Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-январы № 11
Мамлекеттик маанидеги долбоорлордун статусуна ээ
долбоорлорду ишке ашыруучу мамлекеттик
ишканаларды жана чарбалык коомдорду колдоо
чаралары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
“Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” мамлекеттик маанидеги долбоорун натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун туристтик инфраструктурасын өнүктүрүү, объекттерди куруу жана жабдуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 375-беренесине, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин, ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 18-тиркемесинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 13-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
“ | |
9 | Туризм чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана/же уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 100 пайызы мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдорго, анын ичинде уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 100 пайызы башкы компанияга таандык болгон туунду чарбалык коомдорго мөөнөтсүз пайдаланууга берилген жер тилкелери |
”. | |
2. “Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” мамлекеттик маанидеги долбоорунун объекттерин куруу жана (же) жабдуу үчүн Ала-Тоо Резорт» ачык акционердик коому мамлекеттик ишканасы тарабынан Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү товарлар товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
3. 2024-жылдын 19-августунан тартып күчүнө кирүүчү 1-пунктту кошпогондо, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-январындагы № 3 (3763) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |