Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 27-ноябры № 10
«Жарандык аба кемелерин каттоо. КРАЭ-7»
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-марттагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталуучу тажрыйбасы менен максималдуу бирдейлигин камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, «Жарандык аба кемелерин каттоо. КРАЭ-7» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын.
3. Кыргыз Республиканын министрликтер, ведомстволор, жарандык авиация уюмдар жана окуу борборлору «Жарандык аба кемелерин каттоо. КРАЭ-7» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине күчүн жоготту деп табуу сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 27-январындагы № 1 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» АПКР-7. Жарандык аба кемелерин каттоо» буйругунун 1-пунктунун 8-абзацы.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т. Төлөгөновго жүктөлсүн.
Директор |
| Д.К. Бостонов |