ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 123-VIII «Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 75-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция29.01.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 29-январы № 123-VIII

 

“Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 75-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:

“Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 75-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Европа Кеңешине катышкан мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:”.

2. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

“11. Бекешев Дастан Далабайевич парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.”.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

К.Л. Ханджеза