Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 123-VIII
“Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 75-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
“Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 75-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Европа Кеңешине катышкан мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:”.
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Бекешев Дастан Далабайевич парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.”.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |