Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 4-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 414 “Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 11–12-пункттарын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 24-январындагы № 40 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Тиркеме
Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттеринде кызмат адамынын жана кызматкерлердин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлерди ички квалификациялык тандоо боюнча конкурстук комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, конкурстук комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Администрациясынын Президентинин тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча секторунун өкүлү, конкурстук комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Евразия экономикалык бирлигин координациялоо башкармалыгынын өкүлү, конкурстук комиссиянын катчысы.
Конкурстук комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тейлеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тейлеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин координациялоочу орун басары;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин Евразия экономикалык бирлигинин маселелерин тейлеген орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү.