Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 120-VIII «Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 120-VIII
Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө
Азия Парламенттик Ассамблеясына катышкан мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык активдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана ар тараптуу парламенттик кызматташтыкты андан ары кеӊейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамы төмөнкүдөй депутаттардан түзүлсүн:
Тургунбек уулу Нурланбек – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;
Калпаев Бактыяр Алиевич;
Муратбеков Табылды Муратбекович;
Салямова Венера Хамзаевна.
2. Парламенттик делегация өзүнүн иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |