Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-январы № 20
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын
16-сентябрындагы № 642 “Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери
боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө типтүү жобону бекитүү
тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 328 “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ишин оптималдаштыруу жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-сентябрындагы № 642 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
“31. Ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Типтүү жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 328 “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын карамагына өткөрүлүп берилген коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктууларга жайылтылбайт деп белгиленсин.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жөнүндө типтүү жободо:
– 5-пунктта “статс-катчы, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин орун басары” деген сөздөр “мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин орун басары” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 7-пункттун он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Иш-милдеттерин натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу үчүн Ыйгарым укуктууга төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
– коррупцияга каршы иш-чаралардын ишке ашырылышына баштапкы мониторинг жүргүзүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны өз убагында жана толук аткарууга багытталган чараларды көрүү;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга коррупцияга каршы чаралардын ишке ашырылышы, анын ичинде коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө отчетторду берүү.”.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-январындагы № 4 (3764) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |