Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-сентябры № 493
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын кайра багыттоо максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү финансылык жылга бекитилген бюджеттин алкагында Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын каржылоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-июнундагы № 302 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасы" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-мартындагы № 136 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-декабрындагы № 724 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-декабрындагы № 636 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-ноябрындагы № 790 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 78 (3527) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |