ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 116-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 29-январы № 116-VIII

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси менен парламенттер аралык кызматташууну кеңейтүүгө жана парламенттик деңгээлде туруктуу саясий диалог жүргүзүүгө болгон өз ара кызыкчылыкты жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосунда Кызматташуу боюнча парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамы төмөнкүдөй депутаттардан түзүлсүн:

Ажибаев Чынгыз Ильяскожоевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын биринчи орун басары, комиссиянын теӊ төрагасы;

Азыгалиев Нурланбек Асанбекович;

Белеков Адилет Чолпонбекович;

Рысбаев Равшанбек Рысбаевич;

Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевич.

2. Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабы Парламенттер аралык комиссиянын иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

К.Л. Ханджеза