Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 77-VIII «Европа Бирлиги – Кыргызстан» парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 21-январы № 77-VIII
“Европа Бирлиги – Кыргызстан” парламенттик
кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын
парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жана Европа Бирлигинин ортосундагы Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында Европа Бирлигине катышкан өлкөлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты андан ары тереңдетүү зарылчылыгын таанып, Европа Бирлигине катышкан өлкөлөр менен парламенттик деңгээлде жигердүү саясий диалогго умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. “Европа Бирлиги – Кыргызстан” парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:
Аманова Санталат Абдылдаевна;
Жороев Исманали Эгембердиевич;
Исеналиев Эркинбек Аскеевич;
Кылычбаев Алтынбек Таирович;
Мавлянова Махабат Эргешовна.
2. Парламенттик делегация жасалган иштер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдап турсун.
Төраганын орун басары | Ж. Таалайбек кызы |