Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-декабры № 799
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 631-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 5-пунктчасынын он биринчи абзацындагы мамлекеттик тилдеги тексттеги "кепилдикти" деген сөз "кепилчиликти" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 "Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) токтомдун аталышындагы мамлекеттик тилдеги "кепилдик" деген сөз "кепилчилик" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан ыйгарым укук берилген жактын улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү жол-жобосун жөнгө салат.
2. Кепилчилик Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын резиденттерине - юридикалык жактарга улуттук экономиканын субъекттеринин (мындан ары - субъекттер) кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында берилет.
Кепилчилик тиешелүү документтер менен ырасталган инвестордун долбоорду каржылоого катышуусу долбоордун жалпы наркынын 30 (отуз) пайызынан кем эмесин түзгөн учурларды кошпогондо, инвестициялык макулдашуулар боюнча субъекттердин милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн берилиши мүмкүн эмес.
3. Кепилчиликтин максаты - Кыргыз Республикасынын экономикалык, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле экономиканын тармактарынын туруктуулугун жана өнүгүүсүн колдоо.
4. Кепилчилик кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча күрөөлүк камсыздоо менен жабылбаган милдеттенмелерди толугу менен же анын бир бөлүгүн камсыз кылуу үчүн берилет.
5. Эгерде Министрлер Кабинетинин чечими менен башкача белгиленбесе, кепилчилик кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүндө берилет.
6. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын ички жана тышкы коркунучтардан корголушунун кепилденген абалы;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, координациялык жөнгө салуу жана аткаруу функцияларын аткаруу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүктүрүү жаатында жана салык чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
4) кепилчилик - кепилчилик берүүгө Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген жак тарабынан берилүүчү субъекттин финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу механизми;
5) азык-түлүк коопсуздугу - республиканын азык-түлүккө көз карандысыздыгын камсыз кылуучу жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минималдуу ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берүүчү Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
6) экономикалык коопсуздук - бул улуттук экономиканын тышкы жана ички коркунучтардан корголушунун абалы, экономикалык системанын туруктуулугунун узак мөөнөттүү абалы, ошондой эле экономикалык иштин субъекттеринин керектөөлөрүн канааттандыруу жана кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган экономикалык өнүгүү жөндөмдүүлүгү, татыктуу жашоо деңгээлин колдоо жөндөмдүүлүгү;
7) кепилчилик каражаттары - кепилчилик берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн кепилчилик берүүчүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн акча каражаттарынын жыйындысы.
Кепилчилик каражаттары кепилчилик берүүчүнүн учурдагы ишин, анын ичинде кийин милдеттүү түрдө чыгымдалган каражаттардын ордун толтуруу менен административдик, уюштуруучулук жана башка операциялык чыгымдарды камсыз кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн;
8) кепилчилик берүүчү - Министрлер Кабинети тарабынан кепилчилик берүүгө ыйгарым укук берилген жак;
9) кредит берүүчү - субъектке кредит, лизинг берүүчү жана белгиленген мөөнөттө берилген акчаны же мүлктү кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу уюм;
10) улуттук экономиканын субъекти - Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамда белгиленген тартипте катталган жана ушул Тартипте белгиленген критерийлерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк, коммерциялык, финансылык же башка чарбалык ишти жүзөгө ашырган юридикалык жак.
2-глава. Кепилчилик берүү жөнүндө чечим
7. Субъекттерге кепилчилик берүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
8. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорунун демилгечиси болуп чыгат.
9. Кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечимин демилгелөө үчүн субъект экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) кепилчилик берүү жөнүндө арыз;
2) каттоо жана уюштуруу документтеринин мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (устав, каттоо тууралуу күбөлүк, патент, уюштуруу келишими);
3) жетекчинин паспортунун жана кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечимдин көчүрмөлөрү;
4) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттор. Субъект үч жылдан аз иш жүргүзгөн учурда ишинин бардык мезгили үчүн финансылык отчет берилет;
5) кредит берүү шарттарын чагылдырган кредиттик келишимдин долбоору жана/же кредиттик комитеттин чечими;
6) милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуунун төмөнкү механизмдеринин бирин же бир нечесин камтыган кепилчилик берүүчүнүн тобокелдиктерин минималдаштыруу ыкмалары: күрөө, банктык кепилдик, уюштуруучулардын жана үчүнчү жактардын кепилчилиги, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка камсыздоолор;
7) кол коюуга ыйгарым укук берилген адамды көрсөтүү менен кепилчилик келишимин жана күрөө тууралуу келишимди түзүүгө уюштуруучулардын чечими (макулдугу);
8) салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат.
Ушул пункттун 2, 3 жана 8-пунктчаларынын айрым бөлүктөрү, эгерде документтер "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алынган учурда колдонулбайт.
10. Инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кепилчилик берүүгө арызды кароодо төмөнкүдөй документтердин бири же бир нечеси кошумча берилет:
1) бекитилген техникалык-экономикалык негиздеме;
2) бекитилген долбоордук-сметалык документтер;
3) бизнес-план;
4) сатып алынуучу жабдууларга, курулмаларга ж.б. окшош прайс-баракчалар;
5) контракттар, келишимдер жана макулдашуулар;
6) кепилчилик алууга талапкер субъекттин уюштуруучулары менен уюмдардын жана/же аффилирленген уюмдардын уюштуруу документтери жана акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттору;
7) субъекттин эсептерин тейлеген коммерциялык банктардан акыркы алты ай ичиндеги алыш-бериш эсептери боюнча жүгүртүүлөр тууралуу маалымкат;
8) тиешелүү кредиттик бюро тарабынан ырасталган, финансы-кредиттик уюмдардын алдында карызынын жоктугу/болушу тууралуу маалымкат.
11. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелегенге чейин төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
1) берилген документтердин толуктугун жана/же тууралыгын текшерүү;
2) Кыргыз Республикасынын экономикалык иши, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугу үчүн субъекттин стратегиялык маанисин баалоо;
3) бизнес-планга, ТЭНге жана башка документтерге ылайык долбоордун натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү.
12. Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөө же баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
13. Экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
1) субъектке мурда кепилчилик берилип, ал боюнча финансылык тартип бузуулар келип чыкса, бул субъект тарабынан милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай эмес аткарылгандыгы жөнүндө кредит берүүчүнүн билдирүүсү же кабарлоосу менен ырасталса;
2) эгерде субъектке берилүүчү кредиттик каражаттар кредит берүүчү тарабынан бюджеттик кредит түрүндө алынган болсо;
3) ушул Тартиптин 9 жана 10-пункттарына ылайык талап кылынган документтер берилбесе.
14. Кепилчилик берүү жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлору төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) кепилчилик берилүүчү субъекттин аталышы;
2) милдеттенменин сүрөттөлүшү жана максаты (кредиттик, лизингдик келишим же банктык кепилдик);
3) кепилчиликтин суммасы жана валютасы;
4) карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгаруу укугу жана кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу ыкмасы.
3-глава. Кепилчилик берүүнүн шарттары
15. Кепилчиликти алууга талапкер субъект төмөнкү критерийлерге ылайык келиши керек:
1) Кыргыз Республикасынын резиденти;
2) субъекттин салымы долбоордун жалпы наркынын 30 пайызынан кем болбоого тийиш, муну менен бирге долбоорду жана/же ишти жүзөгө ашырууда ишенимдүүлүк жана туруктуулук көрсөтүлүшү керек;
3) өлкөнүн экономикасы, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниси;
4) бюджетке салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча, ошондой эле бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу.
Ушул пункттун 2 жана 4-пунктчалары өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугун камсыз кылуу зарыл болгон учурларда мамлекеттик, муниципалдык органдарга, ошондой эле уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге карата колдонулбайт.
Ушул пункттун 2-пунктчасында белгиленген талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмесине киргизилген долбоорлорду ишке ашырууда алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан субъекттерге карата колдонулбашы мүмкүн.
16. Кредит берүүчүлөр субъектке финансылык талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат. Кредит жактырылган жана берилген учурда кредит берүүчү кредиттик келишим/макулдашуу колдонулган мезгилде алынган милдеттенмелерди аткаруу мүмкүнчүлүгүнө карата субъекттин төлөө жөндөмдүүлүгүнө жыл сайын талдоо жүргүзүүгө милдеттүү.
17. Кредит берүүчү же субъект (өз ара макулдашуу боюнча) долбоорду коштоо үчүн көз карандысыз аудиторду тартууга укуктуу.
18. Кепилчилик субъекттин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоонун жыйынтыгы боюнча кредитти, лизингди жана/же банктык кепилдикти берүү жөнүндө кредит берүүчүнүн жактырылган корутундусу жана кол коюлган келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кепилчилик берүүчү тарабынан алынгандан кийин берилет.
19. Кепилчилик менен кепилчилик берүүчүнүн тилектештик жана субсидиардык жоопкерчилиги каралышы мүмкүн.
Эгерде кепилчилик берүүчү кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелеринин суммасын толугу менен жабуучу субъекттин мүлкүнө карата биринчи кезектеги күрөө кармоочу болуп саналса, кредит берүүчүнүн алдында ал тилектештик жоопкерчилигин тартат. Башка учурларда кепилчилик берүүчүнүн жоопкерчилиги субсидиардык болуп саналат.
20. Кепилчилик келишимин түзгөнгө чейин кепилчилик бергендиги үчүн кепилчилик берүүчү тарабынан төмөнкү өлчөмдөгү бир жолку комиссия алынат:
1) эгерде кепилчилик менен камсыз кылынган милдеттенменин өлчөмү бир миллиард сомдон ашыкты түзсө, кепилчилик суммасынан бир пайыз;
2) эгерде кепилчилик менен камсыз кылынган милдеттенменин өлчөмү бир миллиард сомго чейин түзсө, кепилчилик суммасынан эки пайыз.
Бир жолку комиссиянын каражаттары кепилчилик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.
21. Өлкөнүн экономикалык, азык-түлүк жана/же улуттук коопсуздугу үчүн стратегиялык мааниге ээ, уставдык капиталында катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъектке кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган, бирок 36 айдан ашык эмес мөөнөткө бир жолку комиссияны төлөө бөлүгүндө мөөнөтү кийинкиге жылдырып берилиши мүмкүн.
22. Эгерде кредиттик каражаттар субъект тарабынан толук өздөштүрүлбөсө, анда кепилчилик суммасы кредиттик келишимге/макулдашууга өзгөртүүлөрдү (толуктоолорду) киргизүү жөнүндө кошумча макулдашууга ылайык кепилчилик келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен азайтылат, бул учурда төлөнгөн бир жолку комиссия кайтарылбайт (толугу менен же жарым-жартылай).
23. Субъект тарабынан кредиттик, лизингдик ресурстарды максатсыз пайдалангандыгы, так эмес маалыматтарды жана документтерди бергендиги үчүн кепилчилик берүүчү кепилчилик келишиминин шарттарына ылайык кепилчилик суммасынан беш пайыз өлчөмүндө үстөк айып өндүрүп алууга укуктуу.
Үстөк айыптын суммасы кепилчилик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.
24. Кепилчилик келишимин тариздөө менен байланышкан бардык чыгымдар субъектке жүктөлөт.
25. Субъект тарабынан кредит берүүчүнүн алдында алган кандай болбосун милдеттенмелерди аткарууда кепилчилик берүүчүнүн кепилчилик түрүндө камсыздалган милдеттенмелери биринчи кезектеги тартипте бошотулат.
26. Келишим боюнча кепилчилик менен камсыздалган милдеттенмелер субъект тарабынан аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда кепилчилик берүүчүнүн жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жана кепилчилик суммасынын өлчөмүндө аныкталат.
27. Кепилчилик берүүчүнүн кепилчиликти аткаруу боюнча милдеттенмелери кепилчиликти берүүгө каралган уставдык капиталдын каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат. Мында милдеттенмелердин жылдык көлөмү кепилчилик берүүгө каралган каражаттардын жалпы көлөмүнүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.
28. Тараптардын макулдашуусу боюнча кепилчилик берүүчү кредит берүүчүлөрдүн алдында алган милдеттенмелерди кепилчилик берүүгө каралган каражаттардын эсебинен сатып алынган карыздык мамлекеттик баалуу кагаздарды (мамлекеттик казыналык облигациялар, мамлекеттик казыналык векселдер) аларды сатып алуу учуруна белгиленген тартипте жана шарттарда өткөрүп берүү жолу менен аткарууга укуктуу.
29. Кепилчилик берүүчүнүн субъекттин милдеттенмелерин аткаруу боюнча милдети субъект тарабынан милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү бузулган учурда келип чыгат. Мында кредит берүүчү кепилчилик берүүчүгө субъект тарабынан жол берилген келишимдин шарттары бузулгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.
30. Эгерде каржылоону берүү кармалган учурда, ошондой эле кредит берүүчүнүн келишимдин шарттарын, анын ичинде каражаттарды которуу мөөнөттөрүн бузуу менен көрүнгөн башка аракеттери же аракетсиздиги, милдеттенмелерди мыйзамдуу негиздерсиз аткаруудан баш тартуу же болбосо анын демилгеси боюнча жол берилген башка бузуулар долбоорду ишке ашыруу үчүн терс кесепеттерге алып келсе жана субъекттин финансылык абалын начарлатса, анын ичинде анын төлөөгө жөндөмсүздүгү келип чыкса, субъект тарабынан бардык келишимдик милдеттенмелер талаптагыдай аткарылган шартта кредит берүүчү камсыз кылынган милдеттенмелерди аткаруу боюнча кепилчилик берүүчүгө талап коюу укугунан ажырайт.
Кредит берүүчү өзүнүн жоопкерчилигин сотко чейинки тартипте таануудан баш тарткан учурда талаш-тартышты чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
31. Кепилчилик берүүчүнүн ушул Тартиптин 29-пунктунда көрсөтүлгөн милдети субъекттин ссудалык эсеби боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмө берилгенден кийин жана кредит берүүчү келишимдерде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте карызды өндүрүү боюнча бардык чараларды ишке ашыргандан кийин келип чыгат.
32. Кепилчиликти аткарууга алып келген окуя болгон учурда кредит берүүчү кепилчилик берүүчүнүн дарегине тиешелүү кабарлоону жөнөтөт, анда кабарлоо жиберилген датага карата негизги карыздын жана чегерилген пайыздардын суммасы көрсөтүлөт. Карызды сотко чейинки тартипте жөнгө салуу жөнүндө кабарлоо берилген учурдан тартып кредит берүүчү үстөк айыпты чегерүүнү токтотуп турууга милдеттүү.
33. Кепилчилик берүүчү субъекттин милдеттенмелерин аткарган жана субъект тарабынан кепилчилик келишиминин шарттарын бузуу фактысы аныкталган учурда кепилчилик берүүчү каражаттарды кайтаруунун төмөнкүдөй бир же бир нече механизмдерди колдонууга укуктуу:
1) акча каражаттарын акцептсиз (талашсыз) эсептен чыгаруу келишимине ылайык коммерциялык банктагы алыш-бериш эсебинде акча каражаттары болсо, кепилчилик берүүчү карыздын суммасын акцептсиз эсептен чыгарууну демилгелөөгө укуктуу;
2) субъекттин активдерин карызды азайтуу жана/же төлөөнүн эсебине кабыл алуу;
3) финансылык контролдоочуну дайындоо - кепилчилик берүүчү карызды андан ары төлөө максатында анын активдерине, финансылык агымдарына жана милдеттенмелердин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу менен субъектке карата финансылык контролдоочуну дайындоону демилгелөөгө укуктуу. Кредит берүүчү менен биргеликте кепилчилик берүүчү долбоорду ишке ашыруунун жана карызды төлөөнүн алкагында каражаттарды сарамжалдуу, максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу менен алардын сарпталышын контролдоого катышууга да укуктуу;
4) субъекттин карызын башка жакка которуу. Эгерде милдеттенмелерди аткаруунун ишенимдүүлүгү жогоруласа, кепилчилик берүүчүнүн макулдугу менен жол берилет;
5) субъект милдеттенмелерди аткарбаган учурда кепилчилик берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттук териштирүүнү демилгелөөгө укуктуу.
34. Кепилчилик берүүчү субъекттин милдеттенмелерин (жарым-жартылай же толук көлөмдө) аткаргандан кийин кепилчилик берүүчүгө аткарылган милдеттенмелердин көлөмүндө кредит берүүчүнүн бардык укуктары өтөт. Мында кредит берүүчү кепилчилик берүүчү тарабынан милдеттенмелер аткарылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө карызкор-субъектке карата талап кылуу укугун күбөлөндүргөн бардык документтерди ага өткөрүп берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн документтер өз убагында берилбеген учурда кредит берүүчү кепилчилик келишиминин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Кепилчилик келишими боюнча милдеттенмелерди аткаруунун алкагында кепилчилик берүүчү тарабынан төлөнгөн каражаттарды кайтарып берүү субъект тарабынан кредиттик келишимдин шарттарына окшош шарттарда (мөөнөттөрү, пайыздык ставкасы, үстөк айыптары жана башкалар) жүзөгө ашырылат жана кепилчилик берүүчүнүн алдындагы карыз толук жоюлганга чейин чегерилет.
Кепилчилик берүүчү тарабынан кредит берүүчүгө төлөнгөн каражаттардын эсебинен эсептелген пайыздар, үстөк айыптар кепилчилик берүүчүнүн алыш-бериш эсебине которулат.
35. Кепилчилик Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык берилет.
4-глава. Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен кепилчилик берүү шарттарынын өзгөчөлүктөрү
36. Кепилчилик субъекттин кредит боюнча күрөөнү камсыз кылбаган милдеттемелеринин бир бөлүгүн жабуу үчүн долбоордун наркынын 50 пайызынан ашпаган өлчөмдө берилет.
37. Кепилчилик берүү үчүн экономикалык долбоордун суммасы 30000000 (отуз миллион) сомдон 250000000 (эки жүз элүү миллион) сомго чейинки сумманы түзөт.
38. Кепилчилик Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо, республиканын бардык региондорунда, шаарларында жана облустарында иш жүргүзгөн субъекттерге берилет.
39. Кепилчилик берүү үчүн субъекттерди тандоо региондорду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңеши тарабынан тиешелүү корутундуну экономикалык божомолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Министрлер Кабинетинин чечимин демилгелөө үчүн жөнөтүү менен жүргүзүлөт.
40. Кепилчилик субсидиардык жоопкерчилик түрүндө берилет.
41. Каражаттарды түзүүнүн булагы болуп региондорду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин кепилчилик боюнча милдеттенмелерди аткарууга арналган кепилчилик берүүчүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө которуу аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоого бекитилген каражаттардын 20 пайызы болуп эсептелет.
42. Кепилчилик берүүчүнүн кепилчиликти аткаруу боюнча милдеттенмелери уставдык капиталдын кепилчилик берүүгө каралган каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Мында милдеттенмелердин жылдык көлөмү региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынан кепилчилик берүүгө каралган каражаттардын жалпы көлөмүнүн 80 пайызынан ашпоого тийиш.
43. Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган субъекттердин милдеттенмелери боюнча кепилчилик берилбейт.
5-глава. Кепилчилик берүүнү токтотуу
44. Кепилчилик берүү алар камсыздаган милдеттенмелер токтотулганда, ошондой эле кепилчилик берүүчүнүн макулдугусуз анын жоопкерчилигин жогорулатууга же башка жагымсыз кесепеттерге алып келген өзгөртүү киргизилген учурда токтотулат.
45. Эгерде кепилчилик берүүчү кредит берүүчүгө жаңы карызкор үчүн жооп берүүгө макулдук бербесе, кепилчилик менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча карызды башка жакка которуу менен кепилчилик токтотулат.
46. Эгерде алар камсыздаган милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келгенде кредит берүүчү субъект же кепилчилик берүүчү тарабынан сунушталган талаптагыдай аткарууну кабыл алуудан баш тартса, кепилчилик токтотулат.
47. Кепилчилик кепилчилик келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин токтотулат. Эгерде мындай мөөнөт белгиленбесе, кепилчилик менен камсыздалган милдеттенмени аткаруу мөөнөтү келген күндөн тартып бир жылдын ичинде кредит берүүчү кепилчилик берүүчүгө талап койбосо, ал токтотулат. Негизги милдеттенмени аткаруу мөөнөтү көрсөтүлбөсө жана аны аныктоого мүмкүн болбосо же талап кылуу учуру менен аныкталса, кредит берүүчү кепилчилик келишими түзүлгөн күндөн тартып эки жылдын ичинде кепилчилик берүүчүгө талап койбосо, кепилчилик токтотулат.
48. Эгерде төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоодо жана кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алууда кредит берүүчү олуттуу фактыларды жашырса же билип туруп анык эмес маалыматтарды берсе, бул өз кезегинде зайымчынын төлөөгө жөндөмсүздүгүнө алып келсе, кепилчилик токтотулат.
6-глава. Берилген кепилчиликтин алкагында субъекттин ишине мониторинг жүргүзүү
49. Кепилчилик берүүчү түзүлгөн кепилчилик келишиминин алкагында субъекттин ишине, анын ичинде бир жолку комиссиянын каражаттарынын эсебинен тиешелүү тармакта кесиптик иш тажрыйбасы бар көз карандысыз эксперттерди жана адистерди тартуу менен мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.
50. Субъект кепилчилик берүүчүнүн биринчи талабы боюнча анын ишин сапаттуу жана объективдүү талдоо үчүн зарыл болгон бардык суралган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
7-глава. Кепилчилик берүү үчүн каражаттарды түзүү булактары
51. Кепилчилик берүү үчүн каражаттарды түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын республикалык бюджетте тиешелүү жылга субъекттерге кепилчилик берүү механизмин ишке ашыруу үчүн жыйынды чыгымдардын (кепилчилик берүү каражаттарын эсепке албаганда) көлөмүнүн 1 пайызынан ашпаган өлчөмдө кепилчилик берүүчүнүн кепилчилик боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн арналган уставдык капиталын көбөйтүүгө которуу аркылуу караган каражаттар;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган топтоо эсептеринде топтолгон, аларды тескөө донорлордун макулдугун талап кылбаган жана/же донорлордун макулдугу менен жүргүзүлгөн каражаттар;
3) кепилчилик берүүчүнүн уставдык капиталынын кепилчилик берүүгө арналган каражаттары;
4) аларды тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каржылоонун башка булактары.
8-глава. Кепилчилик берүү үчүн каражаттарды түзүү тартиби
52. Кепилчилик берүү үчүн каралган уставдык капиталдын каражаттары төмөнкүлөргө жайгаштырылат:
1) коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге;
2) мамлекеттик баалуу кагаздарга;
3) баалуу металлдарга;
4) кепилчилик берүүчүнүн уставдык ишине ылайык башка финансылык инструменттерге.".