Загрузка документа…
| 1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 10 - ноябрындагы № 10 буйругуна тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК
ЭРЕЖЕЛЕРИ КРАЭ -7
“ЖАРАНДЫК АБА КЕМЕЛЕРИН КАТТОО”
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КАТТОО БАРАГЫ
№ | Кабыл алынган датасы | Күчүнө кирген датасы | Өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор кабыл алынган акты | Бул экземплярга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген дата | Бул экземплярга өзгөртүү жана/же толуктоолорду киргизген жактын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү: Бул нускага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген дата жөнүндөгү жазуулар жана бул нускага түзөтүү киргизген адамдын колу ушул Эрежелерди кармоочуга тиешелүү.
КЫСКАРТУУЛАР
КРАЭ | Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери |
АБ | Аба кемеси |
ИКАО | Эл аралык жарандык авиация уюму |
МАЗМУНУ
2-бөлүм. Аба кемесин Кыргыз Республикасында каттоо............................................ 7
§ 4. Каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруу жана дубликатын берүү............... 11
§ 6. Аба кемесине белгилерди жана символдорду түшүрүү................................ 12
3-бөлүм. Улуттук жана каттоо белгисин жайгаштыруу.............................................. 12
1. Бул Эрежелер Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын 7-тиркемесинин негизинде иштелип чыккан “Аба кемелеринин улуттук жана каттоо белгилери”, 2012-жылдагы, 6-чыгарылышты, № 7 түзөтүүнү жана “Аба кемелерин каттоо жана каттоодон чыгаруу боюнча колдонмону” (Doc 10142), 2022-жылдагы, 1-чыгарылышты, камтыйт.
2. Бул Эрежелердин жоболору аба ырайын аныктоо максатында гана колдонулган метеорологиялык шар-пилотторго, пайдалуу жүгү жок пилотсуз башкарылбаган аэростаттарга, типтик тастыктамалоого жатпаган колго жасалган жана пилотсуз учуучу аппараттарга, пайдалуу жүгү жок же коммерциялык жүктөмү жок эркин аэростаттарга, ошондой эле жалпы багыттагы авиациянын жеңил жана өтө жеңил учуучу аппараттарына жана башка ушул сыяктуу учуучу аппараттарга карата колдонулбайт.
3. Төмөндө берилген терминдер улуттук жана каттоо белгилерине тиешелүү стандарттарда колдонулган учурда, алар төмөнкү маанилерге ээ:
Автожир - абадан оор учуучу аппарат, ал абанын реакцияларынын эсебинен бир же бир нече көтөрүүчү винттердин жардамы менен учуп турат, алар болжол менен вертикалдуу абалда жайгашкан октордун айланасында эркин айланат.
Аэростат - күч колдонуу бекитмеси менен кыймылга келтирилбей турган абадан жеңил учуучу аппарат.
«Ээси жок» аба кемесинин түрү - иштеп чыгуучунун мамлекети тарабынан типтин сертификаты жокко чыгарылган жана андан ары ИКАОнун 8-тиркемесине ылайык иштеп чыгуучунун дайындалган мамлекети жок аба кемеси. Бул учактар ИКАОнун 8-тиркемесинин стандарттарына жооп бербейт.
Тик учак - абадан оор учуучу аппарат, ал абанын бир же бир нече көтөрүүчү винттер менен болгон реакцияларынын эсебинен учууда кармалып турат, алар кубаттуулук берүүчү түзүлүш тарабынан болжол менен вертикалдуу абалда жайгашкан октордун айланасында айландырылат.
Винтокрыл - абадан оор учуучу аппарат, кыймылдаткыч менен иштетилип, абанын бир же бир нече көтөрүүчү винттери менен өз ара аракеттенүүсүнүн эсебинен абада кармалып турат.
Аба кемеси / учуучу аппарат - жер бети менен абанын реакциясынан башка абанын реакциясы аркылуу атмосферада кармалып турган ар кандай аппарат (1-таблицадагы аба кемелеринин классификациясын караңыз).
Каттоо мамлекети – мамлекеттик реестирге аба кемеси киргизилген мамлекет.
Дирижабль - күч колдонуу бекитмеси менен кыймылга келтирилген абадан жеңил учуучу аппарат.
Аралыктан башкарылуучу учуучу аппарат (АБУА) - аралыктан башкаруу пунктунан башкарылуучу учкучсуз учуучу аппарат.
Абадан жеңил учуучу аппарат - өзүнүн аэростатикалык көтөрүүчү күчүнүн эсебинен абада кармалып турган ар кандай учуучу аппарат.
Абадан оор учуучу аппарат - учуу учурунда көтөрүүчү күчү өзүнүн аэродинамикалык күчтөрүнүн эсебинен пайда болгон ар кандай учуучу аппарат.
Эл аралык эксплуатациялык агенттик - конвенциянын 77-беренесинде каралган агенттик.
Жалпы белги - эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан мамлекеттик негизде эмес, эл аралык эксплуатациялык агенттиктин аба кемелеринин жалпы белгилерин каттоо менен алектенген ыйгарым укуктуу органга бөлүнгөн белги.
Эскертүү: Мамлекеттик негизде эмес, башка негизде катталган Эл аралык эксплуатациялык агенттиктин бардык аба кемелери бирдей жалпы белгиге ээ болушу керек.
Отко чыдамдуу материал - болот сыяктуу эле ысытууга туруштук бере алган же андан да жакшы материал, эгерде эки учурда тең өлчөмдөрү конкреттүү максатка ылайык келсе.
Орнитоптер - абадан оор учуучу аппарат, ал абанын анын канаттары менен болгон реакцияларынын эсебинен абада кармалып турат, аларга канат кагуу кыймылы берилет.
Планер - кыймылдаткыч менен кыймылга келтирилбеген абадан оор учуучу аппарат, анын көтөрүүчү күчү негизинен учуунун берилген шарттарында кыймылсыз турган беттердеги аэродинамикалык реакциялардын эсебинен түзүлөт.
Жалпы белгилерди каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - эл аралык эксплуатациялык агенттиктин аба кемелери киргизилүүчү мамлекеттик эмес негизде реестрди (же анын тиешелүү бөлүгүн) жүргүзүүчү орган.
Учак - кыймылдаткыч менен кыймылга келтирилген абадан оор учуучу аппарат, учуу учурунда көтөрүүчү күч негизинен учуу шарттарында кыймылсыз калуучу беттердеги аэродинамикалык реакциялардын эсебинен пайда болот.
4. Учуу аппараттары 1-таблицага ылайык классификацияланат.
1-таблица
Учуу аппараттарынын классификациясы
Абадан жеңил учуучу аппараттар | ||||||
Кыймылдаткычсыз | Кыймылдаткычтуу | |||||
Эркин аэростат | Байланган аэростат | Дирижабль | ||||
- эркин сфералык аэростат - эркин сфералык эмес аэростат | - эркин сфералык аэростат - эркин сфералык эмес аэростат | - катуу дирижабль - жартылай катуу дирижабль; - катуу эмес дирижабль | ||||
Абадан оорураак учуучу аппараттар | ||||||
Кыймылдаткычсыз | Кыймылдаткычтуу | |||||
Планер Аба жыланы4 | Учак | Винтокрыл | Орнитоптер | |||
Автожир | Тик учак | |||||
- кургактагы планер - гидропланер2 | - кургактагы учак3 - гидручак2 - амфибия2 | - кургактагы автожир3 - гидроавтожир2 - автожир-амфибия2. | - Кургактагы тик учак3 - гидротик учак2 - амфибия2- тик учагы | - кургактагы орнитоптер3 - гидроорнитоптер2 - орнитоптер- амфибия2 | ||
Эскертүү:
1. Көбүнчө "аэростат-аба жыланы" деп аталат.
2. "калкып жүрүүчү" же "кайык" деген сөз кошулушу мүмкүн».
3. Лыжалуу шассилери бар учуучу аппараттарды камтыйт (мындай учурда "жердеги учак" "лыжалуу учакка" алмаштырылат).
4. Схеманын толуктугу үчүн гана.
5. Бортунда учкучу жок иштетилиши күтүлүп жаткан учуучу аппарат кошумча түрдө учкучсуз деп классификацияланат.
6. Учкучсуз учуучу аппараттарга учкучсуз башкарылбаган аэростаттар жана аралыктан башкарылуучу аба кемелери кирет.
7. Каттоо жөнүндө күбөлүк формасы жана мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын аба кемелерин каттоо боюнча жол-жобосунда келтирилген үлгүгө ылайык келет.
8. Кыргыз Республикасында аба кемесин каттоо үчүн аба кемесинин ээси же эксплуатанты Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органына (мындан ары - Жарандык авиация органы) санарип же кагаз форматында тапшырат:
1) аба кемесин каттоо тууралуу арыз;
2) аба кемесинин техникалык абалын баалоо актысы жана аба кемеси жөнүндө маалыматтарды камтыган AS формасы;
3) типтин сертификаты;
4) сатып алуу - сатуу келишиминин көчүрмөсү же менчик ээсине ылайык аба кемесинин менчик укугу бар башка документ;
5) эксплуатант аба кемесинин ээси болуп саналбаган учурда, эксплуатант аба кемесин тескөөгө укуктуу болгон ижара келишиминин же башка документтин көчүрмөсүн;
6) аба кемесин каттоодон чыгарууну же каттоонун жоктугун ырастоо;
7) эксплуатациялык, техникалык жана башка документтердин, ошондой эле техникалык документтерге жана анын багытына ылайык аба кемесинин алынуучу жана башка жабдууларынын тизмесин камтыган акт же башка документ.
8) бажы декларациясы (Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын жазуу жүзүндөгү ырастоосу) же аба кемесин каттоо жөнүндө күбөлүк жок болгон учурда бажылык тариздөө боюнча кепилдик милдеттенмеси.
9. Аба кемесинин техникалык абалына баа берүү актысын аба кемесинин ээси же эксплуатанты тарабынан дайындалган комиссия же техникалык тейлөө уюму түзөт. Акт комиссиянын бардык мүчөлөрү, ошондой эле эксплуатанттын техникалык тейлөөгө жооптуу жетекчиси же кызматкери тарабынан кол коюлат.
10. Аба кемесинин техникалык абалы жөнүндө маалымат Аба кемесинин техникалык абалын баалоо актысынын формасынан айырмаланган формада берилиши мүмкүн.
11. Эгерде бул типтеги аба кемеси биринчи жолу Кыргыз Республикасынын жарандык аба кемелеринин мамлекеттик реестирине (мындан ары – Мамлекеттик реестр) киргизилип жатса, учууга жарактуулуктун техникалык талаптарына шайкештигин камсыз кылуу максатында тип сертификатын таануу жол-жобосун жүргүзүү зарыл.
12. Мамлекеттик реестирине катталбайт жана киргизилбейт:
- жүргүнчүлөрдү ташыган, чыгарылган күнүнөн тартып 25 жылдан ашкан аба кемелери;
- жүк, багаж, почта ташуу жана атайын иштерди аткаруу менен алектенген, чыгарылган күнүнөн тартып 45 жылдан ашкан аба кемелери.
13. Мамлекеттик реестрге киргизилүүчү аба кемеси жөнүндө маалыматтар, жок эле дегенде, ушул аба кемесин каттоо жөнүндө күбөлүккө киргизилген маалыматты камтыйт.
14. Мамлекеттик реестрге киргизилүүчү маалыматтар:
1) Аны аныктоо үчүн зарыл болгон аба кемесинин маалыматтары (түрү, улуттук жана каттоо белгиси, сериялык номер, заводдук номери, чыгарылган күнү);
2) Аба кемесинин ээси (аталышы, каттоо дареги же турган жеринин дареги, байланыш маалыматтары);
3) аба кемесин эксплуатациялоочу (аталышы, каттоо дареги же турган жеринин дареги, байланыш маалыматтары);
4) аба кемесинин ээсинин же эксплуатантынын өкүлү (аталышы, каттоо дареги же турган жеринин дареги, байланыш маалыматтары);
5) аба кемесин каттоо жөнүндө күбөлүктүн, учууга жарамдуулук тастыктамаларынын, ызы-чуу боюнча тастыктамасын, борттогу радиостанцияларга уруксаттын берилген күнү жана номери;
6) аба кемесин күрөөгө коюу, аны узартуу же жокко чыгаруу;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салынган аба кемесин камакка алуу.
8) Мамлекеттик реестрден аба кемесин чыгаруу жөнүндө маалымат;
9) сатуу-сатып алуу келишими же менчик ээсинин менчик укугуна ээ болушуна ылайык башка документ жөнүндө маалымат;
10) эксплуатант аба кемесинин менчик ээси болбогон учурда, эксплуатанттын аба кемесин пайдалануу укугуна ээ болушуна ылайык, ижара келишими же башка документ жөнүндө маалымат;
11) ээсинин же эксплуатациялоочунун ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилген ишеним кат жөнүндө маалымат, ошондой эле ал жөнүндө маалымат жана анын байланыш маалыматтары.
15. Аба кемесин каттоо же каттоодон чыгарууга байланыштуу таризделген бардык документтер, ошондой эле анын каттоодон өткөрүлүшүнө же каттоодон чыгарылышына негиз болгон документтер Жарандык авиация органында бүткүл кызмат мөөнөтү бою жана аба кемеси каттоодон чыгарылган күндөн тартып кеминде беш жыл, ал эми бул документтерди узартуу же алмаштыруу күндөн тартып кеминде үч жыл сакталат.
16. Аба кемеси төмөнкү учурларда Мамлекеттик реестрден чыгарылат:
1) аба кемесинин ээсинин же эксплуатантынын арызы боюнча;
2) эгер аба кемеси жарактан чыгып калса же толугу менен бузулса;
3) эгер аба кемеси дайынсыз жоголуп кетсе;
4) аба кемесин каттоо тартиби бузулган учурда;
5) соттун чечими менен;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген тартипте Кыргыз Республикасында эксплуатациялоодон чыгарууга же алып салууга;
7) кепилдик милдеттенмелерине тиешел болгон бул Авиациялык эрежелердин 2-бөлүмүнүн, § 1, 8-пунктунун, 8-пунктчасын аткарбаган учурда;
8) эгер жүргүнчүлөрдү ташуучу аба кемесинин жашы чыккан датасынан 40 жылдан ашса;
9) эгер жүк, почта, багаж жана атайын иштер боюнча ташууларды аткарган аба кемесинин жашы чыккан датасынан 50 жылдан ашса;
10) Эгер аба кемеси акыркы эки жыл ичинде учууга жараксыз болгондуктан учууларды аткарбаса, форс-мажордук жагдайлар (согуш, табигый кырсыктар, пандемиялар, эпидемиялар, авариялар, кырсыктар ж.б.) болгон учурларды кошпогондо.
17. Кыргыз Республикасында катталган аба кемесинин менчик ээси же эксплуатанты аба кемесин эсептен чыгаруу же эксплуатациядан чыгаруу жөнүндө кабыл алынган ар кандай чечим жана факты тууралуу Жарандык авиация органына дароо кабарлайт.
18. Аба кемесин каттоодон алып салууда ээси же эксплуатанты төмөнкү документтерди Жарандык авиация органына санарип же кагаз форматында берүүгө тийиш:
1) аба кемесин каттоодон алып салуу тууралуу арыз;
2) аба кемесин эсептен чыгаруу же иштетүүдөн чыгаруу фактысын тастыктаган документ, эгерде аба кемеси эсептен чыгарылса же иштетүүдөн чыгарылса;
3) Экспорттук жарактуулук тастыктамасын берүү зарыл болгон учурда аба кемесинин техникалык абалына баа берүү актысы;
4) аба кемесин экспорттоо же башка мамлекетте каттоо үчүн аба кемесин каттоодон чыгаруу жөнүндө арыз берилген учурда, аба кемесин экспорттоочу мамлекеттин өз реестринде каттоого алуу милдеттенмесин тастыктаган документ;
5) түпнускалар:
а) каттоо тууралуу күбөлүк;
б) учуу жарактуулугу тууралуу тастыктама;
в) ызы-чуу боюнча сертификат;
г) борттук радиостанцияларга уруксат;
6) улуттук жана каттоо белгисин, күйбөс идентификациялык тактаны жана аба кемесинин 24-биттик дарегин алып салуу жөнүндө тастыктоо.
7) бажы декларациясын (Кыргыз Республикасынын бажы органдарынан жазуу жүзүндөгү ырастоо).
19. Кыргыз Республикасында аба кемесин каттоодон чыгаруу жана/же аба кемесин каттоо жөнүндөгү тастыктаманын колдонуусун жокко чыгаруу фактысы Мамлекеттик реестринде бул тууралуу тиешелүү жазуу менен ырасталат.
20. Аба кемесин каттоодон чыгарууда Жарандык авиация органы каттоодон чыгарылгандыгы тууралуу Күбөлүк берет.
21. Каттоодон чыгаруу жөнүндө күбөлүк формасы жана мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын Жарандык авиациясынын аба кемелерин каттоо боюнча жол-жобосунда келтирилген үлгүгө ылайык келет.
22. Каттоо жөнүндө күбөлүктүн дубликаты аны жоготкондо, жок кылганда же бузулганда, анын натыйжасында Күбөлүктү таануу мүмкүн болбой калганда берилет.
23. Каттоо жөнүндө күбөлүктүн дубликаты төмөнкүлөрдүн негизинде берилет:
1) Аба кемесин эксплуатациялоочунун же менчик ээсинин арызы;
2) Жарандык авиация органы же тиешелүү укук коргоо органы тарабынан дайындалган комиссиянын каттоо күбөлүгүнүн бузулганын, жоголгонун же жок кылынганын тастыктаган актысы же корутундусу;
3) Катталуу жөнүндө күбөлүктү берүүдө талап кылынган бардык башка документтердин болушу.
24. Аба кемеси жана/же анын ээси жөнүндө маалыматтар өзгөргөндө каттоо күбөлүгүн алмаштыруу жүргүзүлөт.
25. Кыргыз Республикасында катталган аба кемесинин менчик ээси же эксплуатанты Жарандык авиация органына төмөнкүлөр жөнүндө дароо кабарлайт:
1) Аба кемесинин менчик ээси же эксплуатант жөнүндөгү маалыматтардын өзгөрүшү, каттоо күбөлүгүндө камтылган маалыматка тиешелүү болсо;
2) Учуулардын коопсуздугун камсыз кылууга тиешелүү маалыматты туура дарекке жөнөтүү үчүн байланыш маалыматтарынын ар кандай өзгөрүүсү жөнүндө.
26. Каттоо күбөлүгүнө киргизилген ар кандай өзгөртүүлөр Мамлекеттик реестринде чагылдырылышы керек.
27. Кыргыз Республикасында катталган ар бир аба кемесине каттоо белгиси ыйгарылат жана Каттоо жөнүндө күбөлүк берилет.
28. Кыргыз Республикасында катталган аба кемелеринин улуттук белгиси Эл аралык электр байланыш союзу тарабынан Кыргыз Республикасына ыйгарылган жана радио байланыш чакырууларына киргизилген 2 баш тамгалуу латын тамгаларынын «ЕХ» айкалышынан турат. Улуттук белги каттоо белгисинен мурда келет.
29. Кыргыз Республикасында катталган аба кемелеринин каттоо белгиси Кыргыз Республикасы тарабынан бул аба кемесине ыйгарылган беш араб цифрасынын айкалышынан турат.
30) Кыргыз Республикасында катталган аба кемелерине каттоо белгиси, адатта, ар бир аба кемеси Кыргыз Республикасынын Аба кемелеринин реестрине киргизилген сайын өсүү тартибинде ыйгарылат.
31. Кыргыз Республикасында катталган ар бир аба кемесинин бортунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү болот, ал, адатта, улуттук жана каттоо белгисинин алдында жайгашат жана бийиктиги бул белгинин бийиктигине барабар болот.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун сүрөтү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун сүрөттөө боюнча белгиленген талаптарды жана эрежелерди сактоо менен ишке ашырылат.
32. Аба кемесинин боёк үлгүсү Жарандык авиация органы тарабынан бекитилет.
33. Аба кемесинин боёк үлгүсү түстүү сүрөттөлүштө үч проекцияда А-4 форматынан кем эмес барактарда масштабды сактоо менен жасалат жана сүрөттөлүштү камтыйт:
1) эксплуатанттын катталган товардык белгиси;
2) Аба кемесинин белгилери;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу;
4) берилген үлгүгө ылайык башка белгилердин жана/же символдордун.
34. Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелерине ылайык, аба кемесине түшүрүлгөн ар кандай белги жана/же символ же анын боёгу иштеп чыгуучунун, даярдоочунун жана/же тиешелүү талаптарына ылайык аба кемесине түшүрүлгөн башка белгилердин жана символдордун таанылышын начарлатпашы керек.
35. Улуттук жана каттоо белгисин учуучу аппаратка түшүрүү үчүн боёк же ушундай эле сакталуу даражасын камсыз кылган башка каражаттар колдонулат. Аба кемелериндеги каттоо белгилери дайыма так жана даана көрүнүп турушу керек.
36. Дирижаблдер. Дирижаблдеги белгилер анын корпусуна же стабилизатордун бетине түшүрүлөт. Эгерде белгилер корпусга түшүрүлсө, алар дирижаблдин ар бир тарабында корпус боюнча, ошондой эле жогорку бетинде симметрия сызыгы боюнча жайгашат. Эгерде белгилер стабилизатордун бетине түшүрүлсө, алар горизонталдык жана вертикалдык стабилизаторлорго жайгашат; горизонталдык стабилизатордогу белгилер жогорку беттин оң жарымына жана төмөнкү беттин сол жарымына жайгашат, мында тамгалар менен сандардын чокулары алдыңкы четине каратылат; вертикалдык стабилизатордогу белгилер стабилизатордун төмөнкү жарымынын ар бир тарабына жайгашат, мында тамгалар менен сандар горизонталдуу жайгашат.
37. Сфералык аэростаттар (учкучсуз башкарылбаган аэростаттардан тышкары). Белгилер диаметри боюнча карама-каршы эки жерге түшүрүлөт. Алар аэростаттын максималдуу горизонталдык айланасына жакын жайгашат.
38. Сфералык эмес аэростаттар (учкучсуз башкарылбаган аэростаттарынан тышкары). Белгилер анын ар бир тарабына түшүрүлөт. Алар аба шарынын максималдуу туурасынан кесилишинин сызыгына жакын, асма курдун үстүндө же себеттин асма аркандары бекитилген жерлердин үстүндө жайгашат.
39. Абадан жеңил учуучу аппараттар (учкучсуз башкарылбаган аэростаттардан тышкары). Каптал белгилери эки тараптан жана жерден көрүнүп тургандай кылып түшүрүлөт.
40. Учкучсуз башкарылбаган аэростаттар. Белгилер таануу табличкасына түшүрүлөт (51, 52-пункттар).
41. Канаттар. Абадан оор учуучу аппараттарда белгилер канат конструкциясынын астыңкы бетинин бир жерине түшүрүлөт. Эгерде алар бүт бетин ээлебесе, алар канат конструкциясынын астыңкы бетинин сол жарымына жайгаштырылат. Мүмкүн болушунча белгилер канаттын алдыңкы жана арткы кырларынан бирдей аралыкта жайгаштырылат. Тамгалардын жана сандардын чокулары канаттын алдыңкы кырына каратылат.
42. Фюзеляж (же ага окшош конструкция) жана вертикалдуу куйрук бети. Абадан оор учуучу аппараттарда белгилер фюзеляждын (же ага окшош конструкциянын) ар бир тарабына, канаттар менен куйрук канаттарынын бетинин ортосуна, же куйрук канаттарынын тик тегиздиктеринин жогорку жарымына түшүрүлөт. Эгерде белгилер куйрук канаттарынын бир тик бетинде жайгашса, алар анын ар бир тарабына түшүрүлөт. Эгерде белгилер куйрук канаттарынын бир нече тик беттеринде жайгашса, алар сырткы беттердин сырткы тараптарына түшүрүлөт.
43. Өзгөчө учурлар. Эгерде абадан оор учуучу аппараттын конструкциясында 37 жана 38-пункттарда айтылган бөлүктөргө окшош бөлүктөр жок болсо, белгилер аба кемесин тез таанууну камсыздай тургандай кылып түшүрүлөт.
4-бөлүм. Улуттук жана каттоо белгисинин көлөмү
44. Белгилердин ар бир тобундагы тамгалар менен сандар бирдей бийиктикке ээ.
45. Абадан жеңил учуучу аппараттардагы белгилердин бийиктиги (учкучсуз башкарылбаган аэростаттардан тышкары) кеминде 50 см болушу керек.
46. Учкучсуз башкарылбаган аэростаттардын белгилеринин өлчөмдөрү Жарандык авиация органы тарабынан аныкталат, ал таануу белгиси бекитилген пайдалуу жүктүн өлчөмүн эске алат.
47. Өзгөчө учурлар. Эгерде абадан жеңил учуучу аппараттын конструкциясында 41-пунктта көрсөтүлгөн белгилерди түшүрүүгө жетиштүү өлчөмдөгү бөлүктөр жок болсо, белгилердин өлчөмдөрү учуучу аппаратты тез таанууну камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Жарандык авиация органы тарабынан аныкталат.
48. Абадан оор учуучу аппараттардын канаттарындагы белгилердин бийиктиги кеминде 50 см болушу керек.
49. Фюзеляж (же окшош конструкция) жана вертикалдуу куйрук бети. Фюзеляждагы (же окшош конструкциядагы) жана абадан оор учуучу аппараттардын куйрук канаттарынын тик беттериндеги белгилердин бийиктиги кеминде 30 см болушу керек.
50. Өзгөчө учурлар. Эгерде абадан оор учуучу аппараттын конструкциясында 46 жана 47 - пункттарда айтылган бөлүктөргө окшош бөлүктөр жок болсо, же бөлүктөрдүн өлчөмү аларга ушул пункттарда көрсөтүлгөн белгилерди түшүрүү үчүн өтө кичинекей болсо, белгилердин өлчөмдөрү Жарандык авиация органы тарабынан учуучу аппаратты тез таанууну камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен аныкталат.
51. Тамгалык белгилөөлөр үчүн латын алфавитинин кооздолбогон баш тамгалары колдонулат. Сандык белгилөөлөр үчүн кооздолбогон араб цифралары колдонулат.
52. Ар бир символдун туурасы (I тамгасы жана 1 цифрасынан башкасы) жана дефистин узундугу символдун бийиктигинин үчтөн эки бөлүгүн түзөт.
53. Бардык символдор жана сызыкчалар үзгүлтүксүз сызыктар менен жана фон менен жакшы контрастты камсыз кылган түстө аткарылат. Сызыктардын калыңдыгы символдун бийиктигинин алтыдан бир бөлүгүн түзөт.
54. Ар бир символ мурунку же кийинки символдон символдун туурасынын төрттөн биринен кем эмес аралыкта бөлүнөт. Мындай учурларда дефис өзүнчө символ катары эсептелет.
55. Учуучу аппараттын идентификациялык тактасы бар, анда, жок эле дегенде, улуттук жана каттоо белгиси көрсөтүлгөн. Такта отко чыдамдуу металлдан же тиешелүү физикалык касиеттерге ээ болгон башка отко туруктуу материалдан жасалат.
56. Негизги кире бериштин жанындагы көрүнүктүү жерге учуучу аппаратка идентификациялык такта бекитилет же:
1) Учкучсуз башкарылбаган аэростат болгон учурда, ал пайдалуу жүктүн сырткы бетинде көрүнүктүү жерге бекитилет;
2) эгерде аралыктан башкарылуучу учуучу аппарат болсо, ал негизги кире бериштин же бөлүмдүн жанындагы көрүнүктүү жерге бекитилет же негизги кире бериш же бөлүм жок болгон учурда учуучу аппараттын сырткы бөлүгүнө көрүнүктүү жерге бекитилет.