Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-январындагы № 34
токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын түзүү жана аткаруу тартиби (мындан ары - Тартип) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын каржылоо механизмин аныктайт.
2. Билим берүү уюмдарынын чыгымдар сметасын түзүүнүн жана бекитүүнүн мөөнөттөрү боюнча жалпы жол-жоболор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык аныкталат.
3. Ченемдин жана окуучулардын санынын негизинде райондор (шаарлар) боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын жалпы чыгымдарын аныктоо Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин функциясы болуп эсептелет, ал эми Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги аныктаган бюджеттин чегинде уюмдардын чыгымдар сметасын түзүү жана бекитүү райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) жана жалпы билим берүү уюмдарынын функциясы болуп эсептелет.
2-глава. Жалпы билим берүү уюмдарын каржылоого ыйгарым укуктарды чектөө
4. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарынан аймактык билим берүү органдары аркылуу чыгымдардын экономикалык классификациясынын төмөнкү беренелери боюнча окуу процессин камсыздоо менен байланышкан жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарын каржылайт:
Чыгымдардын экономикалык классификациясынын коддору | Чыгымдардын аталышы |
2111 | Эмгек акы |
2121 | Социалдык фондго төгүмдөр |
2211 | Кызматтык иш сапарларга чыгымдар |
2215 | Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу |
2218 | Тамак-аш азыктарын сатып алуу |
2221 | Мүлктү учурдагы оңдоп-түзөө |
2222 | Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу |
5. Жергиликтүү бюджеттен жалпы билим берүү уюмдарынын имараттарды күтүү боюнча учурдагы чыгымдары каржыланат:
Чыгымдардын экономикалык классификациясынын коддору | Чыгымдардын аталышы |
2212 | Байланыш кызмат көрсөтүүлөрү |
2213 | Ижара акысы |
2214 | Транспорттук кызмат көрсөтүүлөр |
2224 | Көмүр сатып алуу |
2231 | Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр |
3111 | Имараттар жана курулмалар |
3112 | Машиналар жана жабдуулар |
6. Жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөндөн тышкары чыгымдары каржыланышы мүмкүн.
7. Капиталдык салымдарга чыгымдар тиешелүү максаттуу программаларды ишке ашырууда республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан жүргүзүлөт.
8. Бишкек шаарынын билим берүүсүнө чыгымдар Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынан каржыланат.
3-глава. Жалпы билим берүү уюмдарынын бюджетин түзүү
9. Жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдары төмөнкүдөй эки методиканын негизинде эсептелет:
1) бардык жалпы билим берүү уюмдары үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемине жана окуучулардын санына (мындан ары - ченем) жараша каржылоонун ченемдик принцибинин негизинде;
2) каржылоонун ченемдик принциби жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдары үчүн - сарптоолордун бардык беренелери боюнча чыгымдарды эсептөө жолу менен колдонулуудагы жол-жоболорго жараша.
§ 1. Келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдар сметаларынын долбоорун түзүү
10. Аймактык билим берүү органдарынын функциялары:
1) жалпы билим берүү уюмдары үчүн келерки жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген ченемдин негизинде, ошондой эле уюмдардын тиби жана окутуу баскычтары боюнча окуу жылынын башталышына карата окуучулардын санына жараша республикалык бюджеттин каражаттарына болгон муктаждык эсептелет.
ЧКРБКМ = (ТЧЧ + КЧ) * ОС,
мында:
ЧКРБКМ - жалпы билим берүү уюмунун бирдиктери боюнча келерки жылга ченемди камсыз кылууга республикалык бюджеттин каражаттарына болгон муктаждык;
ТЧЧ (ОТЧ) - I баскычтагы окуучулардын тамактануусуна чыгымдардын ченеми;
ОС - окуу жылынын башталышына карата I баскычтагы жалпы билим берүү уюмунун окуучуларынын саны;
КЧ (ОЧЧ, КЖЧ) - калган чыгымдар;
2) келерки жылга ченемди камсыздоого республикалык бюджеттин каражаттарына район (шаар) боюнча суммалык муктаждык чыгымдардын төмөнкү негизги багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине берилет:
- окуучулардын тамактануусуна чыгымдар;
- окутуу баскычтары боюнча келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын ченеминдеги калган чыгымдар;
3) каржылоонун ченемдик принциби жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдары үчүн келерки жылга бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын сметасынын долбоору чыгымдардын төмөнкү багыттары боюнча түзүлөт:
- эмгек акы төлөө фондуна чыгымдар - окуу жылынын башталышына карата тарификациялык тизмеге жана штаттык расписаниеге ылайык;
- тамактанууга чыгымдар - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тамактануунун акчалай ченемдерине ылайык;
- калган чыгымдар (эмгек акы төлөөгө жана окуучулардын тамактануусуна чыгымдарды кошпогондо) - колдонуудагы ченемдерди эске алуу менен керектөөлөр боюнча;
4) каржылоонун ченемдик принциптери жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттик каражаттары боюнча чыгымдар сметасынын район (шаар) боюнча жыйынды долбоору Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине берилет;
5) каржылоонун ченемдик принциптери жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдар сметасынын республика боюнча жыйынды долбоорлору жана чыгымдардын негизги багыттарына карата ченем боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын муктаждыктары Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен календарлык планга ылайык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.
11. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен календарлык планга ылайык мөөнөттө келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине билдирет.
§ 2. Келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттик каражаттары боюнча чыгымдар сметасын түзүү жана бекитүү
12. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин функциялары:
1) республикалык бюджетти бекиткенден кийин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги район (шаар) боюнча келерки жылга жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттик чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү чыгымдардын негизги багыттарына карата ченем боюнча керектөөлөргө жараша аныктайт;
2) каржылоонун ченемдик методу жайылтылбаган жалпы билим берүү уюмдарынын бюджеттик чыгымдары боюнча контролдук көрсөткүчтөр келерки жылга райондор (шаарлар) боюнча чыгымдардын экономикалык классификациясына ылайык аныкталат.
13. Аймактык билим берүү органдарынын функциялары:
1) аймактык билим берүү органдары ар бир билим берүү уюмуна карата бюджеттик чыгымдар боюнча контролдук көрсөткүчтөрдү жазууну жүргүзөт. Мында I баскычтагы окуучулардын тамактануусуна бюджеттик чыгымдар ченем боюнча керектөөлөрдүн толук көлөмүндө, калган чыгымдар боюнча бюджеттик чыгымдар - керектөөлөрдү жабуу ченемин эске алуу менен аныкталат.
Жалпы билим берүү уюмдарынын эмгек акы төлөө фондун туура түзүү жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине жана анын аймактык билим берүү уюмдарына жүктөлөт;
2) аймактык билим берүү органдары ар бир жалпы билим берүү уюму боюнча келерки жылга алардын өтүнмөсүнө ылайык контролдук көрсөткүчтөрдүн чегинде чыгымдар сметасын түзөт. Келерки жылга бюджеттик каражаттар боюнча жалпы билим берүү уюмдарынын сметалары аймактык билим берүү органдарынын жетекчиси тарабынан бекитилет;
3) Казыналык системасында эсеби бар жалпы билим берүү уюмдары чыгымдар сметасын өз алдынча түзүшөт.
4) Бюджеттик классификацияга ылайык бюджеттик каражаттар боюнча райондун (шаардын) чыгымдарынын жыйынды сметасы аймактык билим берүү органынын жетекчиси тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине берилет.
4-глава. Жалпы билим берүү уюмдарынын бюджетин аткаруу
14. Бекитилген кассалык пландын чыгымдар бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, аймактык билим берүү органдары жана жалпы билим берүү уюмдары аткарат.
15. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, аймактык билим берүү органдары казыналыктын автоматташтырылган системасында авторизациялоону жүргүзөт жана бюджеттик каражаттарды алуучулар жана чыгымдардын экономикалык, ведомстволук, функциялык жана программалык классификация беренелери, активдер жана милдеттенмелер менен операциялардын квалификациясы боюнча кассалык пландын жалпы суммасын бөлүүнү жүргүзөт.
16. Аймактык билим берүү органдары жана билим берүү уюмдары, ошондой эле алардын өзгөрүүлөрү боюнча пландалган маалыматтарды каттоодо казыналыктын автоматташтырылган системасы киргизилген маалыматтын төмөнкүлөргө шайкештигин текшерет:
1) кассалык планда бекитилген пландалуучу чыгымдардын жалпы суммасына;
2) бюджеттик каражаттарды алуучунун бюджеттик милдеттенмелеринин лимиттерине.
17. Аймактык билим берүү органдары жана жалпы билим берүү уюмдары учурдагы мезгилге бөлүнгөн бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине ылайык кассалык пландын чегинде өздөрүнүн жеке эсептеринен кассалык чыгымдарды кабыл алынган (катталган) жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди эске алуу менен жүргүзөт.
18. Аймактык билим берүү органдары бюджеттик каражаттарды билим берүү уюмдары боюнча бөлүштүрөт.
19. Казыналык системасында эсеби бар жалпы билим берүү уюмдары боюнча каржылоо суммасы өтүнмөгө ылайык ушул эсептерге которулат. Билим берүүнүн калган уюмдары боюнча каржылоо аймактык билим берүү органдарынын казыналык эсептеринде эсепке алынат.
20. Ошол эле учурда аймактык билим берүү органдарынын алдындагы борборлоштурулган бухгалтериялар чыгымдардын сметасын аткаруу жөнүндө отчетту кийин түзүү үчүн ар бир жалпы билим берүүнүн уюму боюнча өзүнчө чыгымдарды эсепке алууну жүргүзөт.
21. Аймактык билим берүү органдарынын алдындагы борборлоштурулган бухгалтериялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча салык төлөөчүлөрдөн киреше салыгын чегерүүлөр боюнча которуу тапшырмаларын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарына берет.
5-глава. Жалпы билим берүү уюмдарынын бюджетин тактоо
22. Жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарынын бекитилген сметасынын көлөмдөрүн көбөйтүүдө же азайтууда жаңы смета тиешелүү мезгилге каржылоонун такталган планы катары аныкталат. Чыгымдар сметасын тактоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан жүргүзүлөт.
23. Чыгымдар сметасына өзгөртүүлөр төмөнкү себептер боюнча киргизилет:
1) бюджетти бекиткенден кийин жаңы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга же колдонуудагыларды өзгөртүүгө байланыштуу;
2) жаңы окуу жылынын башталышына карата класс-комплекттердин санын көбөйтүүгө (азайтууга) алып келген окуучулардын санын көбөйтүүдө (азайтууда);
3) республикалык бюджеттен кошумча ассигнованиелерди бөлүүгө байланыштуу.
24. Окуучулардын санынын жана класс-комплекттердин санынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарынын сметасын тактоо жалпы билим берүү уюмдарынын ортосунда бюджетти кайра бөлүштүрүү аркылуу жүргүзүлөт.
6-глава. Казыналык системасында эсептери бар жалпы билим берүү уюмдарын каржылоо өзгөчөлүктөрү
25. Жалпы билим берүү уюмдары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген казыналык жол-жоболорго ылайык казыналык системасында эсептерди ачууга жана чыгымдардын чегинде өз алдынча бухгалтерияны түзүүгө укуктуу.
26. Жалпы билим берүү уюмдары кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр менен келишимдерди өз алдынча түзөт.
27. Жалпы билим берүү уюмдары аймактык билим берүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген келерки жылга бюджеттик чыгымдар боюнча контролдук көрсөткүчтөрдүн чегинде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары боюнча чыгымдардын өзүнчө сметасын өз алдынча түзөт.
28. Жалпы билим берүү уюмдарынын чыгымдарынын сметасы республикалык бюджеттин каражаттары боюнча аймактык билим берүү органынын жетекчиси жана жергиликтүү бюджеттин каражаттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы тарабынан бекитилет.
29. Бюджетти аткаруу процессинде аймактык билим берүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өтүнмөгө ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын эсебине каражаттарды которот.
30. Жалпы билим берүү уюмдары аймактык билим берүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык формаларда жана мөөнөттө отчетторду берет.
7-глава. Эсепке алуу жана отчеттуулук
31. Жалпы билим берүү уюмдарынын каражаттарын эсепке алуу жана отчеттуулук Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин белгиленген жол-жоболору боюнча жүргүзүлөт.
32. Аймактык билим берүү органдары билим берүүнүн тейлеген уюмдары боюнча отчеттуулукту, ошондой эле район (шаар) боюнча жыйынды отчетту түзөт.
33. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги аймактык билим берүү органдарынын отчетторунун негизинде республика боюнча республикалык бюджеттин каражаттары боюнча жыйынды отчеттук маалыматтарды түзөт.
34. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп (ББЭ) боюнча жыйынды балансты түзөт жана жалпы билим берүү уюмдары боюнча (республикалык жана жергиликтүү) отчетторду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине белгиленген мөөнөттө жана формаларда берет.