ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 6-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция17.12.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 17-декабры № 6-VIII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. VIII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй түзүмү бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын биринчи орун басары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын эки орун басары;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сегиз комитети.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкүдөй комитеттери түзүлсүн:

1) Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;

2) Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет;

3) Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитет;

4) Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитет;

5) Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

6) Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитет;

7) Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет;

8) Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитет.

3. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 12-январындагы № 10-VII токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н. Тургунбек уулу