Редакцияот 31.01.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 

2026-жылдын 31-январы № 25

 

Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын ишин оптималдаштыруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 328 “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институтун өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

II бөлүмдүн 4-главасында:

– 5–8-пункттардагы “Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл” деген сөздөр алып салынсын;

– 10-пункттун “Улук кызмат орду” тобунун “У-А” категориясынын “Укук коргоо органдары” графасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (******)”;

–        1–4-главаларга эскертүүдө:

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“(******) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасындагы административдик мамлекеттик кызмат орду, ага дайындоо (бошотуу) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан жүзөгө ашырылат.”.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:

– I бөлүмдө:

1-главанын 9-пунктундагы “, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу” деген сөздөр алып салынсын;

2-главанын 10-пунктундагы “, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу” деген сөздөр алып салынсын;

2) жогоруда аталган Жарлыктын 2-тиркемесинде:

– 6-пункттагы “, коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу” деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 7 (3767) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров