ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январы № 113-VIII «Парламенттер аралык бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому

 

2026-жылдын 29-январы № 113-VIII

Парламенттер аралык бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

Парламенттер аралык бирликтин алкагында кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле парламенттик ишмердик маселелери боюнча парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү жана тажрыйба алмашууну кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Парламенттер аралык бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкүдөй депутаттардын курамында түзүлсүн:

Тургунбек уулу Нурланбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;

Аманова Бурун Кушбековна;

Бакасов Улан Болотбекович;

Исаева Джамиля Кубанычбековна;

Примов Улан Бердибаевич;

Таалайбек кызы Жылдыз.

2. Парламенттик делегация өзүнүн иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрагасынын орун басары

 

К.Л. Ханджеза