Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 117-VIII «Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 29-январы № 117-VIII
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына
Кыргыз Республикасынын парламенттик
делегациясын түзүү жөнүндө
Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташууну андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын алкагында парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1.Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:
Тургунбек уулу Нурланбек – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;
Атажанов Ырысбек Ысламович;
Ахмедова Айгуль Абдилхаевна;
Джумабеков Дастанбек Артисбекович;
Исираилов Азамат Алмазбекович;
Карыбек уулу Улукбек;
Машрапова Гүлай Эгемназаровна;
Торобекова Нуржамал Турсуналиевна;
Эргешов Бекмурза Аскарбаевич.
2.Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:
укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссияга – Исираилов Азамат Алмазбекович;
социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссияга – Карыбек уулу Улукбек, Торобекова Нуржамал Турсуналиевна, Атажанов Ырысбек Ысламович, Ахмедова Айгуль Абдилхаевна, Машрапова Гүлай Эгемназаровна;
экономикалык кызматташтык боюнча комиссияга – Эргешов Бекмурза Аскарбаевич, Джумабеков Дастанбек Артисбекович.
3. Парламенттик делегация өзүнүн иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
К.Л. Ханджеза |