Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-декабры № 832
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:
- "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана анын аймактык башкармалыктары" деген бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын;
- "Бишкек, Ош шаарларынын жана Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын ГАСУ жана ГАСН аймактык органдары" деген бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 731 "Архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестринде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 67 жана 68-пункттар менен толукталсын:
"
67 | Капиталдык курулуш, имараттарды реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү жана кайра пландаштыруу объекттерин Курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү | Акы төлөнөт |
68 | Курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоону берүү | Акы төлөнөт |
".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |