Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралы № 59
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 “Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын, Кимберли процессинин сертификациялоо схемасынын алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашыруу жана салыктык башкаруу механизмдерин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 349 “Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада “10” деген цифралар “13” деген цифраларга алмаштырылсын;
2) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырсын.”;
3) 5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасын эске алуу менен иштетилбеген табигый алмаздарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежесинде:
– 5-пунктта:
үчүнчү абзацта “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
расмий тилде сегизинчи абзацта “Таможенного союза” деген сөздөр “ЕАЭС” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. Иштетилбеген табигый алмаздарды ташып кирүүдө бажылык декларациялоого байланышкан бажы операциялары жасалганга чейин баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын өндүрүү жана жүгүртүү жаатында контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштетилбеген табигый алмаздарга экспертиза (идентификация) жүргүзүлөт.”;
– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9. Мамлекеттик контроль ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган адистештирилген бажы посттору аркылуу ишке ашырылат.”;
– 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“14. Мамлекеттик контроль ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган адистештирилген бажы посттору аркылуу ишке ашырылат.”;
– 1-тиркеме ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 292 “Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды ишке ашырган юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алуу тартиби жөнүндө жободо:
– төмөнкүдөй мазмундагы 71, 72-пункттар менен толукталсын:
“71. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан зер буюмдарын жасоо боюнча операцияларды жүргүзүүчү юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди атайын эсепке алууга коюу үчүн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамына ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди, ошондой эле төмөнкүлөрдү берет:
– зер буюмдарын өндүрүү үчүн зарыл болгон жабдууларга менчик укугун же ээлик кылуунун башка мыйзамдуу укугун ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
– жалданган кызматкерлердин тизмесин же жаңы түзүлгөн жумуш орундары жөнүндө маалыматтарды;
– жылдык пландаштырылган өндүрүш көлөмүн.
72. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы 3 (үч) жумуш күндүн ичинде юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан берилген маалыматтардын шайкештигине текшерүү жүргүзөт, анын натыйжалары изилдөө актысында таризделет жана чагылдырылат.”;
– 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
“– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы тарабынан юридикалык жак же жеке ишкер баалуу металлдардан жана асыл таштардан зер буюмдарын даярдоо боюнча иш жүзүндө иш жүргүзбөгөнүн же Баалуу металлдар мамлекеттик фондунан алынган чийки затты максатсыз пайдалангандыгын күбөлөндүрүүчү фактылар, документтер аныкталганда же маалымат алынганда.”.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 84 “Иштин түрлөрү боюнча патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинде:
– 1-пунктта “Базарларда, чакан базарларда жана базарлардын, чакан базарлардын аймагында же аймагына жакын жайгашкан соода объекттеринде товарларды сатуу” деген сөздөр “Зер буюмдарын сатуу боюнча ишти кошпогондо, базарларда, чакан базарларда жана базарлардын, чакан базарлардын аймагында же аймагына жакын жайгашкан соода объекттеринде товарларды сатуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 2-пунктта “Соода борборлорунан жана базарлардан тышкары, аянты 30 кв. м чейинки соода жайларында (кампа жайларынан жана ангарлардан тышкары) товарларды сатуу” деген сөздөр “Соода борборлорун жана базарларды, ошондой эле зер буюмдарын сатуу боюнча ишти кошпогондо, аянты 30 кв. м чейинки соода жайларында (кампа жайларынан жана ангарлардан тышкары) товарларды сатуу” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 3-пунктта “30 календардык күнгө лотокторду, прилавкаларды, шатерлорду, чатырларды, бастырмаларды пайдалануу менен жарманкелерде, көргөзмөлөрдө, арзандатууларда товарларды чекене сатуу” деген сөздөр “Зер буюмдарын сатуу боюнча ишти кошпогондо, 30 календардык күнгө лотокторду, прилавкаларды, шатерлорду, чатырларды, бастырмаларды пайдалануу менен жарманкелерде, көргөзмөлөрдө, арзандатууларда товарларды чекене сатуу” деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 575 “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө режимдеги соода зонасына таандык соода рыногунун аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптарда:
– 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Ушул Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагын жабдууга талаптар, анын ичинде тосмого талаптар (мындан ары – Талаптар) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган соода рынокторунун аймагында ишти жүзөгө ашырган салык төлөөчүлөргө карата колдонулат.”;
– 9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 58 “Баалуу металлдар жана асыл таштар менен айрым операциялар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды пробалоо жана эн тамгасын басуу тартиби жөнүндө жободо:
– төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
“41. Кыргыз Республикасынын аймагынан аталган товарларды кийин экспорттоо шарты менен баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды импорттоодо, импорттоочу төмөнкү шарттарды сактаса, эн тамгасын басуу жол-жобосун жүргүзүү талап кылынбайт:
– Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 324-беренесинде белгиленген КНС шарттуу эсептөө режими колдонулганда;
– пробалык жыйым төлөгөндүгү жөнүндө квитанция болгондо.”;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында пробалык көзөмөл жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
– 6-пункттун 1-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 1-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 156 “Сынам жыйымынын ставкаларын жана Сынам жыйымын төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11. Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 27-пунктуна ылайык легалдаштырылуучу сынамын алууга жана эн тамгалоого сынам жыйымынын ставкасы белгиленсин:
1) ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн түшүүчү алтын, платина жана палладий зер буюмдары жана башка баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле чет өлкөдө сатып алынган, чет өлкөлүк өндүрүштөгү алтын, платина жана палладий зер буюмдары, мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан түшкөн зер буюмдун 1 даанасы үчүн 10,0 сом өлчөмүндө;
2) ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн түшүүчү күмүш зер буюмдары жана башка баалуу металлдардан жасалган зер буюмдар, ошондой эле чет өлкөдө сатып алынган, чет өлкөлүк өндүрүштөгү күмүш зер буюмдары, мурда колдонулган жана жеке же юридикалык жактардан түшкөн зер буюмдун 1 даанасы үчүн 8,0 сом өлчөмүндө.”.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 “Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
– 6-пункттун 2-пунктчасындагы “10000 (он миң)” деген сөздөр “50000 (элүү миң)” деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. Бул токтом 2026-жылдын 3-февралында күчүнө кирүүчү 6-пунктту кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |