Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 11-майы ПЖ № 148
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка
аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат
каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын
аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385, 2026-жылдын 21-июлундагы № 262 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 12-пунктуна ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын сыпаттамасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын айырмалоочу белгилеринин жана фурнитурасынын сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын параддык, күнүмдүк жана талаа погондорунун сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
4) бул Жарлык колдонулуучу мамлекеттик органдардын (аскердик түзүлүштөрдүн) тизмеги 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- аскердик кийим формасын кийүү жана айырмалоочу белгилерди тагынуу укугу менен запаска же отставкага бошотулган контракттык кызматтын офицерлеринин, прапорщиктеринин жана аскер кызматчыларынын кийим формасы жана айырмалоочу белгилеринен тышкары, аскер кызматчы болуп саналбаган адамдардын кийим формасы жана айырмалоочу белгилери аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасына жана айырмалоочу белгилерине, ошондой эле алар менен ажырата алгыс деңгээлге чейин окшош болбошу керек;
- аскер кызматчылар запастар толук пайдаланылганга жана жаңыдан белгиленген аскердик кийим формасына акырындык менен өткөнгө чейин эски үлгүдөгү аскердик кийим формасын кийүүгө жана айырмалоочу белгилерди тагынууга укуктуу.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы № 82 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 1-июнундагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 5-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 181 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 2-майындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу белгилери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 13-майындагы № 42-43 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн,
башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен
аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын
аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын
сыпаттамасы
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385, 2026-жылдын 21-июлундагы № 262 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Аскердик кийим формасы - бул аскер кызматчыларынын кийүүсү үчүн арналган негизги тышкы белгилери боюнча унификацияланган кийим жана бут кийим буюмдарынын, ошондой эле жабдыктардын комплекти.
2. Негизги тышкы белгилерге төмөнкүлөр кирет:
1) кийимдин жана аскердик жабдыктын конструкциясы жана түсү;
2) белгиленген түстөгү декоративдик айырмалоочу элементтер - милте, лампас, фуражканын алкактары, погондогу ачык тилкелер, бүчүлүктөр;
3) белгиленген үлгүлөрдөгү фурнитура;
4) погондор.
3. Погондор - аскердик наам боюнча айырмалоочу белгилерди жана функционалдык дайындалышы боюнча айырмалоочу белгилерди тагуу үчүн дайындалган аскердик кийим формасынын атайын элементтери.
4. Аскердик кийим формасына мамлекеттик сыйлыктар, айырмалоочу белгилер, ведомстволук айырмалоочу белгилер жана башка аскердик-геральдикалык белгилер кирет.
5. Айырмалоочу белгилер менен ведомстволук айырмалоочу белгилердин негизги белгилери болуп: түстөрдүн жана конфигурациянын айкалышы, белгиленген тартипте бекитилген расмий эмблемалардын жана геральдикалык элементтердин болушу саналат.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасынын предметтериндеги милтелердин түсү төмөнкүдөй аныкталган:
1) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги (мындан ары - КМ), Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы (мындан ары - АП) жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан ары - ӨКМ) үчүн - кызыл түстө;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (мындан ары - УКМК) үчүн - сыя көк түстө;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы (мындан ары - МЧК) үчүн - жашыл түстө;
4) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы (мындан ары - УГ) жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн авиациясы (мындан ары - АККК) үчүн - көгүш түстө;
5) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти (мындан ары - КР ЮМ ЖАК ККД) жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери (мындан ары - ИИМ ИА) үчүн -темгил түстө.
7. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын береттеринин түсү төмөнкүдөй аныкталган:
1) КМ:
- атайын багыттагы бөлүкчөлөр үчүн - кочкул-жашыл түстө;
- АККК авиациясы үчүн - көгүш түстө;
- калган бөлүкчөлөр үчүн - кара түстө;
2) УГ үчүн - көгүш түстө;
3) МЧК үчүн - жашыл түстө;
4) ЮМ ЖАК жана ИИМ ИА үчүн - темгил түстө;
5) УКМК үчүн – сыя көк түстө.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Жогорку офицердик курамдын аскердик кийим формасы
8. Күнүмдүк фуражка (параддык).
Бозомтук-күрөң, кочкул-жашыл, көк түстөгү кездемеден (параддык - ачык-боз түстөгү кездемеден) жасалган күнүмдүк фуражка, сүйрү формадагы төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, кара түстөгү лакталган маңдай кырдан, топчулардан турат.
Эки милтеси бар фуражка: бири - капталдары менен төбөсүнүн кошулган тигилишине киргизилген, экинчиси - алкак менен капталдардын кошулган тигилишине киргизилген (милтенин түсү -аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча).
Фуражканын алкагынын маңдайынын борборунда алтын түстөгү кокарда бекитилет, каптал тараптары 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган лавр бутактарынын гүлчамбары түрүндө алтын түстө саймаланган. Фуражканын кебинде - 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган саймасы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербининин сүрөтү менен эмблемасы бар. Маңдай кырдын үстүндө 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган трунцалдан жасалган өрүлгөн боо топчуланат, ал эки формалык топчуга топчуланыш үчүн өткөргүчтүн жардамы менен боонун учтары боюнча эки илмекти түзөт. Топчулар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен диаметри 14 мм алтын түстө.
Парадцык фуражканын маңдай кырынын сырткы четин айланта - лавр бутактары түрүндө 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган милте жана сайма бар, алкак боюнча маңдай кырдын үстүндө саймаланып жасалган 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган өрүлгөн боо топчуланат.
Эскертүү: УКМК үчүн күнүмдүк фуражка саргыч-жашыл түстө, алкагы сыя-көк түстө; АП үчүн саргыч-жашыл түстөгү кездемеден; ИИМ ИА үчүн күнүмдүк фуражка кочкул-көк түстөгү кездемеден.
9. Кулакчындуу тумак.
Кулакчындуу тумак калпактан, маңдай кырдан жана кулакчындары бар кырбуудан турат, кулакчындардын учтарында - кара түстөгү байлоо үчүн сызмасы бар. Маңдай кырдын, кырбуунун жана кулакчындын бет жагындагы буюмдары ачык-боз түстөгү каракүлдөн жасалган. Бет маңдай эмес жагы жана калпак, боз түстөгү ноотудан турат.
Маңдай кырдын борбору боюнча маңдайда алтын түстөгү темир (желим) кокарда бекитилген.
10. Кышкы пальто.
Бозомтук-күрөң түстөгү драптан жасалган пальто, ачык-боз түстөгү каракүлдөн жасалган чечилүүчү жакасы жана чечүүчү ичилиги бар, силуэти түз, ортосунан жактары төрт алтын түстөгү формалык топчуга топчуланат. Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары танапталган жана кыюусу менен тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасындагы тигиш дал ортосунан кетип жана ылдыйкы тилиги бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, түз кайрылган жерлери бар. Сол жаканын астында кыюусу менен тилик ички чөнтөк бар. Жаканын жээгинен пальтонун этегине жана жевдин кайрылган учуна чейин милте салынган (милтенин түсү - аскерлердин түрлөрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Жакасында 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган лавр бутактары түрүндө сайма тигилген. Пальтонун этеги үстүңкү кездемеден бүгүлгөн.
Погондор тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү: УКМК жана АП үчүн пальто саргыч-жашыл түстөгү драптан; ИИМ ИА үчүн пальто кочкул-көк түстөгү драптан.
11. Булгаары күрмө.
Кочкул-күрөң (кара) түстөгү булгаары күрмө, силуэти түз, жылуу астары менен ачык-боз түстөгү каракүлдөн кайырма жакалуу, ортосунан жактары 6-8 бүчүлүккө кымтылып бекитилүүчү сыдырмасы бар. Өңүрү кокетка менен кыюусу бар ылдыйкы тилик каптал чөнтөктүү. Далысы кокетка менен жана ортосунда тигиши бар.
Жеңдери эки тигиштүү, тиликтүү, танаптап тигилген манжет менен. Манжеттер бүчүлүккө бекитилет.
Погондорду тагыш үчүн ийин тигишинин өңүрүндө - экиден өткөргүч жана экиден илмек бар.
Погондор чечип алма.
12. Жазгы-күзгү күрмө.
Бозомтук-күрөң (кочкул-жашыл) түстөгү кездемеден жасалган күрмө, силуэти түз, этегине чейин жылуу астары менен, ортосунан жактары 6-8 бүчүлүккө кымтылып бекитилген бүчүлөөчү сыдырмасы бар, капюшону танапталган. Өңүрү фигуралуу кокетка менен, белинен кеткен ички кулисалуу кыюусу бар бүчүлүккө бүчүлөнүүчү жана бүчүлүк тарапка жантайыңкы тилинген өйдөңкү жана ылдыйкы чөнтөктөрү менен. Сол өңүрүнүн ички жагында жабышчаакка чапталуучу түз капкалдырыктуу тилинип жасалган чөнтөгү бар. Далысы түз формадагы кокетка жана ортосундагы тигиши менен. Жеңдер үч тигиштүү, жеңдин борбордук бөлүгү үч бөлүктөн турат. Жеңдердин төмөн жагы туюк кесилип бүгүлгөн тигиш менен иштелип чыккан. Капюшон каптал жана эки бөлүккө бөлүнгөн борбордук бөлүктөрдөн турган төрт бөлүктөн турат.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн ичке тарткычтар тигилген.
Погондор тагылма, күнүмдүк.
Жогорку офицердик курам үчүн жазгы-күзгү күрмө капюшону жок кайырма жакалуу, чечилүүчү күнүмдүк погондор менен жасалышы мүмкүн.
Эскертүү:
АККК авиациясы үчүн күрмө көк түстөгү кездемеден, УКМК үчүн саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
АП үчүн саргыч-жашыл (кочкул-жашыл) түстөгү кездемеден, погондор тигилүүчү;
ИИМ ИА үчүн күрмө кочкул-көк түстөгү кездемеден;
МЧК үчүн өңүрү фигуралуу кокеткасы менен, бүчүлүк тарапка жантайыңкы абалда кыюусу бар өйдөңкү тилик чөнтөктүү белинен кеткен ички кулисалуу жана бүчүлүккө бүчүлөнүүчү фигуралуу капкалдырыктуу ылдыйкы туурасынан кеткен чоң тиликтүү чөнтөк менен.
ӨКМ үчүн: кочкул-көк түстөгү кездемеден, жылуулатылган, силуэти түз, ортосунан жактары 6-7 бүчүлүккө кымтылып бекитилген бүчүлөөчү сыдырмасы бар, чечип алма капюшондуу күрмө. Жакасы кайырмалуу, ачык-боз түстөгү каракүлдөн. Жан чөнтөгү тилинген. Жеңдердин учу, чөнтөктөрдүн четтери жуптап тигилген. Күрмөнүн белин айланта жабык кулиса өтөт. Алдыңкы өңүрлөрүндө - чапталып тигилген чөнтөк салынган. Сол чөнтөктө "Кандын тобу" жазуусу жайгашкан, оң чөнтөктө "Кыргызстан" же "Аты-жөнү" жазуусу бар.
Далынын өйдөңкү бөлүгүндө күрмөнүн кокеткасынын астында "ӨКМ Кыргызстан МЧС" жазуусу бар. Жеңдери эки тигиштүү танаптап тигилген, чыканагы бекемделип жамалган. Сол жеңдин сырт жагында жеңдин өйдөкү тигишинен 80 мм аралыкта Министрликтин шеврону тигилген. Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн ичке тарткычтар тигилген. Погондору тагылма, күнүмдүк.
13. Жазгы-күзгү плащ.
Бозомтук-күрөң түстөгү (күрөң, кочкул-жашыл, көк) кездемеден тигилген, кайырма жакалуу, силуэти жарым-жартылай кыналган, жактары коргоо түстөгү 4-5 топчуга топчулануучу плащ. Өңүрүндө фигуралуу кокетка, кесилген каптал бөлүктөрү, кыюусу бар тилинген жан чөнтөктөрү менен. Далы жагында кокеткасы болуп, ортосунан тигиш кетип, этеги тилинген.
Жеңдери бүктөлүп тигилген, эки тигиштүү, түз жең учтары менен. Сол жаканын ич жагында кьпоусу бар тилинген ички чөнтөк бар. Жаканы жана жең учтарын айланта - милте тигилген (милтенин өңү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Жакада лавр бутактары түрүндө 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган алтын түстөгү сайма бар. Плащтын этеги үстүңкү кездемеден бүгүлгөн.
Погондор тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү:
АККК авиациясы үчүн - көк түстөгү кездемеден;
УКМК жана АП үчүн - саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн - кочкул-көк түстөгү кездемеден.
14. Мундир.
Мундир ачык-боз түстөгү кездемеден, эки жакка кымтыланма толук кыналбаган, ачык, кайырма жакалуу, үч формалык топчуга топчулук менен, сол өңүрдө үч кооздоочу топчулар бар. Топчулар алтын түстө, 22 мм диаметринде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар. Далысында ортосунан тигиш кеткен. Жеңдеринде кош тигиш болуп, кайрылган учтары түз болот. Мундирдин жакасында жана жеңинин учтарында 5 пайыздык алтын сыймаланган лавр бутактары түрүндө тигилген сайма бар. Жаканын жана жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында - милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Өңүрдүн астарында капкалдырыктуу менен төш чөнтөктөрү бар.
Погондор тигилүүчү, параддык.
15. Күнүмдүк китель.
Китель бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден, эки жакка кымтыланма толук кыналбаган, ачык, кайырма жакалуу, үч формалык топчуга топчулук менен сол өңүрдө үч кооздоочу топчулар бар. Топчулар алтын түстө, 22 мм диаметринде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн. Өңүрүнүн капталдарында тилинип жасалган жана капкалдырыктуу чөнтөктөрү бар. Далысында ортосунан тигиш кеткен. Жеңдеринде кош тигиш болуп, кайрылган учтары түз болот. Жакасында жана жеңинин учтарында 5 пайыздык алтын сыймаланган лавр бутактары түрүндө тигилген сайма бар. Жаканын жана жеңдердин кайрылган учтарынын кырларында - милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Өңүрдүн астарында капкалдырыктуу төш чөнтөктөрү бар.
Погондор тигилүүчү, күнүмдүк.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн китель саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн китель кочкул-көк түстөгү кездемеден.
16. Костюм күнүмдүк.
Кочкул жашыл түстөгү кездемеден куртка, кайырма жакалуу, өйдөкү жана ылдыйкы жакасы боюнча тик жакалуу, ортосунда бүчүлөөчү сыдырмасы бар, этегине чейин танаптап тигилген куру жана астары менен. Жакасында сайма сайылышы мүмкүн. Өңүрү кокетка менен, түз капкалдырыктуу өйдөкү жабышчаакка чапталуучу чөнтөктөрү, капталында тилип жасалган бүчүлөөчү сыдырмасы бар, төрт бурчтуу чөнтөгү болот. Сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрүнүн ортосунда бант бүктөмү тигилет. Далысы кокетка менен. Жеңдери эки тигиштүү, чыканак тигиши боюнча кесиктери бар жана жабышкак менен бекитилүүчү танаптап тигилген манжеттер менен. Куртканын этегинин каптал тигиштери жагында үч катар кеткен чоюлчаак сызмалар менен тартылган.
Ийин жагындагы өңүрүндө тигиштерде погондорду бекитүү үчүн өткөргүч жана эки илмек бар.
Погондору чечип алма, күнүмдүк.
Шым кочкул-жашыл түстөгү кездемеден, топчуга (сыдырмага) бүчүлөнүүчү, танаптап тигилген бели менен, шымдын асты жагында кесилген бөлүгүндө каптал чөнтөктөрү бар. Белинде кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын астыңкы жарымынын кыры чыгарылып тигилген. Шымдын оң жак арткы бөлүгүндө жабышкакка чапталуучу төрт бурчтуу түз капкалдырыктуу чөнтөк салынган.
Жогорку офицердик курам үчүн шымдар каптал тигиштеринде жана чөнтөгүндө милтеси болушу мүмкүн, милтенин эки жагында - лампастар (милтенин жана лампастын түсү - аскерлердин түрлөрү/ведомстволук таандыгы боюнча) менен тигилиши мүмкүн.
Көйнөк кочкул-жашыл түстөгү кездемеден, чолок жеңдүү, туюк бычылган манжеттүү, туюк бычылган бели, каптал тигиштери жагында чоюлчаак сызма менен тартылып, өңүрүндө этегине чейин 6-8 топчусу, жакасынын каптамында бир топчусу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырмалуу, жака каптамы тилик, тигиши кооздолгон (жакасы кайырмалуу, лацканы менен жасалышы мүмкүн). Жакада сайма сайылышы мүмкүн. Өңүрү чаптама чөнтөктөрү жана жабышкакка чапталуучу түз капкалдырыктуу. Далысы кокетка менен.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар (жеңдин ийин тигиштеринде формалык топчуга бүчүлөнүүчү погондор үчүн киргизилип тигилген ичке тарткычтар бар, погондор тагылма, күнүмдүк).
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү:
АККК авиациясы үчүн - көк кездемеден;
УКМК үчүн саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн - кочкул-көк түстөгү кездемеден.
ӨКМ үчүн: куртка кур менен сан сызыгына чейин көк түстөгү кездемеден, чоюлчаак сызма киргизилген, кайырма жакасы, ортосундагы "сыдырмалуу" бүчүлүгү менен. Далысы кокетка менен. Далынын ортосунун өйдө жагына, кокетканын астында "ӨКМ Кыргызстан МЧС" жазуусу жайгашкан. Өңүрү сол тарабындагы түз жогорку ички чөнтөгү жана топчуга бүчүлөнүүчү фигуралуу капкалдырык менен. Өңүрлөрдө "контакт" капкалдырыгы менен тектил сызмага бүчүлөнүүчү чапталып тигилген төш чөнтөктөрү жана "сыдырма" бүчүлүгү менен эки ылдыйкы тилик чөнтөктөрү бар. Өңүрлөрдөгү чапталып тигилүүчү чөнтөкгөрдө жазуулар жайгашкан. Сол тарабынан - "Кандын тобу", оң тарабынан "Кыргызстан же аты-жөнү". Чапталып тигилүүчү чөнтөктөрдө эки тараптан тең жашыруун кулпулар бар. Сол чапталып тигилүүчү чөнтөктө КР ӨКМ тегерек эмблемасы тигиштелген. Жеңдер эки тигиштүү, чыканак тигиши боюнча тиликтери бар жана топчуга топчулануучу танапталган манжеттер менен. Сол жеңдин сырт жагында жеңдин өйдөкү кырынан 50 мм Министрликтин шеврону тигилген. Погондор тик бурчтуу, жогорку жээги конус сымал, саймаланган киргизилме (жумшак) погончолор. Погондун жогорку жээги формалык топчуга топчуланат.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Шым көк түстөгү кездемеден, топчуга (сыдырмага) бүчүлөнүүчү, танаптап тигилген бели менен, шымдын асты жагында кесилген бөлүгүндө каптал чөнтөкгөрү бар. Белинде кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын астыңкы жарымынын кыры чыгарылып тигилген.
Шымдын оң жак арткы бөлүгүндө жабышкакка чапталуучу төрт бурчтуу түз капкалдырыктуу чөнтөк салынган.
Кайырма жакалуу, үч топчуга фронталдык бүчүлүк менен эркин бычылган футболка. Далысы кокетка менен. Далынын ортосунун өйдө жагына, кокетканын астында "ӨКМ Кыргызстан МЧС" жазуусу жайгашкан. Өңүрлөрдөгү чапталып тигилүүчү чөнтөктөрдө сол тарабынан - "Кандын тобу", оң тарабынан "Кыргызстан же аты-жөнү" жазуулары жайгашкан. Сол чапталып тигилүүчү чөнтөктө КР ӨКМ тегерек эмблемасы тигиштелген. Жеңи кыска, сол жеңдин сырт жагында жеңдин өйдөкү кырынан 50 мм Министрликтин шеврону тигилген. Погондор тик бурчтуу, жогорку жээги конус сымал, саймаланган киргизилме (жумшак) погончолор. Погондун жогорку жээги формалык топчуга топчуланат.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
17. Пуловер.
Жарым-жартылай жүндөн жасалган, V-түрүндөгү кесик жакасы менен бозомтук күрөң (кочкул-жашыл) түстөгү, түз силуэттеги, жеңи узун пуловер. Ийин жагында жана чыканак тушундагы тигиштерде күрөң (кочкул-жашыл) түстөгү жасалгаланган кездемеден сыртынан капталып тигилет. Алдыңкы өңөрүндөгү сол жагында, ошондой эле сол жеңинин ийиндеги тигишинин астында жабышчаакка чапталуучу түз капкалдырыктары менен күрөң түстөгү жасалгаланган кездемеден сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрү болот.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн саргыч-жашыл түстөгү пуловер;
ИИМ ИА үчүн кочкул-көк түстөгү пуловер.
18. Багалеги коё берилме шым.
Бозомтук күрөң түстөгү кездемеден (параддык - ачык-боз, кочкул-көк кездемеден), топчуларга топчулануучу (сыдырылуучу) бел курчоосу танаптап тигилген шым. Белинде кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдында сызыктар үчүн танап, капталдагы тигиштерде чөнтөктөр бар. Шымдын астыңкы сол жагында саат үчүн чөнтөк болот. Шымдын арткы оң жагында фигуралуу капкалдырыгы менен төрт бурчтуу чөнтөгү бар. Капталдагы тигиштеринде жана чөнтөктөрүндө милте, милтенин эки тарабында - лампастар (милтенин жана лампастын түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн саргыч-жашыл түстөгү шым;
ИИМ ИА үчүн кочкул-көк түстөгү шым.
19. Сыдырмалуу күрмө.
Күрмө бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден жасалат, жакасы кайырмалуу, ортосунда бүчүлөөчү сыдырмасы бар, танаптап тигилген бели жана этегине чейин астары болот. Өңүрүндө кокеткалары болуп, өйдө жагында кокетканын тигишине танаптап тигилген жана бир формалык топчу менен топчулануучу планкалуу жана фигуралуу капкалдырыктуу бүчүлөөчү сыдырмасы бар сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрү болот. Сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрүнүн ортосунан эни 30 мм бант бүктөмү тигилет. Далысында кокеткасы бар. Жеңдери бир тигиштүү, чыканак жактагы тигиштеринде бир тилиги бар жана жеңдин учу танаптап тигилген манжет менен. Күрмөнүн этеги капталдарындагы тигиштеринде үч катар кеткен чоюлчаак сызма менен тартылган. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана жеңдин учу диаметри 14 мм келген формалык коргоочу түстөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн топчулар менен топчуланат.
Формалык топчуга топчулануучу погондорду тагуу үчүн жеңдин ийин жактагы тигишинде танапталган илгичтер бар.
Погондор тагылма, күнүмдүк.
Эскертүү:
УКМК үчүн саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
АП үчүн - саргыч-жашыл түстөгү кездемеден, погондору чечип . алма;
ИИМ ИА үчүн - кочкул көк-түстөгү кездемеден.
20. Кышкы талаа күрмөсү жана шым.
Камуфляж түстөгү кездемеден тигилген жылуулатылган күрмө, силуэти түз, этегине чейин жыпуулатылган астар салынат, танапталган капюшону бар, ортосунан жактары 6-7 топчуга (бөрккө) кымтылып бекитилген бүчүлөөчү сыдырмасы бар. Өңүрүндө белинен кеткен ички кулисасы бар жана бүчүлүк тарапка жантыгынан кеткен кыюусу менен жогорку жана төмөнкү чөнтөктөрү бар. Далысы туюк бычылып белинен ички кулисасы бар. Жеңдер эки тигиштүү танапталган. Жеңдердин уч жагы туюк кесилип бүгүлгөн тигиш менен иштелип чыккан. Жеңдердин ички бөлүгү чоюлчаак манжет менен тартылат. Копюшон үч бөлүктөн, каптал бөлүктөрүнөн жана ортоңку бөлүктөн турат.
Жеңдердин ийининин тигиштеринде формалык топчуга топчулануучу погондорду бекитүү үчүн ичке илмектер танаптап тигилген.
Тагылма талаа погондору.
Шымдар камуфляж түстөгү кездемеден жана багелегине чейин жылуулатылган астары болот, бели танаптап тигилип, өткөргүчтөрү бар жана топчулар менен топчуланат (сыдырылат). Шымдын алдыңкы жагында капталында чөнтөктөрү жана жабышчаакка (топчуга) чапталуучу, түз капкалдырыктуу сыртынан чапталып тигилүүчү көлөмдүү чөнтөктөр бар, алар узунунан бүктөмдөрү боюнча тигилет. Шымдын багалеги туюк кесилип бүгүлүп тигилет жана чоюлчаак сызма тагылат.
Эскертүү: жогорку курамдагы офицерлер үчүн кышкы камуфляж күрмөсү кайырма жакасы менен жана капюшону жок, чечип алма погондору менен тигилиши мүмкүн.
МЧК үчүн: камуфляж түсүндөгү кездемеден жылууланган күрмө. Өңүрү кокетка менен, сыдырмада кыюусу менен өйдөкү жабык чөнтөктөрү менен бүчүлүк тарапка 15 градус жантайыңкы абалда турган жана төмөнкү тилик чоң чөнтөктөрү, бөрккө бүчүлөнүүчү фигуралуу капкалдырыгы бар, тик жакалуу. Ортосунан ички жактары беш бөрктүү кымтыланган бүчүлүккө кыска сыдырма менен бүчүлөнөт, жылууланган астары жана сыдырмалуу чечип алма капюшону бар. Далысы кокетка менен. Далынын өйдөңкү бөлүгүндө, моюнчанын сызыгында сыдырмага бүчүлөнүүчү капюшон танапталган. Белинде боо менен тартуу системасы бар. Жеңдердин учу тарткычтар менен, алардын бош учтары топчуга бекитилген. Жеңдердин ички бөлүгү чоюлчаак билек боо менен тартылат.
Жеңдердин ийининин тигиштеринде формалык топчуга топчулануучу погондорду бекитүү үчүн ичке илмектер танаптап тигилген.
Шым камуфляж түстөгү кездемеден жана багелегине чейин жылуулатылган астары болот, бели танаптап тигилип өткөргүчтөрү бар жана топчулар менен топчуланат.
Шымдын алды жагында жарым айлана түрүндө чөнтөктөр бар. Шымдын белинде 5-6 см жазылыктагы өткөргүчтөр бар (алдыңкы бөлүгүндө 2, капталдарында 2, арткы бөлүгүндө 3).
УКМК үчүн: камуфляж түсүндөгү кездемеден жылууланган күрмө. Өңүрү кокетка менен, бүчүлөнгөн жагына 15 градус жантайыңкы турган сыдырма кыюусу бар өйдөкү жашыруун чөнтөктөрү менен, тик жакалуу. Ортосунан ички жактары сыдырма менен бүчүлөнөт, жылууланган ичи жана сыдырмалуу чечип алма капюшону (чечилбеген капюшон) бар. Далысы кокетка менен. Далынын жогорку бөлүгүндө моюнчанын сызыгында сыдырмага бириктирилген капюшон тигилген (танаптап тигилген). Жеңдердин учунда тарткычтары бар, алардын бош учтары жабышчаакка бекитилген. Жеңдердин учунун ички бөлүгү чоюлчаак билек боо менен тартылат.
Погондорду бекитүү үчүн ийин тигиштеринде формалык топчуга топчулануучу тарткычтар танаптап тигилген. Чечип алма, талаа погондору. Жогорку офицердик курам үчүн кайырма жака каракүлдөн жасалышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Талаа фуражкасы.
Талаа фуражкасы камуфляж түстөгү кездемеден, сүйрү формадагы төбөдөн, алкактан, маңдай кырдан жана кайырма желке жапкычтан турат. Фуражканын алкагынын алдында коргоо түсүндөгү кокарда бекитилген. Каптал жактарында 5 мм диаметрдеги металл көзөнөкчөлөр бекитилген эки желдетүүчү тешик жайгашкан.
Фуражканын алкагынын маңдайынын ортосунда коргоо түсүндө саймаланып тигилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгашкан.
Фуражканын алкагынын маңдай кырынын үстүндө камуфляж түсүндөгү кездемеден жасалган өрүлгөн боо тигилген.
Эскертүү: Фуражканын арт жагында темир же жабышкактуу өлчөмдү жөнгө салгыч болушу мүмкүн.
22. Талаа панамасы.
Талаа панамасы камуфляж түстөгү кездемеден, төбөдөн, төрт кыйыктуу калпактан, курбудан, кооздоочу сызмадан жана боосу менен бекиткичтен турат. Курбулары параллелдүү саптар менен тигилген. Калпактын кыйыгынын учтарында анын жогорку бөлүгүндө желдетүүчү диаметри 5 мм металл көзөнөкчөлөр бар. Маңдайында, төбөнүн бириктирилген тигишинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн коргоо түсүндөгү кокарда бар.
23. Берет.
Берет жүндөн жасалып, сүйрү тоголок формасындагы төбөдөн, эки же үч капталдан жана астардан турат. Капталдын төмөн жагы булгаары милтенин тасмасы менен иштелип чыккан. Ага боо өткөрүлгөн. Маңдайкы капталдын борборунда алтын түстөгү кокарда жайгаштырылат.
Береттин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча.
24. Жайкы талаа күрмөсү жана шым.
Күрмө камуфляж түстөгү кездемеден, силуэти түз, ортосунан жактары кымтылып бүчүлөнөт, бир ачык топчусу бар. Өңүрү түз, сыртына чапталып тигилүүчү көлөмдүү төш чөнтөктөрү бар, капкалдырыгы түз, топчуга (жабышкакка) бекитилет. Далысында кокеткасы бар. Жакасы тик, жабышкакка бүчүлөнөт. Жеңдери танапталган, эки тигиштүү, чыканагы бекемделип жамалган. Жеңдердин үстүңкү сырткы бөлүгүндө жабышкакка (топчуга) чапталуучу түз капкалдырыктары менен сыртына чапталып тигилген көлөмдүү чөнтөктөрү бар. Жеңдердин учунда ортоңку тигиштерге танапталган тарткычы бар, анын бош учтары жабышчаакка (топчуга) чапталат. Жеңдердин колтук жагынын төмөн тарабында диаметри 5 мм болгон желдетүүчү металл көзөнөкчөлөр бар. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө - эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Чечип алма талаа погондору.
Шым камуфляж түстөгү кездемеден, бели танаптап тигилген, ички жагында өлчөмдү жөнгө салуу үчүн боосу бар, кош өткөргүчтүү, топчуга (сыдырмага) бекитилет. Шымдын алдыңкы жагында капталында чөнтөктөрү жана жабышкакка (топчуга) чапталуучу түз капкалдырыктары менен көлөмдүү сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөр бар, аларда узунунан тигилген бүктөмдөр болот жана тизе жагы бекемделип жамалат (тизе жагынын арт жагында резинкада кысма тигилиши мүмкүн). Шымдын арткы жагында жабышкакка (топчуга) чапталуучу түз капкалдырыгы менен сыртына чапталып тигилген көлөмдүү чөнтөгү бар жана жамбаш жагы бекемделип жамалат. Шымдын багалеги туюк кесилип бүгүлүп тигилет (шымдын этеги резинка менен тартып тигиши мүмкүн).
Эскертүү:
УКМК үчүн камуфляж түсүндөгү кездемеден жайкы талаа күрмө, силуэти түз, ортосунан жактары кымтыланма топчуга топчуланган, бир ачык топчусу бар. Өңүрү бүчүлүк тарапка 45 градус жантайыңкы абалда жайгашкан өйдөкү чапталып тигилген капкалдырыктуу чөнтөктөрү менен. Жабышчаактагы тик жака (чечип алма жана тик абалдарда кийип жүрүү мүмкүнчүлүгү менен). Далысы туюк бычылып тигилген. Жеңдин чыканагы бекемделип жамалган жана 45 градус жантайыңкы абалда капкалдырыктуу өйдөкү чаптама чөнтөктөрү бар. Жеңдин учу ичке тарткычтар менен, анын бош учтары жабышчаакка чапталат. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө экиден өткөргүч жана экиден илгич бар. Чечип алма талаа погондору; жайкы талаа шымы камуфляж түстөгү кездемеден, топчуга топчулануучу бели танаптап тигилген, өткөргүчтөрү бар. Шымдын алды жагында каптал тигиштен белге чейин жантайыңкы чөнтөктөр жайгашкан. Ширинка топчуга топчуланат. Шымдын тизе жагы бекемделип жамалган. Шымдын этеги чоймо (боо менен тартуу системасы) менен тартылган, жабык кесик менен кайрылып тигилген. Шымдын арткы бөлүгү кокетка менен, сан жагында илмекке топчулануучу эки тилик чөнтөгү бар, жабышчаакка (топчуга) чапталат, отуруучу жери – бекемделип чапталып тигилген. Шымдын каптал бөлүгүндө көлөмүн чоңойтуу үчүн жашыруун бүктөмү (гармошкасы) бар, капкалдырыктары жабышчаакка (топчуга) чапталган, көлөмдүү чапталма чөнтөктөр тигилген;
АП үчүн: камуфляж түстөгү кездемеден талаа күрмөсү, кайырма жакалуу, ортосунда бүчүлөөчү сыдырмасы менен, танаптап тигилген куру жана этегине чейин астары бар. Далысы кокетка менен, өйдөкү чапталуучу чөнтөктөрү планкалар жана фигуралуу капкалдырыктар менен, тигишке танапталган кокеткасы жана бир формалык топчуга топчулануучу, төрт бурчтук тилик каптал чөнтөктөрү, бүчүлөөчү сыдырмасы менен. Сыртына чапталып тигилген чөнтөктөрдүн ортосунан эни 30 мм болгон бант бүктөмү бар. Далысы кокетка менен. Жеңдер бир тигиштүү чыканак тигиштери боюнча кесиктери танапталган манжеттери менен. Күрмөнүн этегинин каптал тигиштери жагында үч катар чоюлчаак сызмалар тартылган. Чөнтөктөрдүн капкалдырыктары жана манжети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн коргоо түсүндөгү диаметри 14 мм болгон формалык топчуга топчуланат. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө экиден өткөргүч жана экиден илгич бар. Чечип алма талаа погондору. Шым камуфляж түстөгү кездемеден, топчуга (сыдырмага) топчулануучу бели танаптап тигилген, шымдын алдыңкы жагында кесилген бөлүгүндө иштелип чыккан каптал чөнтөктөрү менен. Белинде өткөргүчтөрү бар. Шымдын алды жагындагы кыры тигиштелген. Шымдын арткы оң жарымында - топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктуу төрт бурчтуу чөнтөк салынган;
МЧК үчүн: камуфляж түсүндөгү кездемеден жайкы талаа күрмө, ортосунан жактары кымтыланма топчуга топчуланат. Өңүрү түз, өйдө жагында бүчүлүк тарапка 45 градус жантайыңкы абалда жайгашкан кыюусу менен капкалдырыктуу жабык кош төш чөнтөктөрү менен. Далысы кокеткалуу, энин жөнгө салыш үчүн каптал тигиштерине танапталган эки ичке тарткычтар бар. Бош учтары топчуларга бекитилген. Жабышкактагы тик жака (чечип алма жана тик абалдарда кийип жүрүү мүмкүнчүлүгү менен). Жеңдин чыканагы бекемделип жамалган. Жеңдин учу ичке тарткычтар менен, анын бош учтары топчуга бекитилген. Жеңдердин колтук жагынын ылдый тарабында желдетүүчү көзөнөкчөлөр бар. Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө экиден өткөргүч жана экиден илгич бар. Погондор чечип алма, талаалык. Танаптап тигилген камуфляж түстөгү кездемеден жайкы талаа шымы. Шымдын алды жагында жарым тегерек чөнтөктөрү менен. Ширинка топчуга топчуланат. Шымдын тизе жагы бекемделип жамалган жана арт жагынан резина менен тартылат. Шымдын этеги резина менен тартылган, жабык кесик менен кайрылып тигилген. Шымдын арткы бөлүгү кокетка менен, эки тилик чөнтөгү жана сан жагында илмекке топчулануучу фигуралуу капкалдырыгы менен, отуруучу жери - чапталып тигилген. Шымдын белинде эни 5-6 см болгон өткөргүчтөр бар (алдыңкы бөлүгүндө - 23, капталдарында - 2, арткы бөлүгүндө - 3).
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
25. Формалык кепка.
Кепка бозомтук-күрөң (кочкул-жашыл, көк) түстөгү кездемеден, маңдай кырдан жана 5-6 кыйыктан турат. Алдыңкы кыйыктар бекемделип жамалат. Кыйыктардын бардык айланасы боюнча ички жагынан жабышкакка чапталуучу сызма тигилет.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн кепка саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн кочкул көк-түстөгү кездемеден.
26. Жеңи узун формалык көйнөк.
Ачык-боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден тигилген жеңи узун көйнөк, бели туюк бычылып, каптал тигиши жагында чоюлчаак сызма менен тартылат, өңүрүндө этегине чейин 6-8 топчу, тик жакасында - бир топчу, белинде - эки топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыктары менен сыртынан чапталып тигилген чөнтөктөрү бар, анын узунунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк бычылып тигилген. Жеңи узун манжет менен.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар (жеңдердин ийин тигиштеринин жагында формалык топчуга топчулануучу погондорду тагуу үчүн киргизилген ичке тарткычтар жасалышы мүмкүн, погондор тагылма, күнүмдүк).
Погондор чечип алма, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн саргыч-жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден көйнөк;
ИИМ ИА үчүн ачык-көк түстөгү пахтадан жасалган кездемеден көйнөк.
27. Чолок жеңдүү формалык көйнөк.
Көйнөк ачык боз (ак) түстөгү пахтадан жасалган кездемеден, чолок жеңдүү, бели туюк бычылып, каптал тигиштери жагында чоюлчаак сызма менен тартылып, өңүрдүн этегине чейин 6-8 топчусу, жакасынын каптамында бир топчусу жана белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырма, жака каптамы тилик, кооздоочу тигиши менен болот. Өңүрүндө бир топчуга топчулануучу фигуралуу капкалдырыгы менен сыртына чапталып тигилген төш чөнтөктөрү бар, анын узунан бүктөмдөр тигилет. Далысы туюк тигилген. Чолок жеңдүү, манжет менен.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар (жеңдердин ийин тигиштеринин жагында формалык топчуга топчулануучу погондорду тагуу үчүн киргизилген ичке тарткычтар жасалышы мүмкүн, погондор тагылма, күнүмдүк).
Погондор чечип алма, күнүмдүк (параддык).
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн көйнөк саргыч-жашыл түстөгү пахтадан жасалган кездемеден;
ИИМ ИА үчүн көйнөк ачык-көк түстөгү пахтадан жасалган кездемеден.
28. Жагоо.
Жагоо бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден (параддык - кара түстөгү кездемеден), созулган трапеция түрүндө, учу тар бурчтуу болгон негизги бөлүктөн, "Регат" аттуу туруктуу түйүндөн жана формалык көйнөктүн жакасынын алды жагынан өткөрүп тагуу үчүн илмектен турат.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн күнүмдүк жагоо саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн жагоо кочкул-көк түстөгү кездемеден.
29. Футболка.
Футболка кыска жеңдүү, жакасы тегерек бүтүн, хаки түсүндөгү кездемеден бозомтук, камуфляж, күрөң же темгил өңүттө болот. Өңүрүнүн сол тарабында төш сызыгынын айланасында эмблема жайгаштырылган, оң жеңинде - Кыргыз Республикасынын желеги чагылдырылган.
Эскертүү:
УГ үчүн футболка көгүш жана ак түстөгү горизонталдуу тилкелери менен узун жеңдүү. Майка көгүш жана ак түстөгү горизонталдуу тилкелери менен;
ИИМ ИА үчүн футболка темгил түстөгү узун жеңдүү. Майка темгил жана ак түстөгү горизонталдуу тилкелери менен.
30. Кончу бийик ботинкалар.
Кончу бийик ботинка, кара түстө, булгаарыдан, тумшугунан, кончтон, тилинен, апкыттан, улдан турат. Кончтун алды жагында боо өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Боо менен байланат. Таманы жана такасы резинадан болот. Улу ысык вулканизация (куюлган, аралаш) методу менен бекитилет. Ичинде - салынуучу батектер бар.
Жеңилдетилген варианттагы кара (саргыч-боз) түстөгү кончу бийик ботинка конструкциясы боюнча кончу бийик ботинка сыяктуу, бирок текстиль менен булгаарыны айкалыштырып жасалат. Кончтун ич жагында бүчүлөөчү сыдырмасы болушу мүмкүн.
31. Булгаары ботинкалар.
Накта булгаарыдан жасалган ботинкалар жылуулатылган астары менен, кара түстө, тумшугунан, бүгүн тумшуктан, кончтон, апкыттан, улдан (тамандан жана такадан) турат. Жумшак милтеси бар. Кончтун ички жагында сыдырмалуу бүчүлүк салынган. Таманы жана такасы резинадан. Ичинде салынма батектер бар. Таманы желимге чапталат.
32. Булгаарыдан жасалган кыска ботинкалар.
Булгаарыдан жасалган ботинкалар кара түстө, тумшугунан, кончтон, тилинен жана улдан (тамандан жана такадан) турат. Жумшак милтеси бар. Кончтун алды жагында боо (резинадан болушу мүмкүн) өткөрө турган көзөнөкчөлөрү бар. Таманы, такасы формалаган резина таш тамандуу булгаарыдан (резинадан) болот. Ичинде салынма батектер бар. Улу желимге чапталат.
33. Жылуулатылган топу.
Жылуулатылган топу, бүтүн бычылган, кайырмалуу жапкычы бар, камуфляж (хаки) түстө.
34. Кашне.
Кашне тор кездемеден, күрөң (параддык ак түстө) түстө, өлчөмү 120x20 см, кыска жактарында чачыктары бар.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн кашне саргыч-жашыл түстө;
ИИМ ИА үчүн кашне кочкул-көк түстөгү кездемеден.
35. Ак түстөгү кол кап.
Кол каптар ак түстөгү тор кездемеден, кол каптын сырткы жагында кооз быдыр (жасалгалуу) тигиш бар. Манжет жагы чоюлчаак сызма менен тартылат же бөрккө бүчүлөнөт.
36. Булгаарыдан, жүндөн жасалган кол каптар.
Кол каптар кара түстөгү булгаарыдан, ичи тери менен жылууланган, жарым жүндүү астары бар же анысы жок беш салаалуу. Кол каптын манжетинин ич жагы чоюлчаак сызма менен тартылат.
Жүндөн жасалган беш салаалуу кол каптар кара түстө билек боосу менен.
37. Кышкы кол каптар.
Кышкы кол каптар камуфляж түстөгү кездемесинин аралашмасынан (кара, коргоо) жылууланган беш салаалуу. Кол каптын манжет жагы чоюлчаак сызма менен тартылат (өйдө жагында бекитүү үчүн жабышкакта же бүчүлүктө кичинекей кур болушу мүмкүн).
38. Белге тагылуучу кур.
Белге тагылуучу кур, сызмалуу, коргоо (хаки) түстөгү, беш катарлуу эки тилдүү таралга тагылат. Курдун бош учунда таралганын тилдери үчүн тешиктер, ошондой эле таралга карабин илмеги түрүндө жасалышы мүмкүн.
Таралга, жарым шакектер жана каптын бөрктөрү металлдан, коргоо түсүндө.
39. Шымга тагылуучу кур.
Шымга тагылуучу кур, кара (коргоочу) түстө, жазылыгы 30-40 мм, булгаарыдан (сызмалуу), беш катарлуу бир тилдүү металл таралгалуу. Шымга тагылуучу курда таралганын тили үчүн тешиктер жана кыймылдуу өткөргүч бар.
40. Параддык кемер.
Параддык кемер жазылыгы 45-50 мм келген алтын түстөгү негизги курдан турат. Курга сүйрү металл таралга бекитилет, анын ички жагында тегерек күндүн алкагы жана анын ичинде түндүк жайгаштырылган сүрөтү бар.
41. Аксельбант.
Аксельбант алтын түстөгү өзгөчө өрүлгөн негизги боодон жана жардамчы боолордон турат. Жардамчы боолор учу учтуу болгон алтын түстөгү эки учтуу металдан турат. Металл учтун узундугу 80 мм.
42. Жамынма плащ.
Жамынма-плащ камуфляж түсүндө (хаки түсүндө, коргоо түсүндө), жактарында кымтылган бүчүлүгү бар. Өңүрдөн, далыдан, кайрыма жакадан жана капюшондон турат.
Өңүрүндө колдор үчүн тиликтери бар, анда эки топчуга топчулануучу кыюулары менен жасалган. Кыюулардын ички жагында - кол үчүн кармагычтар бар.
43. Талаа баштыгы.
Талаа баштыгы корпустан, жапкыч-капкалдырыгынан, көтөрүүчү боодон турат. Көтөрүүчү боонун учтарына илмек-карабиндер тигилген, анын жардамы менен баштык топчуланат. Талаа баштыгынын корпусунун ички жагы тосмо менен бөлүнгөн.
3. Контракттык кызматтын аскер
кызматчыларынын аскердик кийим формасы
44. Параддык фуражка.
Фуражка деңиз толкуну түстөгү кездемеден, сүйрү формадагы төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражканын эки милтеси бар (милтенин түсү -аскер түрү/ведомстволук таандыгы боюнча): бири - төбөнүн каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танапталган, экинчиси -алкактын каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танапталган. Маңдай алкагынын орто жеринде алтын түстөгү кокарда тагылат.
Маңдай кырдын үстүндө алкак боюнча алтын түстөгү трунцалдан жасалган өрүлгөн боо топчуланат, анын учтарында өткөргүчтөрдүн жардамы менен эки формалык топчуга топчулоо үчүн эки илмек бар (алтын түстөгү улуттук оюу түрүндө кичинекей кур саймаланышы мүмкүн). Топчулар алтын түстө, диаметри 14 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
Фуражканын маңдай кырынын өңү кара лакталган, өлчөмү - 6 см. Фуражканын кебинин өлчөмү - 7 см.
Эскертүү:
АККК авиациясы үчүн фуражка кочкул-көк түстөгү кездемеден;
УКМК үчүн алкагы сыя-көк түстө;
МЧК үчүн фуражканын талаасы жашыл түстө, алкагы кочкул-көк түстө.
45. Күнүмдүк фуражка.
Фуражка бозомтук-күрөң (кочкул-жашыл, көк) түстөгү кездемеден, сүйрү формадагы төбөдөн, төрт капталдан, милтеден, алкактан, маңдай кырдан, топчулардан турат. Фуражканын эки милтеси бар (милтенин түсү - аскер түрү/ведомстволук таандыгы боюнча): бири төбөнүн каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танапталган, экинчиси, алкактын каптал менен бириктирилип тигилген тигишине танапталган.
Фуражканын алкагынын маңдайына алтын түстөгү кокарда жайгаштырылат. Маңдай кырдын үстүндө алкак боюнча алтын түстөгү трунцалдан жасалган өрүлгөн боо топчуланат, анын учтарында өткөргүчтөрдүн жардамы менен эки формалык топчуга топчулоо үчүн эки илмек бар (алтын түстөгү улуттук оюу түрүндө кичинекей кур саймаланышы мүмкүн). Топчулар алтын түстө, диаметри 14 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
Фуражканын маңдай кырынын өңү кара лакталган, өлчөмү - 6 см. Фуражканын кебинин өлчөмү - 7 см.
Эскертүү:
УКМК үчүн: фуражка саргыч-жашыл түстөгү кездемеден, алкагы сыя-көк түстө, кебинде канаты жайылган бүркүт түрүндөгү эмблема жайгашкан. Бүркүттүн төшүндө ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен калкан тартылган, оң чеңгелинде – кылыч, сол чеңгелинде – лавр бутакчасы, полковник наамындагы улук офицердик курамга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн эмблемага уруксат берилет;
МЧК үчүн фуражканын талаасы жашыл түстө, алкагы кочкул-көк түстө;
ИИМ ИА үчүн фуражка кочкул-көк түстөгү кездемеден;
АП үчүн саргыч-жашыл түстөгү кездемеден.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 385 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
46. Формалуу шляпа.
Шляпа бозомтук-күрөң (кочкул-жашыл, көк) түстөгү (параддык - деңиз толкуну түстөгү) кездемеден, астары бар, сүйрү кеткен төбөсүнөн, капталдардан жана талаадан турат, алар өз кезегинде алдыңкы жана арткы эки бөлүктөн турат. Талаасынын арткы бөлүгү өйдө кайрылган жана маңдай кырдын формасындагы алдыңкы талаанын бөлүктөрүнө билинбей өтөт. Талаалар жасалгалуу тигиштелген. Каптал бөлүктүн алды жагынын ортосунда саймаланып жасалган алтын түстөгү кокарда жайгашкан. Капталдар жана талаа кошулуп тигилген линия боюнча ортоңку бөлүгүндө трунцалдан жасалган алтын түстөгү өрүлгөн боо бар, анын эки формалык топчуга өткөргүчтөрдүн жардамы менен топчулоо үчүн эки илмеги бар. Топчулар алтын түстө, диаметри 14 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү чагылдырылган.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн - саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн кочкул-көк түстөгү кездемеден.
47. Формалуу пилотка.
Пилотка бозомтук-күрөң түстө (параддык - деңиз толкуну түстө), төбөсүнөн, капталдарынан жана кырлардан турат. Кырлардын үстүнөн милтелер тигилген (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Пилотканын капталынын жогорку жагында - шакекче түрүндөгү желдетүүчү көзөнөкчөлөр бар. Пилотканын астары жана чеке жапкычы бар.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн пилотка саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн пилотка кочкул-көк түстөгү кездемеден.
48. Кулакчындуу тумак ("полковник" наамындагы аскер кызматчылары үчүн).
Жогорку офицердик курам үчүн жазылган сыпаттамасына ылайык келет.
49. Накта (жасалма) териден кулакчындуу тумак.
Кулакчындуу тумак калпактан, маңдай кырдан жана желке жапкычы менен кулакчындан турат, кулакчаларынын учунда кара түстөгү байлоо үчүн сызма бар. Маңдай кырдын, желке жапкычтын жана кулакчындын сырткы буюмдары күрөң түстөгү накта (жасалма) териден. Ички жагынын буюмдары жана калпак топулук күрөң ноотудан.
Алдыңкы маңдайынын маңдай кырдын ортосунда металл (пластмасса) алтын түстөгү кокарда.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн кулакчындуу тумак саргыч-жашыл түстө;
ИИМ ИА үчүн кулакчындуу тумак кочкул-көк түстө;
ИИМ үчүн кулакчындуу тумак көк түстө.
50. Кышкы пальто.
Бозомтук-күрөң түстөгү драптан жасалган кышкы пальто, жылуу астары менен, кайырма жакалуу, жакасы күрөң түстөгү накта (жасалма) териден, чечилме, пальтонун силуэти түз, сол жагына алтын түстөгү төрт формалык топчуга топчуланат. Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү чагылдырылган. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, кыюусу менен тилик каптал чөнтөктөрү бар. Далысындагы тигиш ортосунан кетип, жана ылдыйкы тилиги бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Ички сол жагында - кыюусу менен тилик ички чөнтөк бар. Пальтонун этеги үстүңкү кездемеден бүгүлүп тигилген.
Погондор тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Аял аскер кызматчылары үчүн кышкы пальто түзүлүшү боюнча ушундай эле, оң жагына топчуланат.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн пальто саргыч-жашыл түстөгү драптан;
ИИМ ИА үчүн пальто кочкул-көк түстөгү драптан.
51. Жазгы-күзгү күрмө.
Жогорку офицердик курам үчүн жазылган сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштеринде формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу погондорду бекитүү үчүн ичке тарткычтар танаптап тигилген.
Погондору тагылма, күнүмдүк.
52. Жазгы-күзгү плащ.
Жазгы-күзгү плащ бозомтук-күрөң (кочкул-жашыл, көк) түстөгү кездемеден, силуэти жарым-жартылай кыналган, кайырма жакалуу, жактары коргоо түсүндөгү 4-5 топчуга топчуланат. Өңүрлөрү фигуралуу кокетка менен, каптал бөлүктөрү кесилген, кыюусу менен тилик каптал чөнтөктөрү бар. Далысында ортосундагы тигиште кокеткасы бар.
Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Ички сол жагында - кыюусу менен тилик ички чөнтөк бар. Плащтын этеги үстүңкү кездемеден бүгүлүп тигилген.
Погондору тигилүүчү, күнүмдүк (параддык).
Аял аскер кызматчылары үчүн жазгы-күзгү плащ түзүлүшү боюнча ушундай эле, оң жагына топчуланат.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн плащ саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн плащ кочкул-көк түстөгү кездемеден.
53. Параддык китель.
Китель деңиз толкуну түстөгү кездемеден, силуэти түз, ачык, бир жагына бүчүлөнөт, жакасы кайырмалуу, лацканы менен, жактары ортосунан алтын түстөгү төрт формалуу топчу менен топчуланат. Өңүрлөрү түз, тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, түз капкалдырыктары менен тилип жасалган каптал чөнтөктөрү бар. Далысынын ортосунда тилик менен аяктаган тигиши бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Жаканын кырында, чөнтөктөрдүн капкалдырыктарынын кырында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Сол өңүрүнүн астарында, астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрдүн танаптап тигилүүчү тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар.
Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган.
Погондор тигилүүчү, параддык.
Эскертүү: АККК авиациясы үчүн көк түстөгү кездемеден.
54. Параддык жакет.
Жакет деңиз толкуну түстөгү кездемеден, силуэти түз жана бир жагына топчуланат, жакасы кайырмалуу, лацканы менен, жактары ортосунан диаметри 22 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки формалык топчуга топчуланат. Жаканын кырында жана чөнтөктөрдүн капкалдырыктарынын кырында милте (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, түз капкалдырыктуу тилип жасалган төрт бурчтуу каптал чөнтөктөрү бар. Сол өңүрүндө кыюу салынган тилинип жасалган төш чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигүүнүн тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар. Далынын ортосунда тигиши болот. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, диаметри 14 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн эки топчусу бар.
Погондор тигилүүчү, параддык.
Эскертүү: АККК авиациясы үчүн көк түстөгү кездемеден.
55. Күнүмдүк китель.
Китель бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден, силуэти түз, ачык, бир жагына топчуланат, жакасы кайырмалуу, лацканы менен, жактары ортосунан диаметри 22 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган төрт формалык топчуга топчуланат. Өңүрлөрү тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, фигуралуу капкалдырыгы менен чапталып тигилген төш чөнтөктөрү бар, диаметри 14 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган бир топчуга топчуланат, фигуралуу капкалдырыктары менен тилинип жасалган каптал чөнтөктөрү бар. Чапталып тигилген чөнтөктөрдүн ортосунан эни 30 мм болгон бант бүктөмү бар. Далысынын ортосунда тигиши бар, ал тилик менен аяктайт. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол өңүрүнүн астарында, астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигилген тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү:
УКМК үчүн китель саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн китель кочкул-көк түстөгү кездемеден;
АП үчүн саргыч-жашыл түстөгү кездемеден, погондор тигилүүчү, күнүмдүк.
56. Күнүмдүк жакет.
Жакет бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден, силуэти түз, бир жагына топчуланат, жакасы кайырмалуу, лацканы менен, жактары ортосунан диаметри 22 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн үч формалык топчуга топчуланат. Өңүрлөрү түз, тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, кыюу салынган тилинип жасалган каптал чөнтөктөрү бар. Сол өңүрүндө кыюу салынган тилинип жасалган төш чөнтөгү бар. Сол өңүрүнүн астарында астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигилген тигиштеринде кыюусу менен ички чөнтөгү бар. Далынын ортосунда тигиши болот. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, диаметри 14 мм, алтын түстөгү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби чагылдырылган эки топчусу бар.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар. Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү:
УКМК жакет саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн жакет кочкул-көк түстөгү кездемеден;
АП үчүн жакет саргыч-жашыл түстөгү кездемеден, погондор тигилүүчү, күнүмдүк.
57. Сыдырмасы бар күрмө.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
58. Пуловер.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танаптап тигилген.
Погондор тагылма, күнүмдүк.
59. Костюм күнүмдүк.
Кочкул-жашыл түстөгү кездемеден куртка, кайырма жакалуу, ортосунда бүчүлөөчү сыдырмасы бар, этегине чейин танаптап тигилген куру жана астары менен. Өңүрү кокетка менен, жабышкакка чапталуучу түз капкалдырыктуу өйдөкү чапталып тигилген чөнтөктөрү, капталында тилип жасалган жана бүчүлөөчү сыдырмасы бар төрт бурчтуу чөнтөгү болот. Чапталып тигилген чөнтөктөрүнүн ортосунда бант бүктөмү тигилет. Далысы кокетка менен. Жеңдери эки тигиштүү, чыканак тигиши боюнча кесиктери бар жана жабышкак менен бекитилүүчү танаптап тигилген манжеттер менен. Куртканын этегинин каптал тигиштеринин аймагы үч катар кеткен чоюлчаак сызмалар менен тартылган.
Ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн эки өткөргүч жана эки илмек бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Шым кочкул-жашыл түстөгү кездемеден, топчуга (сыдырмага) бүчүлөнүүчү, танаптап тигилген бели менен, шымдын асты жагында кесилген бөлүгүндө каптал чөнтөктөрү бар. Кур өткөргүчтөрү менен. Шымдын астыңкы жарымынын кыры чыгарып тигилген. Шымдын оң жак арткы бөлүгүндө жабышкакка чапталуучу төрт бурчтуу түз капкалдырыгы менен чөнтөк салынган.
Көйнөк кочкул-жашыл түстөгү кездемеден, чолок жеңдүү, туюк бычылган манжеттүү, туюк бычылган бели, каптал тигиштери жагында чоюлчаак сызма менен тартылып, өңүрүндө этегине чейин 6-8 топчусу, белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырмалуу, лацканы менен. Өңүрү чаптама чөнтөктөрү жана жабышкакка чапталуучу түз капкалдырыгы менен. Далысы туюк тигилген, кокетка менен.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Эскертүү:
АККК авиациясы үчүн көк түстөгү кездемеден;
УКМК үчүн - саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн - кочкул-көк түстөгү кездемеден;
ӨКМ үчүн - куру менен сан сызыгына чейин көк түстөгү кездемеден, чоюлчаак сызма киргизилген, жакасы кайырмалуу, ортосундагы "сыдырмалуу" бүчүлүгү бар. Далысы кокетка менен. Далынын ортосунун өйдө жагына, кокетканын астында "ӨКМ Кыргызстан МЧС" жазуусу жайгашкан. Өңүрү сол тарабындагы түз жогорку ички чөнтөгү жана топчуга бүчүлөнүүчү фигуралуу капкалдырыгы менен. Өңүрлөрдө "контакт" тектил сызмага бүчүлөнүүчү чапталып тигилген капкалдырыктуу төш чөнтөктөрү жана "сыдырма" бүчүлүгү менен эки ылдыйкы тилик чөнтөктөрү бар. Өңүрлөрдөгү чапталып тигилүүчү чөнтөктөрдө: сол тарабынан - "Кандын тобу", оң тарабынан "Кыргызстан же аты-жөнү" жазуулары жайгашкан. Чапталып тигилүүчү чөнтөктөрдө эки тараптан тең жашыруун кулпулар бар. Сол чапталып тигилүүчү чөнтөктө ӨКМ тегерек эмблемасы тигиштелген. Жеңдер эки тигиштүү, чыканак тигиши боюнча тиликтери бар, топчуга топчулануучу танапталган манжеттер менен.
Сол жеңдин сырт жагында жеңдин өйдөкү кырынан 50 мм Министрликтин шеврону тигилген. Погондор тик бурчтуу, жогорку жээги конус сымал, саймаланган тагылма (жумшак) погончиктери менен. Погондун жогорку жээги формалык топчуга топчуланат. Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Шым көк түстөгү кездемеден, топчуга (сыдырмага) бүчүлөнүүчү, танаптап тигилген бели менен, шымдын асты жагында кесилген бөлүгүндө каптал чөнтөктөрү бар. Кур өткөргүчтөрү менен. Шымдын астыңкы жарымынын кыры чыгарып тигилген. Шымдын оң жак арткы бөлүгүндө жабышкакка чапталуучу төрт бурчтуу түз капкалдырыгы менен чөнтөк салынган.
Кайырма жакалуу, үч топчуга фронталдык бүчүлүк менен эркин бычылган футболка. Далысы кокетка менен. Далынын ортосунун өйдө жагында, кокетканын астында "ӨКМ Кыргызстан МЧС" жазуусу жайгашкан. Өңүрлөрдөгү чапталып тигилүүчү чөнтөктөрдө сол тарабынан - "Кандын тобу", оң тарабынан "Кыргызстан же аты-жөнү" жазуулары жайгашкан. Сол чапталып тигилүүчү чөнтөктө ӨКМ тегерек эмблемасы тигиштелген. Жеңи кыска, сол жеңдин сырт жагында жеңдин өйдөкү кырынан 50 мм Министрликтин шеврону тигилген.
Погондор тик бурчтуу, жогорку жээги конус сымал, саймаланган тагылма (жумшак) погончиктери менен. Погондун жогорку жээги формалык топчуга топчуланат. Погондор чечип алма, күнүмдүк.
60. Аял аскер кызматчылары үчүн күнүмдүк костюм.
Кочкул жашыл түстөгү кездемеден куртка, кайырма жакалуу, ортосунда бүчүлөөчү сыдырмасы бар, этегине чейин танаптап тигилген куру жана астары менен. Өңүрү каптал тигиштеринен төшкө танапталган төрт бурчтуу тилик каптал чөнтөктөрү менен. Далысы кокетка менен. Жеңдери эки тигиштүү, чыканак тигиши боюнча кесиктери бар, жабышкак менен бекитилүүчү танаптап тигилген манжеттер менен. Куртканын этегинин каптал тигиштеринин аймагы үч катар кеткен чоюлчаак сызмалар менен тартылган.
Ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илмек бар.
Погондор тагылма, күнүмдүк.
Көйнөк чолок жеңдүү.
Көйнөк кочкул-жашыл түстөгү кездемеден, силуэти жарым-жартылай кыналган, чыканакка чейин чолок жеңдүү, туюк бычылган манжеттүү, этегине чейин 6-8 топчусу бар. Жакасы кайырмалуу, лацканы менен. Өңүрлөрү колтук жакка жантайган формадагы кокетка менен. Кокетка сызыгынан этегине чейин быдырлар бар.
Далысы туюк бычылган, кокетка жана быдырлар менен. Белинен кеткен далынын быдырына үч бурчтук формадагы фигуралуу учтары менен жарым кур киргизилген. Курлар бири-бирине топчулар менен бекитилет. Көйнөктүн этеги туюк кесилип ичине карай тигилген.
Погондорду тагуу үчүн ийиндеги тигиштин өңүрүндө эки өткөргүч жана эки илгич бар.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Аял аскер кызматчылары үчүн багалегин сыртка коё берме шым.
Шым кочкул-жашыл түстөгү кездемеден бели топчуга топчулануучу танапталган куру менен, шымдын алдыңкы жагындагы кесилген бөлүгүндө иштелип чыккан каптал чөнтөктөрү бар. Кур өткөргүчтөрү менен. Шымдын арткы жарым бөлүгүнүн курунда, танаптап тигилгенден каптал тигишке чейин чоюлчаак сызма салынган. Шымдын алдыңкы бөлүгүнүн жарымында кыры тигиштелген. Шымдын арткы бөлүктөрүндө экиден танапталган тигиш, алдыңкыларында белинен кеткен бир танапталган тигиш бар.
Юбка бозомтук-күрөң түстөгү (параддык - деңиз толкуну түстөгү) кездемеден, түз бычылат, бели танаптап тигилген эки кездеменин энинен турат. Сол жактагы каптал тигиштин жогорку жагында бир топчусу бар жана сыдырма салынган. Юбканын алдыңкы жана арткы жактарында танаптап тигилген эки тигиш бар. Юбканын арткы кездемесинин энинин ортосу бүгүлгөн. Бели тигиштин кырынан 3 мм аралыкта танаптап тигилген.
Эскертүү:
АККК авиациясы үчүн - көк түстөгү кездемеден;
УКМК үчүн - саргыч жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн - кочкул-көк түстөгү кездемеден;
ӨКМ үчүн - кур менен сан сызыгына чейин көк түстөгү кездемеден, чоюлчаак сызма киргизилген, жакасы кайырмалуу, ортосундагы "сыдырмалуу" бүчүлүгү менен. Далысы кокетка менен. Далынын ортосунун өйдө жагына, кокетканын астында "ӨКМ Кыргызстан МЧС" жазуусу жайгашкан, өңүрү сол тарабындагы түз жогорку ички чөнтөгү жана топчуга бүчүлөнүүчү фигуралуу капкалдырыгы менен. Өңүрлөрдө "контакт" тектил сызмага бүчүлөнүүчү чапталып тигилген капкалдырыктуу төш чөнтөктөрү жана "сыдырма" бүчүлүгү менен эки ылдыйкы тилик чөнтөктөрү бар. Өңүрлөрдөгү чапталып тигилүүчү чөнтөктөрдө: сол тарабынан -"Кандын тобу", оң тарабынан "Кыргызстан же аты-жөнү" жазуулары жайгашкан. Чапталып тигилүүчү чөнтөктөрдө эки тараптан тең жашыруун кулпулар бар. Сол чапталып тигилүүчү чөнтөктө ӨКМ тегерек эмблемасы тигиштелген. Жеңдер эки тигиштүү, чыканак тигиши боюнча тиликтери бар жана топчуга топчулануучу танапталган манжеттер менен. Сол жеңдин сырт жагында жеңдин өйдөкү кырынан 50 мм Министрликтин шеврону тигилген. Погондор тик бурчтуу, жогорку жээги конус сымал, саймаланган тагылма (жумшак) погончиктери менен. Погондун жогорку жээги формалык топчуга топчуланат. Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Көйнөк көк түстөгү кездемеден, чыканакка чейин чолок жеңдүү, туюк бычылган манжеттүү, туюк бычылган бели, өңүрүндө этегине чейин 5-6, белинде эки топчусу бар. Жакасы кайырмалуу, лацканы менен. Өңүрлөрү топчуга топчулануучу түз капкалдырыгы менен чапталып тигилүүчү өйдөкү чөнтөктөр менен. Далысы туюк бычылган кокеткалуу.
Погондор чечип алма, күнүмдүк.
Шым көк түстөгү кездемеден, топчуга (сыдырмага) бүчүлөнүүчү, танаптап тигилген бели менен, топчуга (сыдырмага) топчулануучу, шымдын асты жагында кесилген бөлүгүндө каптал чөнтөктөрү бар. Кур өткөргүчтөрү менен. Шымдын арткы жарымынын белинде каптал тигишке чейин танапталган чоюлчаак сызма бар. Шымдын арткы бөлүгү кош танапталган, алдыңкысы белинен кеткен бир танапталган тигиш бар.
Юбка көк түстөгү кездемеден, түз бычылган, бели танаптап тигилген эки кездеменин энинен турат. Сол жактагы каптал тигиштин жогорку жагында бир топчусу бар жана сыдырма салынган. Юбканын алдыңкы жана арткы жактарында танапталган эки тигиш бар. Юбканын арткы кездемесинин энинин ортосу бүгүлгөн. Бели тигиштин кырынан 3 мм аралыкта танаптап тигилген.
61. Багалеги коё берилме шым.
Шым бозомтук-күрөң түстөгү кездемеден (параддык - деңиз толкуну түсүндөгү, КР КК АККК авиациясы үчүн - көк түстөгү кездемеден), топчуларга топчулануучу бели танаптап тигилген шым. Кур өткөргүчтөрү бар. Шымдын алдыңкы бөлүгүндө кыры танапталган, капталдагы тигиштерде төрт бурчтуу чөнтөктөр бар. Шымдын арткы оң жагында фигуралуу капкалдырыгы менен төрт бурчтуу чөнтөгү бар. Шымдын алдыңкы бөлүгүнүн жарымына астар салынган. Капталдагы тигиштеринде милте салынган (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча).
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн шым саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн шым кочкул көк түстөгү кездемеден.
62. Юбка.
Юбка бозомтук-күрөң түстөгү (параддык - деңиз толкуну түстөгү кездемеден, КР КК АККК авиациясы үчүн көк түстөгү кездемеден) кездемеден, түз бычылат, бели танаптап тигилген эки кездеменин энинен турат. Сол жактагы каптал тигиштин жогорку жагында бир топчусу бар жана сыдырма салынган. Юбканын алдыңкы жана арткы жактарында танаптап тигилген эки тигиш бар. Юбканын арткы кездемесинин энинин ортосу бүгүлгөн. Бели тигиштин кырынан 3 мм аралыкта танаптап тигилген.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн юбка саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн юбка кочкул-көк түстөгү кездемеден.
63. Кышкы талаа күрмөсү жана шымы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду бекитүү үчүн формалык топчуга (бөрккө) топчулануучу ичке илгичтер тигилген. Климаты суук райондордо жакасы кайырмалуу болушу мүмкүн, накта (жасалма) териден чечип алма жакасы бар.
Погондор тагылма, талаалык.
64. Берет.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
65. Талаа фуражкасы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет, контракт боюнча кызмат өтөгөн прапорщиктер, контракттык кызматтын жоокер, сержант жана старшина курамындагы аскер кызматчылары үчүн - өрүлгөн боосуз.
Фуражканын алкагынын алдында ортодо коргоо түсүндөгү металл (пластмасса, саймаланган) кокарда бар.
66. Талаа панамасы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
67. Жайкы талаа күрмө жана шым.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танапталган.
Погондор тагылма, талаалык.
68. Формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танапталган.
Погондор тагылма, күнүмдүк (параддык).
69. Чолок жеңдүү формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдердин ийин жагындагы тигиштерде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танапталган.
Погондор тагылма, күнүмдүк (параддык).
70. Футболка.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
71. Формалык кепка.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
72. Жагоо.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
73. Бант-жагоо.
Бант-жагоо бозомтук күрөң түстөгү кездемеден (параддык - кара түстөгү кездемеден), тилимдери бири-биринин үстүнө коюлуучу банттан турат, алар 45 градус бурч менен кайчылашат жана бант-жагоону формалык көйнөктүн жакасынын астына тагуу үчүн илмеги бар.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн бант-жагоо саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн бант-жагоо кочкул-көк түстөгү кездемеден.
74. Жылуулатылган топу.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
75. Кашне.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
76. Булгаарыдан, жүндөн жасалган кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
77. Кышкы кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
78. Ак кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
79. Кончу бийик ботинкалар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
80. Булгаары ботинкалар (туфли).
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
81. Булгаарыдан жасалган кыска ботинкалар (туфли).
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
82. Туфли (аял аскер кызматчылары үчүн).
Булгаары туфлилер кара түстө, бүтүн тумшуктан, апкыттан жана улдан (тамандан жана такадан) турат, желим менен чапталып бекитилет. Таканын бийиктиги 5 см ашпайт.
83. Аялдардын өтүктөрү.
Аялдардын өтүктөрү кара түстөгү булгаарыдан, тумшугунан, кончтон, апкыттан жана улдан (тамандан жана такадан) турат. Кончтун ички жагында сыдырмасы бар. Таман желим менен чапталып бекитилет.
84. Бел кур.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
85. Параддык кемер.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
86. Шымга тагылуучу кур.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
87. Шымга тагылуучу кур (аял аскер кызматчылары үчүн).
Шымга тагылуучу кур (коргоочу) кара түстө, эни 20 мм - 25 мм булгаарыдан, бир тилдүү, беш катарлуу металл таралгасы бар. Шымга тагылуучу курда таралганын тили үчүн көзөнөктөр жана жылдыруучу өткөргүчү бар.
88. Аксельбант.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
89. Жамынма-плащ.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
90. Талаа баштыгы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
4. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын, аскердик
окуу жайлардын курсанттарынын, Советтер Союзунун Баатыры
Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин
тарбиялануучуларынын аскердик кийим формасы
91. Күнүмдүк фуражка.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет. Фуражканын маңдай кырынын үстүңкү алкагына эки формалык топчуга улуттук оюулар түрүндө саймаланган алтын түстөгү боо тартылат.
Эскертүү: Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин (мындан ары - КУАЛ) тарбиялануучулары үчүн фуражка кара түстөгү кездемеден тигилип, алкагы кызыл түстө.
92. Формалык пилотка.
Пилотка бозомтук күрөң түстөгү кездемеден тигилип, төбөдөн, капталдан жана кырдан турат. Пилотканын каптал жактарынын жогору жагьшда шакекче түрүндөгү желдетүүчү көзөнөкчөлөр бар. Пилоткада чеке жапкычы менен астары бар.
Эскертүү: КУАЛдын тарбиялануучулары үчүн пилотка кара түстөгү кездемеден тигилет.
93. Кулакчындуу тумак.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Эскертүү: КУАЛдын тарбиялануучулары үчүн кулакчындуу тумак кара түстөгү кездемеден тигилет.
94. Кышкы пальто.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Эскертүү: КУАЛдын тарбиялануучулары үчүн пальто кара түстөгү драптан тигилет.
95. Жазгы-күзгү күрмө.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
96. Күнүмдүк китель.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Эскертүү: КУАЛдын тарбиялануучулары үчүн китель кара түстөгү кездемеден тигилет.
97. Сыдырмалуу күрмө.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Эскертүү: КУАЛдын тарбиялануучулары үчүн китель кара түстөгү кездемеден тигилет.
98. Багалеги коё берилме шым.
Шым бозомтук күрөң түстөгү кездемеден кашат салынып тигилет, бели топчуга топчуланат. Кашатында кур өткөргүчтөрү бар. Алды жагында кыр үчүн бүктөм, капталдагы тигиштеринде алкакталган чөнтөгү бар. Шымдын арткы оң жагына фигуралуу капкалдырыгы менен алкакталган чөнтөк салынган. Шымдын алдыңкы жагы астар менен ичтелет.
Эскертүү:
УКМК үчүн шым саргыч жашыл түстөгү кездемеден;
КУАЛдын тарбиялануучулары үчүн шым кара түстөгү кездемеден тигилип, каптал тигишинде кызыл түстөгү лампастары болот.
99. Формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
100. Футболка
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет. 101-Жагоо.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Эскертүү: КУАЛдын тарбиялануучулары үчүн жагоо кара түстөгү кездемеден тигилет.
102. Кышкы талаа күрмөсү жана шым.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдеринин ийин жагындагы тигиштеринде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танаптап тигилген.
Погондор тагылма, талаалык.
103. Берет.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
104. Талаа фуражкасы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет, өрүлгөн боосуз.
Фуражканын алкагынын маңдай жагындагы ортосуна коргоочу түстөгү металл (пластмасса, саймаланган) кокарда жайгаштырылган.
105. Талаа панамасы.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
106. Жылуулатылган топу.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
107. Жайкы талаа күрмөсү жана шым.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жеңдеринин ийин жагындагы тигиштеринде погондорду тагуу үчүн формалык топчуга топчулануучу илгичтер танаптап тигилген.
Погондор тагылма, талаалык.
108. Кончу бийик ботинкалар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
109. Булгаары ботинкалар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
110. Казармалык тапичкелер.
Казармалык тапичкелер каралжын түстө, тамандан жана үстү жагынан турат, тикелей куюу ыкмасы менен жасалган.
111. Булгаарыдан (жасалма булгаарыдан) жасалган кыска кончтуу ботинка (туфли).
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
112. Ак түстөгү кол кап.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
113. Жарымы жүн кышкы кол кап.
Жарымы жүн кышкы беш салаалуу кол каптар кара (коргоочу) түстө, билек боосу менен.
114. Кышкы кол кап.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
115. Бел кур.
Бел кур коргоочу (хаки) түстөгү, эни 40-50 мм келген сызма курдан турат. Учтарында эки металл алкак бар, алардын бири экинчисине жабышкан. Т түспөлдүү эки алкак аркылуу (илмеги жок) курдун бир учу кийилет. Курдун бир учунда металл илмеги жана эки чоң эмес илгичи бар (ошондой эле курдун таралгасы карабиндерди бекиткич түрүндө жасалышы мүмкүн).
Параддык бел кур эни 40-50 мм ак түстөгү жасалма булгаарыдан турат. Курга түндүктүн ичине жайгаштырылган күн алкагынын сүрөттөлүшү бар тик бурчтуу металл таралга бекитилет. Таралганын арт жагында курду бекитүү үчүн механизм бар.
116. Шымга тагылуучу кур.
Шымга тагылуучу сызма кур коргоочу түстө болуп, негизги курдан, кыймылдуу жана кыймылсыз өткөргүчтөрдөн турат. Курга тик бурчтуу таралга тигилген.
117. Аксельбант.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
118. Хром (юфта же кирза) өтүк.
Өтүк кара түстө болуп, тумшугунан, кончтон, апкыттан жана улдан (тамандан жана такадан) турат. Таштаманы жана такасы -булгаарыдан (резинадан, резина аралашмасынан), калыпка куюлган резиналуу калың булгаарыдан турат. Улу рантжелим менен (желим менен чаптаса да болот) чапталган. Ичинде тери батек салынган.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардактуу
кароолунун аскер кызматчыларынын аскердик кийим формасы
119. Фуражка.
Фуражка деңиз толкуну түстөгү кездемеден тигилип, сүйрү тегерек формадагы төбөдөн, төрт курбудан, милтеден, алкактан, маңдай кырынан, топчулардан турат. Фуражкада көгүш түстөгү эки милте бар: биринчиси - төбөсүндө курбу менен кошулуп тигилген жерде, экинчиси - алкактын курбу менен бириккен тигишинде.
Фуражканын алкагынын алды жагында кокарда бар, анын каптал жактарын көздөй кеткендей лавр бутактары саймаланган. Фуражканын кебинде символиканын сүрөтү бар, маңдай кыры кара түстө лакталган.
Фуражканын маңдай кырында жалын түрүндө сайма бар. Фуражканын маңдай кырынын үстүндөгү алкак боюнча трунцалдан жасалган алтын түстөгү өрүлгөн боо тагылат. Ал эки формалык топчуга топчулануу үчүн боонун учтарындагы өткөргүчтүн жардамы менен эки топчулукту түзөт. Топчуларынын диаметри 14 мм, алтын түстө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар.
120. Кулакчындуу тумак.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
121. Мундир.
Мундир деңиз толкуну түстөгү кездемеден тигилип, кайырма жакалуу, диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн төрт формалык топчуга топчулугу бар. Өңүрүнүн капталдарында капкалдырыктуу тилик чөнтөктөрү бар. Учасынын ортосунан кеткен тигиши бар. Жеңдери кош тигиш, учтары түз кайрылган. Жакасында лавр жалбырагы түрүндө сайма бар. Жакасынын кырларында жана жеңдеринин кайрылган учтарында көгүш түстөгү ноотудан милте бар. Мундирдин кайрылган жеңдеринин учтары саймаланган. Өңүрдүн астарында капкалдырыктуу төш чөнтөктөр бар.
Погондор тигилүүчү, параддык.
122. Багалеги өтүккө шымдалуучу шым.
Шым деңиз толкуну түстөгү кездемеден тигилип, алдыңкы жана арткы бөлүктөн, кашаттан, штриптен жана тарткычтардан турат.
Шымдын алдыңкы жагында каптал чөнтөктөрү бар. Арткы бөлүгүнүн багалек жагы кесилген. Шымдын арткы оң жагында топчуга топчулануучу тилик чөнтөгү бар.
Кашатында тарткычтарды тагуу үчүн топчулары, эки бүчүлүгү жана топчулары, гульфигинде сыдырмасы бар.
Каптал тигиштерине көгүш түстөгү милте салынган.
Шымдын алдыңкы жагына астар салынып ичтелген.
123. Формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
124. Параддык жагоо.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
125. Кышкы пальто.
Кышкы пальто деңиз толкуну түстөгү драптан жасалган, каракүлдөн жасалган чечилүүчү жакасы жана жылуулаткычы бар, бир капталына жылдырылган жагы алтын түстөгү үч формалык топчуга топчуланат. Сол өңүрүндө кооздук берген алтын түстөгү үч топчусу бар. Топчулардын диаметри 22 мм, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн. Өңүрлөрүнүн каптал бөлүктөрү тилик, алды жактары таналган жана капкалдырыктуу тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасынын ортосунан кеткен тигиш, бели жагында каршы бүктөмү бар, этек жагы тилик, бел жагында тилке болуп кеткен эки тигиши жана ичке тарткычы бар. Бел жагындагы бүктөмү кош тигиш менен бекемделген. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү. Сол өңүрдүн ич жагында тилик чөнтөгү бар. Пальтонун этегине чейин астар салынган. Пальтонун этеги сырткы кездемеден бүгүлгөн. Жакасы лавр жалбырагы түрүндө саймаланган.
Погондор тигилүүчү, параддык.
126. Параддык кур.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
127. Аксельбант.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
128. Хром өтүк.
Хром өтүк кара түстө, тумшугунан, кончтон, апкыттын катуу футорунан жана улдан (тамандан жана такадан) турат. Таштаманы жана такасы - калыпка куюлган резиналуу булгаарыдан. Улу мык менен бекитилген. Ичинде булгаары батек салынган.
129. Ак түстөгү кол кап.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жарымы жүндөн токулуп жасалган кышкы кол кап, беш салаалуу, билек боосу бар.
6. Аскердик-көрсөтмөлүү оркестрдин аскер
кызматчыларынын аскердик кийим формасы
130. Фуражка.
Офицердик курам үчүн параддык фуражканын сыпаттамасына ылайык келет.
131. Кулакчындуу тумак.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
132. Параддык китель.
Китель деңиз толкуну түстөгү жүн кездемеден тигилген, силуэти түз, ачык, кайырма жакасы жана лацканы менен бир жагына кымтыланма, өңүрү алтын түстөгү беш формалуу топчу менен топчуланат. Өңүрлөрү түз, тилинген каптал бөлүктөрү менен, алды танаптап тигилген, түз капкалдырыктары менен тилик жан чөнтөктөрү бар. Учасынын ортосунда тигиши бар. Жеңдери танаптап тигилген, кош тигиштүү, жеңдеринин учу түз кайрылат. Жакасында сайма бар. Жаканын четтерине, жеңдеринин кайрылган учтарына, чөнтөктөрдүн капкалдырыктарынын четтерине милте бастырылган (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыгы боюнча). Мундирдин жеңдеринин кайрылган учтарында саймасы бар. Сол өңүрүнүн астарында, астардын төмөнкү тилинген бөлүктөрүн танаптап тигилген тигиштеринде кыюуланган ички чөнтөгү бар. Топчулардын диаметри 22 мм, ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн.
Погондор тигилүүчү, параддык.
133. Шым.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
134. Формалык көйнөк.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
135. Жагоо.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
136. Кышкы пальто.
Офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет, пальтонун өңү ачык жашыл түстө. Погондор тигилүүчү параддык.
137. Параддык кемер.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
138. Аксельбант.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
139. Кыска ботинкалар (туфли).
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
140. Ак түстөгү кол каптар.
Жогорку офицердик курам үчүн сыпаттамага ылайык келет.
Жарымы жүн жиптен токулган кышкы кол каптар, беш салалуу, билек боосу бар.
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн,
башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик
кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер
кызматчыларынын аскердик кийим формасынын айырмалоочу
белгилеринин жана фурнитурасынын
сыпаттамасы
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 262 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кокарда:
1) жогорку офицердик курам үчүн:
- ортосунда алтын түстөгү беш жылдыздуу, алтын түстөгү 32 эки кырлуу быдырлуу нурлардан турган томпок эллипс резеткасы түрүндөгү, кызыл эмаль менен бастырылган, ортолоштурулган эллипс түрүндөгү тилкелер менен чети алкакталган, каптал тараптарында эни боюнча созулган лавр бутактары түрүндө 3 же 4 пайыздык алтын сыймаланган алтын түстөгү металл (пластмасса) кокарда. Фуражкага тагылат;
- ортосунда алтын түстөгү беш жылдыздуу, алтын түстөгү 32 эки кырлуу быдырлуу нурлардан турган томпок эллипс резеткасы түрүндөгү, кызыл эмаль менен бастырылган, ортолоштурулган эллипс түрүндөгү тилкелер менен чети алкакталган, эни боюнча созулган лавр бутактары менен стилдештирилген алтын түстөгү металл (пластмасса) кокарда. Кулакчындуу тумакка тагылат;
- кыюусу менен тегерек түрүндөгү кокарда, тегеректин ичине коргоо (хаки) түсүндөгү саймаланган Кыргыз Республикасынын Мамлекетгик гербинин сүрөтү жайгашкан. Камуфляж фуражкага тагылат;
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери (мындан ары - ИИМ ИА) үчүн:
- эмблемалуу кокарда ортосунда кызыл түстүү беш жылдыз түрүндө болот, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети жээктелген, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Шумкардын ылдыйкы бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюусу жайгашкан. Эмблемалуу кокарда фуражканын сырткы кездемесине окшош түстө саймаланган. Жылдыздын жээги, улуттук оюу жана эмен жалбырактары 5 пайыздык алтын сыймаланган алтын түстүү сайма менен жасалган. Фуражкага жана беретке тагылат;
- алтын түстөгү, эмблемалуу металл кокарда ортосунда жайгашкан кызыл түстүү беш жылдыз түрүндө болот, жылдыздын алдыңкы планында эмен бутагы менен стилдешип, чети жээктелген, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Арткы тарабында баш кийимге бекитүү үчүн кадагычы бар. Кулакчындуу тумакка тагылат;
2) улук жана кенже офицердик курам үчүн:
- эмблемалуу кокарда оң чеңгелине кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагын кармап турган алтын түстөгү шумкарды (бүркүттү) элестетет. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө эни боюнча чоюлган стилдешкен лавр бутактары менен курчалган беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Шумкардын үстүндө кызыл түстөгү беш бурчтуу жылдыз жайгашкан. Эмблемалуу кокарда фуражканын, шляпанын төбөсүнүн кездемесинин түсүнө окшош тондо саймаланган. Шумкар (бүркүт) жана лавр бутактары алтын түстүү. Фуражкага, шляпага тагылат (бардык категориядагы аял аскер кызматчылары үчүн);
- ортосунда алтын түстөгү беш жылдыздуу, алтын түстөгү 32 эки кырлуу быдырланган нурлардан турган томпок эллипс резеткасы түрүндөгү, эллипске салынган, кызыл эмаль менен сырдалган, ортолоштурулган эллипс түрүндөгү тилкелер менен курчалган, каптал тараптары боюнча чети жээктелген, эни боюнча созулган лавр бутактары менен стилдештирилген алтын түстөгү металл (пластмасса) кокарда. Кулакчындуу тумакка тагылат (Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Аскер прокуратурасынын аскер кызматчылары үчүн - фуражкага).
Эскертүү:
ИИМИА үчүн:
- эмблемалуу кокарда ортосунда кызыл түстүү беш жылдыз түрүндө болот, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети жээктелген, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Шумкардын ылдыйкы бөлүгүндө кыргыздын улуттук оюусу жайгашкан. Эмблемалуу кокарда фуражканын сырткы кездемесине окшош түстө саймаланган. Жылдыздын жээги, улуттук оюу жана эмен бутагы алтын түстө. Фуражкага жана беретке тагылат;
- алтын түстөгү, эмблемалуу металл кокарда ортосунда жайгашкан кызыл түстүү беш жылдыздан турат, жылдыздын алдыңкы планында эмен жалбырагы менен стилдешип, чети жээктелген, энине чоюлган, канаты жайылган ак түстөгү шумкар жайгашкан. Арткы тарабында баш кийимге бекитүү үчүн кадагычы бар. Кулакчындуу тумакка тагылат.
3) бардык категориядагы аскер кызматчылары үчүн:
- ортосунда алтын түстөгү беш жылдыздуу, алтын түстөгү 32 эки кырлуу быдырланган нурлардан турган томпок эллипс резеткасы түрүндөгү, эллипске салынган, кызыл эмаль менен сырдалган, ортолоштурулган эллипс түрүндөгү тилкелер менен курчалган кокарда. Кокарданын арткы тарабында баш кийимге тагуу үчүн кадагычы бар. Прапорщиктердин, жоокерлер, сержанттар жана старшиналар курамындагы контракттык кызматтагы аскер кызматчыларынын, аскердик окуу жайлардын курсанттарынын, Советтер Союзунун Баатыры Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин (мындан ары - КУАЛ) тарбиялануучуларынын фуражкасына жана кулакчындуу тумагына, формалык кепкага, беретке жана пилоткага тагылат.
Талаа фуражкасында жана талаа панамасында, ошондой эле мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын кулакчындуу тумагында эмблемалуу кокарда конструкциясы боюнча ушундай эле, бирок коргоочу түстө, андан тышкары коргоочу түстөгү сайма менен аткарылышы мүмкүн.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын ардак кароолунун аскер кызматчылары жана аскердик көрсөтмөлүү оркестрдин аскер кызматчылары үчүн алтын түстөгү эмблемалуу кокарда каптал жактарына эни боюнча чоюлуп, алтын түстөгү лавр бутактары менен жээктелет;
4) алтын түстөгү эмблемалуу кокарда жээктелген тегерек түрүндө болот, тегеректин ичинде оң чеңгелине кылыч, ал эми сол чеңгелине эмендин бутагын кармап турган алтын түстөгү шумкардын (бүркүттүн) сүрөтгөлүшү түшүрүлгөн. Шумкардын (бүркүттүн) төшүндө беш бурчтуу кызыл жылдызы бар калкан тартылган. Шумкардын (бүркүттүн) үстүндө түндүк жайгаштырылган. Кокарда саймаланып жасалышы мүмкүн, кокарданын өңү - кара, шумкар (бүркүт) жана түндүк алтын түстө. Кокарда формалык кепкага тагылат.
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн каруудагы белгиси.
Үстү жагы төрт бурчтуу, ылдый жагы дого түрүндө болгон төрт бурчтук түрүндө болот, анын өлчөмү 9 жана 7,5 см, каруудагы белгинин өңү кийимдин (кездеменин) өңүндөй кара түстө.
Графикалык композициянын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү жайгашкан. Белгинин кыры боюнча эни 2-3 мм болгон милте салынган, милтенин өңү аскерлердин түрү (ведомстволук таандыгы) боюнча милте милтенин ички бөлүгүн бойлото 2-3 мм аралыкта, алтын түстөгү милтенин эни 1-2 мм.
Каруудагы белгинин жогору жагында сары (алтын) түстө мамлекеттик тилде "КЫРГЫЗСТАН" жана ылдый жагында "КУРАЛДУУ КҮЧТӨР" деген жазуу жазылган. Кийимдин сол жеңине тигилет.
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн талаа кийим формасы үчүн каруудагы белги.
Үстү жагы төрт бурчтуу, ылдый жагы дого түрүндө болгон төрт бурчтук, анын өлчөмү 9 жана 7,5 см, камуфляж түсүндө.
Графикалык композициянын ортосуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү жайгашкан.
Белгинин четтери боюнча - эни 3 мм милте салынган, коргоочу түстө, милтенин ички бөлүгүн бойлото 2-3 мм аралыкта жайгашкан, коргоочу түстөгү милтенин өңү 1-2 мм.
Каруудагы белгинин жогору жагында коргоочу түстө мамлекеттик тилде "КЫРГЫЗСТАН" жана ылдый жагында "КУРАЛДУУ КҮЧТӨР" деген жазуу жазылган. Кийимдин сол жеңине тигилет.
4. Аскердик окуу жайлардын курсанттарынын жана КУАЛдын тарбиялануучуларынын каруудагы белгиси.
Алтын түстүү тик бурчтук түрүндө болот, кийимдин сол жеңинин сыртына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн каруудагы белгисинен 10 мм аралыкта тигилет, тик бурчтуктун эни 6 мм.
Окуп жаткан курсуна (классына) жараша каруудагы белгиде тик бурчтуктар төмөнкүдөй жайгашат: бирөө - 1-курстун курсанттары жана лицейдин 10-классынын тарбиялануучулары үчүн; экөө - 2-курстун курсанттары жана лицейдин 11-классынын тарбиялануучулары үчүн; үчөө - 3-курстун курсанттары, төртөө, бешөө - тиешелүү түрдө 4 жана 5-курстун курсанттары үчүн.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына кирүүчү аскерлердин жана кызматтардын түрүнө аскер кызматчысынын ведомстволук таандыгын көрсөтүүчү каруудагы белгини Кыргыз Республикасынын Коргоо министри аныктайт.
6. Аскердик түзүлүштөргө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына таандыктыгын көрсөтүүчү каруудагы белгини аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери аныктайт.
7. Кандын тобун көрсөтүүчү көкүрөктөгү кыйыктар.
Тик бурчтук түрүндө болот, өлчөмү 10-13 см (узуну) жана 2,5-3 см (эни), жээктери - коргоочу (кызыл) түстөгү милте, талаасынын өңү кийимдин (кездеменин) тонундагыдай.
Көкүрөктөгү кыйыктын ортосунда коргоочу (алтын) түстө латын алфавитиндеги тамгалар жана цифралар менен төмөнкүдөй жазуулар бар: биринчи оң - "О (I) Rh +"; биринчи терс - "О (I) Rh экинчи оң - "A (II) Rh +"; экинчи терс - "A (II) Rh үчүнчү оң - "В (III) Rh +"; үчүнчү терс - "В (III) Rh төртүнчү оң - "AB (IV) Rh +"; төртүнчү терс - "AB (IV) Rh -".
Тамгалардын жана цифралардын бийиктиги - 15-17 мм.
Жазуу талаа жайкы күрмөнүн сол жагындагы капкалдырыктын тигишинен 2 мм аралыкта тигилет.
8. Аскер кызматчынын аты-жөнүн көрсөткөн көкүрөк кыйыгы.
Тик бурчтук түрүндө болот, өлчөмү 10-13 см (узуну) жана 2,5-3 см (эни), жээктери - кызыл (көгүлтүр, жашыл) түстөгү милте, талаасынын өңү кийимдин (кездеменин) тонундагыдай.
Көкүрөк кыйыгынын ортосунда аскер кызматчысынын алтын түстө мамлекеттик тилдеги тамгалар менен атынын, атасынын атынын баш тамгалары, ошондой эле фамилиясы жазылат.
Күрмөлөрдүн жана күнүмдүк костюмдун көйнөгүнүн, аялдардын күнүмдүк костюмунун көйнөгүнүн чөнтөктөрүнүн капкалдырыктарына сол жагынан борттун четинен 6 см жана ийин тигишинен 19-20 см аралыкта тигилет.
Тамгалардын бийиктиги 11-12 мм.
9. Аскерлердин жана кызматтардын түрлөрүнө аскер кызматчынын ведомстволук таандыгын көрсөтүүчү көкүрөк кыйыгы.
Тик бурчтук түрүндө болот, өлчөмү 10-13 см (узуну) жана 2,5-3 см (эни), жээктери - кызыл (көгүлтүр, жашыл) түстөгү милте, талаасынын өңү кийимдин (кездеменин) тонундагыдай.
Көкүрөк кыйыгынын ортосунда Аскерлердин жана кызматтардын түрлөрүнө аскер кызматчынын ведомстволук таандыгын көрсөтүү менен алтын түстө мамлекеттик тилдеги тамгалар менен жазуу жазылат.
Күрмөлөрдүн жана күнүмдүк костюмдун көйнөгүнүн, аялдардын күнүмдүк костюмунун көйнөгүнүн чөнтөктөрүнүн капкалдырыктарынын оң жагына борттун четинен 6 см жана ийин тигишинен 19-20 см аралыкта тигилет.
10. "KYRGYZSTAN" жазуусу бар көкүрөк кыйык.
Өлчөмү 10-13 см (узуну) жана 2,5-3 см (эни) болгон тик бурчтук түрүндө болот, жээктеринде - коргоочу (кызыл) түстөгү милте бар. Талаасынын өңү кийимдин (кездеменин) тонундагыдай.
Көкүрөк кыйыгынын ортосунда коргоочу (алтын) түстө латын тамгалары менен "KYRGYZSTAN" деген жазуу бар.
Тамгалардын бийиктиги 15-17 мм.
Жайкы талаа күрмөсүнүн капкалдырыгынын тигишинен 2 мм аралыкта оң тарабына тигилет.
11. Жагоо үчүн бекиткич.
Алтын түстүү, ийилген металл тактача түрүндө болот. Бекиткичтин арткы тарабы жагоону бекитүү үчүн ийилген.
12. Эмблемалар:
1) "KG" эмблемасы Кыргыз Республикасынын кыскартылган аталышын түшүндүргөн алтын түстүү металл эмблема түрүндө болот, латын алфавитинин баш тамгаларынан турат, тамгалардын өлчөмү 10 мм (бийиктиги) жана 15 мм (эни). Тамгалардын бийиктиги 17 мм. Кителдердин жана жакеттердин лацкандарына тагылат, лацкандардын жээгинен эмблеманын жээгине чейинки аралык 20 мм болот, мында эмблемалар лацкандын кырына параллель болушу керек;
2) жалпы аскердик эмблема диаметри 2,2 см болгон тегерек түрүндө болот, эмен жалбырактары түрүндө жасалган эки жарым тегеректен турат, асты тасма менен бекитилген, ал эми үстү жагында эки жарым тегеректин ортосунда 1 мм боштук бар. Эмен тегерегинин ортосуна томпок кырлары менен беш жылдыз жайгашкан (символика аскерлердин, кызматтардын түрүнө жараша, эмен тегереги жок), эмблеманын арткы бетинде бекитүү үчүн түзүлүшү болот. Күнүмдүк жана параддык погондорго, погондун узунунан кеткен сызыкка топчудан 5 мм аралыкта тагылат.
Эскертүү:
кургактагы аскерлер үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган кырлуу беш жылдыз түрүндө;
аскер-аба күчтөрү үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган чимириктер жана канаттар түрүндө;
ракеталык аскерлер үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган, баллистикалык ракеталар жана андан кеткен эки жебе түрүндө;
асман чабуулунан коргоо аскерлери үчүн - радиолакатордун антеннасынын силуэтинин фонундагы эки жебеси жана канаты бар зениттик ракета түрүндө, эки эмен бутагы менен курчалган;
атайын багыттагы аскерлер үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган ачылган парашют жана эки самолёт түрүндө;
танк аскерлери үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган танк түрүндө;
ракеталык аскерлер жана артиллерия үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган ракетанын фонундагы кайчылашкан куралдардын найы түрүндө;
инженердик аскерлер үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган жол төшөгүчтүн аңтаргыч бөлүгү, якорь, мина, чагылган жана кайчылашкан эки балта түрүндө;
радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу аскерлери үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган бензол шакегинин жана анын негизиндеги биологиялык коркунучтун эл аралык белгисинин фонунда радиоактивдүү бузулуусунун схемасы түрүндө;
байланыш аскерлери үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган канаттардын фонундагы чагылган түрүндө;
автомобилдик аскерлер үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган канаттары жана рулу бар автомобиль дөңгөлөктөрү түрүндө;
топографиялык кызмат үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган компастын кайчылашкан жебелери жана дүрбү түрүндө;
юстициянын аскердик кызматынын органдары үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган мизи ылдый караган эки кайчылашкан кылычтын фонундагы калкан түрүндө;
аскердик байланыш жолдору кызматы үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган канаты бар якордун фонунда канаттуу темир жол дөңгөлөгү түрүндө;
күйүүчү-майлоочу материалдар кызматы үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган талаа магистралдык түтүк түйүнү жана кайчылашкан ачкыч жана балка түрүндө;
медициналык кызмат үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган (кош эмблема) жыланы бар чыны түрүндө;
аскердик-оркестр кызматы үчүн - эки эмен бутагы менен курчалган лиралар түрүндө;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти үчүн - жалпы аскердик эмблема;
МЧК үчүн - лавр бутактары менен курчалган калкан түрүндө;
ӨКМ үчүн - эмен бутагы менен курчалган тигинен чоюлган сегиз учтуу жылдыз түрүндө, жылдыздын борборунда тегерек бар, анда көк түстөгү үч бурчтук жайгашкан;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери үчүн - ИИМ ИА эмблемасы.
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка
аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат
каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларынын
параддык, күнүмдүк жана талаа погондорунун
сыпаттамасы
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 262 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Аскер кызматчылардын погондору аскердик наамды, ошондой эле аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, аскерлердин (кызматтардын) түрлөрүнө таандыктыгын аныктоо үчүн колдонулат.
Погондор параддык, күнүмдүк жана талаалык болуп белгиленген.
Погондордун курбусуна ыйгарылган аскердик наамга, аскер кызматчылардын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, аскерлердин (кызматтардын) түрлөрүнө таандыктыгына ылайык: символиканын белгисинин сүрөтү, беш бурчтуу жылдыздар жана жылдызчалар, тилкелер, саймалар, эмблемалар, тамгалар жайгаштырылат.
Символика белгисинин сүрөтүнүн, жылдыздардын жана жылдызчалардын өлчөмдөрү сыпатталган тегеректин диаметри менен аныкталат.
2. Жогорку офицердик курамдын погондору:
1) параддык погондор - тик бурчтуу, жогорку кыры кыйгач кесилген түрүндө, алтын түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, погондун кырында милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар жана ички бетинен милтенин жээги алтын түстүү саймасы менен болот.
Армиянын генералынын погонунун жогорку бөлүгүндө алтын сыймаланган ичке жип менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символикасынын белгиси саймаланган, лавр жалбырагы менен жээктелген. 30 мм диаметрдеги символиканын белгиси алтын түстөгү жип менен саймаланган. Погондун астыңкы жээгинен символика белгисинин ортосуна чейинки аралык 95 мм. Погондун төмөнкү бөлүгүндө алтын сыймаланган канитель менен 35 мм диаметрдеги 5 пайыздык алтын сыймаланган жылдыз тигилген. Погондун төмөнкү жээгинен жылдыздын борборуна чейинки аралык 40 мм.
Генералдын погондоруна канитель менен 22 мм диаметриндеги 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган жылдыздар саймаланган. Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет. Генералдын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү бөлүгүндө алтын түстөгү гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган.
Генералдардын көйнөгүндөгү погондор жогорку жагы тегерек жээги менен канты жок, ак түстө, погондун үстүңкү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн алтын түстүү 14 мм диаметрдеги топчу жайгашкан.
Погондордун узундугу - 130-180 мм, эни 50-55 мм;
2) күнүмдүк погондор (тигилүүчү) - тик бурчтуу, жогорку жээги кыйгач кесилген түрүндө (сыдырмалу күрмөдө, жазгы-күзгү күрмөдө, көйнөктө - погондор жогорку жагы тегерек жээги менен), улуттук оюусу менен атайын өрүлгөн галундан курбусу менен, курбунун түсү кийимдин (кездеменин) өңүндөй, погондун жээги боюнча милте салынган (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) жана ички бетинен милтенин жээги алтын түстүү саймасы менен болот.
Армиянын генералынын погонунун жогорку бөлүгүндө алтын сыймаланган ичке жип менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн символикасынын белгиси саймаланган, лавр жалбырагы менен жээктелген. 30 мм диаметрдеги символиканын белгиси алтын түстөгү жип менен саймаланган. Погондун астыңкы жээгинен символика белгисинин ортосуна чейинки аралык 95 мм. Погондун төмөнкү бөлүгүндө алтын сыймаланган канитель менен 35 мм диаметрдеги 5 пайыздык алтын сыймаланган жылдыз тигилген. Погондун төмөнкү жээгинен жылдыздын борборуна чейинки аралык 40 мм.
Генералдын погонунда алтын сыймаланган канитель менен 22 мм диаметриндеги 5 пайыздык алтын сыймаланган жылдыздар саймаланган. Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет. Генералдын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү бөлүгүндө алтын түстөгү гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган.
Генералдардын көйнөгүндөгү погондор жогорку жагы тегерек жээги менен канты жок болот.
Погондун жогорку жагындагы тегерек жээгинде алтын түстөгү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар алтын түстүү 14 мм топчу жайгашкан.
Погондордун узундугу - 130-180 мм, эни - 50-55 мм;
Күнүмдүк тагылма погондор тик бурчтуу, жогорку кыры куушурулган, алтын түстөгү улуттук оюу менен атайын өрүлүп тигилген галундан курбусу менен, курбунун түсү кийимдин (кездеменин) өңүндөй. Генералдын погондоруна алтын сыймаланган канитель менен 22 мм диаметриндеги 3 же 5 пайыздык алтын сыймаланган жылдыздар саймаланган. Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет.
Генералдын (армиянын генералынан тышкары) погонунун төмөнкү бөлүгүндө алтын түстөгү гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган.
Погондордун узундугу - 80-100 мм, эни - 50-55 мм;
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (мындан ары - УКМК) жана Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы (мындан ары - АП) үчүн погондор погон саргыч-жашыл түстөгү улуттук оюусу бар атайын өрүлгөн галундан курбусу менен болот.
3) талаа погондору - чечип алма, тик бурчтуу, жогорку жээги тегерек, коргоо түсүндөгү улуттук оюусу бар атайын өрүлгөн галундан курбусу менен.
Жылдыздар, эмблемалар - коргоо түсүндө.
Погондун төмөн бөлүгүндө - коргоо түсүндөгү эмен бутактарынан гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган.
Погондордун узундугу - 130-180 мм, эни - 50-55 мм.
Погондор талаалык, тагылма, коргоо түсүндөгү атайын өрүлгөн галундан жогорку жээктери куушурулган тик бурчтуу.
Жылдыздары - коргоо түсүндө.
Погондордун узундугу - 80-100 мм, эни - 50-55 мм.
Погондун төмөн бөлүгүндө - коргоо түсүндөгү эмен бутактарынан гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган.
3. Улук жана кенже курамдагы офицердик курамдын погондору.
1) параддык погондор - тик бурчтуу, жогорку жээги тегерек, алтын (ак) түстөгү галундан (кездеме, сызма) курбусу менен, погондун кырында милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен 14 мм диаметрдеги алтын түстөгү топчу жайгашкан, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема бар. Погондун төмөн бөлүгүндө алтын түстөгү эмен бутактарынан гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган.
Символиканын өлчөмдөрү:
улук офицердик курам үчүн - 35x25 мм, күндүн алкагынын диаметри - 20 мм; кенже офицердик курам үчүн - 25x20 мм, күндүн алкагынын диаметри - 15 мм.
Жогорку офицердик курамдын погондорунда алтын түстөгү металл (саймаланган) жылдыздар жайгашкан, диаметри 20 мм, кенже офицердик курам үчүн - диаметри 13 мм.
Жылдыздардын саны аскердик наамына ылайык келет.
Погондордун узундугу 130-180 мм, эни - 50-55 мм;
2) күнүмдүк погондор - тик бурчтуу, жогорку жээги тегерек, күрөң (кочкул-жашыл, көк) түстөгү галундан (кездеме, сызма) курбусу менен, погондун кырында милтеси (милтенин түсү -аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен 14 мм диаметрдеги алтын түстөгү топчу жайгашкан, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема бар. Погондун төмөн бөлүгүндө алтын түстөгү эмен бутактарынан гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган.
Символикалардын өлчөмдөрү:
улук офицердик курам үчүн - 35x25 мм, күндүн алкагынын диаметри - 20 мм;
кенже офицердик курам үчүн - 25x20 мм, күндүн алкагынын диаметри- 15 мм.
Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм диаметрдеги, кенже офицердик курамдын погондорунда - 13 мм диаметрдеги алтын түстүү металл (саймаланган) жылдыздар жайгашкан.
Жылдыздардын саны аскердик наамга ылайык келет.
Погондордун узундугу - 130-180 мм, эни - 50-55 мм.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн погондор саргыч-жашыл түстөгү галундан (кездемеден, сызмадан) курбусу менен;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлери (мындан ары - ИИМ ИА) үчүн погондор кочкул-көк түстөгү галундан (кездемеден, сызмадан) курбусу менен;
3) тагылма күнүмдүк погондор - тик бурчтуу, жогорку кыры куушурулган, күрөң түстөгү (кочкул-жашыл, көк) кездемеден. Погондун жээги боюнча милте бар (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча).
Погондун төмөн бөлүгүндө алтын түстөгү эмен бутактарынан гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган.
Символиканын өлчөмдөрү:
улук офицердик курам үчүн - 35x25 мм, күндүн алкагынын диаметри - 20 мм;
кенже офицердик курам үчүн - 25x20 мм, күндүн алкагынын диаметри - 15 мм.
Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм диаметрдеги, кенже офицердик курамдын погондорунда - 13 мм диаметрдеги алтын түстуү металл (саймаланган) жылдыздар жайгашкан.
Погондордун узундугу - 80-100 мм, эни - 50-55 мм;
Жылдызчалар металлдан же алтын түстө тигилген.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн погондор саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн кочкул-көк түстөгү галундан курбусу менен.
4) талаа погондору - тагылма, тик бурчтуу, жогорку жагы куушурулган, камуфляж түстөгү кездемеден. Погондун жээги боюнча милте салынган.
Погондун төмөнкү бөлүгүндө - коргоо түстөгү эмен бутактарынан гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган.
Символикалардын өлчөмдөрү:
улук офицердик курам үчүн - 35x25 мм, күндүн алкагынын диаметри - 20 мм;
кенже офицердик курам үчүн - 25x20 мм, күндүн алкагынын диаметри - 15 мм.
Улук офицердик курамдын погондорунда 20 мм диаметрдеги, кенже офицердик курамдын погондорунда - 13 мм диаметрдеги коргоо түсүндөгү металл (саймаланган) жылдыздар жайгашкан.
Погондордун узундугу - 80-100 мм, эни - 50-55 мм.
4. Прапорщиктердин, контракттык кызматтын аскер кызматчыларынын, жоокерлердин, сержанттардын жана старшиналардын погондору:
1) параддык погондор - тик бурчтуу, жогорку жээги тегерек, алтын (ак) түстөгү галундан (кездеме) курбусу менен, погондун кырында милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен 14 мм диаметрдеги алтын түстөгү топчу жайгашкан, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема бар.
Параддык жана күнүмдүк кийим формасынын погонунда төмөнкүлөр жайгашат:
старшина үчүн - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу галун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоону - 30 мм, ичкеси - 8 мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат;
улук сержант үчүн - кызыл түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун;
сержант үчүн - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
кенже сержант үчүн - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу эки галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
ефрейтор үчүн - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки аралыгы - 45 мм.
Погондордун узундугу - 130-180мм, эни - 50-55 мм;
2) күнүмдүк чечилүүчү погондор - тик бурчтуу, жогорку жээги тегерек, күрөң (кочкул-жашыл, көк) түстөгү кездемеден. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү менен 14 мм диаметрдеги топчу жайгашкан, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема бар. Погондун төмөн бөлүгүндө алтын түстөгү эмен бутактарынан гүлчамбар түрүндө жээктелген, ичине түндүк жайгаштырылган күндүн тегерек алкагынын сүрөтү менен символика саймаланган. Погондун кырында милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар.
Погондордун узундугу - 130-180 мм, эни - 50-55 мм.
Жылдызчалар металлдан (саймаланган) алтын түстө.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн погондор саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн - кочкул-көк түстөгү кездемеден курбусу менен;
3) күнүмдүк тагылма погондор - тик бурчтуу, жогорку жээги куушурулган, күрөң (кочкул-жашыл, көк) түстөгү кездемеден. Погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар:
старшина үчүн - кызыл түстөгү эки тик бурчтуу галун - бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоону - 20 мм, ичкеси - 5 мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат;
улук сержант үчүн - кызыл түстөгү туурасы 20 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун;
сержант үчүн - кызыл түстөгү туурасы 5 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
кенже сержант үчүн - кызыл түстөгү туурасы 5 мм болгон тик бурчтуу эки галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
ефрейтор үчүн - кызыл түстөгү туурасы 5 мм болгон тик бурчтуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки аралыгы 20 мм.
Погондордун узундугу - 80-100 мм, эни - 50-55 мм;
Жылдызчалар металлдан (саймаланган) алтын түстө.
Эскертүү:
УКМК жана АП үчүн погондор саргыч-жашыл түстөгү кездемеден;
ИИМ ИА үчүн - кочкул-көк түстөгү кездемеден курбусу менен;
4) талаа погондору - тагылма талаа погондору, тик бурчтуу, жогорку жагы куушурулган, камуфляж түсүндөгү кездемеден.
Погондордун узундугу - 80-100 мм, эни - 50-55 мм. Погондун жээги боюнча коргоо түсүндөгү милтеси бар. Жылдызчалар коргоо түсүндө.
Галундардын өлчөмү жана жайгашуусу күнүмдүк тагылчу погондорго окшош. Контракттык кызматтын старшиналарынын жана сержанттарынын погондорундагы галундар металлдан, саймаланган же коргоо түсүндөгү вискоза сызмасынан болушу мүмкүн.
Жылдызчалар металлдан (саймаланган ) алтын түстө.
5. Мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын жана аскердик окуу жайлардын курсанттарынын погондору:
1) күнүмдүк (параддык) погондор - тик бурчтуу, жогорку жээги куушурулган, күрөң (кочкул-жашыл, көк, ак) түстөгү курбусу менен (улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн - кызыл түстө). Погондун жээги боюнча милтеси (милтенин түсү - аскерлердин түрү/ведомстволук таандыктыгы боюнча) бар. Погондун жогорку бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар диаметри 14 мм топчу, топчудан 5 мм аралыкта алтын түстөгү эмблема жайгашкан. Курсанттардын параддык погондору үчүн погондордун жээги боюнча алтын түстүү туурасынан кеткен 8 мм болгон эки тилке бар. Погондун төмөнкү жээгинде алтын түстүү тамгалар жайгашкан:
аскердик-окуу жайлардын курсанттары үчүн - "К" (курсант), бийиктиги 20 мм;
улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн - "КУАЛ";
КМ мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "КА" (Коргоо аскерлери);
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "ЖК" (Жарандык коргонуу);
Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "УГ" (Улуттук гвардия);
МЧК мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн -"ЧА" (Чек ара аскерлери);
УКМК мөөнөттүү аскер кызматчылары үчүн - "КК" (Коопсуздук комитети);
КР ЮМ ЖАК ККД мөөнөттүү аскер кызматчылары үчүн - "КД" (Кайтаруу департаменти);
ИИМ ИА мөөнөттүү кызматынын аскер кызматчылары үчүн - "АТ" (Аскердик түзүлүш).
Тамгалардын бийиктиги - 20 мм. Погондун төмөнкү жээгинен тамгага чейинки аралык - 15 мм.
Параддык жана күнүмдүк кийим формасынын погонунда төмөнкүлөр жайгашат:
старшина үчүн - алтын түстөгү эки тик бурчтуу галун: бири жоон жана бири ичке. Галундардын туурасы: жоону - 30 мм, ичкеси - 8 мм. Ичке галун жоондун астына 2 мм аралыкта жайгашат;
улук сержант үчүн - кызыл түстөгү туурасы 30 мм болгон туурасынан кеткен тик бурчтуу галун;
сержант үчүн - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу үч галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
кенже сержант үчүн - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу эки галун. Галундардын ортосундагы аралык 2 мм;
ефрейтор үчүн - кызыл түстөгү туурасы 8 мм болгон тик бурчтуу бир галун.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки аралыгы 45 мм;
2) талаа погондору - тагылма, тик бурчтуу, жогорку жээги куушурулган, камуфляж түсүндөгү кездемеден. Погондордун узундугу - 80-100 мм, эни - 50-55 мм.
Погондун төмөнкү бөлүгүндө коргоо түсүндөгү тамгалар жайгашкан: аскердик-окуу жайлардын курсанттары үчүн - "К" (курсант), бийиктиги 20 мм; улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн - "КУАЛ".
Старшиналардын жана сержанттык курамдын, курсанттардын жана мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларынын погондорунун галундары саймаланган, вискоза сызмасынан же коргоо түсүндөгү металлдан болушу мүмкүн.
Тамгалардын бийиктиги 20 мм.
Погондун төмөнкү жээгинен галундун төмөнкү жээгине чейинки аралык - 20 мм. Кийинки галундардын ортосундагы аралык 2 мм, галундун туурасы: старшиналар жана улук сержанттар үчүн - 20 мм, сержанттар, кенже сержанттар жана ефрейторлор үчүн - 5 мм.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын погондорунун милтесинин түсү төмөнкүдөй аныкталган: КМ, АП, ИИМ ИА жана ӨКМ үчүн - кызыл түстө; АККК авиациясы үчүн - ачык көгүш түстө; УГ үчүн - көгүш түстө; МЧК үчүн - жашыл түстө; Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти үчүн - темгил түстө; УКМК үчүн - сыя көк түстө;
3) күнүмдүк аскер кийим формасында погондордогу галундардын түсү төмөнкүдөй аныкталган: контракттык кызматтын аскер кызматчылары үчүн - кызыл түстө; мөөнөтүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн - сары түстө.
Талаа шарттарыңда бардык аскер кызматчылары үчүн погондордогу айырмалоочу белгилер - коргоо түсүндө.
|
| 4-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн,
башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик
кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер
кызматчыларынын аскердик кийим формасы жана айырмалоочу
белгилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин
Жарлыгы колдонулуучу мамлекеттик органдардын
(аскердик түзүлүштөрдүн)
ТИЗМЕСИ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 262 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.
4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы.
5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясы.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду, камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери.
8. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы.