Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 859 токтому менен бекитилди) |
Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин
категорияларынын тизмеги жана алардын
жумуш убактысынын узактыгы
1-глава. Инфекцияны, грибокту жана кургак учукту (кургак учукка каршы) дарылоо-алдын алуу уюмдары
2-глава. ВИЧ/СПИДди дарылоо жана алдын алуу боюнча уюмдар
3-глава. Психиатриялык (психоневрологиялык), нейрохирургиялык, наркологиялык дарылоо-алдын алуу уюмдары, бөлүмдөр, палаталар жана кабинеттер, ошондой эле психикалык оорулуулар үчүн жатак үйлөр
4-глава. Балдар үчүн психиатриялык (психоневрологиялык) дарылоо-алдын алуу уюмдары, бөлүмдөр, палаталар жана кабинеттер (психикасы бузулбастан борбордук нерв системасына доо кеткен балдарды дарылоо үчүн арналгандардан тышкары); социалдык мекемелер, мектептер (класстар), жатак мектептер (класстар), балдар үйлөрү (топтор), бала бакчалар (топтор), ясли-бакчалар (топтор), акыл-эси жагынан артта калган жана психикасы бузулуу менен борбордук нерв системасына доо кеткен балдар үчүн яслилер (топтор) жана балдар үйлөрү (топтор)
5-глава. Реабилитациялык борборлор, бөлүмдөр, кабинеттер (физиокабинеттер)
6-глава. Патологоанатомиялык бөлүмдөр жана лабораториялар (прозектордук жайлар жана өлүкканалар)
7-глава. Кургак учук жана психикалык оорулуулар үчүн адистештирилген МСЭК
8-глава. Облустук, республикалык ооруканалардын тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциялары (бөлүмдөрү) жана өтө шашылыш баруу жана консультациялык-медициналык жардам берүү бөлүмдөрү
9-глава. Соттук-медициналык экспертиза уюмдары
10-глава. Коомдук саламаттык сактоо уюмдары
11-глава. Кан борборлору жана трансфузиология бөлүмдөрү
12-глава. Фармацевтикалык уюмдар
13-глава. Балдарды кабыл алуучу-бөлүштүрүүчүлөр жана тарбиялоо-эмгек колониялары
14-глава. Кабыл алуучу-бөлүштүрүүчүлөр, атайын кабыл алуучулар жана алдын ала камоо камералары
15-глава. Медициналык, социалдык жана билим берүү мекемелеринин жалпы кесиптери
16-глава. Радиоактивдүү заттар жана ионизациялоочу нурлануу булактары менен иштөө
17-глава. Медициналык мекемелердин лабораториялык-диагностикалык кызматынын адистери
№ | Иши өзгөчө мүнөзгө ээ кызматкерлердин категорияларынын аталышы | Жумуш убактысынын узактыгы (саат менен) |
1-глава. Инфекцияны, грибокту жана кургак учукту (кургак учукка каршы) дарылоо-алдын алуу уюмдары | ||
§ 1. Оорулууларды мекемелерде жана бөлүктөрдө түздөн-түз тейлеген кызматкерлер | ||
1. | Врач (анын ичинде врач – бөлүмдүн, кабинеттин, лабораториянын жетекчиси) | 6 |
2. | Рентген-диагностикалык изилдөөлөрдү системалуу жүргүзгөн врач-фтизиатр | 6 |
3. | Тиш техниги | 6 |
4. | Педагогикалык же окуу бөлүмүнүн башчысы | 6 |
5. | Медициналык кенже жана тейлөөчү персонал (оорулууну тейлеген кенже медициналык айым (санитарка), буфетчи, официант, идиш жуугуч, мончочу, чарбакер айым, багуучу, өндүрүш жайларын тазалагыч) | 6 |
6. | Оорулуулар менен түздөн-түз жана толук жумуш күн бою иштеген илимий кызматкер | 6 |
7. | Тарбиячы | 6 |
8. | Орто медициналык персонал | 6 |
§ 2. Кызматкерлердин башка категориялары | ||
9. | Китепканачы | 6 |
10. | Эмгек боюнча инструктор | 6 |
11. | Жумушчуларды массалык кесиптерге өндүрүштүк окутуучу инструктор | 6 |
12. | Маданий массалык иш боюнча инструктор, маданий уюштуруучу | 6 |
13. | Кастелянша |
|
14. | Дарылоо-өндүрүштүк (эмгек) өнөрканалардын жана көмөкчү айыл чарбасынын мастери | 6 |
15. | Чач тарач | 6 |
16. | Палаталарда такай иштеген учурда дем алуу аппараттарын тейлөө боюнча техник жана механик | 6 |
2-глава. ВИЧ/СПИДди дарылоо жана алдын алуу боюнча уюмдар | ||
17. | Оорулууларды түздөн-түз тейлеген кызматкерлер | 6 |
18. | ВИЧ-инфекцияны лабораториялык диагностикалоо ишин жүргүзгөн кызматкерлер | 6 |
3-глава. Психиатриялык (психоневрологиялык), нейрохирургиялык, наркологиялык дарылоо-алдын алуу уюмдары, бөлүмдөр, палаталар жана кабинеттер, ошондой эле психикалык оорулуулар үчүн жатак үйлөр | ||
19. | Врач-диетолог, врач-психиатр, диетсестра | 6 |
20. | Эмгек боюнча инструктор | 6 |
21. | Жумушчуларды массалык кесиптерге өндүрүштүк окутуучу инструктор | 6 |
22. | Маданий массалык иш боюнча инструктор, маданий уюштуруучу, баянчы | 6 |
23. | Лаборатория жетекчиси, врач-лаборант жана лаборант | 6 |
24. | Психикалык оорулуулар үчүн дарылоо- өндүрүштүк (эмгек) өнөрканаларынын жана көмөкчү айыл чарбасынын мастери | 6 |
25. | Медициналык кенже жана тейлөөчү персонал (оорулууну тейлеген кенже медициналык айым, санитарка, буфетчи, официант, мончочу) | 6 |
26. | Оорулуулар менен түздөн-түз жана толук жумуш күн бою иштеген илимий кызматкер | 6 |
27. | Чач тарач | 6 |
28. | Оорулуулар менен түздөн-түз жана толук жумуш күн бою иштеген психолог, физиолог | 6 |
29. | Чарбакер айым, кастелянша | 6 |
30. | Орто медициналык персонал (лаборанттан тышкары) | 6 |
4-глава. Балдар үчүн психиатриялык (психоневрологиялык) дарылоо-алдын алуу уюмдары, бөлүмдөр, палаталар жана кабинеттер (психикасы бузулбастан борбордук нерв системасына доо кеткен балдарды дарылоо үчүн арналгандардан тышкары); социалдык мекемелер, мектептер (класстар), жатак мектептер (класстар), балдар үйлөрү (топтор), бала бакчалар (топтор), ясли- бакчалар (топтор), акыл-эси жагынан артта калган жана психикасы бузулуу менен борбордук нерв системасына доо кеткен балдар үчүн яслилер (топтор) жана балдар үйлөрү (топтор) | ||
31. | Врач (анын ичинде врач – бөлүмдүн, кабинеттин жетекчиси), врач-лаборанттан тышкары | 6 |
32. | Врач-диетолог, диетсестра | 6 |
33. | Оорулуулар үчүн гардеробду тейлеген гардеробчу | 6 |
34. | Эмгек боюнча инструктор | 6 |
35. | Жумушчуларды массалык кесиптерге өндүрүштүк окутуучу инструктор | 6 |
36. | Кастелянша | 6 |
37. | Лаборант (анын ичинде врач-лаборант, лаборатория жетекчиси) | 6 |
38. | Дарылоо-өндүрүштүк (эмгек) өнөрканаларынын мастери | 6 |
39. | Медициналык кенже жана тейлөөчү персонал (оорулууну тейлеген кенже медициналык айым, санитарка, буфетчи, официант, мончочу, няня, өндүрүш жайларын тазалагыч) | 6 |
40. | Оорулуулар менен түздөн-түз жана толук жумуш күн бою иштеген илимий кызматкер | 6 |
41. | Чач тарач | 6 |
42. | Тарбиячы | 6 |
43. | Чарбакер айым, кастелянша | 6 |
44. | Орто медициналык персонал (лаборанттан тышкары) | 6 |
5-глава. Реабилитациялык борборлор, бөлүмдөр, кабинеттер (физиокабинеттер) | ||
45. | Кубаттуулугу 100 Вт чейинки жогорку жыштыктуу медициналык генераторлор, ультрадобуш аппараттары, ультракызгылт- көк жана инфракызыл нурланткычтар, лазердик аппараттар менен түздөн-түз иштеген врач, орто жана кенже медициналык персонал | 6 |
46. | Суу менен дарылоочу жайларда толук жумуш күн бою иштеген врач, орто жана кенже медициналык персонал жана техникалык персонал | 6 |
47. | Укалоо боюнча медициналык айым | 6 |
48. | Суу процедураларын жүргүзүү менен түздөн- түз иш алып барган орто жана кенже медициналык персонал | 6 |
49. | Стоматологиялык бейтапканалар, бөлүмдөр, кабинеттер | 6 |
6-глава. Патологоанатомиялык бөлүмдөр жана лабораториялар (прозектордук жайлар жана өлүкканалар) | ||
50. | Жумушунда өлүктөр жана өлүктүн материалдары менен иштеген кызматкерлер | 5 |
51. | Врач (анын ичинде врач – бөлүмдүн, лабораториянын жетекчиси), орто жана кенже медициналык персонал, өндүрүш жайларын тазалагыч | 5 |
52. | Прозектордук жайларда жана өлүкканаларда иштеген илим-изилдөө институттарынын, ошондой эле өлүктөр жана өлүктүн материалдары менен такай иштеген сот медицинасы жана оперативдүү хирургия, нормалдуу, патологиялык жана топографиялык анатомия кафедраларынын кызматкерлери | 6 |
7-глава. Кургак учук жана психикалык оорулуулар үчүн адистештирилген МСЭК | ||
53. | Кургак учук жана психикалык оорулуулар үчүн МСЭКтин врачы | 6 |
54. | Кургак учук жана психикалык оорулуулар үчүн МСЭКтин орто жана кенже медициналык персоналы | 6 |
8-глава. Облустук, республикалык ооруканалардын тез жана кечиктирилгис медициналык жардам станциялары (бөлүмдөрү) жана өтө шашылыш баруу жана консультациялык-медициналык жардам берүү бөлүмдөрү | ||
55. | Психикалык оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү жана эвакуациялоо менен иш алып барган орто жана кенже медициналык персонал, психикалык оорулууларды эвакуациялоо учурунда санитардын милдетин дагы аткарган автомобилдин айдоочусу | 6 |
9-глава. Соттук-медициналык экспертиза уюмдары | ||
56. | Өлүктөр жана өлүктүн материалдары менен иштеген соттук-медициналык эксперт (анын ичинде бөлүктүн, бөлүмдүн жетекчиси) | 5 |
57. | Өлүктөр жана өлүктүн материалдары менен иштеген орто жана кенже медициналык персонал | 5 |
58. | Күбөлөндүрүү үчүн пациенттерди кабыл алууда иштеген медициналык айым, фельдшер, медициналык каттоочу жана санитар | 5 |
10-глава. Коомдук саламаттык сактоо уюмдары | ||
§ 1. Санитардык-алдын алуу жана эпидемияга каршы иш- чараларды өткөрүү боюнча иштерде түздөн-түз иштеген кызматкерлер | ||
59. | Бактериологиялык жана вирусологиялык лабораториялардын (бөлүмдөрдүн) врачы (анын ичинде жетекчи-врач), орто жана кенже медициналык персонал; врач- бактериолог, врач-вирусолог, бактериология (вирусология) боюнча лаборант | 6 |
60. | Врач-эпидемиолог жана анын жардамчысы, врач-дезинфекционист, биолог, энтомолог, инструктор-дезинфектор, дарттын орун алган очогунда, камералык жана алдын алуучу дезинфекция, дезинсекция, дератизация жасаган дезинфектор (анын ичинде бөлүктүн жетекчиси), камералык дезинфекциянын санитаркасы | 6 |
61. | Дезинфекциялык жабдуу боюнча инженер жана техник | 6 |
62. | Өзгөчө жугуштуу инфекциялык бөлүмдүн врачы (анын ичинде жетекчиси), орто жана кенже медициналык персонал, энтомолог, биолог, зоолог, виварщик; врач-эпидемиолог, врач-вирусолог жана врач-бактериолог (анын ичинде түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси), энтомолог, орто жана кенже медициналык персонал, жандуу культтар (ылаң жугузган жаныбарлар): бруцеллез, вирустук гепатит, геморрагиялык лихорадка, сары лихорадка, Ку лихорадкасы жана башка риккетсиоздор, миелиодоз, менингит, накта чечек, орнитоз, полиомиелит, пситтакоз, сапа, сибирь жарасы, темгилдүү келте, туляремия, көчө кутурмасы жана энцефалит менен, ошондой эле бул дарттар боюнча дарттын очогу жана энзоотикалык райондордо түздөн-түз иштеген виварщик | 6 |
63. | Кене энцефалити жана трансмиссиялык оорулар менен күрөшүү боюнча энтомологиялык отряддын начальниги, лаборанты, инструктор-дезинфектору, дезинфектору, эпидемиологу, энтомологу жана энтомологдун жардамчысы | 6 |
64. | Врач-эпидемиолог, санитардык-карантиндик пункттун изоляторунун жана обсерваторунун орто жана кенже медициналык персоналы | 6 |
65. | Дератизациялык жем даярдоо боюнча лаборант жана препаратор | 6 |
66. | Инфекциялык оорулууларды эвакуациялоо менен иш алып барган орто жана кенже медициналык персонал, инфекциялык оорулууларды ташуу боюнча санитардын да милдетин аткаруучу автомобилдин айдоочусу | 6 |
67. | Дезинфекциялоочу каражаттарды фасовкалаган кладовщик, инструктор- дезинфектор | 6 |
68. | Дезинфекциялоочу жылып жүрмө түзүлүштү тейлеген жана дезинфекция боюнча ишти түздөн-түз аткарган автомобилдин айдоочусу | 6 |
§ 2. Кара тумоого каршы мекемелер (станциялар, отряддар, бөлүмдөр, лабораториялар, институттар) | ||
§ 3. Шектүү же көз көрүнөө жугуштуу материалдар менен түздөн- түз же аларга байланыштуу жана өзгөчө жугуштуу инфекциялар бар жугуштуу бөлмөлөрдө (бокстордо), ошондой эле бактерия препараттары өндүрүшүндө иштеген кызматкерлер | ||
69. | Автоклавщик | 6 |
70. | Стерилизация аппаратчиги | 6 |
71. | Ветеринар врачы | 6 |
72. | Зоолог врач, энтомолог | 6 |
73. | Лаборатория жана бөлүк (бөлүм) башчысы (начальниги) | 6 |
74. | Инструктор-дезинфектор | 6 |
75. | Лаборант | 6 |
76. | Илимий кызматкер | 6 |
77. | Препаратор | 6 |
78. | Технорук | 6 |
11-глава. Кан борборлору жана трансфузиология бөлүмдөрү | ||
79. | Канды, анын препараттарын жана кан алмаштыргычтарды даярдоо, кайра иштетүү жана кургатуу боюнча бокстолгон операциялык бөлүктө жана бокстордо иштеген кызматкерлер | 6 |
12-глава. Фармацевтикалык уюмдар | ||
§ 1. Дарыканалардын кызматкерлери (анын ичинде саламаттык сактоо мекемелеринин штатында тургандар) | ||
80. | Дары-дармектерди даярдоо жана контролдоо боюнча түздөн-түз иштеген дарылоо-алдын алуу уюмдарынын дарыканасынын башчысы (начальниги) жана анын орун басары | 6 |
81. | Өндүрүштүк милдеттерди аткаруудан бошотулбаган бөлүк (бөлүм) башчысы жана анын орун басары | 6 |
82. | Рецептсиз дарыларды жана дарыкана ассортиментинин башка товарларын гана сатуучулардан тышкары фармацевт, фармацевттин ассистенти, таңгактагыч | 6 |
§ 2. Дарыкана базаларынын жана кампаларынын кызматкерлери | ||
83. | Медикаменттерди даярдоо, бөлүштүрүп салуу жана контролдоо менен түздөн-түз иш алып барган фармацевт, фармацевттин ассистенти жана таңгактагыч | 6 |
84. | Мамлекеттик фармакопея комитети бекиткен “А” тизмесиндеги уулуу дары-дармек заттарын таңгактоо, майдалоо, ченеп тартуу жана өлчөө менен иш алып барган фармацевт, фармацевттин ассистенти, таңгактагыч, уулуу заттар бөлүгүнүн (бөлмөсүнүн) башчысы жана анын орун басары | 6 |
§ 3. Дары-дармек каражаттарынын сапатын контролдоо лабораториясынын кызматкерлери | ||
85 | Анализ боюнча түздөн-түз иш аткарган лаборатория башчысы | 6 |
86. | Дарыкана идиштерин жана ампулаларды жууп-тазалоочу санитарка | 6 |
87. | Фармацевт, лаборант | 6 |
§ 4. Бактериялык жана вирустук препараттарды, кан препараттарын, кан алмаштыруучуларды жана азыктандыруу каражаттарын өндүрүү | ||
88. | Инфекциялуу дарттарды козгоочу жандуу культтар (89-пунктта саналгандардан тышкары), малдан жана бактериядан (токсиндер) алынган уулуу продуктулар, кургак диагностикалык чөйрөлөр жана азыктандыруу чөйрөлөрү, ошондой эле инфекция жуккан жаныбарлар жана материалдар менен түздөн-түз жана такай иштеген өндүрүш кызматкерлери | 6 |
89. | Энцефалит, менингит, көчө кутурмасы, сары лихорадка, пситтакоз, орнитоз, полиомиелит, накта чечек, геморрагиялык лихорадка, вирустук гепатит, темгилдүү келте, Ку лихорадкасы жана башка риккетсиоздор, ошондой эле холера, сибирь жарасы, сап, мелиоидоз, бруцеллез жана туляремиянын жандуу культтары же бул инфекциялар жуккан жаныбарлар менен түздөн-түз жана такай иштеген өндүрүш кызматкерлери | 6 |
90. | Сывороткаларды иштетүү, тазалоо жана концентрациялоо менен такай жана түздөн- түз иштеген кызматкерлер | 6 |
91. | Бокстордо иштеген кызматкерлер | 6 |
92. | Караңгылатылган жайларда иштеген учурда инъекциялуу эритмелер куюлган ампулаларды контролдоочу жана кароочу | 6 |
13-глава. Балдарды кабыл алуучу-бөлүштүрүүчүлөр жана тарбиялоо-эмгек колониялары | ||
93. | Врач, орто жана кенже медициналык персонал | 6 |
14-глава. Кабыл алуучу-бөлүштүрүүчүлөр, атайын кабыл алуучулар жана алдын ала камоо камералары | ||
94. | Врач жана орто медициналык персонал | 6 |
15-глава. Медициналык, социалдык жана билим берүү мекемелеринин жалпы кесиптери | ||
95. | Барокамераларда жана кессондордо иштеген врач, орто медициналык персонал | 6 |
96. | Барокамераларда түздөн-түз иштеген адистер | 6 |
97. | Врач анестезиолог-реаниматолог, медсестра- анестезист, ошондой эле реанимация жана интенсивдүү терапия үчүн анестезиология жана реанимация бөлүмдөрүнүн (топторунун) врачы жана орто медициналык персоналы (врач-лаборанттан тышкары) | 6 |
98. | Неврологиялык жана нейротравматологиялык бөлүмдөрдүн медсестралары жана кенже медициналык персоналы | 6 |
99. | Дарылоо-алдын алуу мекемелеринде жана жатак үйлөрдө жүлүнүнө жана омурткаларына доо кеткен оорулуулар (бели ооругандар) үчүн бөлүмдөрдүн жана палаталардын врачы, орто жана кенже медициналык персоналы, ошондой эле бул оорулууларды тейлеген маданий-массалык иштер боюнча инструктор | 6 |
100. | Дарттын очогунун жана камералык дезинфекциянын дезинфектору | 6 |
101. | Бокстордо кан чогултуу жана иштетүү боюнча иштеген врач, орто, кенже медициналык персонал жана препаратор | 6 |
102. | Өлүктүн канын жана ткандарын даярдоо жана консервациялоо менен иштеген лабораториялардын, бөлүмдөрдүн жана бөлүктөрдүн кызматкерлери | 5 |
103. | Социалдык мекемелердин эмгек боюнча инструктору: |
|
а) кургак учук менен ооругандар үчүн; | 6 | |
б) психохрониктер үчүн | 6 | |
16-глава. Радиоактивдүү заттар жана ионизациялоочу нурлануу булактары менен иштөө | ||
§ 1. Гамма-нурлануунун булагы катары радиоактивдүү заттарды колдонуу | ||
104. | Гамма-дефектоскопия боюнча түзүлүштөрдө түздөн-түз иштеген кызматкерлер: |
|
1) жылып жүрмө түзүлүштөрдө; | 6 | |
2) стационардык түзүлүштөрдө | 6 | |
105. | Өнөр жайлык жана медициналык гамма- түзүлүштөрдү жана аппараттарды заряддоо жана сыноо менен түздөн-түз иштеген кызматкерлер | 6 |
106. | 100 миллиграмм-эквивалент радийден жогору сандагы гамма-активдүү заттарды чогултуу, ташуу, сактоочу жайга жыйноо, сактоо жана көмүү менен түздөн-түз иштеген кызматкерлер | 6 |
107. | Гамма-терапия жана эксперименттик гамма- нурлануу менен түздөн-түз иштеген кызматкерлер: |
|
1) денесине радиоактивдүү препараттар коюлган оорулууларды тейлөө боюнча палаталарда; | 5 | |
2) гамма-түзүлүштөр менен; | 5 | |
3) радиоманипуляциялык кабинеттерде, лабораторияларда гамма-препараттар менен | 4 | |
108. | Рентген-спектралдык, рентген-структуралык анализ түзүлүштөрүндө, өнөр жайлык рентгенографияда жана рентгендик торчонун растрларын контролдоодо, ЯРМ, УДИ, компьютердик томографияда түздөн-түз иштеген кызматкерлер | 5 |
109. | Рентген-терапияда, эксперименттик рентгендик нурланууда жана бета- аппликаторлорду колдонуу менен нур терапиясында түздөн-түз иштеген кызматкерлер | 5 |
110. | Рентгендик диагностикада, флюорографияда, кароо менен контролдонуучу рентген- терапиялык ротациялык түзүлүштө түздөн- түз иштеген кызматкерлер | 5 |
111. | Рентген түтүктөрүн жана түтүкчөлүү рентген аппараттарын изилдөө, сыноо жана жөнгө салуу менен (турган ордунда түздөн-түз майда оңдоо иштерин аткаруу менен) түздөн- түз иштеген кызматкерлер | 5 |
112. | 18 киловольттон жогорку чыңалууда электронографтарда жана электрондук микроскоптордо түздөн-түз иштеген кызматкерлер | 6 |
113. | Иондоштуруучу нурлануу зонасында 50 %дан кем эмес жумуш убактысын өткөргөн кенже медициналык персонал | 5 |
§ 2. Рентген жана гамма-нурлардын физикасы жана дозиметриясы | ||
114. | Эксперименттик изилдөөлөр жана дозиметриялык өлчөөлөр менен түздөн-түз иштеген кызматкерлер | 6 |
115. | Дозиметриялык жана радиометриялык аппаратураны градуировкалоо булактары менен түздөн-түз иштеген кызматкерлер | 6 |
§ 3. Ачык радиоактивдүү булактар колдонулган иштер | ||
116. | Ачык радиоактивдүү заттар менен түздөн-түз иштеген кызматкерлер (даярдоо, кайра иштетүү, сактоо, бөлүп салыштыруу, изилдөө, пайдалануу жана жумуштун башка түрлөрү): |
|
1) жумуштун 3-классына туура келген жумуш ордундагы активдүүлүк менен; | 6 | |
2) жумуштун 2-классына туура келген жумуш ордундагы активдүүлүк менен; | 6 | |
3) жумуштун 1-классына туура келген жумуш ордундагы активдүүлүк менен | 6 | |
17-глава. Медициналык мекемелердин лабораториялык- диагностикалык кызматынын адистери | ||
§ 1. Медициналык мекемелердин лабораториялык- диагностикалык кызматынын адистери | ||
117. | Лаборант, препаратор, инженер, техник, химик, мастер, улук лаборант, улук инженер, улук техник, улук мастер, аппаратчы, улук жана кенже илимий кызматкерлер, лаборатория башчысы жана анын орун басары, биолог, биофизик, биохимик, медициналык врач, ветеринардык врач, зоолог, зоотехник, кенже жана орто медициналык персонал, провизор, фармаколог, энтомолог, миколог, микробиолог, соттук-медициналык эксперт: |
|
1) жалпы жайларда жана бокстордо оору козгогуч микробдор, вирустар, актиномицетамдар менен, жаныбарлар жана муунак буттуулар, инфекциялуу оору козгогуч микробдор, вирустар, токсоплазмалар менен, ошондой эле инфекциялык ооруга чалдыккан оорулуулардын канын жана бөлүп чыгарууларын изилдөө боюнча иштегендер (оору козгогуч микробдорго жана вирустарга төмөнкүлөр кирет: ич келтенин, А жана Б паратифинин, сальмонеллездин, ич өткөктүн, грибоктун, сифилистин, листереллездин, эризепелоиддин, кургак учуктун, дифтериянын, ботулизмдин, газ гангренасынын, сенектин, псевдо-кургак учуктун, шарптын, кайтарылма келтенин, паппатача лихорадкасынын, паротиттин, шишик сымал вирустун козгогучтары, ошондой эле жаныбарлардын жана бактериялардын уулуу продуктулары – токсиндери); | 6 | |
2) өлүктүн материалдары менен иштегендер; | 5 | |
3) анализ боюнча газ түрүндөгү жана жеңил учма уулуу заттарды: галоиддер жана галоиддик туундулар, органикалык жана органикалык эмес кислоталардын ангидриддери, галоидди алмаштыруучу кетондор жана эфирлер; фосфор жана анын бирикмелери; мышьяк жана анын бирикмелери; коргошун, күкүрттүү суутек, күкүрттүү көмүртек, меркаптандар; кислоталар (бор жана тамак-аш кислоталарынан тышкары); азоттун окистери, нитрохлориддер; хлороформ, дихлорэтан жана башка хлорлонгон углеводороддор; бензол, толуол, ксилол, фенол жана башка ароматтык катардын туундулары; уайт- спирит; күкүрттүү эфир, метил спирти жана башка эриткичтер; пиридин жана анын негиздери; аммиак, баштапкы, экинчи жана үчүнчү аминдер; нитробензол, нитрометан жана башка нитробирикмелер: циандуу жана тиоциандуу бирикмелер; металл сымап, туунду сымап жана анын туздары; фтор органикалык бирикмелер; формалин, формальдегид, акролеин, уксус ангидриди, ацетонгидрид, этилацетат, метилацетат жана башка учма альдегиддер, жөнөкөй жана татаал эфирлер, нитриддер жана изонитриддер, гидразин жана алмаштырма гидразиндер, анилобоегучтар жана алардын жарым продуктулары, аминопласттар, көмүр жана нефть иштетүүдөн алынган продуктулар, ароматтык жана хлордолгон углеводороддор, хлоропен, совпрен, резинит, синтетикалык латекс, алкалоиддер, жаш агызуучу, ириң агызуучу, чүчкүртүүчү, муунтуучу жана жалпы уулоочу таасирге ээ бирикмелерди колдонуу менен иштегендер, бул химпродуктулар салынган идиштерди жуугуч, ошондой эле толук жумуш күн бою химиялык жана сантехникалык жабдууларды түздөн-түз тейлеген жана оңдогондор; | 6 | |
4) өтө коркунучтуу инфекциялар – энцефалиттер, лепр, менингит, көчө кутурмасы, сары лихорадка, пситтакоз, орнитоз, полиемиелит, накта чечек, геморрагиялык лихорадка, вирустук гепатит, темгилдүү келте, Ку лихорадкасы жана башка риккетсиоздор, ошондой эле холера, сибирь жарасы, сап, мелоидоз, кара тумоо, бруцеллез, туляремиянын жандуу культтары менен, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн инфекциялар жуккан жаныбарлар менен түздөн-түз жана такай иштегендер; | 6 | |
5) лептоспироз жуккан жаныбарлар менен түздөн-түз жана такай иштегендер | 6 | |
118. | Ылаң жуккан жаныбарлар тейленген вивариянын жумушчулары: |
|
1) 117-пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөндөр; | 6 | |
2) 117-пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөндөр; | 6 | |
3) 117-пункттун 5-пунктчасында көрсөтүлгөндөр | 6 | |
119. | Ультракызгылт-көк жарык булагына ээ микроскоптор менен иштөөдө, иммерсиялык объективдерди (эселүүлүгү 90-0) колдонууда, ошондой эле калың катмарлуу ядролук фотоэмульсияны кароодо, уулуу иммерсиялык суюктуктарды пайдалануу менен микроскоптордо, полярископтордо жана конометрлерде түздөн-түз иштеген лабораториялардын кызматкерлери | 6 |