Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-декабры № 848
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 334 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 334 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 141-пунктча менен толукталсын:
“141) тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын ишин жөнөкөйлөтүүчү маалыматтык интеллектуалдык сервистерди көрсөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жыйымдарды алат;”;
– 19-пунктта:
10-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
14-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“14) “бирдиктүү терезе” системасына интеграцияланган мамлекеттик жана жеке уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдөрдү накталай эмес жана накталай кабыл алууга;”;
– 27-пункттун 9-пунктчасында “Ишкананын жетекчисинин сунушу боюнча” деген сөздөр “башкаруу органынын сунушу боюнча” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 39-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“39. Ишканада директордун үч орун басарынын, анын ичинде директордун биринчи орун басарынын кызмат орду түзүлөт, алар башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.”;
– 44-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– директор, директордун орун басарлары;”.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе” борбору” мамлекеттик ишканасы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |