ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабры № 832 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция25.12.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 25-декабры № 832

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ишин жөнгө салуучу айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын шайкеш келтирүү жана системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-февралындагы № 103 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүкчөлөрү тарабынан берилүүчү Уруксат берүүчү документтердин реестринде:

- "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жана анын аймактык башкармалыктары" деген бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын;

- "Бишкек, Ош шаарларынын жана Ысык-Көл курорттук-рекреациялык зонасынын ГАСУ жана ГАСН аймактык органдары" деген бөлүм күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-декабрындагы № 731 "Архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылуучу иштердин реестринде:

- төмөнкүдөй мазмундагы 67 жана 68-пункттар менен толукталсын:

"

67

Капиталдык курулуш, имараттарды реконструкциялоо, профилин кайра өзгөртүү жана кайра пландаштыруу объекттерин Курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүү

Акы төлөнөт

68

Курулуш-монтаждоо иштеринин аяктагандыгы жөнүндө ырастоону берүү

Акы төлөнөт

".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 26-декабрындагы № 102 (3759) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев