Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
VII -чакырылыш, 8-сессиялык отурум
2024-жылдын 23-майындагы № 18
Гидропартия участогунун, Кара-Дөбө, Калдык, жана Жайыл айылдарынын таштандыларын чыгаруунун тарифин бекитүү тууралуу
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык “Жайыл Таза Аймак” Муниципалдык ишканасынын мүдүрү- Б.Б.Баймонкоевдин маалыматын угуп жана берилген эсептөөлөрдү талкуулап, Жайыл айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таштанды чыгаруу боюнча төмөнкү тариф бекитилсин:
- Гидропартия участогунда ар бир кожолука – 180 сом
- Калдык, Жайыл айылдарында ар бир кожолука - 200 сом
- Кара-Дөбө айылында ар бир кожолука - 220 сом
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.
Жайыл айылдык Кеңешинин төрагасы |
|
Мамбеткулов А.А. |