Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 19 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун (мындан ары - Мамлекеттик фонд) баалуулуктарын түзүү жана пайдалануу тартибин жана механизмин аныктайт.
2. Мамлекеттик фондду түзүүнүн максаты болуп баалуу металлдар менен операциялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик кызыкчылыктарды камсыз кылуу, мамлекеттин стратегиялык активдерин түзүү, өлкөнүн финансы-экономикалык туруктуулугун колдоо жана улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алтын запастарын көбөйтүү саналат.
3. Мамлекеттик фонддун баалуулуктары Мамлекеттик фонддун балансында турган баалуу металлдардын, асыл таштардын жана алардан жасалган буюмдардын жыйындысын билдирет.
4. Мамлекеттик фонддун баалуулуктары республикалык бюджеттин финансылык туруктуулугун жана өлкөнүн экономикалык, социалдык-маданий керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган.
2-глава. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын түзүү тартиби
5. Мамлекеттик фонддун баалуулуктары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) баалуу металлдар жана асыл таштар рыногунун субъекттеринен сатып алынган баалуу металлдар жана асыл таштар;
2) баалуу металлдарды казып алуучу субъекттерден сатып алынган баалуу металлдардын табигый уютундулары;
3) сатып алууну жүзөгө ашырган уюмдардан, ломбарддардан жана калктан сатып алынган баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары;
4) тарыхый, антиквардык, чоң маанидеги материалдык баалуулукка ээ болгон баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган сатып алынган көркөмдүгү жогору зер буюмдары жана башка буюмдар;
5) тарыхый-маданий мураска ээ болгон кенчтерден тышкары баалуу металлдардын, асыл таштардын, алардан жасалган буюмдардын жана алардын сыныктарынын кенчтери;
6) мурастоо укугу жана белекке берүү аркылуу мамлекетке өткөрүп берилген баалуу металлдар, асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары;
7) мыйзамда белгиленген тартипте мажбурлоо тартибинде алып коюлган баалуу металлдар, асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары;
8) мыйзамда белгиленген тартипте ээси жок деп табылган баалуу металлдар, асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан өткөрүп берилген баалуу металлдардан жана асыл таштардан даярдалган мамлекеттик сыйлыктар;
10) мамлекеттик жарандык жана муниципалдык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан белек катары алынган баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган буюмдар;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка негиздер боюнча Мамлекеттик фондго киргизилүүчү баалуу металлдар жана асыл таштар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары.
6. Баалуу металлдарды сатып алуу республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети комплекстүү кендерден алынуучу чийки заттык товарлардан өндүрүлүүчү аффинаждалган баалуу металлдарды, ошондой эле аффинаждык өндүрүш үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен сырткары да керектүү кайра иштетүүдөн жана аффинаждан өткөн жарым продуктуларды, ошондой эле асыл таштарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алууга артыкчылыктуу укук боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды кошпогондо, баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
9. Баалуу металлдарды сатып алуу Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксингинен жогору эмес баа боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бүтүм түзүлгөн күнгө чейинки курсун эске алып, аларды транспорттоо жана сатуу боюнча алдыдагы чыгымдарын кемитүү менен жүзөгө ашырылат.
10. Мамлекеттик фондго түшкөн кондициялык эмес баалуу металлдар, алардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары (бул белгиленген стандарттарга жооп бербеген, бирок баалуу металлды алуу үчүн же химиялык реагент катары колдонулушу мүмкүн болгон калдыктар жана сыныктар) аффинаждоочу ишканалар тарабынан келишимдик негизде кайра иштетилет.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда атайын эсепте турган баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алуу, өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча субъекттер алдыдагы жылга баалуу металлдарды жана асыл таштарды казып алуу, өндүрүү жана кайра иштетүү көлөмү боюнча болжолду ар жылдык негизде учурдагы жылдын 1-декабрына чейин берет.
3-глава. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын кабыл алуу жана экспертизадан өткөрүү тартиби
12. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын кабыл алуу жооптуу адамдардын катышуусунда тараптардын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен төмөнкүлөрдө каралган учурларда таризделет:
1) 5-пункттун 1-4-пунктчаларында, сатып алуу-сатуу жөнүндө бүтүмдүн негизинде жүзөгө ашырылат;
2) 5-пункттун 5 жана 6-пунктчаларында, ыктыярдуу негизде;
3) 5-пункттун 7-11-пунктчаларында, сот органынын чечиминин негизинде.
13. Мамлекеттик фондго баалуулуктарды кабыл алууда баалуулуктарга экспертиза жүргүзүлөт, анын максаты баалуу металлдардын түрлөрүн, алардын курамын, белгиленген ченемдик-техникалык документтерге шайкештигин аныктоо болуп саналат.
14. Баалуулуктарды Мамлекеттик фондго киргизүүдө алардын наркы төмөнкүдөй тартипте аныкталат:
1) аффинаждалган баалуу металлдар - сатып алынган учурда дүйнөлүк бааларга жараша аныкталуучу сатуу баалары боюнча;
2) экинчилик чийки заттан алынган баалуу металлдар - келишимдик, бирок дүйнөлүк баалардан жогору эмес баалар боюнча;
3) баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган жана кенчтерден табылган көркөмдүгү жогору буюмдар, ошондой эле конфискацияланган же башкача негиздер боюнча өткөрүп берилген баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган буюмдар жана алардын сыныктары - иштөө тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталуучу ведомстволор аралык комиссия аныктоочу баалар боюнча;
4) калктан, сатып алууну жүзөгө ашырган уюмдардан сатып алынган баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар, анын ичинде ломбарддарда талап кылынбаган буюмдар -баалуу металлдарды кайра иштетүү менен байланышкан чыгымдарын кемитүү менен дүйнөлүк баа боюнча.
15. Мамлекеттик фондго баалуулуктарды кабыл алуу тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4-глава. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын сатуунун тартиби
16. Мамлекеттик фонддун активдеринин тиешелүү жылга сатууга коюлган көлөмү жана ассортименти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
17. Мамлекеттик фонддун активдери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү жол менен сатылат:
1) эл аралык жана улуттук биржаларда сатууга коюу;
2) ачык аукциондорду өткөрүү;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимин демилгелөө;
4) башка аянтчаларда сатууга коюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка түрдө.
18. Баалуу металлдарды сатуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сатуудан тышкары, Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын кечки фиксингинен төмөн эмес баа боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бүтүм түзүлгөн күнгө чейинки курсун эске алуу менен жүргүзүлөт. Баалуу металлдарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сатууда, сатуу баасы тиешелүү макулдашуу менен аныкталат.
19. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын биржалык тооруктарда, аукциондордо жана башка аянтчаларда сатуу эц жогорку сунушталган баа боюнча жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын биржалык аянтчаларда жана аукциондук тооруктарда сатуу тартиби Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
20. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын сатуудан түшкөн каражаттар республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө түшөт, анын ичинде:
1) баалуулуктардын негизги сатып алуу суммасы - финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн киреше түрүндө;
2) баалуулуктарды сатуудан түшкөн пайда - салыктык эмес киреше түрүндө.
21. Ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча сатуудан түшкөн пайданын суммасынын 10 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине түшөт, 90 пайызы Мамлекеттик фондду андан ары толуктоо үчүн баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алууга жумшалат.
22. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине түшкөн каражаттардын 70 пайызы баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине которулат жана 30 пайызы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында калат.
5-глава. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын эсепке алуу жана сактоо
23. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын эсепке алуу жана сактоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Мында баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алуу алардын эсепке алуусу түзүлгөн датага карата рыноктук наркы боюнча жүргүзүлөт.
24. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын эсепке алуу жана сактоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
25. Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын эсепке алууну жүргүзүүдө аларды инвентаризациялоо жылына бир жолу, отчеттук жылдын 1-январына карата абал боюнча жүргүзүлөт.
26. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын толуктоо жана чыгымдоо жөнүндө отчет берет.
27. Мамлекеттик фонддун баалуулуктары коопсуздуктун эл аралык жана улуттук стандарттарына жооп берген мамлекеттик сактоочу жайда сакталат.
28. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын коопсуздуктун эл аралык жана улуттук стандарттарына жооп берген мекемелердин сактоочу жайларында сактоого укуктуу.
6-глава. Корутунду жоболор
29. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өлкөнүн финансы-экономикалык туруктуулугун колдоо жана алтын запастарын бекемдөө үчүн баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү инновациялык инструменттерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө, эл аралык макулдашууларды жана демилгелерди ишке ашырууга катышууга укуктуу.