Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 77
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 5-февралындагы № 60 “Кыргыз
Республикасынын Салык кодексинин 307-беренесин
ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
“Салык салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-февралындагы № 60 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 307-беренесин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Тобокелдиктерди башкаруу системасына ылайык тобокелдик белгилери бар товарларды берүүнүн салык салынуучу наркы жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилген товарлардын импортунун салык салынуучу наркы боюнча кошумча нарк салыгынын салыктык базасын аныктоо жана колдонуу тартибинде:
– 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
“7) ири салык төлөөчү – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобого ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине ылайык ири салык төлөөчүлөрдүн тизмегине киргизилген субъект.”;
– 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасы ушул Тартиптин 8-пунктуна ылайык товарга орточо арифметикалык баанын негизинде аныкталган тиешелүү товардык позицияга орточо бааны эске алып, алынган натыйжаны 30 пайызга азайтуу менен төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасы = Сц - (Сц * 30 %), мында Сц– орточо арифметикалык баа.”;
– 8, 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу товарларга орточо баа акыркы (отчеттук) 60 (алтымыш) күндө импорттоочулар тарабынан берилген товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын маалыматтарынын негизинде ТБС тарабынан аныкталат.
Тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген социалдык маанилүү товарларга ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттолуучу товарларга орточо баа товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө жөнүндө арыздардын маалыматтарынын, ошондой эле ТЭИ ТН коддорун тандоо жолу менен акыркы (отчеттук) 60 (алтымыш) күндө өндүрүүчүлөр тарабынан таризделген электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтарынын негизинде ТБС тарабынан аныкталат.
Көрсөтүлгөн билдирүүлөрдө маалыматтар жок болгон учурда орточо баа мурда белгиленген деңгээлде сакталууга тийиш.
Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу салык органы статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга товарларга орточо баалардын статистикасы боюнча маалыматтарды берүү жөнүндө суроо-талап жиберүүгө укуктуу.
Статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган суроо-талапты алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде суралган маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
9. Тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасы социалдык маанилүү товарлардан тышкары, ТЭИ ТН кодуна ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон товарларга квартал сайын белгиленет.
Тизмекке ТЭИ ТН кодуна ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон социалдык маанилүү товарларды кошкондо, товарларга салык төлөөчүдөн жана/же бизнес-ассоциациядан жана/же мамлекеттик органдан ай сайын келип түшкөн арыздардын жана кайрылуулардын негизинде өзгөртүүлөр киргизилет.
Келип түшкөн арыздардын жана кайрылуулардын негизинде Тизмекти аныктоо жана Тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.”;
– 10-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 19–25-пункттар менен толукталсын:
“19. Эгерде импорттоочу же өндүрүүчү ири салык төлөөчү болуп эсептелсе, товарларга карата КНС боюнча салыктык милдеттенме тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасын колдонбостон, товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастаган документтерде көрсөтүлгөн баага негизденип эсептелет.
20. Салык органы импорттолуучу товар боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон бааны ырастоо жөнүндө белгиленген тартипте экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органына суроо-талап жиберүүгө укуктуу.
Экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органынан товарлардын баасынын ылайык келбегендигин күбөлөндүрүүчү маалыматтарды сураган же алган учурдан тартып 90 (токсон) күн өткөндөн кийин ырастоо жок болсо, салык органы салык мыйзамдарына ылайык товарды ташып кирген (импорттогон) күндөн тартып туумду эске алуу менен тобокелдик белгилери бар салыктык база боюнча КНСти кошумча эсептейт.
21. Тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасы менен макул болбогон импорттоочу бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасын колдонуу жөнүндө арыз менен салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга укуктуу.
22. Тобокелдик белгилери бар КНСтин белгиленген салыктык базасы менен макул болбогон өндүрүүчү бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастаган документтерди салык органына берүүгө укуктуу.
23. Салык органы бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы жөнүндө импорттоочунун арызын карайт жана белгиленген тартипте экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органына суроо-талапты жиберет.
Бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органы тарабынан 90 (токсон) күндүн ичинде ырасталган учурда КНС боюнча салык милдеттенмеси менен келишимде (контрактта) көрсөтүлгөн баанын ортосундагы айырма экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органынан расмий ырастоо келип түшкөн учурдан тартып ашыкча төлөнгөн болуп саналат.
Экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органынан көрсөтүлгөн ырастоо болгон учурда бул ырастоо импорттоочу же өндүрүүчү тарабынан ТЭИ ТН коду боюнча келишимде (контрактта) көрсөтүлгөн бааны ыйгарым укуктуу салык органында ырастоо катталган күндөн тартып кийинки 6 (алты) айдын ичинде товарлар үчүн салык базасы катары колдонуу үчүн негиз болуп эсептелет.
Талап кылынган учурдан тартып 90 (токсон) күн өткөндөн кийин экспорттоочу өлкөнүн компетенттүү салык органынан ырастоо жок болсо, КНСтин салыктык базасы өзгөрүүсүз калат.
24. Салык органы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 20-беренесинин 4-бөлүгүнө, 139-беренесинин 5–7-бөлүктөрүнө ылайык бүтүмдүн тараптары колдонгон товардын баасынын негиздүүлүгүн ырастаган өндүрүүчүнүн документтерин карайт.
Эгерде өндүрүүчү берген ырастоочу документтерди салык органы тарабынан кароонун жыйынтыгы боюнча бүтүмдүн тараптары колдонгон товарлардын баасы негиздүү деп таанылса, КНС боюнча салыктык милдеттенме тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасын колдонбостон, келишимде (контрактта) жана товарды коштоочу документтерде көрсөтүлгөн баадан улам эсептелет.
Эгерде бүтүмдүн тараптары колдонгон товардын баасы өндүрүүчү тарабынан берилген ырастоочу документтерди салык органы тарабынан кароонун жыйынтыгы боюнча негизсиз деп таанылса, КНС тобокелдик белгилери бар КНСтин салыктык базасын колдонуу менен салык органы тарабынан эсептелүүгө тийиш.
25. Ушул Тартиптин 22-пунктунда көрсөтүлгөн товарлардын баасынын негиздүүлүгүн ырастоочу документтерге төмөнкүлөр кирет:
1) колдонулуучу бааларды милдеттүү түрдө чагылдыруу менен материалдык ресурстарды жана товарларды жөнөтүүгө келишим/контракт;
2) өз ара көз каранды болуп саналбаган жактардын ортосундагы бүтүмдөр боюнча келишим/контракт:
– товарларга керектөө суроо-талабынын сезондук жана башка өзгөрүүлөрү;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте товарлардын сапатын же башка керектөө касиеттерин жоготуусу;
– товарлардын жарактуулук же сатуу мөөнөтү бүткөндө же жакындап калганда;
– маркетингдик саясат, анын ичинде окшошпогон жаңы товарларды рынокко чыгарууда, ошондой эле товарларды жаңы рынокторго чыгаруу;
– керектөөчүлөрдү тааныштыруу максатында товарлардын тажрыйбалык моделдерин жана үлгүлөрүн сатуу;
3) эсеп-фактура (кагаз же электрондук документ түрүндө);
4) ЕАЭБтин техникалык регламентине шайкештик сертификаты же ветеринардык жана фитосанитардык сертификат же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ЕАЭБ укугунун талаптарына ылайык стандарттарга шайкештик жөнүндө декларация сыяктуу ТЭИ ТН коду көрсөтүлгөн документ.”;
2) 2-пунктта “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом төмөнкүлөрдү кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет:
– 2025-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун 1-пунктчасынын жетинчи, сегизинчи, тогузунчу, онунчу, он биринчи, он экинчи, он үчүнчү, он төртүнчү жана он бешинчи абзацтарын;
– 2025-жылдын 8-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун 1-пунктчасынын жыйырма биринчи, жыйырма үчүнчү, жыйырма төртүнчү, жыйырма бешинчи жана жыйырма алтынчы абзацтарын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |