ТоктомКүчүндө

Жайыл айыл аймагынын Жайыл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-майындагы № 18 «Гидропартия участогунун, Кара-Дөбө, Калдык, жана Жайыл айылдарынын таштандыларын чыгаруунун тарифин бекитүү тууралуу» токтому

Редакция23.05.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

VII -чакырылыш, 8-сессиялык отурум

 

2024-жылдын 23-майындагы № 18

Гидропартия участогунун, Кара-Дөбө, Калдык, жана Жайыл айылдарынын таштандыларын чыгаруунун тарифин бекитүү тууралуу

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык “Жайыл Таза Аймак” Муниципалдык ишканасынын мүдүрү- Б.Б.Баймонкоевдин маалыматын угуп жана берилген эсептөөлөрдү талкуулап, Жайыл айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таштанды чыгаруу боюнча төмөнкү тариф бекитилсин:

- Гидропартия участогунда ар бир кожолука – 180 сом

- Калдык, Жайыл айылдарында ар бир кожолука - 200 сом

- Кара-Дөбө айылында ар бир кожолука - 220 сом

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

 

Жайыл айылдык Кеңешинин

төрагасы

 

 

Мамбеткулов А.А.