Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-декабры № 847
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 “Аттракциондорду коопсуз
эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу”
токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 171 “Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелерин бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Аттракциондорду коопсуз эксплуатациялоо эрежелеринде:
- 5-пункттун биринчи абзацындагы “Кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жайлык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында,” деген сөздөр алып салынсын;
- 421-пункт, 81-пункттун “и” пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 82, 247-пункттардагы “өндүрүштүк” деген сөз алып салынсын;
- 245-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“245. Аттракциондун техникалык абалын жыл сайын текшерүү ушул Эрежелердин 237-пунктунда каралган техникалык күбөлөндүрүү үчүн аттракционду көрсөтүүнүн алдында аттракциондун ээсинин (эксплуатанттын) буйругу менен аттракциондун абалына контроль жүргүзүү үчүн жооптуу болуп дайындалган адам тарабынан жүргүзүлөт.”;
- 285-пункттагы “өндүрүштүк” деген сөз алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |