Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Эмгек, социалдык камсыздоо
жана миграция министрлигинин
2025-жылдын 28 ноябрындагы
№ 326 буйругу менен
БЕКИТИЛДИ
Жеке ишкердин социалдык келишимди ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү жөнүндө
Убактылуу жобосу
1. Ишкердин социалдык контрактты ишке ашырууга катышуусу боюнча пилоттук долбоорду өткөрүүнүн ушул Убактылуу жобосу (мындан ары – Убактылуу жобо) пилоттук режимде ишкерлерге социалдык контрактты берүүнү ишке ашыруу механизмин аныктайт.
2. Жеке ишкер - жеке ишкердик ишин жүргүзүүгө патенттин негизинде юридикалык жакты түзбөстөн жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу же ыйгарым укуктуу салык кызматынын органында ушундай каттоодон өткөн жеке жак (мындан ары - ишкер).
3. Жумушу же эмгек акыга (кирешеге), иш менен камсыз кылууга теңештирилген иши жок катары калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында катталган, ошондой эле ылайыктуу жумуш табууну каалаган жана ага киришүүгө даяр болгон эмгекке жарамдуу курактагы жарандар.
4. Ишкерге социалдык контракттын суммасын берүү кайтарымсыз жүргүзүлөт.
Каражаттарды берүү Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (мындан ары - БУУ БДАПТ) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Бир расмий жумушсузду ишке орноштуруу үчүн төлөмдүн суммасы 150 000 сомду түзөт.
5. Пилоттук долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү социалдык контрактка кол коюлган айдан тартып 12 айды түзөт.
6. Пилоттук долбоордун максаттары чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү.
7. Ишкер акча каражатын пилоттук долбоордун жүрүшүндө расмий жумушсуз жарандарды окутуу жана расмий ишке орноштуруу үчүн алат.
8. Ишкерлерди тандоо, бизнес-долбоорлорду бекитүү, келишимдерди түзүү жана келишим түзгөн катышуучуларды колдоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтому менен бекитилген Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобого (мындан ары - Жобо) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөздөгү актыларын кабыл алуунун тартиби жөнүндө” токтомунун алкагында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 24-октябрындагы № 292 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча методикалык колдонмону бекитүү тууралуу” буйругуна ылайык (мындан ары - Методикалык нускама) ишке ашырылат.
9. Пилоттук долбоорго катышуу үчүн ишкерлерди тандоодо төмөнкүлөргө артыкчылык берилет:
- бир жыл бою туруктуу кирешеге ээ болгондор;
- расмий жумушсуз адамга эң жогорку эмгек акыны сунуштагандар;
-расмий жумушсуз адамдарга эмгек милдеттерин аткарууга көндүмдөрдү бере турган окутууну сунуштагандар.
10. Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (жана/же анын аймактык бөлүмү) мамлекеттик органдардар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана БУУ БДАТП менен биргеликте ай сайын программанын натыйжалуулугуна мониторингди, контролду жана баа берүүнү жүргүзөт.
11. Активдерди (жабдыктарды, техникаларды жана пилоттук долбоорго катышуучу ишкердин каалоосу боюнча башка муктаждыктар) сатып алуу сатып алуу тобунун катышуусуз ишкер тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат.
12. Бишкек шаарында пилоттук долбоор жобого жана методикалык сунуштарга ылайык ишке ашырылат.
13. Пилоттук долбоорду ишке ашырууга катышкан ишкер төмөнкүлөргө укуктуу:
– кошумча жумуш орундарын түзүүгө багытталган каражаттарды өз каалоосу боюнча алууга жана пайдаланууга;
– аймактык бөлүмдөрдөн жана БУУ БДАПТтын эксперттеринен усулдук, консультациялык жана маалыматтык колдоо алууга;
– пилоттук долбоорго тартылган расмий жумушсуздардын түзүлгөн жумушка кабыл алынганга чейин квалификациясын жана кесиптик даярдыгын жогорулатууга көмөк көрсөтүү үчүн аймактык бөлүмгө кайрылууга;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарды пилоттук долбоорго катышуунун жүрүшү жөнүндө так маалымат менен камсыз кылууга.
14. Пилоттук долбоорду ишке ашырууга катышкан ишкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
- пилоттук долбоорду ишке ашыруу мезгилинде расмий жумушсуздарды Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык расмий иш менен камсыз кылууга;
- тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктеги орточо айлык эмгек акыдан кем эмес эмгек акынын төлөнүшүн камсыз кылууга.
15. Расмий жумушсуз адам төмөнкүлөргө укуктуу:
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген шарттарда эмгек ишин жүргүзүүгө;
– ишкер менен түзүлгөн келишимдин шарттары менен аныкталган сый акы (эмгек акы, киреше же башка компенсация) алууга.
16. Расмий жумушсуз адам төмөнкүлөргө милдеттүү:
– ички эмгек тартибин, коопсуздук чараларын, санитардык-гигиеналык жана өрт коопсуздугунун ченемдерин сактоого;
– милдеттенмелерди аткарууга тоскоол болгон бардык жагдайлар жөнүндө ишкерге жана аймактык бөлүмгө токтоосуз билдирүүгө.
17. Расмий жумушсуз адам тарабынан эмгек нормалары/эрежелери бузулганда, материалдык кесепеттерге алып келген жана/же кырсыкка алып келген учурда, ишкер келишимдин шарттарын андан ары аткаруу үчүн жоопкерчилик тартпайт.
18. Долбоорду ишке ашыруу мезгилинде ишкер келишимдин шарттарын бузган учурда, ишкер алынган каражаттардын суммасын кайтарып берүүгө милдеттүү.
19. Усулдук нускама менен бекитилген келишимдин типтүү формасына ушул Убактылуу жобонун негизги шарттарын сактоо менен ыйгарым укуктуу орган (аймактык бөлүм) тарабынан кошумча шарттар менен өзгөртүүлөр/толуктоолор киргизилиши мүмкүн.