Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз V- сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 63
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 6-августунда болуп өткөн кезектеги VII- сессиясынын №130 токтомуна өзгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Арал айылындагы Чыныке-Бий көчөсүнүн жана Кара-Жылга өзөнүнүн тургундарынын трансформатордук подстанция алып берүү жөнүндөгү арыздарын канааттандырып, акча каражатын бөлүү жөнүндөгү Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 6-августунда болуп өткөн кезектеги VII- сессиясынын № 130 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2 даана трансформатордук подстанция сатып алууга акча каражатынын жетишсиздигине байланыштуу Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 6-августунда болуп өткөн кезектеги VII- сессиясынын № 130 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Арал айылындагы Чыныке-Бий көчөсүнүн жашоочуларынын муктаждыгын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнгөн 700,0 (жети жүз миң) сом акча каражаты 1 даана трансформатордук подстанция сатып алууга жумшалсын.
3. Кара-Жылга өзөнүндө жашаган 6 үй-бүлөнүн трансформатордук подстанция алып берүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү арызы Талас райондук электр тармактар ишканасы менен биргеликте аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы жеке озүмдүн көзөмөлүмө коюлсун.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |