Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 124-VIII
“Европа Бирлиги – Кыргызстан” Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 77-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
“Европа Бирлиги – Кыргызстан” Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 21-январындагы № 77-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Европа Бирлигине катышкан мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Европа Бирлигине катышкан мамлекеттер менен парламенттик деңгээлдеги саясий диалогду өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:”.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Зулушев Курманкул Токторалыевич “Европа Бирлиги–Кыргызстан” Парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясынын курамына киргизилсин.
3. 1-пунктта “Аманова Санталат Абдылдаевна” деген сөздөр “Аманова Салтанат Абдылдаевна” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Аманова Салтанат Абдылдаевна парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.”.
5.Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| К.Л. Ханджеза |