Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 29-декабры № 1156-т
Эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 187 “Кыргыз Республикасында аткаруу өндүрүшүнүн системасын жана сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-январындагы № 27-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы аталган Конвенцияны ишке ашыруу үчүн жооптуу борбордук орган болуп аныкталсын.”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |