Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын корголуучу селекциялык жетишкендиктеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
1-глава. СЖ мамреестрине селекциялык жетишкендикти каттоо тартиби
1. Кыргыз Республикасынын корголуучу селекциялык жетишкендиктеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - СЖ мамреестри) Кыргыз Республикасынын патенттери (мындан ары - патенттер) берилген селекциялык жетишкендиктерди, ошондой эле алардын укуктук статусунун өзгөрүүлөрүн каттоо үчүн арналган расмий документ болуп саналат.
2. СЖ мамреестри ар бир бети номерленген, көктөлгөн жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) туруктуу сакталууга тийиш болгон китепти билдирет.
3. СЖ электрондук мамлекеттик реестри - бул Кыргыз Республикасында укуктук коргоо бериле турган корголуучу селекциялык жетишкендиктерди, ошондой эле алардын укуктук статусунун бардык өзгөрүүлөрүн каттоо үчүн арналган жалпыга жеткиликтүү маалыматтар базасы.
4. Өтүнмө ээсинин арызы боюнча электрондук коргоо документи (селекциялык жетишкендикке патент) берилет.
5. СЖ мамреестрине селекциялык жетишкендиктер жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп селекциялык жетишкендикти каттоо жөнүндө чечим жана каттоо, жарыялоо жана патент берүү үчүн белгиленген алымды төлөө эсептелет.
6. СЖ мамреестрине төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) каттоо номери (патенттин);
2) каттоо датасы;
3) өтүнмөнүн каттоо номери;
4) өтүнмө берилген дата;
5) анын негизинде конвенциялык артыкчылык суралган өтүнмөнүн номери;
6) конвенциялык артыкчылык датасы;
7) конвенциялык артыкчылык өлкөсү (өлкөнүн коду);
8) селекциялык жетишкендик жөнүндө маалыматтарды жарыялоо датасы, бюллетендин номери;
9) селекциялык жетишкендиктин аталышы;
10) өтүнмө ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
11) автордун (авторлордун) аты-жөнү, өлкөнүн коду;
12) патент ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
13) патенттик ишенимдүү өкүлдүн аты-жөнү жана каттоо номери;
14) кат алышуу үчүн дарек.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечимди алган датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СЖ мамреестрине селекциялык жетишкендик жөнүндө маалыматтарды киргизет;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган көлөмдө катталган селекциялык жетишкендик жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жиберет;
3) селекциялык жетишкендикке патент берет.
2-глава. СЖ мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
8. СЖ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
1) патент ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же анын турган жеринин (жашаган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө;
2) патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишим тууралуу;
3) селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим тууралуу;
4) селекциялык жетишкендикти каттоону жараксыз деп таануу жөнүндө;
5) патентти токтотуу жөнүндө;
6) талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
7) патенттин дубликатын берүү жөнүндө;
8) патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө;
9) мажбурлоочу лицензия жөнүндө;
10) ачык лицензия жөнүндө;
11) кайра уюштурууда укук улантуучулук тартибинде укуктардын өтүүсү жөнүндө;
12) мурас боюнча укуктардын өтүүсү жөнүндө.
9. СЖ мамреестрине патент ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же анын турган жеринин (жашаган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтар киргизилет.
10. Патент ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же анын турган жеринин (жашаган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп патент ээсинин, ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлүнүн арызы эсептелет.
11. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет. Арызга патент ээси, алар дайындалган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же өкүлү кол коет. Юридикалык жактын атынан арызга уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте буга ыйгарым укуктар берилген башка жак аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коет жана мөөр басат.
12. Арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз, почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине берилет.
13. Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) патенттин номерин;
2) каттоо датасын;
3) өтүнмөнүн номерин;
4) өтүнмө берилген датаны;
5) селекциялык жетишкендиктин аталышын;
6) патент ээсинин мурдагы жана жаңы аты-жөнүн же аталышын жана (же) дарегин.
14. Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастаган документтин көчүрмөсү;
2) белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
3) патент ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлүнө берилген ишеним кат, эгерде арыз алар аркылуу берилсе.
15. Чет өлкөлүк юридикалык жактар көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр болуп өткөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастаган документти көрсөтөт.
16. Карап чыгуу процессинде патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлүнө суроо-талапты алган датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөндө документтерди карап чыгуу мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтер ушул пунктчада белгиленген талаптарга ылайык келсе, арыз келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СЖ мамреестрине жана патенттин кошумча барагына патент ээсинин жаңы аты-жөнүн же аталышын жана (же) дарегин киргизет;
2) киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жиберет;
3) патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлүнө патенттин кошумча барагын берет же анын почта дарегине жиберет.
18. Эгерде белгиленген мөөнөттө бардык зарыл, туура таризделген документтер берилбесе, өзгөртүүлөр киргизилбейт, бул тууралуу патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлүнө кабарланат.
19. СЖ мамреестрине патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишим тууралуу же селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимдеги маалыматтар киргизилет.
20. Патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишим тууралуу же селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимдеги маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими жана белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ эсептелет.
21. Чечимдин көчүрмөсү алынган датадан тартып бир айдын ичинде чечимдин негизинде СЖ мамреестрине жана патенттин кошумча барагына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча: укук мурастоочу, келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
2) селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим боюнча: лицензиат, келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата.
22. Патенттин кошумча барагы патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлүнө берилет же анын почта дарегине жиберилет.
23. СЖ мамреестрине селекциялык жетишкендикке патентти жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтар киргизилет.
24. Селекциялык жетишкендикке патентти жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Апелляциялык кеңештин чечими же мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими эсептелет.
25. СЖ мамреестрине патентти жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтар төмөнкү учурларда киргизилет:
1) эгерде селекциялык жетишкендикке патент берүү датасына карата жаңылык, айырмалуулук, бир түрдүүлүк жана туруктуулук шарттарына ылайык келбесе;
2) эгерде патентте патент ээси катарында көрсөтүлгөн адам патент алуу үчүн мыйзамдуу негиздерге ээ болбосо.
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Апелляциялык кеңештин чечимин же мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин көчүрмөсүн алган датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СЖ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
2) СЖ мамреестрине киргизилген селекциялык жетишкендикке патентти жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жиберет.
27. СЖ мамреестрине патенттин колдонулушун токтотуу, патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет.
28. Патенттин колдонулушун токтотуу, селекциялык жетишкендикке патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу эсептелет.
29. СЖ мамреестрине "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 17-статьясына ылайык белгиленген патентти колдонуу мөөнөтү бүткөндөн кийин анын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет.
30. СЖ мамреестрине патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет:
1) патент ээси тарабынан белгиленген мөөнөттө патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөнбөгөн учурда - патентти күчүндө кармап туруу үчүн алым төлөө үчүн белгиленген мөөнөтү бүткөн датадан тартып;
2) патент ээси белгиленген мөөнөттүн ичинде айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча селекциялык жетишкендиктин коргоого жөндөмдүүлүгүн текшерүү үчүн уруктарды, асыл тукум материалын, документтерди жана башка маалыматты бербеген учурда же селекциялык жетишкендикти жеринде инспекциялоону жүргүзүү үчүн шарттарды камсыз кылбаган учурда;
3) селекциялык жетишкендик бир түрдүүлүк жана туруктуулук шарттарына ылайык келбеген учурда.
31. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган буйрук чыгарылган датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СЖ мамреестрине патенттин колдонулушун токтотуу же патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
2) СЖ мамреестрине киргизилген патенттин колдонулушун токтотуу же патенттин колдонулушун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жиберет.
32. СЖ мамреестрине талашсыз жана техникалык каталарды оңдоолор киргизилет. Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп патент ээсинин, ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлүнүн арызы эсептелет.
33. Арыз оңдолгон талашсыз жана техникалык каталар жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
34. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет. Арызга патент ээси, алар дайындалган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же өкүлү кол коет. Юридикалык жактын атынан арызга уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте буга ыйгарым укуктар берилген башка жак аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коет жана мөөр басат.
35. Арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз, почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине берилет.
36. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СЖ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
2) СЖ мамреестрине киргизилген, оңдолгон талашсыз жана техникалык каталар жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жиберет.
37. СЖ мамреестрине патенттин дубликатын, автордун күбөлүгүн берүү жөнүндө маалыматтар киргизилет. Патент же автордун күбөлүгү жоголгон же бузулган учурда патенттин же автордун күбөлүгүнүн дубликаты берилет.
38. СЖ мамреестрине патенттин же автордун күбөлүгүнүн дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген патент ээсинин, автордун, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн арызы эсептелет.
39. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилет. Арызга патент ээси, автор, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл кол коёт. Юридикалык жактын атынан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте буга ыйгарым укуктар берилген башка жак аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр басат.
40. Патенттин бир нече ээси болгон учурда патенттин дубликаты ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген бардык патент ээлеринин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн биргелешкен арызы боюнча берилет.
41. Арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине берилет.
42. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
2) эгер арыз өкүл жана патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе, ишеним кат. Патенттин бир нече ээси болгон учурда ишеним катка патенттин ар бир ээси кол коет.
43. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтер ушул пунктчада белгиленген талаптарга ылайык келсе, арыз келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СЖ мамреестрине дубликатты же автордун күбөлүгүн берүү жөнүндө маалыматтарды киргизет;
2) берилген дубликаттар жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жөнөтөт;
3) патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө патенттин дубликатын берет;
4) авторго автордун күбөлүгүн берет.
44. Патенттин дубликаты анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы боюнча патенттин түп нускасына дал келет жана патенттин юридикалык күчүнө ээ.
45. Патенттин дубликаты патенттин бланкында дубликатты берүү мезгилинде колдонулган үлгүдө берилип, оң жактагы жогорку бурчуна "Дубликат" деген штамп басылат. Патенттин дубликатына кошумча барактар тиркелет (болгон учурда).
46. Автордун күбөлүгүнүн дубликаты автордун күбөлүгүнүн бланкында дубликатты берүү мезгилинде колдонулган үлгүдө берилип, оң жактагы жогорку бурчуна "Дубликат" деген штамп басылат.
47. Патенттин дубликаты берилгенде патент юридикалык күчүн жоготкон болуп эсептелет.
48. СЖ мамреестрине патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө маалыматтар киргизилет.
49. Мыйзамдын 301-статьясына ылайык патентти күчүндө сактоо үчүн патенттик алым белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу колдонулушу токтотулган патент патент ээсинин өтүнүч каты боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
50. Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат колдонулушунун өткөрүп жиберилген ар бир жылы үчүн алым жана мындай өтүнүч катты бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, Мыйзамдын 17-статьясына ылайык патентти колдонуунун белгиленген жыйырма беш жылдык мөөнөтү аяктаганга чейин, өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн үч жылдын ичинде, ал эми жүзүмдүн, декоративдүү бак-дарак, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана токой өсүмдүктөрүнүн сорттору үчүн, анын ичинде алардын кыйыштырылуучу көчөттөрүнө, ошондой эле жаныбарлардын тукумдарына - аталган патенттик алым төлөнгөн мөөнөт аяктаган датадан тартып беш жылдын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
51. Өтүнүч кат мамлекеттик же расмий тилде берилип, патент ээси, эгер дайындалган болсо, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл кол коёт. Юридикалык жактын атынан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте буга ыйгарым укуктар берилген башка жак, аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр басат. Кол тамгасы кол коюп жаткан адамдын фамилиясын жана инициалдарын көрсөтүү менен чечмеленет.
52. Өтүнүч кат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине берилет.
53. Өтүнүч катка төмөнкүлөр камтылышы керек:
1) патенттин номери;
2) катталган датасы;
3) өтүнмөнүн номери;
4) өтүнмө берилген датасы;
5) селекциялык жетишкендиктин аталышы;
6) патент ээсинин аты-жөнү же аталышы жана дареги.
54. Өтүнүч катка төмөнкүлөр тиркелет:
1) патенттин колдонулушун калыбына келтирүү үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
2) өткөрүп жиберилген ар бир жыл үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
3) эгерде өтүнүч кат патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу берилсе, белгиленген тартипте таризделген ишеним кат.
55. Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук почтасынын дарегине келип түшкөн өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
56. Зарыл болгон документтердин кайсы бири жок болгон же туура эмес таризделген учурда патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө суроо-талапты алган датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү сунушу менен суроо-талап жөнөтүлөт. Суроо-талапты жөнөтүүдө документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
57. Эгерде ушул пунктчада каралган өтүнүч катты берүүнүн шарттары жана документтерге коюлган талаптар сакталса, патенттин колдонуу мөөнөтү калыбына келтирилет.
58. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берилген датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СЖ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
2) патентти калыбына келтирүү жөнүндө маалыматты жарыялоого жөнөтөт;
3) үч жумуш күндүн ичинде патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине мындан ары патентти күчүндө сактоо даталары жана патентти күчүндө сактоо үчүн алымдардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды камтыган патенттин колдонуу мөөнөтү калыбына келтирилгендиги жөнүндө кабарлоону жөнөтөт.
59. Эгерде бардык зарыл болгон, туура таризделген документтер белгиленген мөөнөттө берилбесе, патент калыбына келтирилбейт, бул тууралуу патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө кабарланат.
60. СЖ мамреестрине мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
61. Мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп соттун чечими, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин уруксаты эсептелет.
62. Мажбурлоо лицензиясын берүү жөнүндө маалыматтарды СЖ мамреестрине киргизүү жана расмий бюллетенге жарыялоо үчүн лицензиат тарабынан белгиленген алым төлөнөт.
63. СЖ мамреестрине ачык лицензия берүү жөнүндө жана ачык лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет.
64. Ачык лицензия берүү жөнүндө жана ачык лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн жана өкүлдүн арызы эсептелет.
65. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилип, патент ээси, эгер дайындалган болсо, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл кол коёт. Юридикалык жактын атынан арызга уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте буга ыйгарым укуктар берилген башка жак аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр басат.
66. Арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине берилет.
67. Ачык лицензия берүү жөнүндө арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
1) патенттин номери, катталган датасы;
2) өтүнмөнүн номери, өтүнмө берилген датасы;
3) селекциялык жетишкендиктин аталышы;
4) патент ээсинин аты-жөнү же аталышы;
5) патент ээси менен байланышуу үчүн байланыш маалыматтары;
6) селекциялык жетишкендикти пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн өлчөмү.
68. Арыз ошондой эле арызда көрсөтүлгөн төлөмдөр төлөнгөн шартта кайсы болбосун жак селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укуктуу экендиги жөнүндө шартты камтышы керек.
69. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
2) эгер арыз алар аркылуу берилсе, патент ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө берилген ишеним кат.
70. Ачык лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө арызда төмөнкү маалыматтар камтылышы керек:
1) патенттин номери, катталган датасы;
2) селекциялык жетишкендиктин аталышы;
3) патент ээсинин аты-жөнү же аталышы.
71. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз берилген датадан кийин бир айдын ичинде селекциялык жетишкендикке ачык лицензия берүү же ачык лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды жарыялайт.
72. СЖ мамреестрине кайра уюштурууда (бириктирүү, кошуу, бөлүү, кайра түзүү) универсалдуу укук улантуучулук тартибинде укуктун өтүшү жөнүндө маалыматтар киргизилет.
73. Кайра уюштурууда (бириктирүү, кошуу, бөлүү, кайра түзүү) универсалдуу укук улантуучулук тартибинде укуктун өтүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн арызы эсептелет.
74. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилип, патент ээси, эгер дайындалган болсо, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл кол коёт. Юридикалык жактын атынан арызга уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте буга ыйгарым укуктар берилген башка жак аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр басат.
75. Арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине берилет.
76. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
1) патенттин номери;
2) катталган датасы;
3) селекциялык жетишкендиктин аталышы;
4) патент ээсинин аты-жөнү же толук аталышы жана дареги;
5) укук улантуучусунун аты-жөнү же толук аталышы жана дареги.
77. Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) кайра уюштурууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий документи;
2) кайра уюштурууда укук улантуучулук жөнүндө соттун чечими;
3) кайра уюштуруу жөнүндө белгиси менен уюмдун уставы;
4) селекциялык жетишкендикке өзгөчө укуктардын келишимсиз өтүшүн каттоо үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
5) патент ээси же укук улантуучусу тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө берилген ишеним кат.
78. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз келип түшкөн датадан тартып он күндүн ичинде:
1) СЖ реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
2) укук улантуучулук тартипте укуктун өтүшү жөнүндө СЖ реестрине киргизилген маалыматтарды жарыялоого жөнөтөт;
3) укуктардын өтүшү жөнүндө кошумча барак берет.
79. СЖ мамреестрине патенттин өтүшү жана патентти мурас боюнча алуу укугу жөнүндө маалыматтар киргизилет.
80. СЖ мамреестрине патенттин өтүшү жана патентти мурас боюнча алуу укугу жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө негиз болуп мураскордун арызы эсептелет.
81. Арыз мамлекеттик же расмий тилде берилип, мураскор, эгер дайындалган болсо, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл кол коёт.
82. Арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түздөн-түз почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине берилет.
83. Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылышы керек:
1) патенттин номери;
2) каттоо датасы;
3) селекциялык жетишкендиктин аталышы;
4) патент ээсинин аты-жөнү жана дареги;
5) мураскордун аты-жөнү жана дареги.
84. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1) мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) селекциялык жетишкендикке өзгөчө укуктардын келишимсиз өтүшүн каттоо үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ.
85. Кароо процессинде мураскорго, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө суроо-талапты алган датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөн учурда документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
86. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтер ушул пунктчада белгиленген талаптарга ылайык келсе, арыз келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде:
1) СЖ мамреестрине жана патенттин кошумча барагына мураскордун аты-жөнүн жана дарегин киргизет;
2) СЖ мамреестрине киргизилген укуктун мурас боюнча өтүшү жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жөнөтөт;
3) укуктун өтүшү жөнүндө патенттин кошумча барагын патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө тапшырат же почта дарегине жөнөтөт.
87. Эгер белгиленген мөөнөттө бардык зарыл, туура таризделген документтер берилбесе, өзгөртүү киргизилбейт, бул тууралуу мураскорго, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө кабарланат.
88 СЖ мамреестринен көчүрмө ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген патент ээси, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан берилген өтүнүч каттын негизинде берилет.
89. Өтүнүч кат мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр басат.
90. Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) патенттин номери;
2) СЖ мамреестринде катталган датасы;
3) селекциялык жетишкендиктин аталышы;
4) патент ээсинин аты-жөнү же аталышы.
91. Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук почтасынын дарегине келип түшкөн өтүнүч кат келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
92. СЖ мамреестринен көчүрмө көрсөтүлгөн мөөнөттө ыйгарым укуктары белгиленген тартипте таризделген патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө түздөн-түз берилет, почта дарегине же электрондук почтасынын дарегине жөнөтүлөт.