка же тарыхый-маданий мааниге ээ болгон участоктор.
Баланстык запастар - учурдагы технологиялык жана рыноктук шарттарда казып алуу экономикалык жактан максатка ылайыктуу деп таанылган пайдалуу кендердин көлөмдөрү.
Баланстан тышкаркы запастар - азыркы учурда экономикалык, технологиялык же экологиялык себептер боюнча казып алуу максатка ылайыксыз болгон пайдалуу кендердин көлөмдөрү.
Потенциалдуу ресурстар - геологиялык жана геофизикалык маалыматтардын негизинде бар экендиги болжолдонгон, бирок чалгындоо менен ырасталбаган ресурстардын болжолдонгон көлөмдөрү.
Жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоо - ченемдик укуктук актыларды пайдалануу менен жаратылыш ресурстарынын жана жер казынасынын наркын, көлөмүн, сапатын жана жарактуулугун аныктоо процесси.
Жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоонун чыгымдуу ыкмасы (мындан ары - ЖРжЖК) - ресурстарды өздөштүрүү үчүн зарыл болгон жыйынды физикалык жана нарктык параметрлерге, анын ичинде капиталдык жана операциялык сарптоолорго негизделген баалоо методу (ыкмасы).
ЖРжЖКны баалоонун кирешелүү ыкмасы - дисконттоо жана сценарийди талдоо ыкмаларын колдонуу менен ресурс менен генерацияланган келечектеги акча агымдарын болжолдоого негизделген баалоо методу (ыкмасы).
ЖРжЖКны баалоонун салыштырмалуу ыкмасы - инфраструктурага, тобокелдиктерге жана жеткиликтүүлүккө түзөтүүлөрдү колдонуп, белгилүү рыноктук наркы менен окшош объекттерди талдоого негизделген баалоо методу (ыкмасы).
Региондук өзгөчөлүк - долбоорду баалоо жана ишке ашыруу параметрлерине таасир этүүчү геологиялык, климаттык, инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык шарттардын жыйындысы.
Ченемдик укуктук база - жер казынасын пайдаланууну, айлана-чөйрөнү коргоону, жер мамилелерин жана баалоо ишин жөнгө салуучу мыйзамдык жана ченемдик актылардын жыйындысы.
Экологиялык чектөөлөр - айлана-чөйрөгө таасир этүүгө байланышкан талаптар жана лимиттер, анын ичинде экологиялык экспертиза жүргүзүү жана жаратылышты коргоо ченемдерин сактоо зарылдыгы.
Институционалдык талаптар - баалоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, анын ичинде геологиялык кызмат, экологиялык ведомстволор, кадастр органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу шарттары.
Баалоо тобокелдиктери - геологиялык, технологиялык, рыноктук, укуктук жана экологиялык тобокелдиктерди кошо алганда, баалоонун натыйжаларынын аныктыгына жана колдонулушуна таасир этүүгө жөндөмдүү анык эместик факторлорунун жыйындысы.
Өзгөчө жол берүүлөр - менчик ээсинин ниетин, активдердин курамынан чыгарылышын, ченемдик чөйрөнүн жана рыноктук шарттардын туруктуулугун кошо алганда, баалоонун алкагында кабыл алынуучу божомолдор.
Сандык баалоо - физикалык бирдиктердеги ресурстардын көлөмүн өлчөө (тонна, унция, м3, га ж.б.).
2-глава. Баалоо объекттери
5. Бул стандарттын баалоо объекттери болуп ЖРжЖК саналат.
6. ЖРжЖК потенциалдуу же иш жүзүндөгү экономикалык баалуулукка ээ болгон, сарамжалдуу пайдалануу, коргоо жана башкаруу максатында бааланууга тийиш болгон жаратылыш чөйрөсүнүн компоненттеринин жыйындысын билдирет. Ушул стандарттын алкагында алар функционалдык белгилери, келип чыгышы жана жашоо формасы боюнча классификацияланат.
7. Минералдык ресурстар. Жер казынасынан алынган, өнөр жайлык баалуулукка ээ болгон төмөнкүдөй пайдалуу кендерди камтыйт:
1) руда ресурстары: темир, түстүү, баалуу, сейрек жана сейрек кездешүүчү металлдар;
2) отун ресурстары: таш жана күрөң көмүр, мунай, жаратылыш газы, күйүүчү сланец;
3) руда эмес ресурстар: курулуш материалдары (кум, шагыл, чопо, акиташ, мрамор, базальт), химиялык жана технологиялык минералдар.
8. Суу ресурстары. Ичүүчү, техникалык, айыл чарба жана өнөр жайлык суу менен камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу төмөнкүдөй суу объекттерин камтыйт:
1) жер үстүндөгү суулар: дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар, көлмөлөр;
2) жер астындагы суулар: артезиан горизонттору, минералдык жана термалдык булактар.
9. Табигый потенциалы бар жер участоктору. Бул категория ресурстук өндүрүмдүүлүккө жана экологиялык туруктуулукка ээ болгон төмөнкүдөй аймактарды камтыйт:
1) айыл чарба жерлери;
2) токой участоктору;
3) рекреациялык аймактар.
10. Токой жана биологиялык ресурстар. Төмөнкү табигый экосистемалардын биологиялык өндүрүмдүүлүгүнүн эсебинен түзүлөт:
1) жыгач;
2) жапайы өсүмдүктөр;
3) аңчылык ресурстары;
4) балык ресурстары.
11. Альтернативдүү табигый энергия булактары. Табигый процесстер аркылуу түзүлгөн төмөнкүдөй кайра жаралуучу ресурстарды камтыйт:
1) геотермалдык ресурстар;
2) күн радиациясы;
3) шамал энергиясы.
12. Экологиялык, рекреациялык жана маданий маанидеги аймактар. Өзгөчө статуска жана баалуулукка ээ болгон төмөнкүдөй участокторду камтыйт:
1) жаратылыш-корголуучу зоналар;
2) эстетикалык жана рекреациялык баалуулугу жогору ландшафттар.
3-глава. Баалоо ыкмалары
13. Жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоо ыкмалары. ЖРжЖКны баалоодо төмөнкү ыкмалар колдонулат:
1) чыгымдуу
2) салыштырмалуу;
3) кирешелүү.
14. ЖРжЖКны баалоо башкаруу, инвестициялоо, лицензиялоо жана жаратылышты туруктуу пайдалануу максаттары үчүн натыйжалардын ишенимдүүлүгүн, салыштырмалуулугун жана колдонулуучулугун камсыз кылуучу комплекстүү ыкмаларды пайдалануу менен жүргүзүлөт. Ушул стандарттын алкагында төмөнкүдөй ыкмалар бар:
1) чыгымдуу ыкма, мында баалоо ресурсту өздөштүрүү үчүн зарыл болгон жыйынды физикалык жана нарктык параметрлердин негизинде жүргүзүлөт жана төмөнкүлөр камтылат:
физикалык-техникалык түзүүчү:
- геологиялык, геофизикалык, кадастрдык жана картографиялык маалыматтар;
- запастарды жана ресурстарды системалар жана МАСТ, ошондой эле эл аралык системалар боюнча классификациялоо;
- баланстык, баланстан тышкары, шарттуу жарактуу жана потенциалдуу деп бөлүү;
- казып алуу, кайра иштетүү, жеткиликтүүлүк, инфраструктуралык камсыз кылуу;
- экологиялык чектөөлөр жана өнөр жай коопсуздугунун талаптары;
финансы-экономикалык түзүүчү:
- чалгындоого, казып алууга, кайра иштетүүгө, ташууга, рекультивациялоого сарптоолор;
- экологиялык, социалдык жана укуктук ченемдерди сактоого чыгымдар;
- амортизациялык жана эксплуатациялык коромжулар;
- каржылоонун жеткиликтүүлүгүнө жана жөнгө салуу чөйрөсүнө байланышкан тобокелдиктерге түзөтүүлөр;
2) кирешелүү ыкма, мында баалоо ресурс менен генерацияланган акча агымдарын дисконттоо жана капиталдаштыруу методдорунун негизинде жүзөгө ашырылат, атап айтканда:
- казып алуунун жана сатып өткөрүүнүн болжолдонгон көлөмдөрү;
- ресурстардын учурдагы жана болжолдуу баалары;
- операциялык жана капиталдык сарптоолор;
- сценарийдик талдоо жана рыноктук факторлорго сезгичтик;
3) салыштырмалуу ыкма, мында баалоо белгилүү рыноктук наркы бар окшош объекттерди талдоонун негизинде жүргүзүлөт:
- ресурстун түрү, көлөмү, жайгашкан жери, өздөштүрүү стадиясы боюнча салыштыруу;
- түзөтүү коэффициенттерин пайдалануу (инфраструктура, жеткиликтүүлүк, тобокелдиктер);
- бүтүмдөр, тендерлер, лицензиялар жана рыноктук сунуштар жөнүндө маалыматтар.
4-глава. Жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоонун өзгөчөлүктөрү
15. ЖРжЖК уникалдуу физикалык, экономикалык, укуктук жана экологиялык мүнөздөмөлөргө ээ болгон татаал, көп компоненттүү объектилер. Аларды баалоо сандык жана нарктык параметрлерди гана эмес, натыйжалардын реалдуулугун, колдонулушун жана туруктуулугун аныктоочу өзгөчө факторлордун кеңири спектрин эске алган комплекстүү мамилени талап кылат.
Төмөндө баалоо учурунда милдеттүү түрдө эсепке алынуучу негизги өзгөчөлүктөр келтирилген.
16. Региондук өзгөчөлүктөр. Жаратылыш ресурстары конкреттүү региондук шарттардын контекстинде түзүлөт жана иштейт, анын ичинде:
1) геологиялык түзүмү: пайдалуу кендердин түрү, тектоникалык өзгөчөлүктөрү, пайда болуу тереңдиги, гидрогеологиялык параметрлери жана сейсмикалуулугу;
2) климаттык факторлор: температуралык режимдер, мезгилдүүлүк, жаан-чачын, шамалдын жүгү, экстремалдуу аба ырайы;
3) инфраструктуралык камсыз кылуу: транспорттук, энергетикалык, суу жана логистикалык системалардын болушу, рынокторго жеткиликтүүлүк;
4) социалдык-экономикалык контекст: жумуштуулуктун деңгээли, калктын жыштыгы, кадрлардын квалификациясы, жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүү.
Региондук өзгөчөлүктү эсепке алуу техникалык-экономикалык эсептөөлөрдүн тактыгын жогорулатууга, долбоордук чечимдерди ыңгайлаштырууга жана инвестициялык тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.
17. Мыйзамдык база. Баалоо Кыргыз Республикасынын баалоо иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш:
1) жер казынасын чалгындоо, казып алуу, лицензиялоо жана коргоо укуктарын жөнгө салуучу жер казынасы жөнүндө мыйзамдар;
2) экологиялык коопсуздукка жана жаратылышты туруктуу пайдаланууга талаптарды белгилеген айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдар;
3) жер казынасын пайдалануу үчүн пайдаланылган жер участокторунун укуктук режимин аныктаган жер ресурстары жөнүндө мыйзамдар;
4) санитардык жана курулуш ченемдери жөнүндө мыйзамдар (СанЧжЭ, КЧ, ЭТ, Техникалык регламенттер, МАСТ) - объекттерди долбоорлоодо жана эксплуатациялоодо милдеттүү болуп саналат.
Ченемдик укуктук базаны сактоо баалоонун мыйзамдуулугун камсыз кылат, юридикалык тобокелдиктердин алдын алат жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт.
18. Экологиялык чектөөлөр. Жаратылыш ресурстары айлана-чөйрө менен тыгыз байланышта, ошондуктан баалоодо төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) долбоорлорду бекитүү үчүн милдеттүү болгон мамлекеттик экологиялык экспертизаны;
2) чыгарууларды, төгүндүлөрдү, ызы-чууларды, ландшафттын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн бузулушун эске алуу менен айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону;
3) жаратылышты коргоо ченемдерин сактоону - булгануунун лимиттерин, рекультивациялоого, суу жана токой ресурстарын коргоого карата талаптарды;
4) климаттык тобокелдиктерди - кургакчылыкты, суу ташкындарын, жер көчкүлөрдү, температуранын жогорулашын эсепке алууну.
Экологиялык чектөөлөр өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнө, инвестициялардын көлөмүнө, долбоордун ишке ашыруу мөөнөтүнө жана коомдук кабыл алуусуна түздөн-түз таасирин тийгизет.
19. Институционалдык талаптар. Төмөнкүлөр менен макулдашуусуз натыйжалуу баалоо мүмкүн эмес:
1) геологиялык маалыматтарды эсепке алууну жана бекитүүнү, запастардын классификациясын жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) экологиялык экспертизаны, жаратылышты коргоо ченемдеринин сакталышын контролдоону жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
3) жер участокторун кадастрдык каттоону жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - региондук пландар менен макулдашуу, коомдук угууларга катышуу.
Институционалдык өз ара аракеттенүү укуктук тазалыкты камсыз кылат, административдик жол-жоболорду тездетет жана жөнгө салуучу тоскоолдуктарды азайтат.
20. Тобокелдиктерди эсепке алуу. Жаратылыш ресурстары ар кандай тобокелдиктерге дуушар болушат, аларды системалуу талдоо керек:
1) геологиялык тобокелдиктер - жер казынасынын түзүмүнүн аныкталбагандыгы, коркунучтуу зоналардын болушу;
2) технологиялык тобокелдиктер - жабдуулардын бузулушу, технологиялардын шайкеш эместиги, кадрлардын жетишсиздиги;
3) рыноктук тобокелдиктер - баалардын волатилдүүлүгү, суроо-талаптын өзгөрүшү, валюталык олку-солкулуктар;
4) укуктук тобокелдиктер - мыйзамдардын өзгөрүшү, лицензиялар боюнча талаштар, соттук доолор;
5) экологиялык тобокелдиктер - авариялык чыгаруулар, калктын нааразылыктары, эл аралык уюмдардын талаптары.
5-глава. Баалоо тапшырмасына талаптар
21. Жаратылыш ресурстарын жана жер казынасын баалоону жүргүзүү тапшырмасы параметрлерди, шарттарды жана баалоонун методологиялык көрсөтмөлөрүн аныктоочу милдеттүү документ болуп саналат. Ал баалоо иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, баалоонун эл аралык стандарттарына (IVS, UNFC, CRIRSCO) ылайык түзүлүүгө, ошондой эле баалоонун максаттарын жана натыйжаларынын болжолдуу пайдаланылышын эске алууга тийиш.
22. Баалоо объектин идентификациялоо. Тапшырмада төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) баалоо объектинин аталышы (кен чыккан жай, жер казынасынын участогу, ресурстун тиби);
2) жер казынасын пайдалануу укуктарынын, анын ичинде лицензиянын, контракттын, макулдашуунун же башка укуктук негиздердин сыпаттамасы;
3) бааланууга тийиш болгон ресурстардын үлүшүн же көлөмүн көрсөтүү (мисалы: категориядагы запастардын 100%ы же биргелешкен долбоордогу үлүш).
23. Укуктардын, чектөөлөрдүн жана өзгөчөлүктөрдүн сүрөттөлүшү, мисалы:
1) жер казынасын пайдалануунун укуктук режиминин мүнөздөмөсү (колдонуу мөөнөтү, узартуу шарттары, иштин түрлөрү боюнча чектөөлөр);
2) оорчулуктардын, экологиялык чектөөлөрдүн, коргоо зоналарынын, баалоодон чыгарып салуулардын болушу (мисалы, аймактын өздөштүрүлүүгө тийиш эмес бир бөлүгүн алып салуу);
3) баалануучу укуктардын түрү: пайдалануу укугу, казылып алынган ресурстарга менчик укугу, долбоордогу үлүш.
24. Баалоо натыйжаларын болжолдуу пайдалануу. Баалоо максаттары: инвестициялык негиздеме, активдерди сатуу, күрөө, камсыздандыруу, уставдык капиталга салым, лицензиялоо. Отчеттун болжолдуу колдонуучулары: инвесторлор, мамлекеттик органдар, финансылык мекемелер, аудиторлор.
25. Аныкталуучу нарктын түрү: рыноктук нарк, инвестициялык нарк жана нарктын башка түрлөрү. Баалоонун ушул же эл аралык стандарттарына ылайык нарктын колдонулуучу аныктамасын көрсөтүү.
26. Баалоо датасы: баштапкы маалыматтарды чогултуу, талдоо жана наркын аныктоо боюнча конкреттүү дата. Ретроспективдүү же келечектүү баалоонун жол берилүүчүлүгүн көрсөтүү (зарыл болсо).
27. Натыйжаларды берүү талаптары. Көрсөтүү форматы: так мааниси, маанилер диапазону, баалоо валютасы (улуттук жана башка өлкөлөрдүн валюталары); отчеттун формасы (толук же кыска). Визуализацияга талаптар: карталар, схемалар, таблицалар, графиктер.
28. Өзгөчө жол берүүлөр жана чектөөлөр. Тапшырма баалоо жүргүзүүдөгү жол берүүлөрдүн тизмесин камтышы керек, анын ичинде:
1) менчик ээсинин долбоордун калган үлүшүн сактап калуу же сатуу ниети;
2) баалануучу участокко байланышпаган активдердин же милдеттенмелердин бир бөлүгүн эсептөөлөрдөн алып салуу;
3) ченемдик базанын, ресурстардын баасынын стабилдүүлүгү, инфраструктуранын жеткиликтүүлүгү жөнүндө жол берүүлөр.