Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 26-майы ПТ № 169
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 15-мартындагы № 43 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган тескеме менен түзүлгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы ушул тескеменин 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-июнундагы № 103 тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жободо:
- 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме (аскердик кызматтын, укук коргоо кызматтын кызмат орундарына талапкерлер ушул Жобонун 11-тиркемесине ылайык форма боюнча резюме берет);";
- 8-пункттун жетинчи абзацы "Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин" деген сөздөргө чейин "Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын," деген сөздөр менен толукталсын;
- 11-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Маектешүү Президенттин Администрациясынын тейлөөчү түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, Президенттин Администрациясынын башкармалыктарынын начальниктери, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары (биринчи орун басары) тарабынан жүргүзүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары жок болгон учурда маектешүү Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басарларынын бири менен жүргүзүлөт (милдеттерди бөлүштүрүүсүнө ылайык);";
- 13-пункттун экинчи абзацы "Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн" деген сөздөрдөн кийин ", Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарын" деген сөздөр менен толукталсын;
- ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык 11-тиркеме менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссияларга көмөк жана методикалык жардам көрсөтүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын контролдоо бөлүмүнүн инспектору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары - Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин жардамчысы;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын башкы мамлекеттик санитардык врачы;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын бөлүм башчысы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри;
Ош шаарынын мэри;
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментинин директорунун орун басары.".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу (бекитилүүчү) кызмат орундарынын номенклатурасына кирген бош кызмат орундарына дайындоо (бекитүү) үчүн талапкерлерди тандоо тартиби жөнүндө жобого 11-тиркеме |
Бош кызмат ордун ээлөө үчүн талапкердин РЕЗЮМЕСИ (аскердик кызматтын, укук коргоо кызматтын кызмат орундарына талапкерлер тарабынан толтурулат)
1. Аты-жөнү | _______________________________________ _______________________________________ _______________________________________ | Фото | ||||
2. Туулган күнү жана жери: | _______________________________________ _______________________________________ _______________________________________ | |||||
3. Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы ____________________________ ооба/жок) Башка мамлекеттин жарандыгы барбы: ____________________________ (ооба/жок), эгерде болсо, мамлекетти көрсөтүү ____________________________ | 4. Жашаган дареги: _______________________________________ _______________________________________ 5. Катталган жери боюнча дареги (4-пунктта көрсөтүлгөндөн айырмаланса) _______________________________________ _______________________________________ | 6. Байланыш маалыматтары: (телефон жана электрондук дареги) | ||||
|
|
| ||||
|
|
| ||||
7. Класстык чен: ____________________________ 8. Аскердик наамы: ____________________________ | 9. Мамлекеттик/ведомстволук сыйлыктар жана сыйлоолор (аталышы, документтин номери жана берилген дата): | |||||
10. Тилдерди билүүсү | Билүү деңгээлин көрсөтүү (эркин, базалык деңгээл: сөздүк менен, билбейм), билүүсү | |||||
окуу | жазуу | сүйлөө | түшүнүү | |||
Мамлекеттик (кыргыз) |
|
|
|
| ||
Расмий (орус) |
|
|
|
| ||
Чет тил (кайсынысын көрсөтүү) |
|
|
|
| ||
Мамлекеттик тил боюнча сертификаттардын болушу (алынган датаны жана алган билиминин деңгээлин, баалоо шкаласын көрсөтүү менен) |
|
|
|
| ||
11. Билими. Толук маалыматты келтириңиз: | ||||||
Окуу жайдын аталышы, жайгашкан жери, өлкө | Тапшырган жылы/айы | Аяктаган жылы/айы | Адистиги, окумуштуулук даражасы жана наамы | Аяктагандыгы/ыйгарылгандыгы жөнүндө документтин аталышы жана номери | ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
| ||
12. Квалификацияны жогорулатуу курстары (тематика, орду, мөөнөтү) | ||||||
13. Жарыялоолор (жарыялоолорду тиркебестен тизмектөө) | ||||||
14. Эмгек жолу. Бардык иштеген жерлерди биринчисинен баштап хронологиялык тартипте тизмектеңиз. Ар бир кызмат орду үчүн өзүнчө блокту колдонуңуз. Эгерде көбүрөөк орун керек болсо, ушундай өлчөмдөгү кошумча барактарды тиркеңиз. Негизги функциялык милдеттердин кыскача сыпаттамасы акыркы иштеген үч жери үчүн көрсөтүлүшү керек | ||||||
Айы/жылы | Айы/жылы | Ээлеген кызмат орду | Иштеген жеринин аталышы (мекеме, уюм, ишкана ж.б.) | |||
|
|
|
| |||
15. Жубайы, жакын туугандары | ||||||
Аты-жөнү | Тууганчылык даражасы | Туулган күнү (күнү, айы, жылы) | Туулган жери | Иштеген жери, кызмат орду | Жашаган дареги (катталган жери боюнча, иш жүзүндө) | |
|
|
|
|
|
| |
16. Эгерде ушул резюменин 15-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар болсо, төмөнкүлөрдү толук көрсөтүү керек: - оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоюлбаган же алып салынбаган соттуулугу бар болсо; - белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылса | ||||||
17. Төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз: 1) Сиздин мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугуңуз барбы _________ (бар/жок); 2) Сизге карата Сизди аракетке жөндөмсүз деп таануу же кызматчы катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салуу жөнүндө соттун чечими барбы __________ (бар/жок). 18. Мен эркин, түшүнүп, өз эрким менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук берем _________________________________ колу | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
".