Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 34
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселелери жөнүндө
Билим берүү секторунда финансылык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 50-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо ченемдерин аныктоонун методикасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бир жылга бир билим алуучуга карата (эмгек акы төлөө фондусуз жана коммуналдык чыгымдарсыз) бюджеттик каржылоонун ченемдери 3-тиркемеге ылайык;
4) Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын тизмеги 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 563 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдик принцибине которуу жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 “Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө” токтомунун 2-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |