Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 28-ноябры № 410
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- талапкер (талапкерлер) менен маектешүү өткөрүүнү уюштурат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде сунуш катталган датага чейин бир календардык жылдын ичинде мурда атайын текшерүү жүргүзүлсө жана анын натыйжалары бар болсо, кайрадан атайын текшерүү жүргүзүлбөйт.";
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызмат орундарына көрсөтүлгөн;".
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |