ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2017-жылдын 28-декабры № 843

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоо маселеси жөнүндө

 

Билим берүү секторунда финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун ченемдик принцибине которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдери жалпы билими берүүчү уюмдарды каржылоонун шарттары өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын тизмеги төмөнкүдөй мазмундагы 163-170-пункттар менен толукталсын:

"

163

Бишкек шаары

 

Абдылда Каниметов атындагы № 1 жалпы билим берүүчү гимназия-интернаты

164

Бишкек шаары

 

Т.Молдо атындагы № 71 жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн жалпы орто билим берүүчү интернат мектеп

165

Бишкек шаары

 

Герман Гмайнер атындагы SOS окуу тарбиялоо комплекси

166

Бишкек шаары

 

№ 10 кечки (нөөмөттүү) жалпы билим берүүчү мектеп

167

Бишкек шаары

 

№ 7 жумушчу жаштардын жалпы орто билим берүүчү мектеби

168

Бишкек шаары

 

№ 22 атайын (көмөкчү) мектеп

169

Бишкек шаары

 

№ 30 атайын (көмөкчү) мектеп

170

Бишкек шаары

 

№ 34 атайын (көмөкчү) мектеп

".

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдеринин негизинде жалпы билим берүүчү уюмдардын 2018-жылга бюджетин республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүгүнө жараша аныктасын.

5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине ылайык Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын 2018-жылы 90,5 пайыз өлчөмүндө, 2019-жылы 93,0 пайыз өлчөмүндө, 2020-жылы 95 пайыз өлчөмүндө жана 2021-жылы - 100 пайыз өлчөмүндө каржылоону камсыздасын.

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана/же райондук жана/же райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрү финансылык тобокелдери бар жалпы билим берүүчү уюмдар үчүн бюджеттик каржылоонун типтүү ченеми менен аныкталган бюджеттен тышкары 30 пайызга чейин дотация чектөөгө укуктуу экени белгиленсин. Дотациялар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине ылайык 2017-2020-жылдарга эсептелген бюджеттик чыгымдардын чегинде, эмгек акы төлөө фондунун өсүшүн чектөөнүн эсебинен 30 пайыздан ашпастан бөлүнөт.

7. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 302 "Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө" токтомуна ушул токтомдон келип чыгуучу тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы № 281 "2015-жылга Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо стандарттарынын шкаласын (коммуналдык чыгымдарсыз) бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

 

С. Исаков

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун ТИПТҮҮ ЧЕНЕМДЕРИ

(сом)

№

Жалпы билим берүүчү уюмдардын (класстардын) типтери

Чыгымдардын түрлөрү

Шаарларда жайгашкан жалпы билим берүүчү уюмдар

Айыл жеринде жайгашкан жалпы билим берүүчү уюмдар

I баскыч

II баскыч

III баскыч

I баскыч

II баскыч

III баскыч

1

Башталгыч жалпы билим берүүчү окуу программаларын ишке ашырган жалпы билим берүүчү уюмдар

Эмгек акыга чыгымдар

10019

 

 

12103

 

 

Социалдык фондго төгүмдөр

1728

 

 

2088

 

 

Тамак-ашка чыгымдар

1260

 

 

1260

 

 

Окуу чыгымдары

163

 

 

178

 

 

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

 

 

93

 

 

Окуу китептерин алууга чыгымдар

196

 

 

196

 

 

Утурумдук ремонтко чыгымдар

368

 

 

368

 

 

Бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун ченемдери

13827

 

 

16286

 

 

2

Жалпы башталгыч, негизги жана орто билим берүүчү окуу программаларын ишке ашырган жалпы билим берүүчү уюмдар

Эмгек акыга чыгымдар

9187

13312

13813

11099

16008

16207

Социалдык фондго төгүмдөр

1585

2296

2383

1915

2761

2796

Тамак-ашка чыгымдар

1260

 

 

1260

 

 

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Утурумдук ремонтко чыгымдар

368

368

368

368

368

368

Бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун ченеми боюнча жалпы чыгым

12852

16571

17397

15109

19748

20214

3

Мектеп-интернаттар (интернаттык класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

13 206

19 136

19 853

15 952

23 010

23 297

Социалдык фондго төгүмдөр

2 278

3 301

3 425

2 752

3 969

4019

Тамак-ашка чыгымдар

14 280

14 700

14 700

14 280

14 700

14 700

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Утурумдук ремонтко чыгымдар

368

368

368

368

368

368

Бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун ченеми боюнча жалпы чыгым

30584

38100

39179

33819

42658

43227

4

Гимназия-мектептер (гимназиялык класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

9187

18472

20872

11099

21609

23855

Социалдык фондго төгүмдөр

1585

3186

3600

1915

3728

4115

Тамак-ашка чыгымдар

1260

 

 

1260

 

 

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Утурумдук ремонтко чыгымдар

368

368

368

368

368

368

Бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун ченеми боюнча жалпы чыгым

12852

22621

25673

15109

26316

29181

5

Мектеп-лицейлер (лицейлик класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

9187

16544

21781

11099

19341

24893

Социалдык фондго төгүмдөр

1585

2854

3757

1915

3336

4294

Тамак-ашка чыгымдар

1260

 

 

1260

 

 

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Утурумдук ремонтко чыгымдар

368

368

368

368

368

368

Бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун ченеми боюнча жалпы чыгым

12852

20361

26739

15109

23656

30398

6

Чет тилди тереңдетип окутуучу гимназия-мектептер (чет тилди тереңдетип окутуучу класстар)

Эмгек акыга чыгымдар

9187

20831

22002

11099

23385

24169

Социалдык фондго төгүмдөр

1585

3593

3795

1915

4034

4169

Тамак-ашка чыгымдар

1260

 

 

1260

 

 

Окуу чыгымдары

163

181

215

178

197

225

Квалификацияны жогорулатууга чыгымдар

93

93

93

93

93

93

Окуу китептерин алууга чыгымдар

196

321

525

196

321

525

Утурумдук ремонтко чыгымдар

368

368

368

368

368

368

Бир окуучуга карата (коммуналдык чыгымдардан тышкары) бюджеттик каржылоонун ченеми боюнча жалпы чыгым

12852

25387

26998

15109

28398

29549

Эскертүү: Инклюзивдүү билим берүүдө өзгөчө муктаждыктары бар окуучулар үчүн жалпы билим берүүчү мектептердин каражатка муктаждыктарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерине ылайык эсептөөдө эмгек акыга стандарттуу чыгымдар 3,0 көбөйтүүчү коэффициент менен туураланат.