Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 31-декабры № 1176-т
Кыргыз Республикасында жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын андан ары өнүктүрүү, сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026–2028-жылдарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча жол картасы (мындан ары – Жол картасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жол картасын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
– Жол картасын белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрсүн;
– квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна Жол картасынын аткарылышы жөнүндө маалымат берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 25-июлдан жана 25-январдан кечиктирбестен Жол картасынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
4. Жол картасында көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо ишке тартылган мамлекеттик органдардын каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 450-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
2026-2028-жылдарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын өркүндөтүү боюнча ЖОЛ КАРТАСЫ
№ | Милдеттер | Иш-чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
1-глава. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен туруктуу камтуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү | ||||||
1 | Камсыздандырылбаган жарандардын категорияларын милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну камсыз кылуу | ММК полисин сатуу | 2026-2028-жылдар | Кыргыз Республикасынын жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен төмөнкүдөй камсыздалды: - 77%га чейин (2026-жылы), - 80%га чейин (2027-жылы), - 85% чейин (2028-жылы) | ММКФ, ССМ | ММКФ бюджети |
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында билим алып жаткан чет өлкөлүк жарандарды 95%га чейин медициналык камсыздандыруу менен камтуу камсыздалды | ММКФ, ИЖБИМ | ||||
2 | ММК системасына киргизүү жана туруктуу ведомстволор аралык маалымат алмашууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында патент сатып алган чет өлкөлүк жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдын статусун ыйгаруу жана эсепке алуу механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | Патент сатып алуучу чет өлкөлүк жарандарды эсепке алуу жана аларга камсыздандырылган адамдын статусун ыйгаруу үчүн ченемдик негиздерди иштеп чыгуу | 2026-2027-жылдар | Чет өлкөлүк жарандарды ММК системасына киргизүү жана медициналык камсыздандыруу менен камтуу деңгээлин жогорулатуу камсыздалды | ММКФ, МСК, СФ, ЭСКММ, СӨИТМ, ЭКМ, ССМ | ММКФ бюджети |
ММКФ менен башка кызыкдар мамлекеттик органдардын ортосунда ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун санариптик механизмин иштеп чыгуу | ||||||
3 | Камсыздандыруу принциби боюнча медициналык, профилактикалык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн ММК боюнча жарандардын жана камсыздандырылган адамдардын социалдык аялуу категорияларына кайра багыттоо менен Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасын кайра кароо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык- санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтомун өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2026-жыл | Калкка медициналык, профилактикалык жана фармацевттик кызмат көрсөтүүлөрдү орто мөөнөттүү келечекке этап-этабы менен киргизүү камсыздалды | ССМ, ММКФ | ССМ, ММКФ бюджети |
4 | Калктын социалдык аялуу категориялары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептик көрсөткүчүнүн өлчөмүн республикалык бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен этап-этабы менен кайра кароо | Мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу | 2027-2028-жылдар | Бюджеттин баланстуулугу камсыздалды | ММКФ, МФ | Республикалык бюджеттин ММКФ бюджетинин каражаттары |
5 | Кыргыз Республикасынын аймагында спорттук мелдештерге катышуучу спортчуларда ММК полисинин болушун камсыз кылуу | Спортчулар тарабынан ММК полисин өз алдынча сатып алуу тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2026-2028-жылдар | ММК полиси жок спортчуларды милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен камтууну кеңейтүү камсыздалды | ММКФ, Спорт агенттиги | ММКФ бюджети |
2-глава. Медициналык жардамдардын сапатын контролдоону камсыз кылуу | ||||||
6 | Саламаттык сактоонун баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдары жана стационарлары үчүн методикалык колдонмону бекитүү менен медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын баалоо жана экспертизалоо процесстерин автоматташтыруу | Бейтаптын санариптик медициналык картасынын негизинде медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоо методикасын иштеп чыгуу | 2027-2028-жылдар | Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү баалоонун сапаты жана объективдүүлүгү жогорулады, адам факторунун таасири төмөндөдү, мамилелер стандартташтырылды жана саламаттык сактоо уюмдарын камтуу кеңейтилди | ССМ, ММКФ | ССМ, ММКФ бюджети |
Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын санариптик контролдоону ишке ашырууга мүмкүндүк берген санариптик чечим үчүн техникалык тапшырманы иштеп чыгуу | Санариптик чечим эксплуатацияга киргизилди | ССМ, ММКФ, СӨИТМ, "Түндүк" ААК | ММКФ бюджети, донорлордун каражаттары | |||
7 | ММК аркылуу көрсөтүлүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү төлөөчү системасында иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата колдонулуучу финансылык чараларды төмөнкү бардык белгиленген коэффициенттерди эске алуу менен кайра кароо жана иштеп чыгуу: - саламаттык сактоонун баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмунда киши башына карата ченем; - стационарда дарыланган учурдун базалык ставкасы | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругун иштеп чыгуу жана бекитүү | 2027-жыл | Медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын контролдоонун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү төлөөчү системасы иштеген саламаттык сактоо уюмдарына карата колдонулуучу финансылык чараларды кабыл алуу методикасы бекитилди | ССМ, ММКФ | ММКФ бюджети |
3-глава. Санариптик сервистерди киргизүү | ||||||
8 | ММКФ маалыматтык системасын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалыматтык системалары менен интеграциялоо | Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууларды түзүү | 2027-2028-жылдар | Тараптардын электрондук өз ара аракеттенүүсү үчүн юридикалык негиз камсыздалды | ММКФ, СФ, Агартуумин, ИЖБИМ, ЭСКММ, ССМ, "Түндүк" ААК, ФМ (мониторинг жана талдоо үчүн) | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттери |
Электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу үчүн сервистерди иштеп чыгуу | Тиешелүү сервистер тараптардын "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасында жарыяланды жана тиешелүү жеткиликтүүлүк берилди | |||||
9 | Төлөөчүлөр тарабынан ММК үчүн келип түшкөн төгүмдөргө көз салуу, мониторинг жүргүзүү, баалоо жана отчеттуулукту камсыз кылуу системасын түзүү | ММК боюнча камсыздандырылган адамдар үчүн жеке кабинеттин техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу | 2027-2028-жылдар | ММК боюнча камсыздандырылган адамдардын жеке кабинети ишке киришти | ММКФ, СФ, СӨИТМ, "Түндүк" ААК | Ишке тартылган мамлекеттик органдардын бюджеттери, донорлордун каражаттары |
ММК боюнча камсыздандырылган адамдар үчүн жеке кабинетти ишке киргизүү | Санариптик чечим эксплуатациялоого берилди | |||||
Кыскартуулардын тизмеси
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
СӨИТМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги |
ИЖБИМ | - | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
Агартуумин | - | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
СФ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду |
МСК | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
Спорт агенттиги | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги |
"Түндүк" ААК | - | "Түндүк" ачык акционердик коому |
ММКФ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду |
ММК | - | милдеттүү медициналык камсыздандыруу |