Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 29-декабры ПЖ № 385
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым
жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
“Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы № 148 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
– 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
“5) УКМК үчүн – сыя көк түстө.”;
– 20-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“УКМК үчүн: камуфляж түсүндөгү кездемеден жылууланган күрмө. Өңүрү кокетка менен, бүчүлөнгөн жагына 15 градус жантайыңкы турган сыдырма кыюусу бар өйдөкү жашыруун чөнтөктөрү менен, тик жакалуу. Ортосунан ички жактары сыдырма менен бүчүлөнөт, жылууланган ичи жана сыдырмалуу чечип алма капюшону (чечилбеген капюшон) бар. Далысы кокетка менен. Далынын жогорку бөлүгүндө моюнчанын сызыгында сыдырмага бириктирилген капюшон тигилген (танаптап тигилген). Жеңдердин учунда тарткычтары бар, алардын бош учтары жабышчаакка бекитилген. Жеңдердин учунун ички бөлүгү чоюлчаак билек боо менен тартылат.
Погондорду бекитүү үчүн ийин тигиштеринде формалык топчуга топчулануучу тарткычтар танаптап тигилген. Чечип алма, талаа погондору. Жогорку офицердик курам үчүн кайырма жака каракүлдөн жасалышы мүмкүн.”;
– 24-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“УКМК үчүн (УКМК ЧК тышкары): камуфляж түсүндөгү кездемеден жайкы талаа күрмө, силуэти түз, ортосунан жактары кымтыланма топчуга топчуланган, бир ачык топчусу бар. Өңүрү бүчүлүк тарапка 45 градус жантайыңкы абалда жайгашкан өйдөкү чапталып тигилген капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен. Жабышчаактагы тик жака (чечип алма жана тик абалдарда кийип жүрүү мүмкүнчүлүгү менен). Далысы туюк бычылып тигилген. Жеңдин чыканагы бекемделип жамалган жана 45 градус жантайыңкы абалда капкалдырыктуу өйдөкү чаптама чөнтөктөрү бар. Жеңдин учу ичке тарткычтар менен, анын бош учтары жабышчаакка чапталат. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө экиден өткөргүч жана экиден илгич бар. Чечип алма талаа погондору; жайкы талаа шымы камуфляж түстөгү кездемеден, топчуга топчулануучу бели танаптап тигилген, өткөргүчтөрү бар. Шымдын алды жагында каптал тигиштен белге чейин жантайыңкы чөнтөктөр жайгашкан. Ширинка топчуга топчуланат. Шымдын тизе жагы бекемделип жамалган. Шымдын этеги чоймо (боо менен тартуу системасы) менен тартылган, жабык кесик менен кайрылып тигилген. Шымдын арткы бөлүгү кокетка менен, сан жагында илмекке топчулануучу эки тилик чөнтөгү бар, жабышчаакка (топчуга) чапталат, отуруучу жери – бекемделип чапталып тигилген. Шымдын каптал бөлүгүндө көлөмүн чоңойтуу үчүн жашыруун бүктөмү (гармошкасы) бар, капкалдырыктары жабышчаакка (топчуга) чапталган, көлөмдүү чапталма чөнтөктөр тигилген;”;
– 45-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“УКМК (УКМК ЧК тышкары) үчүн: фуражка саргыч-жашыл түстөгү кездемеден, алкагы сыя-көк түстө, кебинде канаты жайылган бүркүт түрүндөгү эмблема жайгашкан. Бүркүттүн төшүндө ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен калкан тартылган, оң чеңгелинде – кылыч, сол чеңгелинде – лавр бутакчасы, полковник наамындагы улук офицердик курамга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн эмблемага уруксат берилет;”.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы № 413 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасын кийүүсүнүн, айырмалоочу белгилерди жана жабдыктарды тагынуусунун бирдиктүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын тиркемесинде:
– 5-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
“Эскертүү: Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (Чек ара кызматын кошпогондо) үчүн талаа кийим формасынын ордуна атайын форма жана сезон боюнча бийик кончтуу кара түстөгү ботинканын ордуна атайын бут кийим.”;
– төмөнкүдөй мазмундагы 541 -пункт менен толукталсын:
“541. Генерал-лейтенант А.К. Бакаев атындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясынын курсанттарынын күнүмдүк кийим формасы:
– жайкы кийим формасы – саргыч жашыл түстөгү фуражка, саргыч жашыл түстөгү китель, саргыч жашыл түстөгү багалеги коё берилме шым, саргыч жашыл түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоо, кара түстөгү кыска ботинка;
– кышкы кийим формасы – саргыч жашыл (боз) түстүү жасалма териден кулакчындуу тумак, саргыч жашыл (боз) түстүү жасалма териден чечилме жакасы менен саргыч жашыл түстөгү драптан кышкы пальто, саргыч жашыл түстөгү китель, саргыч жашыл түстөгү багалеги коё берилме шым, саргыч жашыл түстөгү формалык көйнөк, алтын түстүү бекиткичи менен саргыч жашыл түстөгү жагоо, саргыч жашыл түстөгү моюн орогуч, кара түстөгү кышкы кол кап, кара түстөгү ботинка.
Параддык кийим формасы күнүмдүк кийим формасы сыяктуу, жайкы кийим формасында ак түстөгү параддык көйнөк, ак түстөгү бел кур, ак түстөгү кол кап жана аксельбант менен.”.
3. Бул Жарлыкты ишке ашыруу тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үчүн каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 103 (3760) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |