Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-ноябры № 1022-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 214 "Кыргыз Республикасында Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссия жөнүндө жобону бекитүү жана алардын иштешин мамлекеттик колдоо чаралары тууралуу" токтомун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Технологиялык парктарды өнүктүрүү боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;
Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын орун басары;
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору;
Ош мамлекеттик университетинин ректору;
"Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университетинин ректору.