ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 121-VIII «Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 29-январы № 121-VIII

 

Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

 

Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ошондой эле Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигинин алкагында парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү жана парламенттик деңгээлде үзгүлтүксүз саясий диалогду колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

1. Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамы төмөнкүдөй депутаттардан түзүлсүн:

Тургунбек уулу Нурланбек – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;

Рустамбек уулу Советбек;

Сагынаев Болот Турусбекович;

Самаков Кубанычбек Карганбекович.

2. Парламентик делегация өзүнүн иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

К.Л. Ханджеза