Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 31-январындагы № 24 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциуму жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын консорциуму (мындан ары - консорциум) чакан жана орто ишкердик субъекттерин (мындан ары - ЧОИ субъекттери) колдоонун макулдашылган жана натыйжалуу саясатын түзүү үчүн мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын, финансы-кредиттик уюмдардын, кепилдик жана инвестициялык фонддордун, бизнес-ассоциациялардын, эл аралык өнөктөштөрдүн жана донордук түзүмдөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү максатында түзүлүүчү ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн координациялык платформасы болуп саналат.
Консорциумдун ишинин артыкчылыктуу максаттарынын бири өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аныкталган стратегиялык артыкчылыктарга ылайык ишкердикти өнүктүрүү жана экономикалык өсүшкө дем берүү чөйрөсүндөгү демилгелерди, тапшырмаларды жана милдеттерди ишке ашырууну камсыз кылуу болуп саналат.
2. Консорциум юридикалык жак болуп саналбайт жана өз ишин ушул Жобонун, Кыргыз Республикасынын Президентинин аны түзүү жөнүндө чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ага берилген ыйгарым укуктардын чегиндеги чечимдеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт.
3. Консорциум мамилелерди макулдашууну, ЧОИ субъекттерин колдоо чараларын күчөтүүнү, биргелешкен долбоордук башкаруу механизмдерин, натыйжалуулукка мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү киргизүүнү камсыз кылат.
4. Консорциум макулдашуулардын, меморандумдардын долбоорлорун, ниеттер жөнүндө протоколдорду, программалык документтерди жана ЧОИ субъекттерин колдоого багытталган башка чечимдерди даярдоону камсыз кылууга укуктуу. Көрсөтүлгөн документтерге консорциумдун катчылыгы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктуу орган же уюм тарабынан кол коюлат.
5. ЧОИ субъекти түшүнүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мааниде колдонулат.
6. Консорциумдун иш-аракеттери төмөнкү принциптерге негизделет:
1) мыйзамдуулук жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү;
2) ЧОИ субъекттерин колдоо чараларынын ачыктыгы, айкындыгы жана санариптик байкоого алынышы;
3) ЧОИ субъекттеринин катышуу тең укуктуулугу;
4) колдоо чараларынын макулдашылгандыгы жана комплекстүүлүгү;
5) функцияларды күчөтүү жана колдоо куралдарынын ортосунда тең салмактуу атаандаштыкты камсыз кылуу;
6) өлчөнүүчү натыйжага жана коомдук отчеттуулукка багыт алуу.
7. Консорциумдун уюштуруучулар кеңешине Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кирет.
8. Жаңы катышуучуну консорциумга кабыл алуу жөнүндө чечимди ушул Жобого ылайык консорциумдун уюштуруучулар кеңеши кабыл алат.
9. Ушул Жободо консорциумдун катышуучулары катары мамлекеттик органдар, өнүктүрүү институттары, банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар, кепилдик жана компенсациялык фонддор, эл аралык уюмдар, донорлор жана өнөктөштөр, ошондой эле иши ЧОИ субъекттерин өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган башка уюмдар түшүнүлөт.
2-глава. Консорциумдун максаттары жана милдеттери
10. Консорциумдун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ЧОИ субъекттерин системалуу өнүктүрүү жана анын экономикалык өсүшкө, жумуштуулукка жана экспортко кошкон салымын жогорулатуу үчүн мамлекеттин, жеке сектордун, өнүктүрүү институттарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн күч-аракеттерин бириктирүү;
2) инструменттерди, программаларды жана ресурстарды борбордоштурулган координациялоо менен ЧОИ субъекттерин колдоонун бирдиктүү экосистемасын түзүү;
3) ЧОИ субъекттерине финансылык жана финансылык эмес колдоо чараларына, анын ичинде кредиттөөгө, кепилдик берүүгө, камсыздандырууга, компенсациялык инструменттерге, консультация берүүгө, инфраструктуралык жана экспорттук колдоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
4) колдоо чараларын алууда ЧОИ субъекттери үчүн "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү;
5) ЧОИ субъекттери үчүн административдик жана жөнгө салуучу тоскоолдуктарды азайтуу;
6) инновациялык, экспортко багытталган, аялдар, жаштар жана социалдык ишкердикти, ошондой эле региондордо ишкердикти өнүктүрүү;
7) санариптик платформаны жана ЧОИ субъекттерин колдоо чараларынын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү;
8) ЧОИ субъекттерин колдоо чараларынын жана натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн системасын (KPI) түзүү, ишке киргизүү жана колдонуу;
9) экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишкердиктин жогорку өндүрүмдүү секторлорун, анын ичинде жогорку кошумча наркы жана олуттуу мультипликативдик таасири бар багыттарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
11. Консорциумдун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) функцияларды күчөтүү жана ошол эле максаттуу топтор үчүн атаандаштыкты болтурбоо үчүн ЧОИ субъекттерин колдоо системасынын катышуучуларынын ишин координациялоо;
2) Консорциумдун катышуучуларынын арасында функционалдык ролдорду бөлүштүрүү жана каржылоонун артыкчылыктарын макулдашуу;
3) ЧОИ субъекттерин колдоонун жаңы инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, анын ичинде кепилдик механизмдери, пайыздык ставкаларды компенсациялоо, экспорттук кредиттөө жана камсыздандыруу, "жашыл" каржылоо инструменттери, венчурдук жана акселерациялык программалар;
4) Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иши жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Консорциумдун уюштуруучулар кеңеши сунуш кылган долбоорлорго карата колдонулушу мүмкүн болгон кредиттик тобокелдиктерди (кепилдик берүү, компенсациялык жана башка) бөлүштүрүү механизмин иштеп чыгуу жана сунуштоо;
5) ЧОИ субъекттеринин кластерлерин өнүктүрүүгө, өндүрүшүн локалдаштырууга, продукциясын стандартташтырууга жана сертификаттоого, ошондой эле ЧОИ субъекттеринин тышкы рынокторго чыгуусуна көмөктөшүү;
6) ЧОИ субъекттери үчүн билим берүү, консультациялык жана акселерациялык программаларды уюштуруу;
7) колдонулуучу программаларды, көлөмдөрдү, камтууну жана жетишилген натыйжаларды белгилөө менен ЧОИ субъекттерине көрсөтүлгөн колдоонун бирдиктүү санариптик реестрин түзүү жана жүргүзүү;
8) ЧОИ секторунун абалы, колдоо программаларын ишке ашыруунун натыйжалары жана тартылган каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугу жөнүндө жылдык аналитикалык отчетторду даярдоо;
9) ЧОИ субъекттерин өнүктүрүү жана колдоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо.
3-глава. Консорциумдун түзүмү
12. Консорциумдун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) консорциумдун уюштуруучулар кеңеши;
2) консорциумдун катышуучулары.
4-глава. Консорциумдун уюштуруучулар кеңеши
13. Консорциумдун уюштуруучулар кеңеши консорциумдун башкы координациялык органы болуп саналат жана төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) консорциумдун стратегиялык артыкчылыктарын, иш пландарын жана жылдык отчетун бекитет;
2) ЧОИ субъекттерин колдоонун артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле негизги долбоорлорду жана программаларды аныктайт;
3) жумушчу жана эксперттик топторду түзөт жана ыйгарым укук берет;
4) консорциумдун катышуучуларынын, ошондой эле консорциумдун курамына киргизүү үчүн тиешелүү макулдашуулар түзүлгөндөн кийин экономиканы өнүктүрүү боюнча эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштайт;
5) консорциумдун ишинин алкагында ишке ашырылуучу долбоордук демилгелерди бекитет, ошондой эле жаңы долбоорлорду жана программалык багыттарды өз алдынча демилгелейт;
6) консорциумдун катышуучуларынан жана мамлекеттик органдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматты сурап алат;
7) консорциумдун чечимдеринин аткарылышын, анын ичинде консорциумдун катчылыгынын жана жумушчу топтордун ишин контролдойт;
8) консорциумдун ишине байланыштуу кайрылууларды жана даттанууларды карайт жана компетенциясынын чегинде чараларды көрөт;
9) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын дарегине сунуштамаларды киргизет.
14. Ушул Жобонун 13-пунктунда көрсөтүлгөн компетенциялардын алкагында кабыл алынган консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин чечимдери консорциумдун катышуучулары тарабынан аткарылууга тийиш.
Ушул пункттун ченемдери иши Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери же өкмөттөр аралык макулдашуулары менен жөнгө салынган консорциумдун катышуучуларына жайылтылбайт. Мындай катышуучулар үчүн консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин чечими сунуштама мүнөзүндө болот.
15. Консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин жыйналыштары кварталына бир жолудан кем эмес, ал эми кезексиз жыйналыштар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин демилгеси же консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрүнүн суроо-талабы боюнча өткөрүлөт.
16. Консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин чечимдери катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Финансылык институттар жана консорциумдун башка катышуучулары консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин жыйналыштарына катышуу үчүн алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча консультациялык тартипте чакырылышы мүмкүн.
17. Консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин курамына өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча киргизилиши мүмкүн.
18. Консорциумдун уюштуруучулар кеңеши мамлекеттик органдардан жана консорциумдун катышуучуларынан ЧОИ субъекттерин өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты суратууга, ошондой эле ЧОИ субъекттеринин алкагында өзүнчө долбоорлорду өз алдынча демилгелөөгө жана илгерилетүүгө укуктуу.
19. Консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин чечимдери мамлекеттик органдар тарабынан ЧОИ субъекттерин колдоо чаралары бөлүгүндө аткарылышы милдеттүү болуп саналат. Мамлекеттик органдар консорциумдун жана консорциумдун катчылыгынын ишине көмөк көрсөтүүгө, активдүү катышууга, ошондой эле консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин чечимдерин жана консорциумдун катчылыгынын сунуштарын артыкчылыктуу тартипте кароого милдеттүү.
20. Консорциумдун уюштуруучулар кеңеши иштин айрым багыттары боюнча убактылуу эксперттик жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.
5-глава. Консорциумдун катчылыгы
21. Консорциумдун катчылыгы - консорциумдун ишин уюштуруучулук-аналитикалык камсыз кылуучу аткаруу органы;
22. Консорциумдун катчылыгынын функцияларын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги аткарат.
23. Консорциумдун катчылыгы төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) консорциумдун ишин уюштуруучулук, аналитикалык жана долбоордук коштоо;
2) консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин жыйналыштарына материалдарды даярдоо;
3) консорциумдун документтерин жана иш кагаздарын жүргүзүү;
4) жумушчу топтордун ишин координациялоо;
5) ар жылдык жана кварталдык отчетторду даярдоо;
6) консорциумдун чечимдеринин бирдиктүү санариптик реестрин жана ЧОИ субъекттерине көрсөтүлгөн колдоонун санариптик реестрин жүргүзүү;
7) консорциумдун катышуучулары, инвесторлор, донорлор жана мамлекеттик органдар менен маалыматтык өз ара аракеттенүү;
8) долбоордук демлигелерди, бизнес-пландарды, техникалык-экономикалык негиздемелерди жана башка долбоордук документтерди даярдоо жана түзүмдөштүрүү;
9) ЧОИ субъекттерин колдоонун бекитилген долбоорлорун жана программаларын ишке ашырууну уюштуруу жана координациялоо;
10) максатка ылайыктуулугу, туруктуулугу жана ЧОИ субъекттерин өнүктүрүүгө таасири боюнча сунушталган демилгелерди алдын ала баалоо;
11) ЧОИ субъекттерин колдоонун жаңы инструменттери, анын ичинде кепилдик механизмдери, компенсациялык программалар, экспорттук камсыздандыруу, "жашыл" каржылоо жана стартаптарды акселерациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
12) долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү жана консорциумдун уюштуруучулар кеңеши үчүн аралык отчетторду даярдоо;
13) консорциумдун долбоорлорунун санариптик портфелин түзүү.
6-глава. Консорциумдун катышуучулары
24. Консорциумдун катышуучулары ыктыярдуулук, тең укуктуулук, ачыктык жана ак ниет өз ара аракеттенүү принциптеринде аракеттенет.
25. Консорциумдун катышуучуларынын курамы консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин чечими менен өзгөртүлүшү мүмкүн жана жыл сайын бир жолу Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө сунушталат.
26. Эл аралык уюмдар жана экономиканы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр консорциумдун уюштуруучулар кеңеши менен кошулуу жөнүндө макулдашууну түзүү аркылуу консорциумдун катышуучулары боло алышат.
27. Консорциуимдун катышуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ЧОИ субъекттерин колдоо инструменттерин өнүктүрүү жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү;
2) долбоордук багыттарды демилгелөө жана аларды иштеп чыгууга көмөк алуу;
3) консорциумдун аналитикалык, консультациялык жана маалыматтык материалдарын алуу.
28. Консорциумдун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) консорциумдун жайналыштарына, жумушчу топторуна жана демилгелерине активдүү катышууга;
2) ушул Жобонун талаптарын жана консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдерин сактоого;
3) ЧОИ субъекттерин колдоо программаларын ишке ашыруу максатында суралган маалыматтарды так жана өз убагында берүүгө;
4) макулдашылган программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышууга;
5) консорциумдун максаттуу көрсөткүчтөрүнө жетүүгө көмөк көрсөтүүгө.
Максаттуу көрсөткүчтөр катары консорциумдун уюштуруучулар кеңеши тарабынан бекитилген жана консорциумдун программаларын ишке ашыруунун натыйжаларын баалоо үчүн колдонулган ЧОИ субъекттерин колдоо чараларынын натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү түшүнүлөт.
Консорциумдун катышуучулары консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин чечимдерин өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жана ички ченемдик документтерге, эл аралык макулдашууларга жана катышуунун макулдашылган программаларына ылайык, алардын институционалдык өз алдынчалыгына зыян келтирбестен аткарат.
29. Жаңы катышуучулардын консорциумга кирүү тартиби төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) консорциумдун катчылыгына белгиленген форма боюнча жазуу жүзүндө кирүү тууралуу арыз берүү;
2) арыз ээсинин юридикалык статусун жана ишинин профилин ырастоочу документтерди берүү;
3) консорциумдун катчылыгы тарабынан белгиленген критерийлерге шайкештигин текшерүү;
4) консорциумдун уюштуруучулар кеңеши тарабынан берилген материалдарды кароо;
5) консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алуу;
6) консорциумдун катчылыгы тарабынан арыз ээсине ал бекитилген учурдан тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде кабарлоо.
Арыз ээсинин шайкештигин текшерүү анын юридикалык статусунун, ишинин профилинин жана ушул Жобонун талаптарынын сакталышынын критерийлери боюнча жүзөгө ашырылат.
Жогоруда аталган тартип Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин негизинде консорциумдун курамына киргизилген катышуучуларга жайылтылбайт.
30. Катышуучуну консорциумдан чыгаруу үчүн негиздер төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин чечимдерин системалуу аткарбоо;
2) катышуучунун билип туруп анык эмес маалымат берүүсү;
3) консорциумдун жана (же) анын катышуучуларынын беделине зыян келтирүүчү иш-аракеттерди жасоо;
4) консорциумдун курамынан ыктыярдуу чыгуу жөнүндө катышуучунун арыз берүүсү;
5) ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптарды бузуу.
31. Катышуучуну консорциумдан чыгаруу жөнүндө чечим консорциумдун уюштуруучулар кеңеши тарабынан консорциумдун катчылыгынын макулдугу менен катышуучунун өз ыктыяры менен чыгуу жөнүндө келип түшкөн арызынын негизинде же ушул Жобонун 30-пунктунда каралган критерийлердин негизинде кабыл алынат. Катышуучуну консорциумдан чыгаруу жөнүндө алардын чечими арыз катталган күндөн тартып 10 (он) календардык күндүн ичинде кабыл алынат жана консорциумдун катчылыгы тарабынан катышуучуга жазуу жүзүндө жеткирилет.
7-глава. Консорциумдун катчылыгынын ишин каржылоо
32. Консорциумдун катчылыгынын ишин каржылоо мыйзам тарабынан тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана донорлордун төгүмдөрү, гранттары жана техникалык жардамы менен ишке ашырылат.
8-глава. Отчеттуулук, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо
33. Консорциумдун ишине мониторинг жүргүзүү туруктуу негизде консорциумдун катчылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.
34. Консорциумдун катчылыгы программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө ар кварталдык отчетту консорциумдун уюштуруучулар кеңешине берип турат.
35. Консорциумдун иши жөнүндө жылдык отчетту консорциумдун уюштуруучулар кеңеши бекитет жана Президенттин Администрациясына жөнөтүлөт.
36. Жылдык отчетко төмөнкүлөр кирет:
1) ишке ашырылган иш-чаралар;
2) жетишилген натыйжалар жана натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү;
3) каржылоо жана колдонулган ресурстар жөнүндө маалымат;
4) ЧОИ субъекттерин колдоо чараларын андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштар.
9-глава. Талаштарды жөнгө салуу
37. Консорциумдун катышуучуларынын ортосундагы келип чыккан талаштар биринчи кезекте консорциумдун катчылыгынын катышуусу менен сүйлөшүүлөр аркылуу каралат.
38. Талашты жөнгө салуу мүмкүн болбогон учурда ал консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин кароосуна өткөрүп берилет.
39. Эгерде макулдашылган чечимге жетишилбесе, кийинки даттануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Консорциумдун катышуучулары пикир келишпестиктерди сотко чейин жөнгө салуу үчүн ак ниеттүү өз ара аракеттенүүгө милдеттүү жана алдын ала чара көрүүгө милдеттүү.
10-глава. Коррупцияга каршы талаптар
40. Консорциумдун иши Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарын, ачык-айкындуулук принциптерин сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө, ошондой эле финансылык же административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө менен жүзөгө ашырылат.
11-глава. Корутунду жоболор
41. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарынын жана консорциумдун катышуучуларынын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
42. Ушул Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор консорциумдун уюштуруучулар кеңешинин чечими боюнча киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилет.
43. Консорциум аны кайра уюштуруу же ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин иштейт.
44. Консорциумдун ишин токтотуу же иштөө форматын өзгөртүү жөнүндө чечим консорциумдун катчылыгынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.
45. Консорциумдун ишин токтотууда консорциумдун катчылыгы иш-чараларды бүтүрүү, учурдагы долбоорлорду жабуу жана документтерди консорциумдун катчылыгынын архивине өткөрүп берүү тартибин белгилейт.
46. Катышуучулардын жана өнөктөштөрдүн жеке маалыматтары "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыгат жана сакталат.
47. Ушул Жобону сактабоо консорциумдун уюштуруучулар кеңеши тарабынан анын компетенциясынын чегинде аныкталуучу чараларды колдонууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.