Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 3-апрели № 78
Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1- берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., №6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 96-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча юридикалык жакты жоюу жөнүндө талап мындай талап коюу укугу мыйзамда же ушул Кодексте берилген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сотко берилиши мүмкүн.
Юридикалык жак тарабынан бир жылдын ичинде салык органына отчет берилбеген учурда, салык органы аны мажбурлап жоюу жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.
Соттун белгиленген тартипте мыйзамдуу күчүнө кирген юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө чечими каттоочу органдын ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйругунун чыгарылышы үчүн негиз болуп саналат.
Юридикалык жакты жоюу жөнүндө соттун чечими менен анын уюштуруучуларына (катышуучуларына) же болбосо анын уюштуруу документтери менен юридикалык жакты жоюуга ыйгарым укук берилген органга юридикалык жакты жоюуну жүзөгө ашыруу боюнча милдеттер жүктөлүшү мүмкүн.
Ушул Кодекстин ушул статьясынын 2 жана 3-пункттарынын жана 97, 98-статьяларынын талаптары банкроттук процессинде юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт.";
2) 97-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органы жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимди юридикалык жактын үчүнчү жактардын алдында милдеттенмелери, анын ичинде кепилдик милдеттенмелери жок болгон учурда гана кабыл алышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарынын жана (же) Социалдык фондунун органдарынын арыздары боюнча юридикалык жактарды жоюуда жоюу балансын түзүү жана бекитүү талап кылынбайт.".
2- берене
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 46-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 65-пункт менен толукталсын:
"65) өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык;";
2) 47-берененин 11-пункту "мүлкүнө" деген сөздөн кийин ", ЭЭЗнин аймагында жайгашкан мүлктү ижарага берүүдөн алынган ижара акысын кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
3) 48-берененин 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
3- берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, №122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 238-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"238-берене. Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо
Жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын (маркалоо коддорун) сатуу максатында даярдоо, ага тете сатуу максатында сактоо же болбосо жасалма акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын ири өлчөмдө же болбосо алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан сатуу же пайдалануу -
1 000ден 2 000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү. Ушул беренеде ири өлчөм деп беш жүз же андан ашык жасалма акциздик маркалар жана/же идентификациялоо каражаттары таанылат.";
2) 239-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "239-берене. Милдеттүү түрдө акциз салынуучу продукцияны акциздик маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз жүгүртүү";
б) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон ири өлчөмдө
жасалган продукцияны акциздик маркаларсыз жана/же идентификациялоо каражаттарысыз өндүрүү, сактоо, импорттоо же сатып өткөрүү, ага тете идентификациялоо каражаттарын кол-донуунун белгиленген тартибин жана/же эрежелерин бузуу -".
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2401-берене менен то-лукталсын:
"2401-берене. Пломбаны жулуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Евразия эко-номикалык бирлигинин укугунда каралган тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, уюмдардын кызматкерле-ри, жеке жактар тарабынан атайын эн тамга коюу каражатта-рынын (пломбаларынын) алып салынышын кошпогондо, то-варларды (жүктү) ташып өтүүдө, анын ичинде товарды (жүктү) импортоодо ыйгарым укуктуу органдар же уюмдар тарабынан белгиленүүчү атайын эн тамга коюунун башка каражаттары-нын контролдук пломбаларын өзү билемдик менен жулуп са-луу же бузуп алуу -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга алып келет.".
4-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, №122-123) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-беренеде:
а) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "Жеке жактарга" деген сөз-дөр "Өлчөмү 5 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацында "318-беренесинде" деген сөздөр "318 жана 3091-беренелеринде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3091 жана 3092-беренелер менен толукталсын:
"3091-берене. Өзгөчө режимдеги соода зонасынын статусуна ээ болгон соода рынокторуна коюлуучу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу
Өзгөчө режимдеги соода зонасынын статусуна ээ болгон соода рынокторуна коюлуучу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын бузуу -
юридикалык жактарга 10 000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3092-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык эсеп-фактураларды колдонбоо
Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында эсеп-фактураны тариздөө же алуу милдеттүү тартипте белгиленген учурларда, эсеп-фактураны колдонбоо, ага тете товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсеп-фактураны тариздебестен жана албастан сатып алуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
3) 311-берененин биринчи абзацы "транспорт каражаттарын" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык таризделүүгө тийиш болгон" деген сөздөр менен толукталсын;
4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3111-берене менен толукталсын:
"3111-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында коштомо документтерсиз товарлардын ордун которуу
1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык таризделүүгө тийиш болгон товарлардын Кыргыз Республикасынын аймагында коштомо документтерсиз ордун которуу -
жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кай-таланып жасалса, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолу-дан ашык кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
5) 312-314-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"312-берене. Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын же акциздик маркаларды кайра колдонуу
Мурда колдонулган тиешелүү идентификациялоо каражаттарын же акциздик маркаларды кайра колдонуу -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
313- берене. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарларды маркалоо каражаттарын товарга жана/же таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорт-тоо жана сатып өткөрүү
Маркаланууга тийиш болгон товарларды акциздик маркаларды же идентификациялоо каражаттарын товарга жана/ же таңгагына чаптабастан өндүрүү, импорттоо, ташып келүү, сактоо жана сатуу, ага тете идентификациялоо каражаттарын пайдалануунун белгиленген тартибин, жана/же эрежелерин бузуу, эгерде мындай укук бузуу кылмыштын белгилерин камтыбаса, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
314- берене. Товарларды маркалоо каражаттарын жасалмалоо
Пайдалануу максатында акциздик маркаларды же товарларды идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо, ага тете аларды сатуу максатында сактоо же сатуу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
6) 316-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "316-берене. Товарларды, анын ичинде мунай заттарын жүгүртүү тартибин бузуу
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана/же ЕАЭБдин укуктарында белгиленген товарларды жүгүртүү тартибин, анын ичинде мунай заттарын ташып келүү, сактоо, өндүрүү жана сатуу тартибин бузуу -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -350 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
7) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3161-берене менен толукталсын:
"3161-берене. Маркалануучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусу тарабынан маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук тутумунун операторуна маалыматтарды бербөөсү жана/же маалыматтарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу
Эгерде, көрсөтүлгөн маалыматтарды берүү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана/же ЕАЭБдин укуктарына ылайык милдеттүү болуп саналса, маркалануучу товарларды жүгүртүүнүн катышуучусунун маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук тутумунун операторуна маалыматтарды бербөөсү жана/же маалыматтарды берүү тартибин жана мөөнөттөрүн бузуусу -
жеке жактарга 125 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -500 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
8) 318-беренеде:
а) 1-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баян-далсын:
"жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 41 жана 42-бөлүктөр менен толукталсын:
"41. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 5 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
42. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолудан ашык кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
9) 321-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "321-берене. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу
1. Бузук контролдук-кассалык машинаны пайдалануу
- жеке жактарга жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 5 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде бир жолудан ашык кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга -130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
10) 324-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 354-берененин аталышында жана биринчи абзацында "жана төлөмдөрдү төлөө" деген сөздөр "жана/же төлөмдөрдү төлөө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 434-беренеде:
а) биринчи абзацында "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөр "1. Ыйгарым укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жаза чарасы колдонулгандан кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалса, -
жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга - 300 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
13) 470-беренеде "308, 309, 311-316, 318-324-беренелер" деген сөздөр "308, 309-3092, 311-3161, 318-323-беренелерде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 563-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Ушул Кодекстин 3091, 310, 312-316-беренелерин, 318-берененин 5 жана 6-бөлүктөрүн, 320, 323 жана 325-беренелерди кошпогондо, 34-главасында, 354-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн айып пулдар төлөнгөн учурда, айып пул салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде айып пулдардын өлчөмдөрү 70 пайызга азайтылат.
Ушул бөлүктүн жоболору, эгерде укук бузууну жасаган адамдын айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылган учурга карата салык карызы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча карызы жок болгон учурда гана колдонулат.
Эгерде адам календардык жылдын ичинде ушул укук бузууларды жасагандыгы үчүн эки жолудан ашык тартылса, ушул бөлүктө каралган укук бузууларды жасагандыгы үчүн салынган айып пулдарды азайтууга жол берилбейт.".
5-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, №4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 6-пунктундагы “кызматкерлеринин” деген сөз “кызмат адамдарынын” деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк "Кошумча наркка салыкты" деген сөздөрдөн кийин "(мындан ары - КНС)" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-берененин 3-бөлүгүнүн 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) салык кызматынын органдарынын чечимдерине, салык кызматынын органдарынын жана/же алардын кызмат адамда-рынын аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу тартибин.";
3) 3-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү "ченемдер" жана "ченемдери" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "принциптер жана ченемдер" жана "принциптери жана ченемдери" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан түзүлгөн макулдашуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан ратификацияланса же макулдашуу Жогорку Кеңеш ратификациялаган макулдашууну аткаруу үчүн Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча түзүлсө, же болбосо Жогорку Кеңештин тапшырмасы боюнча түзүлгөн мындай макулдашуу кийин аны аткарууну улантуу максатында Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлсө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка ченемдерди белгилесе, анда мындай макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилелерине ушул Макулдашуунун ченемдери колдонулат.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Эгерде Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ставкалардын чегинде салыктардын ставкаларын, ошондой эле жаңы салыктарды киргизүүнү кош-погондо, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаган башка ченемдерди белгилесе, анда мындай Макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилелерине ушул Макулдашуунун ченемдери колдонулат.";
4) 4-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 6-пункттун "в" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"в) оңдоо үчүн товарларды, анын ичинде кепилденген оңдоону;";
б) 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 17-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык салуу максатында маркаланууга тийиш болгон товарлардын тизмеги, киргизүү мөөнөтү, товарларды маркалоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Идентификациялоо каражаттарында камтылууга тийиш болгон маалыматтын форматы жана курамы, айрым товарлардын товарларын маркалоонун эрежелери товарларды маркалоо тартибине ылайык ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет;";
г) 25 жана 26-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "25) өнбөгөн калдык - Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана/же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн салыктын жана/же камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;";
"26) товарларды жүгүртүү - товарларды Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо/ташып келүү, товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан экспорттоо, товарларды Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүү, сактоо, ордун кото-руу жана/же сатуу;";
д) 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"34) калк менен эсептешүүлөр - жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жак менен анын жеке өзүнүн жана/же үй-бүлөлүк керектөөлөрү үчүн сатып алган товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөр;";
е) 36-пунктта "салык кызматы" деген сөздөр "салык кызматынын органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
ж) 37-пунктта "туруктуу мекеме" деген сөздөр алып салынсын;
з) 43-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43) фискалдык программалык камсыздоо - салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча салык төлөөчүнүн милдеттенмесин аныктоо үчүн колдонулуучу маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана өткөрүп берүү үчүн салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу программалык камсыздоо;";
5) 15-берененин 2-бөлүгүнүн 2-абзацында "Жогорку Кеңеш тарабынан" деген сөздөр "Жогорку Кеңештин Регламенти менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6) 17-беренеде:
а) 3-бөлүктө "жана/же сот органдары" деген сөздөр "жана бажы органдары, салыктык талаштарды кароо боюнча сот жана/же соттон тышкаркы органдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу боюнча документтер
1. Ушул Кодексте так эместиктер, ылайык келбестиктер же аны колдонуу практикасында жана/же башка учурларда ылайык келбестиктер табылган учурда Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишин жөнгө салуучу мыйзамдарда каралган тартипте расмий чечмелөө берет, ошондой эле аларды жоюу чараларын көрөт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдерин пайдалануу жөнүндө суроо-талаптар боюнча 30 календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттүү.
Эгерде суроо-талапты кароо үчүн атайын текшерүүлөрдү (экспертизаларды) жүргүзүү, кошумча материалдарды талап кылуу же болбосо салык салынуучу базаны аныктоого багытталган чараларды көрүү зарыл болсо, суроо-талапты кароо мөөнөтү узартылышы мүмкүн, бирок ал 30 календардык күндөн ашпайт. Бул тууралуу чечим ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси же жетекчисинин орун басары тарабынан кабыл алынат жана арыз ээсине билдирилет.
3. Салык мыйзамдарын колдонуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түшүндүрмөлөрү салык кызматынын органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү жана укук коргоо жана сот органдары тарабынан салыктык талаш-тартыштарды кароодо жана процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүдө жазуу жүзүндөгү далил катары каралат.
4. Салык кызматынын органдары салык милдеттенмелерин аткаруу тартиби жана жол-жоболору боюнча салык төлөөчүнүн суроо-талаптары боюнча ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган мөөнөттө жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.
5. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды чыгарат, алар ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында кабыл алынган учурларда колдонуу үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык чыгарылуучу документтер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу басма жана электрондук басылмаларда документтердин текстин кайра чыгаруу жолу менен, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана/же ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында жалпыга маалымдалат.";
8) 28-беренеде:
а) 3-бөлүктүн 6-пунктунда "ушул берененин 3-бөлүгүнүн" де-ген сөздөр "ушул бөлүктүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышын же IP-дарегин колдонбостон Кыргыз Республикасынын резиденттери - сатып алуучу-жеке жактардын дарегине Кыргыз Республикасынын аймагы берүү орду катары таанылган электрондук түрдөгү кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле товарларды электрондук сатууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасында бул уюмдун туруктуу мекемесин түзүүгө алып келбейт.”;
9) 31-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-берене. Жумушту аткаруу же кызматтарды көрсөтүү
Товарды сатып өткөрүү болуп саналбаган, акы төлөө негизинде жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү деп таанылат.";
10) 32-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "берүү боюнча автоматтык ыкма менен" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) аралыктан, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу интернет-ресурстарга жана башка маалыматтык-коммуникациялык түйүндөрдөгү ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу электрондук китептерди (басылмаларды) жана башка электрондук жарыялоолорду, маалыматтык, билим берүү материалдарын, графикалык сүрөттөрдү, музыкалык чыгармаларды тексти менен же тексти жок, аудиовизуалдык чыгармаларды пайдалануу укугун, анын ичинде Интернет түйүнү аркылуу көрүү же угуу үчүн аларга аралыктан жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү жолу менен берүү, ошондой эле мындай интернет-ресурстардын функционалдык мүмкүнчүлүктөрүн жа-ңыртуу жана кеңейтүү;";
- 3-пункт "көрсөтүү" деген сөздөн кийин ", анын ичинде Интернет түйүнүндө товарларды (жумуштарды, кызмат көрсө-түүлөрдү), мүлктүк укуктарды сатып алуу (сатуу) жөнүндө сунуштарды жайгаштыруу боюнча кызматтарды көрсөтүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 9, 10-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктө:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 3-пунктта "электрондук почта" деген сөздөр "электрондук байланыш каражаттары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 34-берененин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
12) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 341-берене менен толукталсын:
"341-берене. Министрлер Кабинетинин укугу
Министрлер Кабинети белгилүү мөөнөткө төмөнкүлөр боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ болот:
1) ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурда:
а) ал жеткис күчтүн жагдайларынын келип чыгышынын натыйжасында пайда болгон салыктык карыздардын суммасы боюнча кийинкиге жылдырууларды же бөлүп төлөөлөрдү банктык кепилдиктерсиз берүү жөнүндө;
б) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ставкалардын чектеринде салыктардын ставкаларын өзгөртүү жөнүндө;
в) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймактарынан Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды импорттоодо кыйыр салыктар боюнча салык отчетун кошпогондо, салык отчетун берүү мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө;
г) салык милдеттенмелерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн салыктык санкцияларды жана туумдарды колдонбоо жөнүндө.
2) социалдык мааниге ээ товарларга, ошондой эле кайра иштетүүнүн натыйжасы социалдык мааниге ээ товарлар болуп саналган чийки затка салыктардын ставкаларын өзгөртүү жөнүндө.
Ушул пункттун максаттары үчүн социалдык мааниге ээ товарлар, ошондой эле кайра иштетүүнүн натыйжасы социалдык мааниге ээ товарлар болуп саналган чийки заттар деп, алардын тизмеги Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө жана Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген товарлар түшүнүлөт."
13) 46-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык.";
14) 51-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) акциздик товарларга, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасына ташып киргизилген товарларга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча орду которулган товарларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды аткарууга;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 17-20-пункттар менен толукталсын:
"17) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден Кыргыз Республикасына товарларды ташып кирүүдө салык органдарына ташып киргизилген товарларга документтерди жана коштомо документтерди Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте көрсөтүүгө;
18) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилүүчү товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн каталогдорун пайдаланууга;
19) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана ЕАЭБдин укуктарында аныкталган учурларда жана тартипте контролдук пломбаларды пайдаланууга;
20) ушул Кодекске ылайык эсеп-фактураны тариздөөгө мил-деттүү болгон берүүчүдөн электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны алуу менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга.";
15) 53-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- "Салык агенти" деген сөздөр "Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык агенти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын атайын статусу бар мыйзам чыгаруу, сот, мамлекеттик аткаруу бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын Конституциясында аталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана Депозиттерди коргоо боюнча агенттик, иши Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу мекеменин пайда болушуна алып келбеген, берүү жери болуп Кыргыз Республикасынын аймагы таанылган чет өлкөлүк уюм тарабынан алардын дарегине аткарылган, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр боюнча КНС боюнча салык агенттери болуп саналбайт.";
б) 2-бөлүктүн 3-пунктунда:
- пункт "чет өлкөлүк уюм" деген сөздөрдөн кийин "же жеке ишкер" деген сөздөр менен толукталсын;
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул пункт ушул Кодекс күчүнө кирген датага чейин түзүлгөн, ушул Кодекстин 3-беренесинде көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерди же макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында жумуштарды аткарууга жана/же кызмат көрсөтүүлөргө жайылтылбайт;";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-бөлүктөр менен толукталсын:
"6. Банк ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган милдеттерге карата салык агенти болуп саналбайт.
7. Салык агентинин отчету салык милдеттенмеси пайда болгон салык мезгили үчүн берилет. Салык агентинин отчетун берүү жана салык милдеттенмесин төлөө ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө колдонулган тартипте жана мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
8. Кыргыз Республикасынын аймагы берүү жери деп таанылган жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү чет өлкөлүк уюмдан же чет өлкөлүк жеке ишкерден сатып алууда Жогорку технологиялар паркынын резиденти ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган КНСке карата салык агентинин милдеттерин аткаруудан бошотулат.";
16) 56-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик жарандык кызматчылардын салык кызматынын органдарында кызмат өтөөсү, ушул Кодекске карама-каршы келбеген бөлүгүндө, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өзгөчө тартипте салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарын кызмат ордуна дайындоо же ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.";
в) 3-бөлүктө "аттестациянын жыйынтыктарын, кесиптик деңгээлин," деген сөздөр алып салынсын;
г) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Биринчи атайын наам болуп "салык кызматынын кенже инспектору" деген наам саналат, ал салык кызматынын органдарынын тутумунда бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар кызмат адамдарына ыйгарылат.";
д) 11-бөлүктүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары, класстык чендери бар адамдарга салык кызматынын органдарына өткөн учурда ушул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга, класстык ченге шайкеш келүүчү атайын наам ыйгарылат.";
17) 59-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 17-пункт "патенттин" деген сөздөрдөн кийин "же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 20 жана 21-пункттар менен толукталсын:
20) Кыргыз Республикасынын лотереялар жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте шыктандыруучу лотереяларды өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу;
21) шыктандыруучу лотереянын байге фондун түзүү үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жана аларды лотереянын жеңүүчүлөрүнө кайтарымсыз негизде өткөрүп берүү.";
18) 60-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пунктта "жеке жактар тарабынан мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу түрдө декларациялоо чөйрөсүндө" деген сөздөр "жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 15-пункттун "г" пунктчасында "кол тамгасы" деген сөздөр "жетекчисинин же ал тарабынан ыйгарым укук берилген адамдын кол тамгасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
19) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 601-берене менен толукталсын:
"601-берене. Салык кызматынын органдары тарабынан колдонулуучу тобокелдиктерди башкаруу тутуму
1. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму тобокелдиктердин даражасына (деңгээлине) баа берүүгө негизделген жана тобокелдикти аныктоо жана алдын алуу максатында салык органдары тарабынан иштелип чыгуучу жана/же колдонулуучу ча-раларды камтыйт.
2. Салык төлөөчү тарабынан салык милдеттенмесинин аткарылбай калуусу жана/же толук эмес аткаруу ыктымалдуулугу тобокелдик болуп саналат.
3. Тобокелдиктердин даражасына (деңгээлине) баа берүүгө салык төлөөчүлөр тарабынан берилген салык отчетторундагы маалыматтарды, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан, уюмдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынган маалыматтарды, ошондой эле салык төлөөчүнүн иши жөнүндө башка документтерди жана/же маалыматтарды талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
4. Тобокелдиктерди башкаруу тутуму ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумун колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
5. Тобокелдиктин даражасына (деңгээлине) баа берүү жүргүзүлүүчү белгилердин жыйындысы тобокелдиктин критерийлери болуп саналат.
Тобокелдиктин критерийлери жана тобокелдиктерди башкаруу тутумун колдонуунун тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталат.";
20) 61-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бажы органдары салыктарды, анын ичинде ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект тарабынан төлөнүүчү Бирдиктүү салыкты администрация-лоону жүзөгө ашырат:";
21) 64-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 1-пункт "фактысы" деген сөздөн кийин "жана статусу" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
"31) салык карызынын бар же жок болуусу жөнүндө;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-9-пункттар менен толукталсын:
"6) ушул Кодекстин 60-беренесинин 1-бөлүгүнүн 23-пунктуна ылайык жарыялангандар;
7) транспорт каражатына эсептелген жана/же төлөнгөн мүлк салыгынын суммасы жөнүндө;
8) салык төлөөчүгө берилген патенттер жөнүндө;
9) салык төлөөчүнүн чыгуусун чектөө жөнүндө."
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толукталсын:
"11) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумун иштеп чыгууну, коштоону же өркүндөтүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдарга;
12) кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоону жана транспорт каражаттарын мүлккө эсептелген жана төлөнгөн салыктын суммалары бөлүгүндө каттоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга.";
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, салык төлөөчүгө тиешелүү салыктык сырды түзгөн маалыматты кагаз түрүндөгү документ же электрондук документ түрүндө берилген салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жакка ачууга болот.
Салык төлөөчүнүн ушул бөлүктө каралган анын салыктык сырын башка жакка ачууга макулдугу салык төлөөчү тарабынан салык кызматынын органына же башка ушундай жакка берилет.
Эгерде салык төлөөчүнүн салыктык сырды ачууга макулдугу салык кызматынын органына башка жак аркылуу берилсе, анда анын аныктыгы үчүн жоопкерчилик ошол башка жакка жүктөлөт.";
22) 68-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "салыкты төлөөнүн" деген сөздөр "салыкты төлөө мөөнөтүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
23) 70-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда "толтуруу жана" деген сөздөр "толтуруу жана/же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 72-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими, эгерде салык төлөөчү төмөнкү датадан тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен төмөнкүлөрдү аткарса колдонулат:
1) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим тапшырылган учурдан тартып салык калдыгынын толук суммасын жана мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төлөнгөн күнгө эсептелген салык санкциясынын 50 пайыз өлчөмүн, ошондой эле төлөгөн күнгө эсептелген туумдардын 50 пайыз өлчөмүндөгү суммасын төлөсө;
2) такталган салык отчеттуулугун берген учурдан тартып ушул отчетко ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салык калдыгынын толук суммасын, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон салык санкциясынын 50 пайыз өлчөмүн жана төлөгөн күнгө эсептелген туумдардын 50 пайыз өлчөмүндөгү суммасын төлөсө.
Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими төлөмдөрдү ушул бөлүккө ылайык төлөгөн салык төлөөчүнү, эгерде анын бардык салыктар боюнча учурдагы салыктык карызы жок болсо, туумдардын жана салык санкциясынын калган суммасын төлөөдөн бошотот.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21 жана 22-бөлүктөр менен толукталсын:
"21. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу салык төлөөчүнүн аны колдонуу тууралуу арызынын негизинде ишке ашырылат. Жеңилдетилген режимди колдонуу жөнүндө арыз салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тапшырылган же такталган салык отчет берилген күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен берилет.
22. Ушул берененин максаты үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөмдөрдү төлөө деп, төмөнкүлөр таанылат:
1) салык төлөөчү тарабынан накталай эмес акча түрүндө төлөнүшү;
2) салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, пайыздарын, туумдарын жана салыктар боюнча салык санкцияларын ушул төлөмдөрдү төлөөнүн эсебине чегерүү.";
25) 73-берененин 12-бөлүгү "суммасы" деген сөздөн кийин "ушул Кодексте белгиленген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын;
26) 79-берененин 6-пунктунда "жеке жактар тарабынан мүлктү жана кирешелерди ыктыярдуу декларациялоо" деген сөздөр "жеке жактардын активдерин ыктыярдуу декларациялоо жана мунапыс берүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
27) 85-беренеде:
а) 5-бөлүктүн биринчи абзацында "Министрлер Кабинети" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 7-бөлүктө "салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактардын накталай акча каражаттарынын жана/же эсептердеги акча каражаттарынын эсебинен" деген сөздөр алып салынсын;
28) 86-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Жарандык-процесстик кодексинде" деген сөздөр "жарандык процесстик мыйзамдарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
29) 87-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салык кызматынын органдары салык төлөөчү мойнуна алган 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашкан өлчөмдө жана салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлама берилген күндөн кийинки 15 календардык күндүн ичинде аткарылбаган салык карызы бар жеке жактын же уюмдун жетекчисинин тышка чыгуусун чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.";
б) мамлекеттик тилдеги 3-бөлүктө "акт" деген сөз "соттун актысы" деген сөздөргө алмаштырылсын";
30) 89-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "билдирет" деген сөз "кабарлайт" деген сөзгө алмаштырылсын;
31) 90-беренеде "чечимдер" деген сөз "чечим" деген сөзгө алмаштырылсын;
32) 91-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында "Салык карызынын" деген сөздөр "Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык карызынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктүн үчүнчү сүйлөмү алып салынсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 13-бөлүк менен толукталсын:
"13. Стратегиялык объекттерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык стратегиялык объекттердин тизмесине киргизилген ата мекендик уюмдарга, эгерде кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө тууралуу арыз берилген салык карызына карата соттун өндүрүп алуу жөнүндө чечими болбосо, 18 айдан ашпаган мөөнөткө банктык кепилдиксиз кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө берилиши мүмкүн.
Банктык кепилдик бар болгон учурда кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөө жалпы тартипте берилет.";
33) 93-беренеде:
а) 6-бөлүктө "катталган" деген сөз "учурдагы салыктык эсепке алынган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 61-бөлүк менен толукталсын:
"61. Салыктын, ошондой эле пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык органы тарабынан чегерүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн кийинки 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.";
34) 97-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) эгерде ушул бөлүктө башкасы каралбаса, салык төлөөчүнүн электрондук документ түрүндө корреспонденцияны алууга макулдугу болгондо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү башка маалыматтык тутумдары аркылуу электрондук документ түрүндө жеткирилет.
Салык төлөөчү мойнуна алган салык милдеттенмесин аткарууну камсыздоо жөнүндө кабарлоо ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму же электрондук документ түрүндө корреспонденцияны алууга салык төлөөчүнүн макулдугусуз башка маалыматтык тутумдары аркылуу электрондук документ түрүндө жеткирилиши мүмкүн.";
б) 6-бөлүктө:
- 20 жана 21-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24) КНСтин ашыкча төлөнгөн суммасынын өлчөмүнүн негиздүүлүгүн жана түзүлгөнүн камералдык текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 25 жана 26-пункттар менен толукталсын:
"25) уюмду жоюуда же жеке ишкердин ишин токтотууда изилдөө материалдарын карап чыгуунун жыйынтыктары жөнүндө;
26) салык милдеттенмесинин эсептелген же азайтылган суммасы жөнүндө.";
в) 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) мүлккө салыкты эсептөө жөнүндө кабарлоо.";
г) 9-бөлүктө:
- биринчи абзацта "72-беренеде" деген сөздөр "Ушул Кодекстин 72-беренесинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "билдирүүлөр, актылар" деген сөздөр "актылар" деген сөзгө алмаштырылсын;
35) 100-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "тартибин жана" деген сөздөр алып салынсын;
36) 101-беренеде:
а) 4-бөлүктүн 2-пунктунда "107" деген цифралар "106" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктө "Бөлүштүрүү балансын жоюуда жоюу балансын" деген сөздөр "Жоюуда жоюу балансын же болбосо бөлүштүрүү балансын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
37) 102-берененин 3-бөлүгүндө "салык отчеттуулугун берген учурда" деген сөздөр "салык отчеттуулугу боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
38) 103-беренеде:
а) 1-бөлүктө "кабарлаган дата" деген сөз "билдирген дата" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө отчеттуулук берилгендигин ырастаган, отчётту кабыл алуу убактысы жана датасы жөнүндө белгиси бар документ болсо, салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенме мөөнөтүндө аткарылды деп эсептелет.";
39) 104-берененин 5-бөлүгүндө "укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
40) 105-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык төлөөчү же салык өкүлү, ошондой эле тиешелүү салык органы ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салык отчеттуулугун сактоого милдеттүү.".
41) 106-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) бюджеттен каржылануучу жана отчеттук салык мезгили үчүн мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелери болбогон уюмдарды кошпогондо, ата мекендик уюм;";
б) 9-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кыргыз Республикасынын жарандарынын - жеке жактардын жана мамлекеттик кызматчылардын бирдиктүү салык декларациясын салыктык контролдоо, сактоо жана жок кылуу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө", "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө", "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат."
42) 107-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1 жана 2-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеген адамга;
2) административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеген адамга;";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкары ага, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк, ошондой эле кирешелерди алуунун жана кетирген чыгымдардын негиздемеси жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын жашаган жери боюнча (паспорттук маалыматтарга ылайык) салык органына электрондук түрдө берүүгө милдеттүү.
Ушул берененин максаттары үчүн жакын туугандары деп жубайы (жолдошу), бойго жете элек балдары, декларанттын багуусунда же толук камкордугунда турган, же декларант тарабынан багууга укугу бар адамдар, бойго жеткен балдары, ата-энелери, ага-инилери жана эже-карындаштары таанылат, аларга карата декларанттар жашоого, билим алууга, саламаттыкты сактоого жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө финансылык чыгымдарды тартат.";
43) 108-беренеде:
а) 4-пунктунун "б" пунктчасынын биринчи абзацы "кардардык тиркеме түрүндө ишке ашырылган программалык камсыздоо" деген сөздөр "программалык камсыздоо, анын ичинде фискалдык программалык камсыздоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 10-пункттун "а" пунктчасы "патенттин" деген сөздөрдөн кийин "же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын" деген сөздөр менен толукталсын;
44) 109-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту "ишти патенттин" деген сөздөрдөн кийин "же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын" деген сөздөр менен толукталсын;
45) 110-берененин 5-бөлүгүндө "патенттин негизинде ишти жүзөгө ашырып жаткан жеке жакты, ошондой эле жеке эмгек ишин жүзөгө ашырып жаткан жеке жакты" деген сөздөр "патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде ишти жүзөгө ашырып жаткан жеке жакты" деген сөздөргө алмаштырылсын;
46) 111-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пунктунда ", субъектте салык төлөө милдеттенмесинин пайда болушун күбөлөндүрүүчү" деген сөздөр алып салынсын;
б) 2-бөлүктө:
- 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- экинчи абзацта "берененин 2-бөлүгүнүн" деген сөздөр "бөлүктүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-бөлүктүн биринчи абзацында "берүүлөрдү" деген сөз "ишти" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Ушул Кодекске ылайык ККМ колдонууга милдеттүү болгон салык төлөөчүнү салыктык каттоо Министрлер Кабинети аныктаган тартипте салык органында ККМ каттоо менен бир учурда аяктайт.";
д) берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-бөлүк менен толукталсын:
"12. Салыктык каттоодо субъектиге салык кызматынын органы менен аралыктан өз ара аракеттенүү үчүн анын салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.";
47) 112-берененин 5-бөлүгүндө "1 жана 2-пунктчаларынын" деген сөздөр "1 же 2-пункттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
48) 114-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасы "борбор" деген сөздөн кийин ", машина-трактордук станциялар" деген сөздөр менен толукталсын;
49) 117-беренеде:
а) 5-бөлүктүн 3-пунктунда "салыктык текшерүү жүргүзүү учурунда же КНСтин ашыкча төлөнгөн суммаларынын келип чыгышын текшерүүдө" деген сөздөр "салыктык текшерүүнү же КНС ашыкча төлөнгөн суммаларынын пайда болушунун негиздүүлүгүн текшерүүнү жүргүзүүдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктүн 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тематикалык текшерүү салык төлөөчү даттанган салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмелерге тиешеси бар маселелер боюнча, анын ичинде мурда көчмө, ошондой эле камералык текшерүүдө камтылган мезгилдер үчүн да жүргүзүлүшү мүмкүн.";
50) 120-берененин 2-бөлүгүндө "Министрлер Кабинети" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
51) 121-берененин 2-бөлүгүндө "эсепке алынган жердеги" деген сөздөр "учурдагы салыктык эсепке алынган жердеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
52) 123-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Көчмө текшерүүнүн материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча чечим көчмө текшерүүнүн материалдары каралган күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен чыгарылат, жана салык төлөөчүгө ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелеринин талаптарына ылайык тапшырылат";
б) 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан ушул берененин талаптарынын сакталбашы салык кызматынын органынын чечимин жокко чыгаруу жана анын кызмат адамын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн.”;
53) 127-беренеде:
а) 1-бөлүктө "салык мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын спирт камтыган продукциясын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде салык төлөө;
4) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте товарларды эсепке алууда жана кыймылын контролдоодо контролдоо пломбаларын жана коштоочу документтерди колдонуу;";
- 10-пункт "берүүгө" деген сөздөн кийин "жана/же сатып алууга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 12-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Рейддик салык контролун жүргүзүүдө товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу Министрлер Кабинети тарабынан аныктаган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.";
г) 4-бөлүктө "жана спирт камтыган продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын" деген сөздөр алып салынсын;
д) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген форма боюнча жазма буйрук таризделет. Рейддик салык контролун жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
54) 128-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи сүйлөмүндө "акчалай" деген сөз алып салынсын;
б) 2-бөлүктө " акчалай" деген сөз алып салынсын;
в) 3-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ККМ жана ФМО техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарды, анын ичинде алар көрсөткөн кызматтардын наркын;";
г) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. ККМ карата техникалык талаптар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамгаларды пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.";
55) 129-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) ишин жүзөгө ашырып баштаганга чейин ККМ тейлөөгө коюу жана каттоо;";
б) 2-пунктта "жана ККМ каттоо карточкасын алуу" деген сөздөр алып салынсын;
56) 130-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуунун программалык каражаттарын" деген сөздөр "товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуу үчүн колдонулуучу фискалдык программалык камсыздоону" деген сөздөргө алмаштырылсын;
57) 131-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:
"41) салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоо боюнча тобокелдик факторлору болгон учурда өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн;";
58) 139-берене төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттарында көр-сөтүлгөн субъекттердин дарегине сатуу баалары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатуу баасынан 30 пайыздан ашык айырмаланган салык төлөөчүгө карата товардын рыноктук баасы аныкталган учурда рыноктук баа катары жалпы салык режиминде иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине сатылган бир түрдүү товарлардын орточо өлчөнгөн баасы колдонулат.
Ушул бөлүктүн максаттары үчүн товардын орточо өлчөнгөн баасын эсептөөдө өзүнүн керектөө сапатын жарым-жартылай жоготкон же белгиленген жарактуулук мөөнөтүнүн 20 пайызына чейин колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен баасы төмөндөтүлгөн товарлар боюнча баалар эсепке алынбайт.";
59) 140-беренеде:
а) 6-бөлүктө "Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген" деген сөздөр "ушул Кодекске ылайык аныкталуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Салык кызматынын органынын чечимине салык төлөөчүнүн даттануусу жөнүндө ишти кароодо сот ушул главада саналып өткөн жагдайлар менен чектелбестен, салык салуу максатында бүтүмдүн баасын аныктоо үчүн мааниге ээ болгон бардык жагдайларды эске алууга укуктуу.";
60) 141-беренеде:
а) 2-бөлүктө "ушул беренеде көрсөтүлгөн" деген сөздөр "ушул Кодексте каралган тартипте" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
61) 143-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда, 5-бөлүгүнүн 3-пунктунда "ишканалардын, уюмдардын" деген сөздөр "уюмдардын" деген сөзгө алмаштырылсын;
62) 144-беренеде:
а) 3-бөлүктө:
- биринчи абзацта "келишимдик базасына" деген сөздөр "укуктарына" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "г" пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) "Товарларды маркалоо" МАМТнын жана маркалануучу товарларга байкоо жүргүзүүгө байланышкан маалыматтык тутумдардын иштөөсүнө жана техникалык эксплуатациялоого карата ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органына көмөк көрсөтүүнү.";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы "д" жана "е" пункттары менен толукталсын:
"д) маалыматтык тутумдарды даярдоо боюнча техникалык тапшырмаларды/талаптарды өз убагында иштеп чыгууну жана аларды техникалык коштоону, ыйгарым укуктуу салык органы менен макулдашуу боюнча толуктап иштеп чыгууну жана өркүндөтүүнү;
е) "Товарларды маркалоо" МАМТнын тутумдук негизинде өз убагында өркүндөтүү жана толуктап иштеп чыгуу.";
б) 4-бөлүктө:
- биринчи абзацта "келишимдик базасына" деген сөздөр "укуктарына" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2- пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана башка мамлекеттердин эмитенттери/операторлору, ошондой эле программалык камсыздоонун укук ээси менен коммерциялык негизде макулдашууларды/контракттарды/келишимдерди түзүүгө;"
63) 145-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толук-талсын:
“11. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана транспорт каражаттарын каттоо боюнча маалыматтык тутумду ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен Министрлер Кабинети аныктаган тартипте интеграциялоого милдеттүү.";
б) 2-бөлүк "органдар" деген сөздөн кийин "ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтык тутумду интеграциялоо болбогон учурда" деген сөздөр менен толукталсын;
в) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. 1-бөлүктө көрсөтүлгөн органдар кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо жана транспорт каражаттарын каттоодо төмөнкүлөргө милдеттүү:
- маалыматтык тутумдун жардамы менен мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок болуусу тууралуу маалымат алууга;
- мүлк салыгы боюнча салык карызы бар болсо, мүлк салыгы боюнча салык карызын жоюуну жана мүлк салыгы боюнча салык карызын төлөгөндүгү жөнүндө квитанцияны көрсөтүүнү талап кылууга;
- эгерде карыздын өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн ашса, мүлк салыгы боюнча салыктык карызды төлөгөнгө чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон жана транспорт каражаттарын каттоодон баш тартууга.
Ыйгарым укуктуу салык органы маалыматтык тутумду кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жана транспорт каражаттарын каттоо боюнча маалыматтык тутумдар менен 1-бөлүктө көрсөтүлгөн органдарга мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок болуусун текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү бөлүгүндө интеграциялоого милдеттүү.
4. Салык кызматынын органдары укуктардын салык салынуучу объекттерге өтүшүнө байланышкан бүтүмдөрдү, анын ичинде нотариалдык бүтүмдөрдү жана Кыргыз Республикасынын фонддук биржасындагы бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу башка органдар менен өз ара аракеттенет. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн органдар өздөрүнүн маалыматтык тутумдарын ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен интеграциялоого жана/же өзү жайгашкан жердеги салык органына бүтүмдөрдү каттоо жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук кварталдын акыркы айынан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен берип турууга милдеттүү. Маалыматтык тутумдарды интеграциялоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
64) 146-148-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"146-берене. Салык кызматынын органдарынын банк жана төлөм уюму/төлөм тутумунун оператору менен өз ара аракеттенүүсү
1. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында банктар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) салык кызматынын органдарынын суроо-талабынын негизинде 3 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөр жөнүндө маалымат берүүгө:
а) салык төлөөчүлөрдүн эсептеринин ачылышы, жабылышы жана болуусу жөнүндө, алардын номерлерин көрсөтүү менен;
б) уюмдардын жана жеке ишкерлердин эсептеринде жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө, ошондой эле алардын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты:
- көчмө текшерүүнү жүргүзүүдө;
- салык органынын чечими бар болгон учурда, камералдык текшерүүнү жүргүзүүдө;
в) жеке ишкерлерди кошпогондо, текшерилүүчү жеке жактардын эсептеринде жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө, ошондой эле мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын негизинде алардын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты;
г) электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөгөн салык төлөөчүнүн эсептеринде жүргүзүлүүчү операциялар жөнүндө, ошондой эле анын эсебинин учурдагы абалы жөнүндө маалыматты;
2) салык төлөөчү тарабынан салык органына берилген банктык кепилдиктин шарттарын жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө маалыматты банк чечим кабыл алган бир жумуш күндүн ичинде берүүгө;
3) салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасында салыктык каттоосу болгон учурда уюмдарга жана жеке ишкерлерге эсеп ачууга;
4) салык төлөөчүнүн ал тарабынан салык милдеттенмелеринин аткарылышынын эсебине бюджетке акча каражаттарын которуу жөнүндө тапшырмасын биринчи кезекте аткарууга;
5) салык төлөөчүнүн эсебинен акча каражаттарын алуу боюнча операция жүргүзүлгөн күнү салыктын суммасын бюджетке жөнөтүүгө;
6) тиешелүү суроо-талап алынган күндөн кийинки 30 календардык күндүн ичинде банктын зайым алуучусунан жоюлбаган карызды эсептен чыгаруу жана банктын карызды талап кылуу укугун токтотуу жөнүндө маалыматты берүүгө;
7) салык төлөөчү мойнуна алган салыктык карызды төлөө үчүн салык кызматынын органдары койгон салыктык төлөм талаптарын сөзсүз жана биринчи кезектеги тартипте аткарууга;
8) POS-терминалдары жана QR-төлөмдөр аркылуу эсептешүүлөр жөнүндө маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүүгө.
2. Салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында банктар жана төлөм уюмдары/төлөм тутумунун операторлору жүргүзүлгөн төлөмдөр жөнүндө маалыматты реалдуу убакыт режиминде берүүгө милдеттүү.
3. Ушул беренеге ылайык банктар тарабынан берилүүчү маалыматка карата тартип жана талаптар Министрлер Кабинети тарабынан Улуттук банк менен макулдашуу боюнча белгиленет.
147- берене. Салык кызматынын органдарынын калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Салык кызматынын органдары калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо органы, калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктар берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемеси менен өз ара аракеттенүүсүн жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо: төрөлүү, каза болуу, никеге туруу, никени бузуу, аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө маалыматты алуу аркылуу жүзөгө ашырат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында калкты жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча маалыматтык тутумду ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен Министрлер Кабинети аныктаган тартипте интеграциялоого милдеттүү.
148- берене. Салык кызматынын органдарынын чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укуктар берилген органдар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Салык кызматынын органдары чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ыйгарым укуктар берилген органдар менен төмөнкү маалыматтарды алуу аркылуу өз ара аракеттенет:
1) чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдардын салык салынуучу объекттин пайда болушуна алып келүүчү ишти жүргүзүүсүнө байланыштуу алардын Кыргыз Республикасына келишине, алардын Кыргыз Республикасында жүрүүсүнө жана Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине берилген уруксаттар жөнүндө;
2) эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды каттоо боюнча маалыматтык тутумду ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму менен Министрлер Кабинети аныктаган тартипте интеграциялоого милдеттүү.";
65) 151-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
- "б" пунктчасында "юридикалык" деген сөз "уюмдарга" деген сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы "з" пунктча менен толукталсын:
"з) экономикалык ишти жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаттарды берүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдаланууга түзүлгөн ижара келишимдерин каттоо жана ишкердик иштин объекттерин каттоо боюнча колдонулуучу маалыматтык тутумга кирүү мүмкүндүгүн берүү;";
66) 152-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"152-берене. Салык кызматынын органдарынын уюмдарга жана жеке жактарга лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар менен өз ара аракеттенүүсү
1. Салык кызматынын органдары лицензияларды жана уруксаттарды берүүнү жүзөгө ашыруучу органдар менен алардан лицензия жана уруксат алган субъекттер жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле салык кызматынын органдарынын суроо-талаптары боюнча башка маалыматтарды алуу жолу менен өз ара аракеттенет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдар салык кызматынын органдары менен өз ара аракеттенүү максатында ыйгарым укуктуу салык органына уюмдарга жана жеке жактарга лицензияларды жана уруксаттарды берүү боюнча маалыматтык тутумга кирүү мүмкүндүгүн Министрлер Кабинети аныктаган тартипте берүүгө милдеттүү.";
67) 158-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Салыктык укук мамилелеринин катышуучусу төмөнкү учурларда салыктык укук бузууну жасоого күнөөсүз деп таанылат:
1) анын күнөөсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте аныкталбаса;
2) ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык эсептесе;
3) ал салык милдеттенмесин ыйгарым укуктуу салык органынын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөсүнө ылайык тартипте жана жол-жоболорду сактоо менен аткарса;
4) анын салык төлөөчүнүн же салык агентинин милдеттерин аткаруу боюнча аракеттеринин укук ченемдүүлүгү салыктык текшерүү актысы жана салык кызматынын органынын тиешелүү чечими менен ырасталса.";
68) 159-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Салык отчетунда көрсөтүлгөн салыктын суммасын азайтууга же КНС боюнча ашкан сумманы жогорулатууга байланышкан салыктык укук бузуу жасалган учурда эскирүү мөөнөтүн эсептөө салык кызматынын органынын тиешелүү чечими тапшырылган күндөн тартып башталат.";
69) 169-беренеде:
а) 5-бөлүктүн экинчи абзацында "1 жана 2-пункттарында" деген сөздөр "2-пунктунда" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин бейтарап сотто даттанууда бейтарап соттун курамын түзүү бейтарап соттор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үчтөн кем эмес арбитр санда жүзөгө ашырылат.”;
70) 171-берененин расмий тилдеги текстинин 1-бөлүгүндө “государственный” деген сөз “налоговый” деген сөзгө алмаштырылсын;
71) 174-беренеде:
а) 28-29-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"28) накталай эмес формада төлөө - салык төлөөчүнүн банктагы эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөө, анын ичинде аралыктан, QR-төлөмдөр, POS-терминал, төлөм терминалы, идентификацияланган электрондук капчык аркылуу төлөө, ошондой эле товар алмашуу (бартердик) операциясын жүргүзүү жолу менен төлөмдү жүзөгө ашыруу;
29) накталай формада төлөө - салык төлөөчүнүн кассасына накталай акча каражаттарын төлөө жана/же салык төлөөчүнүн банктагы эсебине накталай акча каражаттарын салуу;";
б) 41-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Айыл чарба жаныбарларын өздүк өндүрүү тартиби жана критерийлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;";
в) 50 жана 54-пункттарда "30 000 000" деген цифралар "50 000 000" деген цифраларга алмаштырылсын;
г) 58-пунктта "салык салынуучу субъект" деген сөздөр "салык төлөөчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 60-пунктта:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"60) финансылык кызмат көрсөтүүлөр - бул Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү тарабынан жүзөгө ашырылуучу же сатып алынуучу операциялар, анын ичинде:";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы "м" жана "н" пунктчалары менен толукталсын:
"м) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу үчүн баалуу кагаздар рыногундагы кесиптик иштин тиешелүү түрү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган операциялар финансылык кызмат көрсөтүү болуп саналат;
н) соодалашууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү товардык жана валюталык биржалар үчүн финансылык кызмат көрсөтүү болуп саналат.";
72) 176-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, салык төлөөчүлөрдүн кирешелеринин жана чыгашаларынын курамына салык салуу максаттарында активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун же арзандатуунун, анын ичинде бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлгөн акча агымдарын дисконттоо аркылуу жыйынтыктары киргизилбейт.";
73) 177-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кирешенин же чыгашанын датасын, өлчөмүн жана мүнөзүн, ошондой эле бүтүмдүн катышуучуларын, кызмат ордунун аталышын жана чарбалык операцияларды жасоо үчүн жооптуу кызмат адамдарынын кол тамгаларын жана анын туура таризделишин ырастоочу документ баштапкы эсепке алуу документи деп таанылат.
3. Баштапкы эсепке алуу документтери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эсеп-фактура, контролдук-кассалык жана товардык чектер, кириш жана чыгыш кассалык ордерлер;
2) Улуттук банк тарабынан бекитилүүчү же банк тажрыйбасындагы иштиктүү жүгүртүү адаттарында колдонулуучу төлөм документтери;
3) ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлбөгөн башка баштапкы эсепке алуу документтери, ошондой эле салык төлөөчүнүн салык саясаты менен белгиленген салыктык эсепке алуунун регистрлери.";
74) 178-беренеде:
а) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Салык төлөөчү ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган товарларды берүүдө, жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө эсеп-фактура өткөн айдан кийинки айдын 10 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, Министрлер Кабинети белгилеген тартипте таризделет.";
б) 8-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Берүүнүн өлчөмүн түзөтүүдө ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте кошумча эсеп-фактура таризделет.";
в) 10-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10. Эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө түзүү жана жүгүртүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Эсеп-фактуранын, анын ичинде салык салынуучу берүүлөрдүн өлчөмүн түзөтүүдө таризделүүчү кошумча эсеп-фактуранын формасы, аны тариздөө жана колдонуу тартиби ыйгарым укуктуу салык кызматы тарабынан белгиленет.";
75) 183-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"183-берене. Жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрү
1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон, административдик-аймактык бирдиктин аймагынын чегинде жүзөгө ашырылуучу, жеңилдетилген салык салынууга жаткан өнөр жай ишинин префе-ренциалык түрлөрүнүн тизмегин бекитет.
Ушул бөлүктө каралган өнөр жай ишинин преференциалык түрлөрүнүн тизмегин кайрадан бекитүү берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аймактын чегиндеги салыктар боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ болгон административдик-аймактык бирдиктин салык органдарында салыктык каттоосу бар жана ошол административдик-аймактык бирдиктин аймагында ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ишти жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө берилет.
3. Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктер салык төлөөчүлөргө жайылтылат жана ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган аймактын чегинен тышкары жайгашкан алардын обочолонгон бөлүмдөрүнө жайылтылбайт.
4. Министрлер Кабинети ушул Кодексте белгиленген салыктардын ставкаларынын чектеринде улуттук жана/же мамлекеттик жана/же инвестициялык мааниси бар уюмдар тарабынан сатылуучу пайдага салык, КНС жана товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө сатуудан салык боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмегин, ошондой эле салыктык жеңилдиктерди берүү тартибин бекитет.
5. Салыктар боюнча жеңилдиктер ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган уюмдарга 5 жылдык мөөнөткө берилет.
Министрлер Кабинети берилген жеңилдиктердин натыйжалуулугун талдоонун негизинде ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салыктар боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн кийинки 5 жылга чейин узартууга укуктуу.";
76) 187-беренеде:
а) 4 жана 5-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптары төмөнкү кызматкерлерге төлөнгөн эмгек акы үчүн колдонулбайт:
1) бюджеттик каражаттардын эсебинен;
2) кызматтарды айкалыштыруу боюнча;
3) кенже тейлөөчү персоналга;
4) турак жай менчик ээлеринин шериктештигинин, кондоминиумдардын, турак жай-курулуш, гараждык, айыл чарба жана багбанчылык-чарбак кооперативдеринин кызматкерлерине;
5) I, II жана III топтогу майыптарга;
б) эркиндигинен ажыратуу жайларында же поселениелерде жаза өтөө мөөнөтүндө иштеген адамдарга.
5. Салык салуу максатында кенже тейлөөчү персоналга кирген кызматкерлердин тизмегин Министрлер Кабинети бекитет.";
6) берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Кластердин катышуучуларынын кызматкерлери үчүн салык базасы ушул беренеге ылайык белгиленген минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүнө барабар кабыл алынат.
Ушул бөлүктө каралган кластердин катышуучуларынын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
77) 189-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 6-пунктта "наркын кемитүүдөн" деген сөздөр "же куруу наркын кемитүүдөн, ошондой эле оңдоп-түзөөгө жана/же жасалгалоого чыгымдарды кемитүүдөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
"191) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун кошуп алганда, мүлктүк комплексти алып коюу (сатып алуу) үчүн алынган компенсациянын суммасынын аны сатып алуунун жана/же куруунун наркынан ашып кетиши;";
78) 191-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) 16 жашка чейинки курактагы жеке адамдын эмгек мамилелеринин алкагында алган кирешелери";
б) 3-бөлүктө:
- 4-пунктта "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8-пунктта "10" деген цифралар "50" деген цифраларга алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 15 жана 16-пункттар менен толукталсын:
"15) ушул Кодекстин 95-беренесине ылайык сатып алынган товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө контролдук-кассалык чектерде көрсөтүлгөн сумманын бөлүгүн кайтарып берүү;
16) анын катышуучулары үчүн кайтарымсыз негизде өткөрү-лүүчү семинарды, тренингди, тегерек столду уюштуруу жана өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде окутуу кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркы, таратып берме материалдардын, тамак-аштын, жашоосунун жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.";
в) 5-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ишкердик ишти жүргүзүү процессинде жеке адам алган мүлктү, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо, мурастоо же белекке берүү тартибинде ошол жеке адам тарабынан жакын туугандарынан алынган мүлктүн, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы.";
г) 6-бөлүктүн 2-пунктунда "ушул кыймылсыз мүлк сатып алынган күндөн тартып удаа келген 2 жылдан ашык" деген сөздөр "ушул кыймылсыз мүлккө укук катталган датадан тартып кийинки бир жылдан ашык убакыт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
д) 7-бөлүктө:
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) жеке жак ишкердик ишинен алган жана пайдага салыкты же башка салыктардын ордуна белгиленген, атайын салык режими боюнча төлөнүүчү салыкты төлөгөндөн кийин анын тескөөсүндө калган суммалар;";
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 9 жана 10-пункттар менен толукталсын:
"9) мамлекеттик турак жай программасы боюнча ипотекалык кредит берүүдө материалдык пайда формасында алынган киреше;
10) Жеке жак-резидент, Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан мекеменин өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк уюмга катышуудан алынган дивиденд, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана анда бул жаран киреше алып, ошол мамлекеттин мыйзамдарына ылайык тиешелүү салык төлөгөн чет мамлекеттин ортосунда түзүлгөн кош салыктан качуу жөнүндө макулдашуу жок болгондо чет мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жараны тарабынан алынган кирешелер.";
79) 195-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Социалдык чыгарып салууну алуу тартиби жана Ушул беренеде көрсөтүлгөн документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген социалдык чыгарып салууга укук "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде билдирген салык төлөөчүлөргө жайылтылат.
Социалдык чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз салык органы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин салык төлөөчүнүн бирдиктүү салык декларациясын жок кылбоого негиз болуп саналат.
Салык органы социалдык чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде чечим чыгарат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү салык декларациялары салык органы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде жок кылынат.
Социалдык чыгарып салууну алуу максатында баштапкы жана такталган салык декларацияларын кабыл алууга "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып жол берилбейт.
Ушул бөлүктүн күчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат.";
80) 196-беренеде:
а) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Мүлктүк чыгарып салуу салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде бирдиктүү салык декларациясын жана банктан кредит жана/же ипотекалык кредит боюнча жана/же турак жай ссудасы, же исламдык каржылоо келишими, же мамлекеттик турак жай программасынын катышуучулары үчүн сатып алуу менен ижара келишими боюнча пайыздык чыгымды жоюу эсебине акча каражаттарын төлөгөн фактысын ырастаган документтерди бергенде салык төлөөчүгө берилет.
Салык төлөөчү каза болгон же сот тарабынан каза болду деп жарыяланган учурда мүлктүк чыгарып салуу анын мураскоруна берилет.
Мүлктүк чыгарып салууну алуу тартиби жана зарыл болгон документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Мүлктүк чыгарып салууга укук "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып 45 календардык күндүн ичинде өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде билдирген салык төлөөчүлөргө жайылтылат.
Мүлктүк чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз салык органы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин салык төлөөчүнүн бирдиктүү салык декларациясын жок кылбоого негиз болуп саналат.
Салык органы мүлктүк чыгарып салууга өз укуктары жөнүндө салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызы берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде чечим чыгарат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөрдүн бирдиктүү салык декларациялары салык органы тиешелүү чечим кабыл алган күндөн тартып 15 күндүн ичинде жок кылынат.
Мүлктүк эсептен чыгарып салууну алуу максатында баштапкы жана такталган салык декларацияларын кабыл алууга "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып жол берилбейт.
Ушул бөлүктүн күчү "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге карата колдонулат.";
81) 197-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту "Жогорку технологиялар паркынын" деген сөздөрдөн кийин "жана Креативдүү индустриялар паркынын" деген сөздөр менен толукталсын;
82) 210-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышпаган чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешесине салык боюнча салык базасы болуп чыгарып салууларды жүзөгө ашырбастан ушул салыкты эсепке алуу менен алынган киреше саналат.";
83) 211-берененин 2-4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
84) 212-берене төмөнкүдөй мазмундагы 111-пункт менен толукталсын:
“111 мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн мүлктүк комплексти, анын ичинде жер участогун алып коюу (сатып алуу) үчүн алынган компенсациянын суммасынын аны сатып алуу жана/же куруу наркынан ашып кетиши;";
85) 213-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- расмий тилде биринчи абзацта "Не облагаются" деген сөздөр "Не облагается" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) кайтарымсыз негизде алынган:
а) Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча негизги каражаттардын, гидроэлектр станциялардын, жылуулук электр станцияларынын, гидротехникалык курулмалардын, суу алуучу курулмалардын, тоо-кен-шахта жабдууларынын, жарандык коргонуу объекттеринин, анын ичинде, 50 пайыздан ашык мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун жана/же жер учас-токторун пайдалануу укугу көрсөтүлгөн объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдардын менчигине пайдалануу укугу берилген жер участокторунун наркы;
б) жер участокторун пайдалануу укугун кошуп алганда, курулуш объекттеринин иштөөсүн камсыз кылуучу инженердик түйүндөрдүн, подстанциялардын жана от казандардын, ошондой эле курулуштун башкы подрядчысынан жана/же заказчысынан же турак жай менчик ээлеринин уюмунан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде, көрсөтүлгөн объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу, менчигинин түрүнө карабастан, адистештирилген уюмдун менчигиндеги электр, газ, суу, жылуулук менен жабдуу жана ысык суу менен жабдууну эсепке алуучу приборлорунун наркы.";
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 7-пункт "ата мекендик уюмдарга" деген сөздөрдөн кийин "жана чет өлкөлүк уюмдарга" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Адистештирилген уюмдардын тизмегин жана ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 5-пункттарында көрсөтүлгөн акысыз негиздеги объекттерди кабыл алуу-өткөрүп берүү тартибин Министрлер Кабинети бекитет.";
86) 217-берененин 1-бөлүгү “ ырасталган чыгымдарды,” деген сөздөрдөн кийин “ошондой эле терс курстук айырманын оң курстук айырманын суммасынан ашып кетишин жана өнбөй турган карыздардын суммаларын” деген сөздөр менен толукталсын.;
87) 221-беренеде:
а) 1-бөлүк “Эгерде карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулса" деген сөздөр "Эгерде ушул берене менен башкасы каралбаса, карыздын суммасы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулган учурда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошуп эсептөө методуна ылайык банктар тарабынан чегерилген пайыздык чыгашалар эсептен чыгарылууга тийиш.";
88) 224-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Салык төлөөчү атайын салык режиминен жалпы салык режимине, ошондой эле киреше салыгын төлөөдөн пайда салыгын төлөөгө өтүүдө, бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өтүү датасына карата эсептелген анын калдык наркы негизги каражаттын баштапкы наркы деп таанылат.";
89) 225-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Жеке ишкер болуп саналган жеке жактын менчик укугуна таандык болгон кыймылсыз мүлк" деген сөздөр "Милдеттүү мамлекеттик каттоого жаткан жана жеке ишкер болуп саналган жеке жактын менчик укугуна таандык болгон мүлк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
90) 227-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) товардык-материалдык запастардын курамына которууга тийиш болбогон жана жок кылынууга тийиш болгон негизги каражаттарды эсептен чыгарууда - бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланстык нарк боюнча.";
91) 229-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Эгерде жеке ишкердин чыгымдары ушул Кодекстин 225-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлктү оңдоого, реконструкциялоого багытталса, ал топ түзүүгө жана негизги каражаттардын тиешелүү топтору үчүн белгиленген амортизация ченеми боюнча ушул бөлүмгө ылайык аныкталуучу амортизациялык чегерүүлөр түрүндө тарткан чыгымдарды алып салууга укуктуу.";
92) 233-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"233-берене. Потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабууга резервдер.
Депозиттерди коргоо фондуна банктардын төгүмдөрү
1. Улуттук банктын жөнгө салуучу талаптарына ылайык банк тарабынан түзүлүүчү резервдин суммасы жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга тийиш.
2. Мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү потенциалдуу жоготуулардын жана зыяндардын ордун жабууга резервдердин суммасы жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга жатат.
3. Банк тарабынан Депозиттерди коргоо фондуна жиберилген салымдар жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салынууга тийиш."
93) 234-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Мүлктүн наркы, анын ичинде эмгек жана социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык контракттын негизиндеги социалдык жардамдын алкагында берилген акча каражаттар эсептен чыгарылууга тийиш.";
94) 236-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20) айыл чарба продукциясын кошпогондо, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны тариздебестен сатып алынган материалдык ресурстардын наркы.";
95) 239-берененин 2-бөлүгүндө "пайда салыгы боюнча декларацияны" деген сөздөр "пайдага салык боюнча маалымат берүү бөлүгүндө бирдиктүү салык декларациясын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
96) 240-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Алтын, күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам, калай камтыган кендерди, концентраттарды, ошондой эле алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын казып алуу жана сатуу боюнча иштерге карата пайдага салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
97) 245-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"245-берене. Тоо-кен казып алуучу жана/же тоо-кен кайраканаларга салык салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Алтын, күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам, калай камтыган кендерди, концентраттарды, ошондой эле алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын казып алуу жана сатуу боюнча иштерге киреше салыгы салынууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, кенде же концентратта башка пайдалуу кендердин өнөр жайлык камтылышы болгондо, аларды казып алуу жана сатуу боюнча иштерге ушул Кодекстин 28-32-главаларына ылайык пайда салыгы салынууга тийиш.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, башка иш жүргүзгөн салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин ушул түрү боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчеттуулукту берүүгө жана салыктарды төлөөгө милдеттүү.
4. Алтын, күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам жана калай камтыган кендерди, концентраттарды, ошондой эле алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын казып алуу жана сатуу боюнча иштер киреше салыгын салуу объекти болуп саналат.
5. Киреше салыгынын салык базасы болуп төмөнкүлөр саналат:
1) КНСти жана алтын эритмесин жана/же аффинаждалган алтынды, ошондой эле күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын сатуудан алынган сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда түшкөн акча;
2) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте дүйнөлүк бааларга карата эсептелген алтындын күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын кендеги жана концентраттагы наркы.
6. Кирешеге салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) алтын камтылган кенге жана алтын камтылган концентратка:
Бир троялык унция үчүн алтындын баасы АКШ доллрында | 1300гө чейин | 1301ден 1400гө чейин | 1401ден 1500гөчейин | 1501ден 1600гө чейин | 1601ден 1700гө чейин | 1701ден 1800гө чейин | 1801ден 1900гө чейин | 1901ден 2 000гө чейин | 2001ден 2100гө чейн | 2101ден 2200гө чейин | 2201ден 2300гө чейин | 2301ден 2400гө чейин | 2401ден 2500гө чейин | 2501ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, 2023-жылга чейин % менен | 8 | 10 | 12 | 14 | 16 | 18 | 20 | 21 | 22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 |
Киреше салыгынын ставкасы, 2023-жылга чейин тартып % менен | 11 | 13 | 15 | 17 | 19 | 21 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 | 28 | 29 | 30 |
2) алтын эритмесине жана аффинаждалган алтынга:
Бир троялык унция үчүн алтындын баасы АКШ долларында | 1300 чейин | 1301ден 1400гө чейин | 1401ден 1500гө чейин | 1501ден 1600гө чейин | 1601ден 1700гө чейин | 1701ден 1800гө чейин | 1801ден 1900гө чейин | 1901ден 2000гө чейин | 2001ден 2100гө чейин | 2101ден 2200гө чейин | 2201ден 2300гө чейин | 2301ден 2400гө чейин | 2401ден 2500гө чейин | 2501ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 1 | 3 | 5 | 7 | 9 | 11 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
3) күмүш камтылган кенге жана концентратка:
Бир троялык унция үчүн күмүштүн баасы АКШ долларында | 10го чейин | 11ден 14гө чейин | 15ден 20га чейин | 21ден 24гө чейин | 25ден 30га чейин | 31ден 34кө чейин | 35ден 40га чейин | 41ден 44гө чейин | 45ден 50гө чейин | 51ден 54кө чейин | 55ден 60га чейин | 61ден 64кө чейин | 65ден 70ге чейин | 71ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
4) күмүштөн даяр продукцияга:
Бир троялык унция үчүн күмүштүн баасы АКШ долларында | 10го чейин | 11ден 14гө чейин | 15ден 20га чейин | 21ден 24гө чейин | 25тен 30га чейин | 31ден 34кө чейин | 35ден 40га чейин | 41ден 44гө чейин | 45ден 50гө чейин | 51ден 54кө чейин | 55ден 60га чейин | 61ден 64кө чейин | 65ден 70ге чейин | 71ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
5) жез камтылган кенге жана концентратка:
Бир тонна үчүн жездин баасы АКШ доллары менен | 7000ге чейин | 7001ден 8000ге чейин | 8001ден 9000ге чейин | 9001ден 10000ге чейин | 10001ден 11000га чейин | 11001ден 12000ге чейин | 12001ден 13000ге чейин | 13001ден 14000ге чейин | 14001ден 15000ге чейин | 15001ден 16000ге чейин | 16001ден 17000ге чейин | 17001ден 18000ге чейин | 18001ден 19000ге чейин | 19001ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
6) жезден даяр продукцияга:
Бир тонна үчүн жездин баасы АКШ доллары менен | 7000ге чейин | 7001ден 8000ге чейин | 8001ден 9000ге чейин | 9001ден 10000ге чейин | 10001ден 11000га чейин | 11001ден 12000ге чейин | 12001ден 13000ге чейин | 13001ден 14000ге чейин | 14001ден 15000ге чейин | 15001ден 16000ге чейин | 16001ден 17000ге чейин | 17001ден 18000ге чейин | 18001ден 19000ге чейин | 19001ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
7) сурьма камтылган кенге жана концентратка:
Бир тонна үчүн сурьманын баасы АКШ доллары менен | 7000ге чейин | 7001ден 8000ге чейин | 8001ден 9000ге чейин | 9001ден 10000ге чейин | 10001ден 11000га чейин | 11001ден 12000ге чейин | 12001ден 13000ге чейин | 13001ден 14000ге чейин | 14001ден 15000ге чейин | 15001ден 16000ге чейин | 16001ден 17000ге чейин | 17001ден 18000ге чейин | 18001ден 19000ге чейин | 19001ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
8) сурьмадан даяр продукцияга:
Бир тонна үчүн сурьманын баасы АКШ доллары менен | 7000ге чейин | 7001ден 8000ге чейин | 8001ден 9000ге чейин | 9001ден 10000ге чейин | 10001ден 11000га чейин | 11001ден 12000ге чейин | 12001ден 13000ге чейин | 13001ден 14000ге чейин | 14001ден 15000ге чейин | 15001ден 16000ге чейин | 16001ден 17000ге чейин | 17001ден 18000ге чейин | 18001ден 19000ге чейин | 19001ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
9) сымап камтылган кенге жана концентратка, ошондой эле даяр продукцияга:
Бир килограмм үчүн сымаптын баасы АКШ доллары менен | 10го чейин | 11ден 14гө чейин | 15тен 20га чейин |
| 21ден 24гө чейин | 25тен 30га чейин | 31ден 34кө чейин | 35ден 40га чейин | 41ден 44гө чейин | 45ден 50гө чейин | 51ден 54кө чейин | 55ден 60га чейин | 61ден 64кө чейин | 65ден 70ге чейин | 65ден 70ге чейин |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 1 | 1,5 | 2 |
| 2,5 | 3 | 3,5 | 4 | 4,5 | 5 | 5,5 | 6 | 6,5 | 7 | 8 |
10) калай камтылган кенге жана концентратка, ошондой эле даяр продукцияга:
Бир тонна үчүн калайдын баасы АКШ доллары менен | 10000гө чейин | 10001ден 14000ге чейин | 14001тен 18000ге чейин | 18001ден 22000ге чейин | 22001ден 26000ге чейин | 26001ден 30000ге чейин | 30001ден 34000ге чейин | 34001ден 38000ге чейин | 38001ден 42000ге чейин | 42001ден 46000ге чейин | 46001ден 50000ге чейин | 50001ден 54000ге чейин | 54001ден 58000ге чейин | 58001ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 1 | 3 | 5 | 7 | 9 | 11 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
11) вольфрам камтылган кенге жана концентратка, ошондой эле даяр продукцияга:
Бир тонна үчүн вольфрамдын баасы АКШ доллары менен | 20000гө чейин | 20001ден 25000ге чейин | 25001ден 30000ге чейин | 30001ден 35000ге чейин | 35001ден 40000ге чейин | 40001ден 45000ге чейин | 45001ден 50000ге чейин | 50001ден 55000ге чейин | 55001ден 60000ге чейин | 60001ден 65000ге чейин | 65001ден 70000ге чейин | 70001ден 75000ге чейин | 75001ден 80000ге чейин | 80001ден жана андан жогору |
Киреше салыгынын ставкасы, % менен | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
7. Киреше салыгынын салык мезгили болуп календардык ай саналат.
8. Киреше салыгын эсептөө ушул Кодекстин 43-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
9. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү эсептик катталган жери боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен салык отчётун берүүгө жана киреше салыгын төлөөгө милдеттүү.Эсептик каттосу жок болгон учурда киреше салыгы учурдагы салыктык эсепке алынган жери боюнча төлөнөт.”;
98) 248-беренеде:
а) 3-бөлүктө "чыгарып салууларды жүргүзбөстөн" деген сөздөр алып салынсын;
б) 4-бөлүктүн 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын аймагында жумуштарды аткаруу, кызматтарды көрсөтүү. Ушул пункттун максаттары үчүн жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү эгерде, аларды аткаруу же көрсөтүү каалаган 12 айлык мөөнөттүн ичинде 183 күнгө чейинки мезгилде ушул Кодекстин 28-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-10-пункттарында көрсөтүлгөн критерийлердин болушу менен коштолсо, Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылган деп таанылат;";
99) 253-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"253-берене. КНС төлөөчү
1. КНС төлөөчү болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) эгерде бул беренеде башкасы каралбаса, жалпы салык режимине ылайык салыктарды төлөөчү же иши салык салынууга тийиш болгон салык төлөөчү;
2) салык салынуучу импортту жүзөгө ашырган субъект;
3) жумуш аткарган же кызмат көрсөткөн, анын ичинде электрондук кызмат көрсөткөн жана Кыргыз Республикасынын резиденттерине - сатып алуучу жеке жактарга товарлар менен электрондук соода жүргүзгөн чет өлкөлүк уюм, аларды берүү орду Кыргыз Республикасынын аймагы деп таанылат;
Ушул Кодекстин 53-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун КНС боюнча милдеттенмесин салык агенти аткарат.
2. Төмөнкүлөр КНС төлөөчү болуп саналбайт:
1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык айыл чарба өндүрүүчүсү, айыл чарба кооперативи жана машина-трактордук станция деп таанылуучу уюм же жеке адам;
2) ушул Кодекске ылайык салык салынуучу берүүлөрдү жүзөгө ашырбоочу коммерциялык эмес уюм.";
100) 36-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "36-глава. КНС боюнча каттоо";
101) 255-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишкердик ишти жүзөгө ашырган жана жалпы салыктык режимге ылайык салыктарын төлөгөн субъект КНС боюнча катталууга тийиш:
1) анын салыктык каттоо датасына - кайрадан катталган салык төлөөчүлөр үчүн;
2) ушул Кодекске ылайык жалпы салыктык режимге өтүү датасына - атайын салык режиминен өтүүдө;
3) салык төлөөчү ишкердик ишин жүзөгө ашыра баштаган айдан кийинки айдын биринен тартып - мурда аны жүзөгө ашырбаган салык төлөөчү үчүн.
2. КНС боюнча каттоо субъект каттоо жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.";
б) 3-бөлүктө "бөлүктүн" деген сөз "берененин" деген сөзгө алмаштырылсын;
102) 256-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жалпы салык режиминин негизинде салыктарды төлөгөн жана атайын салык режимине өтүү жөнүндө чечим кабыл алган субъекттин КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу анын атайын салык режимине өтүү жөнүндө арызынын негизинде жүзөгө ашырылат.
2. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу төмөнкү айлардын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет:
1) субъект бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна өткөн айдын;
2) субъект башка атайын салык режимине өтүү жөнүндө арызын берген айдан кийинки айдын.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди пайдаланган салык төлөөчү ушул режимди колдонгон күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде каттоону жокко чыгаруу максатында салык органына кайрылууга милдеттүү.
КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу арыз берилген күндөн кийинки беш жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.";
103) 258-берененин 8-бөлүгүнүн "в" пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
104) 263-беренеде:
а) 4-пункттун "а" пунктчасында "финансылык,", "камсыздан-дыруу," деген сөздөр алып салынсын;
б) 5-пунктта "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр "ошол мамлекеттин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул пункттун жоболору ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм тарабынан товарларды электрондук соодалоодо товарларды Кыргыз Республикасынын резиденттерине - жеке жактарына берүү ордун аныктоодо да колдонулат.";
105) 269-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"269-берене. Адистештирилген уюм тарабынан анын менчигинин түрүнө карабастан инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык туташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү берүү
1. Адистештирилген уюм тарабынан анын менчигинин түрүнө карабастан жаңы курулуш/ реконструкциялоо/ кайра профилдөө/ кайра пландоо объекттерин жана/же курулган объекттерди инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактарына технологиялык туташтыруу боюнча кызматтарды көрсөтүүнү берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
106) 270-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймаларды, алтындан, күмүштөн, платинадан жана палладийден жасалган инвестициялык монеталарды товардык биржаларда түзүлгөн бүтүмдөр боюнча берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат."
107) 287-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана/же алардын уюмдары үчүн болсо.";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн берүүлөрдү кошпогондо, коммерциялык эмес уюм тарабынан жүзөгө ашырылуучу берүүлөргө ушул бөлүмгө ылайык КНС салынат.";
108) 288-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"288-берене. Акысыз негиздеги берүүлөр
1. КНСтен бошотулган берүү деп төмөнкүлөр боюнча акысыз негизде өткөрүп берүү саналат:
1) Министрлер Кабинетинин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча:
а) 50 пайыздан ашык мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбакер коомдун жана/же аталган объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдардын менчигине негизги каражаттарды, гидроэлектр станцияларын, жылуулук электр станцияларын, гидротехникалык курулмаларды, суу алуучу курулмаларды, тоо кен-шахта жабдууларын, жарандык коргонуу объекттерин, анын ичинде жер участокторун пайдалануу укугун;
б) аталган объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын менчигине социалдык-маданий, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо, турак жай-коммуналдык-тиричилик багытындагы объекттерди, жолдорду, анын ичинде жер участокторун пайдалануу укугун;
2) курулуштун башкы подрядчысы жана/же заказчысы же турак жай менчик ээлери тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде өткөрүп берилүүчү объекттерди багыты боюнча пайдаланууну жана эксплуатациялоону жүзөгө ашыруучу адистештирилген уюмдун анын менчигинин түрүнө карабастан менчигине инженердик тармактарды, подстанцияларды жана от казандарды, анын ичинде жер участокторун пайдалануу укугун, ошондой эле курулуш объекттеринин турмуш-тиричилигин камсыз кылуучу электр, газ, суу, жылуулук менен камсыз кылууну жана ысык суу менен камсыз кылууну эсепке алуу приборлорун;
2. Адистештирилген уюмдардын тизмеги жана ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн объекттерди акысыз негизде кабыл алуу-өткөрүп берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
109) 291-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"291-берене. Электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын берүү
Чыгарылганына 5 жыл боло элек, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү транспорт каражаттарын, ошондой эле аларга комплекттөөчүлөрдү берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
110) 295-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасынын экинчи абзацында "Министрлер Кабинети" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
111) 296-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-9-пункттар менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасынын ишканаларында чыгарылган транспорт каражаттарын, ошондой эле алардын комплекттөөчүлөрүн берүү;
6) ККм реестрине киргизилген ККМди жана аларды оңдоо үчүн комплекттөөчүлөрдү берүү жана техникалык тейлөө;
7) ККМ реестрине киргизилген ККМ менен иштөө функциясы бар POS-терминалдарды берүү;
8) акциздик жыйым маркаларын, Кыргыз Республикасынын жаранынын белгиленген үлгүдөгү паспортторунун жана инсандык ырастамаларынын бланкаларын берүү.";
9) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен тизмеге ылайык программалык ККМ орнотуу үчүн багытталган чектин орнотулган принтери жана операциялык тутуму бар электрондук түзү-лүштөрдү берүү.
112) 297-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) банктык жабдуулар (банкоматтар, төлөм терминалдары жана банктык киосктор) - 2024-жылдын 1-январына чейин.
Көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүүлүк тутумдары менен жабдылган банк жабдуулары - 2026-жылдын 1-январына чейин;";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) ЕАЭБдин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ТЭИ ТН) 870240 жана 870380 товардык позицияларында классификацияланган электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү, чыгарылганына 5 жыл боло элек транспорт каражаттары, ошондой эле аларга кошумча тетиктер;";
- 18-пунктта "ЕАЭБ" деген аббревиатура алып салынсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21) өздөрүнүн өндүрүштүк максаттары үчүн мындай техниканын өндүрүүчүсү тарабынан импорттолуучу айыл чарба техникасын жана транспорт каражаттарын чыгаруу жана чогултуу үчүн багытталган комплекттөөчү бөлүктөр;";
- 24-пункт "киргизилген ККМ" деген сөздөрдөн кийин ", жана аларды оңдоо үчүн комплекттөөчүлөр" деген сөздөр менен толукталсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 241 жана 242-пункттары менен толукталсын:
"241) ККМ Реестрине киргизилген, ККМ менен иштөө функциясы бар POS-терминалдар;
242) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен тизмеге ылайык программалык ККМ орнотууга багытталган чектин орнотулган принтери жана операциялык тутуму бар электрондук түзүлүштөр;";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 11, 13, 14, 17, 20-23-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо ТЭИ ТН ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тизмек боюнча КНС төлөөдөн бошотулат.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ишкердик ишин жүргүзбөгөн жеке жак тарабынан импорттолгон товар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген ченемдердин чегинде КНС салуу объектиси болуп саналбайт.";
113) 301-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы "КНС төлөөчү" деген сөздөрдөн кийин "же бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму режимин пайдалануучу субъект" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган бошотуу төмөнкү товардык позицияларда классификацияланган товарларга жана негизги каражаттарга жайылтылат:
1) ТЭИ ТН 8401-8406, 840710, 8410-8414, 8416-8447, 84498465, 8471, 8474, 8475, 8477-8480, 8504, 8505, 8514, 8515, 8525, 8526, 8529, 8530, 8601-8606, 8608, 8609, 8701, 8702 (микроавтобустарды кошпогондо), 8704, 8705, 8709, 8716, 8802, 9018, 9022, 9027, 9406 90 310 0;
2) ТЭИ ТН 7309, 7311, 7326, 7610, 8481,8501, 8532, 8535, 8537, 8544, 9025, 9031, (мунайды кайра иштетүү, химиялык жана нефтехимиялык өндүрүш чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер үчүн гана).";
в) 6-бөлүк "кооперативи" деген сөздөн кийин "жана айыл чарба өндүрүүчүсү" деген сөздөр менен толукталсын;
114) 308-берененин 2-бөлүгүндө "КНС эсепке албастан" деген сөздөр "КНСти эсепке албастан, чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасындагы булактан алган кирешесине салыкты эске алуу менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
115) 310-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюм жеке жактарга товарларды электрондук соодалоону жүзөгө ашырууда кошумча нарк салыгы бажы алымдары, салыктар Кыргыз Республикасында жыйынды бажы төлөмү түрүндө төлөнгөн ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына жана/ же Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык аныкталуучу нарктык жана/же салмактык ченемден ашып кетүү бөлүгүндө эсептелүүгө жана төлөнүүгө тийиш эмес жана эсепке алынууга жатпайт.";
116) 311-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Тобокелдиктерди башкаруу тутумуна ылайык тобокелдиктин белгилери бар товарлардын импортунун салык салынуучу наркы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан Министрлер Кабинети аныктаган тартипте аныкталат.";
117) 315-беренеде:
а) 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун "в" пунктчасында "кассалык" деген сөз "контролдук-кассалык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүгүндө:
- биринчи абзацта "түзүүгө пайдаланылуучу" деген сөздөр "түзүү үчүн багытталган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзацта "Өндүрүштүк жараксыздыктын" деген сөздөр "Табигый азаюунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
118) 316-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен менен толукталсын:
"5) эгерде бажы иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу наркка эсептелген мындай КНС импорттолуучу материалдык ресурстардын фактуралык наркына эсептелүүчү КНСтин суммасынан ашып кетсе.";
б) 3-бөлүктө "1 жана 4-пункттарында" деген сөздөр "1, 4 жана 5-пункттарында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Наркы КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты эсепке албаганда, КНС боюнча отчёттук салык мезгилинде 300 000 сомдон ашкан сумманы түзгөн накталай түрдө төлөө үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт."
119) 317-берененин 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
120) 320-берененин 3-бөлүгүндө "Министрлер Кабинети" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
121) 322-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн иштин түрлөрүнүн тизмеги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
122) 324 беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы "ага ылайык" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе," деген сөздөр менен толукталсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Товарлардын салык салынуучу импортун жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү бюджетке импортко КНС төлөө менен товарлардын импортуна КНСти шарттуу эсептөө режимин колдонууга укуктуу.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө карата:
1) товарлардын экспортун тастыктоо талап кылынбайт;
2) бюджетке төлөнгөн импортко КНСтин суммасын кайтарып берүү жүргүзүлбөйт.";
123) 326-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде салык агенти катары салык төлөөчү кармап калуучу КНСтин эсебине.";
124) 334-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, курамында кант кошумалары же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган суулар;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 10-пукнт менен толукталсын:
10) ТЭИ ТН 2711 11 0000-2711 19 0000 товардык позицияларында классификациялануучу автомобиль отуну катары пайдаланылуучу суюлтулган көмүрсуутек газы (СКГ).
125) 335-берененин 1-бөлүгүнө:
а) 3-пунктунда “ физикалык көлөмү” деген сөздөр “физикалык көлөмү; жана/же” деген сөздөргө алмаштырсын;
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“4) иштетип алма негизинде чийки заттан Кыргыз Республикасынын аймагында өңдүрүлгөн акциздик товарлардын физикалык көлөмү.”
126) 336-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
Акциздик товарлар | ТЭИ ТН коду | Өлчөө бирдиги (салыктык база) | Салыктын базалык ставкалары |
Денатураланбаган этил спирти, этил спирти жана башка денатураланган, бардык концентрациядагы спирт тундурмалары, буга өндүрүү укугуна лицензиясы бар болгон учурда товар өндүрүүчүлөргө же арак, ликер-арак ичимдиктерин, күчтөндүрүлгөн ширелерди, бальзамды, шарапты өндүрүү үчүн товар өндүрүүчүлөр тарабынан импорттолуучу же атайын керектөөчүлөргө норманын чегинде өндүрүү кирбейт | 2207 | литр | 350 сом |
Арак | 220860 | литр | 300 сом |
Ликер-арак ичимдиктери | 220830; 220870; 220890 | литр | 300 сом |
Күчтөндүрүлгөн ичимдиктер, күчтөндүрүлгөн ширелер жана бальзамдар | 220840; 220850 | литр | 300 сом |
Шараптар | 2204, буга 220410 жана 220430 кирбейт, 2205, 2206 | литр | 100 сом |
Коньяктар (коньяк спиртинен тышкары) | 2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900 | литр | 200 сом |
Шуулдап туруучу шараптар, газдалган шарапты жана шампанды кошкондо | 2204; 2205; 2206 | литр | 140 сом |
Бөлүштүрүп куюлган же бөлүштүрүлүп куюлбаган пиволор | 2203 | литр | 30 |
Шарап материалдары | 220430 | литр | 35 сом |
Алкоголу аз ичимдиктер | 220890 | литр | 200 сом |
Курамында кант кошумалары же башка таттуу даам берүүчү же даам-жыпар жыт берүүчү заттар камтылган суулар, анын ичинде минералдык жана газдалган суулар | 2202 | литр | 100 сом |
Тамеки буюмдары : |
|
|
|
Чыпкасы бар сигареттер жана чыпкасыз сигареттер жана папиростор 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-апрелин кошуп алганда
2023-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 31-декабрын кошуп алганда
2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрын кошуп алганда
2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрын кошуп алганда
2026-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрын кошуп алганда
2027-жылдын 1-январынан тартып | 2402 | 1000 даана |
2250
2500 сом
2750
3000 сом
3250 сом
3500 сом |
Сигариллалар: 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-апрелин кошуп алганда 2023-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2026-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2027-жылдын 1-январынан тартып | 2402 | 1000 даана |
2250 сом
2500 сом
2750 сом
3000 сом
3250 сом
3500 сом |
Сигаралар: 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-апрелин кошуп алганда 2023-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2026-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2027-жылдын 1-январынан тартып | 2402 | 1 даана |
200 сом
250 сом
275 сом
300 сом
325 сом
350 сом |
Түтүктүү, чегүүчү, чайноочу, соруучу, жыттоочу,кальяндык тамеки (тамеки продукцияларын өндүрүү үчүн чийки зат катарында пайдаланылуучу тамекини кошпогондо): 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-апрелин кошуп алганда 2023-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2026-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2027-жылдын 1-январынан тартып | 2403 | киллограмм |
800 сом 2000 сом
2250 сом 2500 сом 2750 сом 3000 сом |
Ысытылган тамекиси бар цилиндирдик формадагы буюмдар (ысытылган тамеки таякчасы (стик), тамеки менен ысытылуучу капсула): 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-апрелин кошуп алганда 2023-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2026-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2027-жылдын 1-январынан тартып | 2404 |
1000 даана Тамеки аралашмасынын килограммы |
2000 сом 3700 сом
4100 сом
4500 сом
4900 сом
53000 сом |
Чачылма түрдөгү ысытылма тамеки 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-апрелин кошуп алганда 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2026-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрын кошуп алганда | 2404 | килллограмм |
4000 сом
5000 сом
6000 сом
7000 сом |
Электрондук сигареттерде пайдалануу үчүн картридждердеги, резервуарлардагы жана башка контейнерлердеги никотин камтыган суюктук: 2023-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 30-апрелин кошуп алганда 2023-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2026-жылдын 1-январынан 2026-жылдын 31-декабрын кошуп алганда 2027-жылдын 1-январынан тартып | 2404 | миллилитр |
3 сом
13 сом
15 сом
18 сом
20 сом
23 сом |
Бир корпустагы никотин суюктугу менен никотинди жеткирүүнүн бир жолку электрондук тутумдары | 2404 | 1 даана | 100 сом |
Электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук тутумдары) | 8543 40 000 0 | 1 даана | 100 сом |
Мунай продуктулары: |
|
|
|
таш көмүр чайырын жогорку температурада ысытуудан чыккан май жана башка продуктулар; жыпар жыттуу курамдык бөлүктөрдүн массасы жыпар жыттуу эмес курамдык бөлүктөрдүн массасынан жогору болгон ушул сыяктуу продуктулар: отун катары пайдалануу үчүн бензол | 2707 10 100 0 | тонна | 5000 сом |
Жаратылыш газ конденсаты: |
|
|
|
жаратылыш газ конденсаты: тыгыздыгы 650 кг/м3 кем эмес, бирок 850 кг/м3 көп эмес 20 оС жана массасы 1,0%дан көп эмес күкүрттү камтыган туруктуу газ конденсаты, башка битуминоздук материалдардан алынган чийки мунай жана чийки мунай продуктулары | 2709 00 100 1; 2709 00 100 9
2709009001- 2709009009 | Тонна
тонна | 5000 сом
0 сом |
ТЭИ ТН 2710 19 290 товардык позициясында классификация-лангандарды кошпогондо мотор бензиндери, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер жана дистилляттар | 2710 12 110- 2710 12 900; 2710 19 110 0- 2710 19 150 0; 2710 19 250 0 | тонна | 10000 сом |
башка мунай продуктулары (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) | 2710 20 900 0 | тонна | 5000 сом |
реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отун | 2710 19 210 0 | тонна | 2000 сом |
дизелдик отун, газойлдор, оор дистилляттар, ТЭИ ТН 2710 19 290 товардык позицияда классификациялануучу орто дистилляттар | 2710 19 290 0; 2710 19 310 0- 2710 19 480 0; 2710 20 110 0- 2710 20 190 0 | тонна | 2000 сом |
мазут | 2710 19 510- 2710 19 680 9; 2710 20 310 1- 2710 20 390 9 | тонна | 2000 сом |
майлоочу майлар; башка майлар | 2710 19 710 0- 2710 19 980 0 | тонна | 2000 сом |
мунай продуктулары сыяктуу эле максаттарда пайдаланылуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлор | 3811 11 900 0; 3811 19 000 0 | тонна | 5000 сом |
битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майларга кошундулар | 381121000 0 | тонна | 5000 сом |
2023-жылдын 1-июлунан баштап унаа күйүүчү майы катары колдонулган СКГ | 2711 11 0000- 2711 19 0000 | тонна | 3000 сом |
127) 339-беренеде:
1) 1-бөлүктө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Эгерде ушул пунктта башкасы белгиленбесе, идентификациялоо каражаты же акциздик жыйымдын маркасы менен белгиленүүгө тийиш болгон өндүрүлүүчү жана/же импорттолуучу акциздик товарлар боюнча - маркалоо коддору же акциздик жыйымдын маркасы сатылып алынганга чейин.
Идентификациялоо каражаты же акциздик жыйымдын маркасы акциздик продукцияны өндүрүүчүгө жана/же импорттоочуга берилген банк кепилдигинин суммасына, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте төлөөнү 40 календардык күнгө чейин кийинкиге жылдыруу менен берилет;";
б) бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:
“11) товардын ушул түрү боюнча ошол мамлекет менен идентификациялоо каражаттарын өз ара таанууда ЕАЭБге мүчө-мамлекеттин аймагынан импорттолуучу идентификациялоо каражаты менен гана белгиленүүгө тийиш болгон акциздик товарлар боюнча - ЕАЭБге тиешелүү мүчө-мамлекеттин идентификациялоо каражаты менен белгиленген товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилгенге чейин";
2) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өндүрүлүүчү акциздик товарлар боюнча акциз салыгын төлөөчү отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен, учурдагы салыктык эсепке алуу жериндеги салык органына акциз боюнча салык отчетун ай сайын берүүгө милдеттүү.";
3) берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагынан импорттолуучу акциздик товарлар боюнча акциз салыгын төлөөчү товарды импорттоо ишке ашырылган айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен, учурдагы салыктык эсепке алуу жериндеги салык органына кыйыр салыктар боюнча салык отчетун берүүгө милдеттүү.
Кыйыр салыктар боюнча салык отчетуна ушул Кодекстин 320-беренеси менен белгиленген форма боюнча жана тартипте тиешелүү документтер тиркелүүгө тийиш.";
128) 343-берененин 1-бөлүгүндө "идентификациялоо каражатын" деген сөздөр "маркалоо коддорун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
129) 345-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жүзүм ширесин (ТЭИ ТН 220430 коду) кошпогондо, тизмеги ушул Кодекстин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 3, 4, 6, 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолгон алкоголдук ичимдиктер, суулар, анын ичинен кант кошумчаларын же башка таттуулагычтарды, же жыпар жыт-даам берүүчү заттар камтылган минералдык жана газдалган суулар, ошондой эле тамеки буюмдары маркаланууга тийиш.
2. Маркалоо болуп төмөнкүлөр саналат:
1) эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, акциз бюджеттин кирешесине төлөнгөндүгүн ырастоочу, бекитилген үлгүдөгү акциздик жыйымдын маркасын акциздик товарга же анын таңгагына түшүрүү/чаптоо; жана/же
2) эгерде ушул бөлүмдө башкасы каралбаса, акциз бюджеттин кирешесине төлөнгөндүгүн ырастоочу маркалоо кодун түздөн-түз акциздик товарга, анын таңгагына же этикеткага түшүрүү жолу менен идентификациялоо каражаттарын түзүү жана "Товарларды маркалоо" МАМТга идентификациялоо каражаттарын түзүү жөнүндө маалыматтарды сөзсүз берүү.";
б) 4-бөлүк "тартиби," деген сөздөн кийин "өз ара соодада ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерди идентификациялоо каражаттарын таануу тартиби," деген сөздөр менен толукталсын;
130) 346-беренеде:
а) берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "346-берене. Акциздик товарлардын жана акциздик жыйымдын маркаларынын бузулушу, жоголушу, маркалоо коддорун жокко чыгаруу";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-7-бөлүктөр менен толукталсын:
"5. Идентификациялоо каражаттарына кайра түзүлгөн маркалоо коддору жокко чыгарылууга тийиш эмес.
6. Маркалоо коддорун жокко чыгаруу "Товарларды маркалоо" МАМТга жокко чыгаруу жөнүндө маалыматтарды берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
7. Маркалоо коддорун жокко чыгаруу тартибин Министрлер Кабинети белгилейт.";
131) 364-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) кардиохирургиялык багыттагы жеке менчик медициналык мекемелер, ошондой эле бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдар үчүн гемодиализ кызмат көрсөтүүлөрү;";
132) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3651-берене менен толукталсын:
"3651-берене. Агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүдө салык салынуучу объект
1. Агент тарабынан Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн - принципиалдын атынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү деп принципиал жүзөгө ашыруучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү таанылат.
2. Төмөнкүлөрдүн тапшырмасы боюнча агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү:
1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн - принципалдын, эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, агент тарабынан өзүнүн атынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү агенттин сатуусу болуп таанылат.
2) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү болуп саналбаган чет өлкөлүк уюмдун же резидент эмес жеке жактын - принципалдын, агент тарабынан жүзөгө ашырылуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүү деп таанылат";
133) 366-берененин 6-бөлүгүндө "негизги каражаттарды/товарларды" деген сөздөр "виртуалдык активди, негизги каражаттарды, товарларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
134) 368-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"368-берене. Салыктын ставкасы
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, сатуудан алынуучу салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
1) накталай формада төлөнгөн, КНС салынуучу товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө:
а) соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн - 1 пайыз өлчөмүндө;
б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн - 2 пайыз өлчөмүндө;
2) накталай формада төлөнгөн, КНС төлөөдөн бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө:
а) соода иши жана өндүрүш чөйрөсү үчүн - 2 пайыз өлчөмүндө;
б) ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн - 3 пайыз өлчөмүндө.
2. Накталай эмес формада төлөнгөн, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 2023-жылдын 1-январына чейин 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленет.
2023-жылдын 1-январынан тартып ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген сатуудан алынуучу салыктын ставкасы колдонулат.
3. Эгерде ушул бөлүктө башкасы белгиленбесе, сатуудан алынуучу салыктын ставкасы банк үчүн - 2 пайыз, уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн - 5 пайыз, сатып өткөрүү боюнча ишкердиктин, кайра курулган турак жана турак эмес жайлардын субъекттеринин иши үчүн - 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Ишкердик субъекттеринин иши үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкасы 2022-жылдын 1-январына чейин түзүлгөн курулуш келишимдери боюнча жаңыдан курулган турак жана турак эмес жайларды сатып өткөрүүдөн 2024-жылдын 1-январына чейин накталай эмес формада түшкөн акчага "0" (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленет.
4. Төмөнкүлөрдүн дарегине товарларды сатып өткөрүүдө сатуудан алынуучу салыктын ставкасы:
1) патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде ишти жүзөгө ашыруучу субъекттин, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунк-тунун "а" пунктчасында жана 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъекттин - төлөө учурунда төмөнкүдөй белгиленет:
а) накталай эмес формада - 2 пайыз өлчөмүндө;
б) накталай формада - 3 пайыз өлчөмүндө;
2) жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин - 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
5. Ушул беренеде:
1) уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш деп байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бул кызматтарды көрсөтүүчү лицензиантка берилүүчү лицензияда саналып өткөн көчмө радиотелефондук байланыш же спутниктик байланыш кызмат көрсөтүүлөрү түшүнүлөт;
2) жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттер деп төмөнкүлөр таанылат:
а) товарды идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү реквизиттерди көрсөтпөстөн, же болбосо Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринде жок болгон же башка салык төлөөчүгө таандык реквизиттерди көрсөтүп, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактурасын тариздөө менен анын дарегине товарды берүү жүзөгө ашырылган субъект;
б) Министрлер Кабинети бекиткен ККМ пайдалануунун типтүү эрежелерин бузуу менен соода аянтчасынан сырткары ККМ колдонуу менен анын дарегине товар сатып өткөрүлгөн субъект.".
135) 372-берененин 2 жана 3-пункттарында "жашоодон башка максаттарда өндүрүштү, сооданы, коомдук тамактанууну, кызмат көрсөтүүнү, иштин башкаруучулук жана башка түрлөрүн уюштуруу үчүн" деген сөздөр "өндүрүштү, сооданы, коомдук тамактанууну, кызмат көрсөтүүнү, иштин башкаруучулук жана башка түрлөрүн уюштуруу максатында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
136) 379-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"379-берене. Салыктын ставкасы
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, мүлк салыгынын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) турак имараттар жана орун жайлар үчүн - 0,35 пайыз;
2) турак эмес имараттар, курулмалар жана орун жайлар үчүн - 0,8 пайыз;
3) айыл чарба жерлеринен тышкары, жер участоктору үчүн - 1 пайыз;
4) айыл чарба жерлери үчүн - 0,01 пайыз;
5) транспорт каражаттары, анын ичинде аба жана суу кемелери үчүн:
а) кыймылдаткычтын белгиленген иштөө көлөмү менен ичинен күйүүчү кыймылдаткычта иштеген - 1 пайыз;
6) кыймылдаткычтын иштөө көлөмү белгиленбеген, ичинен күйүүчү кыймылдаткычта иштеген, ошондой эле ичинен күйүүчү кыймылдаткычсыз - 0,5 пайыз.
2. 2022-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын ставкасы 0 (нөл) пайыз өлчөмүндө белгиленет.";
137) 381-беренеде:
а) 2 жана 3-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча милдет төмөнкү жери боюнча салык органына жүктөлөт:
1) ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулбаган үйдүн жанындагы жер, короо жай же багбанчылык-чарбак участоктору жайгашкан;
2) ушул Кодекстин 406 жана 407-беренелеринде көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын кошпогондо, транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салыктын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын кабарламасы салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген салыкты төлөө мөөнөтүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен тапшырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) салык органынын реквизиттерин;
2) салык төлөөчүнүн реквизиттерин;
3) салыкты эсептөө үчүн негизди;
4) салык базасынын өлчөмү жана эсептелген салыктын суммасын;
5) салыкты төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн.";
б) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүктө "кабарламасын" деген сөз "билдирүүсүн" деген сөзгө алмаштырылсын;
138) 384-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, үйдүн жанындагы, короо жай же багбанчылык-чарбак жер участогуна мүлк салыгын, ошондой эле транспорт каражатына мүлк салыгын (ушул Кодекстин 406 жана 407-беренелеринде каралган транспорт каражаттарынан тышкары) кошпогондо, мүлк салыгын төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын берүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө маалыматтык эсепти берүүгө милдеттүү.”;
б) 2-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
139) 389-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Функциялык багыттагы коэффициент Кн функциялык багытына жараша турак эмес имараттын, курулманын же орун жайдын салыктык наркынын өзгөрүшүн мүнөздөйт жана төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
Объекттин функциялык багыты | Функциялык багыттагы коэффициент |
Мейманканалар, ломбарддар, алмаштыруу пункттары | 1,6 |
Курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелердин аймагында жайгашкан турак имараттар жана жайлар | 1,5 |
Май куюучу станциялар | 1,6 |
Чакан базарлар, базарлар, соода-базар борборлору, комплекстери, соода борборлору | 1,0 |
Коомдук тамактануу, соода, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү мүлк объекттери | 0,8 |
Темир жол вокзалдары жана автовокзалдар, автостанциялар, темир жол транспортунун жүк станциялары | 0,7 |
Административдик, кеңсе имараттары, бизнес-борборлор, банктар, ошондой эле капиталдык курулуштар же коммерциялык эмес уюмдардын жайлары | 0,6 |
Транспорт ишканаларынын, автосервис, байланыш жана энергетика ишканаларынын мүлк объекттери | 0,5 |
Коргонуу-спорт-техникалык мүлк объекттери | 0,3 |
Айыл чарба өндүрүштүк имараттар | 0,3 |
Санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү | 0,8 |
Өнөр жай, курулуш мүлк объекттери | 0,2 |
140) 404-берененин 6-бөлүгүндө:
а) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Функциялык багыттагы коэффициент Кн аны берүүдө аныкталган, укукту күбөлөндүрүүчү документте көрсөтүлгөн жер участогунун багытына жараша, ушул Кодекстин 377-беренесинин 6 жана 7-бөлүктөрүнүн жоболорун эске алуу менен белгиленет:";
б) "Чакан базарлар, базарлар, соода комплекстери үчүн, жаныбарларды, канаттууларды, айыл чарба жаныбарлары үчүн тоют сатууга арналган базарларды кошпогондо" деген сөздөр "Жаныбарларды, канаттууларды, айыл чарба жаныбарлары үчүн тоюттарды сатууга багытталган базарларды кошпогондо, чакан базарлар, базарлар, соода борборлору, комплекстери үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
141) 405-беренеде:
а) 2-бөлүктө "15 жылдан ашык", "10 жылдан ашык", "5 жылдан ашык" "18", "12" деген сөздөр жана цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "15 жыл жана андан ашык", "10 жыл жана андан ашык", "5 жыл жана андан ашык", "180", "120" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Алар боюнча ушул беренеде коэффициент белгиленбеген, ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары үчүн түзөтүүчү коэффициент 1,0гө барабар кабыл алынат.";
142) 414-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурларды кошпогондо, салыктын базалык суммасын эсептөө, аныктоо жана аны түзөтүү хронометраждык иликтөөлөрдүн, ошондой эле салык кызматынын органдарында болгон маалыматтардын негизинде же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.";
143) 416-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пункту "алмашуу бюро" деген сөздөрдөн кийин "жана/же ломбард" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Патенттин негизинде жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана салык төлөөчү жеке жак салыктардын төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөйт:
- пайдага салык;
- сатуудан алынуучу салык;
- салык салынуучу берүүлөргө КНС.
Жеке эмгек ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак киреше салыгынын ордуна патенттин негизинде салык төлөйт.
Патенттин негизинде алмашуу бюросу жана/же ломбард ишин жүзөгө ашыруучу жана салык төлөөчү уюм салыктардын төмөнкүдөй түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөйт:
- пайдага салык;
- сатуудан алынуучу салык;
- салык салынуучу берүүлөргө КНС.";
в) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Төмөнкүлөр патенттин негизинде салык төлөө режимин колдонуу укугуна ээ эмес:
1) катары менен келген 12 ай үчүн түшкөн акчанын жалпы көлөмү 8 000 000 сомдон ашкан жеке жак;
2) товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу жеке жак;
3) 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишин жүзөгө ашырган жеке жак.";
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Эгерде салык органына салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартибине өтүү жөнүндө арызды берүүгө милдеттүү болгон, бирок арыз бербеген же аны өз убагында бербеген салык төлөөчү ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1инен тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү деп таанылат.";
144) 418-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму субъекттер тарабынан ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон иштерге карата төмөнкүлөрдүн ордуна бирдиктүү салык тө-лөө укугун карайт:";
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) айыл чарба продукциясын кошпогондо, кайра сатуу же кайра иштетүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында товарларды электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактурасын алуу менен гана сатып алууга.";
в) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
145) 419-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"419-берене. Салык төлөөчү
1. Салык төлөөчү болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасында туруктуу мекеменин белгилери жок чет өлкөлүк уюмду кошпогондо, жеке ишкер же уюм;
2) ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект;
2. Бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) патенттин негизинде салык төлөгөн субъектке;
2) финансылык, камсыздандыруу кызматтарын көрсөткөн банкка жана субъектке;
3) инвестициялык фондго;
4) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна;
5) ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган алкоголсуз суусундуктарды чыгаруучу жана чекене сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу коомдук тамактануу субъекттеринен тышкары, акциз салыгын төлөөчүгө;
6) алтын, күмүш, жез, сурьма, сымап, вольфрам, калай, ошондой эле алтын эритмесин жана аффинаждалган алтынды, күмүштүн, жездин, сурьманын, сымаптын, вольфрамдын жана калайдын даяр продукциясын камтыган кендерди жана концентраттарды казып алуу жана сатып өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъектке;
7) курулушчулардын ишин жүзөгө ашыруучу субъектке;
8) уюлдук байланыш жана интернет байланышы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү субъектке;
9) жылуулук энергиясын, электр энергиясын жана газ берүүчү субъектке.";
146) 420-беренеде:
а) 3-бөлүк "Салык салуунун" деген сөздөр "Эгерде ушул главада башкасы белгиленбесе, салык салуунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө:
- расмий тилдеги "следующего месяцем" деген сөздөр "следующего за месяцем" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына жалпы салыктык режимге өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз убагында бербеген болсо, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1инен тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү бирдиктүү салыктын нөлдүк ставкасы менен салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга укуксуз, эгерде:
1) катары менен келген 12 календардык айдын ичинде ККМ колдонулбаган же контролдук-кассалык чек басылбаган эки факты белгиленсе;
2) анын иши ушул Кодекстин 423-беренесинин 6-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбесе.
Ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн бузуу фактылары аныкталган салык төлөөчү ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча бирдиктүү салыкты мындай фактылар аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып төлөөгө милдеттүү.";
147) 421-беренеде "ишкердик" деген сөз "экономикалык" деген сөзгө алмаштырылсын;
148) 422-беренеде:
а) мамлекеттик тилде 1-бөлүктө "көрсөтүүлөрдү сатуудан пайда" деген сөздөр "көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкүлөр боюнча салык базасы болуп:
1) ушул Кодекстин 324-беренесине ылайык жүзөгө ашырылуучу иш боюнча - товардын наркы саналат;
2) товарларды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу ташууда ушул Кодекстин 324-беренесине ылайык ишти жүзөгө ашырылуучу иш боюнча - бажы наркы саналат;
3) турагенттик иш боюнча - агенттик сый акы саналат;
4) лотереялык иш боюнча - байге фонду боюнча төлөмдөрдү алып салгандан кийинки лотереяларды сатып өткөрүүдөн түшкөн акча саналат.";
3. Ушул Кодекстин VIII бөлүмүнө ылайык пайдага салык салынууга тийиш болгон башка иштен алынган кирешелер да бирдиктүү салыкты эсептөө үчүн салык базасына киргизилүүгө тийиш.";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Ушул Кодекстин VIII бөлүмүнө ылайык салык салынуучу башка иштен алынган кирешелер да бирдиктүү салыкты эсептөө үчүн салык базасына киргизилүүгө тийиш.";
Эскертүү: Тексттин кайталанышы түпнускага дал келет
149) 423-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"423-берене. Салыктын ставкалары
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, салык төлөөчү иштин түрлөрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:
1) төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылуучу соода иши үчүн:
а) күйүүчү-майлоочу материалдарды, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду жана сатып өткөрүүчү субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчанын көлөмү төмөнкүдөй болгон субъект тарабынан:
- 30 000 000 сомго чейин - 0,5 пайыз;
- 30 000 000 сомдон 50 000 000 сомго чейин - 1 пайыз;
б) ушул пункттун "а" пунктчасында көрсөтүлбөгөн субъект тарабынан:
- накталай формада - 4 пайыз;
- накталай эмес формада - 2 пайыз;
- ээси көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине - 4 пайыз;
2) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, өндүрүштүк чөйрө, туроператордук иштер, эсептөө техникалары жаатында программалык камсыз кылууну иштеп чыгуулар, ошондой эле турагенттик иш үчүн:
а) накталай формада - 4 пайыз;
б) накталай эмес формада - 2 пайыз;
3) иштин калган түрлөрү үчүн:
а) накталай формада - 6 пайыз;
б) накталай эмес формада- 4 пайыз.
2. Ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъект бул ишке карата 3 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
3. Тигүү жана/же текстиль өндүрүшүнүн субъекти 2027-жылдын 1-январына чейинки мезгил ичинде ушул ишке карата 0,25 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
4. Төмөнкү субъект 8 пайыз өлчөмүндө төлөйт:
1) лотереялык ишти жүзөгө ашыруучу;
2) муниципалдык мончолорду кошпогондо, сауна, бильярд жана мончо кызматтарын көрсөтүүчү.
5. Коомдук тамактануу субъекти бул ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:
1) Бишкек жана Ош шаарларында:
а) накталай формада - 6 пайыз;
б) накталай эмес формада - 4 пайыз;
2) Кыргыз Республикасынын калган аймактарында:
а) накталай формада - 4 пайыз;
б) накталай эмес формада - 2 пайыз.
6. Креативдүү индустрия паркынын резиденти бул ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:
а) 2023 жана 2024-жылдарда - 0,5 пайыз;
б) 2025 жана 2026-жылдарда - 1 пайыз;
в) 2027-жылдан тартып - 2 пайыз.
7. Ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъектти, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъектти кошпогондо, иштин бир нече түрүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү иштин ошол түрлөрү үчүн белгиленген ставкалар боюнча иштин ар бир түрү боюнча салыкты өзүнчө эсептейт жана төлөйт.
8. Ушул берененин 2-6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жана экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаган жеке ишкерлерди кошпогондо, калкка товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүнү жүзөгө ашыруучу жеке ишкер төмөнкүдөй шарттарды бир эле учурда сактоо менен 0 (нөл) пайыздык ставка боюнча салык төлөйт:
1) катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчанын өлчөмү 8 000 000 сомдон ашпаган;
2) ишти төмөнкүдөй жүзөгө ашырган:
а) ККМ колдонуу менен;
б) экиден ашык эмес жалданма кызматкерлерди тартуу менен.
3) мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талапты аткарган.
Соода ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкер үчүн 0 (нөл) пайыздык ставканы колдонуунун кошумча шарты болуп соода объектинде ишти жүзөгө ашыруу саналат.
9. Ушул берененин 6-бөлүгүнө ылайык салык төлөөгө ниеттенген Креативдүү индустриялар паркынын резиденти учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү. Ал креативдүү индустрия жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келген учурда ушул берененин 6-бөлүгүндө белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салык арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып төлөнөт.
10. Креативдүү индустриялар паркынын резидентинин креативдүү индустрия жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбеген фактысы аныкталган учурда ал ушул Кодекске ылайык мындай факт аныкталган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып башка салык режими боюнча салыктарды төлөйт.
11. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 13-бөлүгүндө, ошондой эле 8-бөлүгүндө каралган ставка боюнча салык төлөөчү, түшкөн акчасынын көлөмү катары менен келген акыркы 12 айда 30 000 000 сом, 50 000 000 сом, 100 000 000 сом жана 8 000 000 сомдон ашкан субъект ушул берененин 1-бөлү-гүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасында каралган ставкалар боюнча тиешелүүлүгүнө жараша салыкты ушул ашып кетүүгө жол берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып төлөйт.
12. Ушул берененин 11-бөлүгүндө каралган субъект ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, ошондой эле 8-бөлүгүндө белгиленген бирдиктүү салыктын ставкаларын ушул берененин 11-бөлүгүндө каралган ашып кетүүгө жол берилген жылдан кийинки 2 календардык жылдан эрте эмес кайрадан колдонууга укуктуу.
13. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган базарларда жана кичи базарларда соода ишин жүргүзүүчү жеке ишкер төмөнкү шарттарды бир эле учурда аткарганда 0,1 пайыздык ставка боюнча салык төлөйт:
1) түшкөн акчанын өлчөмү катары менен келген акыркы 12 айда 100 000 000 сомдон ашпаса;
2) ишти ушул Кодексте белгиленген тартипте ККМ, электрондук эсеп-фактураларды жана коштомо документтерди милдеттүү түрдө колдонуу менен жүзөгө ашырса;
3) жеке ишкер төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзбөсө:
а) товарларды өндүрүү;
б) алкоголдук продукцияны, тамеки буюмдарын, дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды, баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сатып өткөрүү;
4) жеке ишкер экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаса.";
150) 424-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"424-берене. Салыктык мезгил
Салыктык мезгил болуп төмөнкүлөр саналат:
1) лотереялык иштин жана ири ишкердик субъекттерин, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъекттерди кошпогондо, субъекттер үчүн -бир квартал;
2) лотереялык иштин жана ири ишкердиктин субъекттери, ошондой эле ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъекттер үчүн - бир календардык ай.";
151) 426-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“426-берене. Салык отчетун берүү. Салык төлөө тартиби жана мөөнөтү
1. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, бирдиктүү салык боюнча отчет эсептик каттоо жери боюнча отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен берилет.
2. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, бирдиктүү салык эсептик каттоо жери боюнча төмөнкүлөрдөн кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш:
1) отчеттук салыктык мезгилден кийинки - чакан ишкердик субъекти тарабынан;
2) отчеттук айдан кийинки - орто жана ири ишкердик субъекттери жана ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу субъект, ошондой эле лотереялык иштин субъекттери тарабынан.
3. Товарларды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө бирдиктүү салык ушул Кодекстин 324-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленген режимди колдонуучу субъект тарабынан бажы жол-жобосуна ылайык чыгарылганга чейинки бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төлөнүүгө тийиш.
4. Эсептик каттоосу жок болгон учурда бирдиктүү салык боюнча отчет учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча берилет жана салык төлөнөт.
5. Ушул Кодекстин 423-беренесинин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер бирдиктүү салык боюнча отчет берүүдөн бошотулат.
6. 423-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 8 жана 13-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер жалданган кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ушул Кодекске ылайык ар бир жалданган кызматкерге патент сатып алууга милдеттүү.
423-берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке ишкер жакын тууганын жалданма кызматкер катары ишке тартса, патенттин ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө колдонулат.
7. Бирдиктүү салык төлөөчү ушул Кодекстин 106-беренесинде белгиленген мөөнөттөрдө бирдиктүү салык декларациясын берүүгө милдеттүү.";
152) 430-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге киргизилген товарларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын калган аймагына берүү үчүн товарларды ЭЭЗ аймагынан алып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган жактардын пайдасына ажыратып алууда товарларга ушул Кодекске ылайык КНС салынат. Товарларды тизмеге киргизүүнүн тартиби жана критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
б) 5-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына берүү максатында ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн товарларды ташып чыгуу КНС төлөөдөн бошотулат.";
в) 6-бөлүктүн экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн кызмат көрсөтүүлөр, жумуштар болуп, ЭЭЗ субъекттери болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын субъекттери тарабынан ЭЭЗ аймагында жана Кыргыз Республикасынын калган аймагында сатып алынуучу кызмат көрсөтүүлөр, жумуштар саналат.";
153) 434-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) салык салынуучу берүүлөргө КНС.";
154) 436-берененин 1-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
155) 443-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"443-берене. Жалпы жоболор
1. Ушул главанын жоболору Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP-даректи пайдалануунун негизинде товарларды сатып өткөрүү боюнча электрондук формада кызмат көрсөтүү боюнча уюмдардын жана жеке ишкерлердин ишине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын товарларды сатып өткөрүү боюнча электрондук соода жөнүндө мыйзамдарына ылайык соода платформасынын операторунун ишине (мындан ары - салык төлөөчү) карата колдонулат.
2. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төлөөчүлөр банкта атайын ачылган эсеп, анын ичинде электрондук капчык жана мындай эсепке кошулган башка виртуалдык төлөм шаймандары аркылуу бул иштеги бардык операциялар боюнча эсептөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.
3. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салык төмөнкү-лөрдүн ордуна салык төлөөчүнүн ишине карата салыкты төлөөнү карайт:
1) пайдага салык;
2) салык салынуучу берүүлөргө КНС;
3) сатуудан алынуучу салык.
4. Ушул главада каралган режимди колдонуучу салык төлөө-чүлөр ушул Кодекске ылайык ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөйт.
5. Салык төлөөчү:
1) ушул берененин талаптарына ылайык келбесе, ушул Кодекстин талаптарына ылайык башка салык режими боюнча салыктарды төлөйт;
2) ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ишке карата башка салык режими боюнча салык төлөөгө укугу жок.";
156) 445-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"445-берене. Салык базасы
1. Электрондук соода чөйрөсүндөгү ишке салыктын салык базасы болуп, салык төлөөчүнүн менчиги болуп саналбаган товарларды сатып өткөрүүдөн түшкөн акча жана/же товарларды сатып өткөрүү боюнча электрондук формада кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча саналат.
2. Эгерде сатып өткөрүлгөн товарлар салык төлөөчүнүн менчиги болуп саналбаса, анда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган салык базасы сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн сатып алуучудан алынган түшкөн акча менен сатып өткөрүлгөн товарлар үчүн менчик ээсине төлөнгөн же менчик ээси алган акча каражаттарынын ортосундагы айырмадан төмөн болушу мүмкүн эмес.";
157) 452-берененин 3-бөлүгүндө "салык төлөөчүнүн алган пайдасынын жана катышуучуга төлөнгөн утуштун ортосундагы айырма" деген сөздөр "салык төлөөчүнүн түшкөн акчасынын суммасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
158) 453-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"453-берене. Салык ставкалары
1. Оюн-зоок ишине салыктын базалык ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) казинонун 1 оюн столу (1 флот) үчүн:
- 2022-жылы - 750 000 сом;
- 2023-жылы - 1 000 000 сом;
- 2024-жылдан тартып - 1 250 000 сом;
2) оюн автоматтары жана компьютердик симуляторлор залынын 1 оюн автоматы үчүн:
- 2022-жылы - 50 000 сом;
- 2023-жылы - 75 000 сом;
- 2024-жылдан тартып - 100 000 сом;
3) букмекердик конторанын жана тотализатордун ставкаларды кабыл алуунун 1 пункту (касса) үчүн:
- 2022-жылы - 200 000 сом;
- 2023-жылы - 350 000 сом;
- 2024-жылдан тартып - 500 000 сом.
2. Онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино үчүн салыктын ставкасы 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн оюн-зоок ишине салыктын ставкалары белгиленген базалык ставканын өлчөмүнүн чегинде Министрлер Кабинети тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.";
159) 456-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"456-берене. Салык отчетун берүү. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү
1. Салык төлөөчү төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) салык отчетун:
а) онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино иши боюнча - отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;
б) оюн-зоок ишинин калган түрлөрү боюнча - салык төлөө мөөнөтү аяктаганга чейин же аны төлөө күнү;
2) бирдиктүү салык декларациясын - ушул Кодекстин 106-бе-ренесинде белгиленген мөөнөттө.
2. Салык төлөөчү төмөнкүлөр боюнча ай сайын салык төлөөгө милдеттүү:
1) онлайн-казино жана электрондук (виртуалдык) казино иши боюнча - отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен;
2) оюн-зоок ишинин калган түрлөрү боюнча - отчеттук ай башталганга чейин.";
160) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 63-глава менен толукталсын:
"63-глава. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык
457- берене. Жалпы жоболор
1. Ушул главада каралган салык режими стратегиялык объекттер жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стратегиялык объекттерге таандык соода рынокторунун аймагында ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө (мындан ары - өзгөчө режимдеги соода зонасы) карата гана колдонулат.
Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар, анын ичинде тосмого карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык акциздик товарларды, ошондой эле сатып өткөрүүгө атайын лицензияларды же уруксаттарды талап кылган товарларды кошпогондо, товарларды сатып өткөрүүгө карата колдонулат.
3. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өзгөчө режимдеги соода зонасында товарларды сатып өткөрүүгө карата жалпы салык режимин жана башка атайын салык режимдерин колдонууга;
2) өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын калган аймагында товарларды сатып өткөрүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга.
4. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон ишке карата бул салыкты төмөнкүлөрдүн ордуна төлөө милдетин карайт:
1) пайдага салык;
2) сатуудан алынуучу салык;
3) салык салынуучу берүүлөргө КНС;
5. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын салык төлөөчүсү ушул Кодекске ылайык ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөөгө милдеттүү.
6. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агентинин милдеттеринен бошотулбайт.
458- берене. Өзгөчө режимдеги соода зонасын иштетүүгө карата талаптар
1. Өзгөчө режимдеги соода зонасында рыноктун ээси төмөн-күлөргө милдеттүү:
1) төмөнкүлөргө контроль жүргүзүүгө:
а) салыктык жана/же эсептик каттоосу болгон учурда ишкердик субъектке жайларды жана соода аянттарын ижарага берүүгө;
б) салыктык жана/же эсептик каттоосу жок, ошондой эле салык салуудан качкан учурда, анын ичинде салык органынын талабы боюнча ижарачы жана субижарачы менен келишимди бузууга;
2) төмөнкүлөрдү туруктуу негизде түзүүгө жана жаңыртууга:
а) белгилүү бир шифр менен белгиленген, номер коюлган соода орундарын жайгаштыруу схемасын;
б) ишкердик субъекттер менен түзүлгөн келишимдери жөнүндө маалыматтарды: субъекттин аталышын жана ИСНи, келишимдин колдонуу мөөнөтүн, берилген соода орду үчүн ижара акысынын суммасын көрсөтүү менен салык төлөөчүлөрдүн, анын ичинде ижара берүүчүлөрдүн, ижарачылардын, субижа-рачылардын реестрлерин;
3) ушул бөлүктүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына ай сайын берип турууга;
4) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча салыктык контролду жүргүзүүдө салык кызматы органдарына көмөк көрсөтүүгө.
2. Өзгөчө режимдеги соода зонасында бир соода түйүнүнүн соода аянты 50 чарчы метрден ашуусу мүмкүн эмес.
3. Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында ушул Кодекске ылайык салык салуу жүзөгө ашырылуучу башка ишти жүзөгө ашырууга жол берилет.
4. Ушул берененин талаптары бузулган учурда өзгөчө режимдеги соода зонасында рыноктун ээсине карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик колдонулат.
459- берене. Салык төлөөчү
1. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыктын салык төлөөчүсү болуп ушул Кодекстин 457-беренесинде көрсөтүлгөн ишти өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында жүзөгө ашыруучу субъект эсептелет.
2. Салык төлөөчү өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчү катары арызды өзгөчө режимдеги соода зонасынын жайгашкан жери боюнча салык органына мындай иш башталганга чейин берүүгө милдеттүү. Арыздын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Арызда төмөнкү маалымат көрсөтүлүүгө тийиш:
1) салык төлөөчүнүн аталышы;
2) салык төлөөчүнүн юридикалык дареги;
3) идентификациялык салык номери;
4) өткөн календардык жыл үчүн финансылык иштин натыйжалары;
5) учурдагы календардык жыл үчүн алуу пландалган түшкөн акчанын көлөмү;
6) учурдагы календардык жыл үчүн алуу пландалган түшкөн акчанын көлөмүнө ылайык аныкталган салыктын суммасы.
3. Учурдагы календардык жыл үчүн алуу пландалган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, салык төлөөчү календардык жылдын калган күндөрүнө түшкөн акчанын көлөмүн көрсөтүү менен арыз берүүгө милдеттүү.
4. Салык төлөөчү жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ушул Кодекске ылайык ар бир жалданма кызматкерге патент сатып алууга укуктуу.
5. Салык төлөөчү, ушул главада белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурларда, шайкеш келбегендиги белгиленген мезгил ичинде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына арыз берилген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартибине өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына башка салык режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз убагында бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн баштап, жалпы салык режиминин негизиндеги салыктардын салык төлөөчүсү деп таанылат.
460- берене. Салык салынуучу объект
Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын салык салуу объекти болуп өзгөчө режимдеги соода зонасындагы салык төлөөчүнүн товарларды сатып өткөрүү боюнча иши эсептелет.
461- берене. Салыктын ставкасы
Салыктын ставкасы учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландалган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнө жараша бир соода түйүнүнө төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
1) 4 000 000 сомго чейин лотоктордо, прилавкаларда, чатырларда, кол арабаларда, бастырмаларда - 18 000 сом;
2) 8 000 000 сомго чейин - 42 000 сом;
3) 8 000 000 сомдон 15 000 000 сомго чейин - 96 000 сом;
4) 15 000 000 сомдон 22 000 000 сомго чейин - 168 000 сом;
5) 22 000 000 сомдон 30 000 000 сомго чейин - 252 000 сом;
6) 30 000 000 сомдон 50 000 000 сомго чейин - 360 000 сом;
7) 50 000 000 сомдон 100 000 000 сомго чейин - 500 000 сом;
8) 100 000 000 сомдон 150 000 000 сомго чейин - 800 000 сом;
9) 150 000 000 сомдон 200 000 000 сомго чейин - 900 000 сом;
10) 200 000 000 жана андан жогору - 1 000 000 сом.
462- берене. Салыктын суммасын аныктоо тартиби
1. Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын суммасы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
СС = С х Ки, мында:
СС - салыктын суммасы;
С - салыктын ставкасы;
Ки - инфляциянын коэффициенти.
2. Учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландалган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, календардык жылдын калган күндөрүнө салыктын суммасы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
СС = С х Ки х 3, мында:
СС - салыктын суммасы;
С - салыктын ставкасы;
Ки - инфляциянын коэффициенти.
3. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салыкты эсептөө үчүн учурдагы салык мезгилинде колдонулуучу Ки инфляциянын коэффициенти ушул Кодекс күчүнө кирген салыктык мезгилден тартып мурдагы салык мезгилдери үчүн инфляциянын коэффициенттеринин көбөйтүндүсү катары аныкталат.
Учурдагы салык мезгилинде колдонулуучу инфляциянын коэффициенти ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан улуттук статистиканын расмий маалыматтарынын негизинде мурунку салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирбестен бекитилет.
Эгерде учурдагы салык мезгилиндеги инфляциянын коэффициенти белгиленбесе, анда ал мурунку салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар деп кабыл алынат.
4. Эгерде салык төлөөчү ушул главага ылайык салык салынууга тийиш болгон иштин эки же андан көп түрүн айкалыштырса, салыктын суммасы иштин ар бир түрүнө өзүнчө белгиленет.
5. Салыктын суммасы туруктуу болуп саналат жана кайра эсептелүүгө тийиш эмес, ал эми салыктын төлөнгөн суммасы, колдонуу мөөнөтү ал жеткис күч жагдайлардын мезгилине туура келген салыктын суммасын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кайра эсептөөнү кошпогондо, салык төлөнгөндөн кийин кайтарылууга тийиш эмес.
463- берене. Салыктык мезгил
Өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салык үчүн салыктык мезгил болуп бир календардык жыл эсептелет.
464-берене. Салыктык милдеттенмени аткаруу жана салыктык отчет
1. Салык боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу ай сайын ар бир айдын 1-күнүнөн кечиктирбестен бирдей үлүштөр менен жүзөгө ашырылат.
2. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
3. Салыктын суммасын эсептөө боюнча милдет ушул Кодекстин 459-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчүнүн арызынын негизинде өзгөчө режимдеги соода зонасы жайгашкан жери боюнча салык органына жүктөлөт.
4. Эгерде салык төлөөчү ушул Кодекстин 459-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн арызды бербесе, салык органы учурдагы календардык жылдын калган күндөрүнө салыкты ушул Кодекстин 462-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча түшкөн акчанын мурда билдирилген көлөмүнө ылайык салыктын ставкасынан кийинки салыктын ставкасын колдонуу менен эсептөөгө укуктуу.
5. Салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын ушул Кодекстин 106-беренесинде белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
6- берене
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., №7, 85-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
26-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2021-жылдын 1-апрелине чейинки отчеттук мезгил үчүн эсептешүү ведомостторунун белгиленген мөөнөтүнө карата календардык жыл ичинде эки жолудан ашык бербегенде (же кечик-тиргенде) - кийин кайра эсептөө менен мурдагы отчеттук мезгилде түзүлгөн төлөмдөрдүн суммасынын 25 пайызы өлчөмүндөгү айып пул;"
7- берене
"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., №2, 5-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 11-берененин он алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
8- берене
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., №8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Атайын наам
Эгерде ушул статьяда башкасы каралбаса, атайын наам - бул Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, жаза аткаруу тутумунун, бажы жана салык кызматтарынын ар бир аттестацияланган кызматкерине анын кызматтык абалына, иш тажрыйбасына, жалпы билимине, кызматынын мөөнөтүнө жана жеке сиңирген эмгегине ылайык жекече ыйгарылуучу наам.
Ушул статьянын кызматкерлерди аттестациялоо бөлүгүндөгү ченемдери салык кызматынын органдарынын кызматкерлерине карата колдонулбайт.".
9- берене
"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., №10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
461-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Салыктык талаш-тартыштарды чечүү үчүн бейтарап териштирүү талаш-тартыштын бир тарабы бейтарап териштирүү жөнүндө арыз берген күнгө чейин 60 айдан кем эмес мезгилдин ичинде тараптардын бири дайыма иштөөчү бейтарап сот жүзөгө ашырылат.".
10- берене
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., №5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 21-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "тарифтери" деген сөздөн кийин "2027-жылдын 1-январына чейин" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 6-статьяда:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тандалган салык режимине карабастан жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерден, юридикалык жакты түзбөстөн иш жүргүзүүчү, берилген лицензиялардын негизинде иштөөчү, ошондой эле гонорар (сый акы) алуучу же лотоктордо, соода орундарында товарды сатып өткөрүү жолу менен базарларда иш жүргүзүүчү жеке жактарды кошпогондо) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 6 пайыздан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бөлүштүрүлөт:
Пенсиялык фондго - 89,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 10 па-йыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 3-пунктта:
- биринчи абзац "текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жалданган кызматкерлерин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүктөрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлерди" деген сөздөр менен толукталсын.";
- пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү - жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасына, 8 жана 13-бөлүк-төрүнө ылайык салык төлөөчү жеке ишкерлер тарабынан жалданган жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын 10 пайызынан кем эмес өлчөмдө ай сайын белгиленет.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго - 8,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз.";
3) 71-статьяда:
а) статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "71-статья. Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин кызматкерлери жана жеке жактары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары";
б) биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку технологиялар паркынын жана анын дирекциясынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттеринин кызматкерлери, Жогорку технологиялар паркынын жана Креативдүү индустриялар паркынын резиденттери - жеке жактар (имараттарды, орун жайларды, жер участокторун тейлөө-нү жана кайтарууну жүзөгө ашыруучу кызматкерлерден тышкары), пенсионер-кызматкерлерди кошпогондо, орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 12 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.";
а) "а" пунктчасынын биринчи абзацында "6-статьянын 1-пунктуна," деген сөздөр "6-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацы-на," деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) "б" пунктчасынын биринчи абзацында "2" деген цифра "1" деген цифрага алмаштырылсын;
5) 11-статьянын 5-пункту "Жогорку технологиялар паркынын" жана "Жогорку технологиялар паркы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүүлүгүнө жараша "жана Креативдүү индустриялар паркынын" жана "жана Креативдүү индустриялар паркы" деген сөздөр менен толукталсын.
6) 13-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул пункттун күчү уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар тарабынан жалданган, тизмеги Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында аныкталган кенже тейлөөчү персоналына, ошондой эле төмөндөгү ишканалар менен уюмдарга жайылтылбайт:";
7) 141-статьяда "2" деген цифра "1" деген цифрага алмаштырылсын.
11- берене
"Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы №87 Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., №6, 506-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 8-пунктунда "мыйзамдарда белгиленген тартипте салык органында катталган," деген сөздөр "кагаз түрүндө жана/же электрондук түрдө түзүлүүчү жана берилүүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3 жана 4-беренелерде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Күрөө билетинин формасы, аны түзүүнүн жана зайымчыга берүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
4) 15-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12- берене
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 23-декабрындагы №145 Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., №12, 708-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
4-берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
13- берене
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, №4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 2-пунктта "(мамлекеттик карызды кайра каржылоо үчүн чы-гарылган)" деген сөздөр алып салынсын;
б) 8-пунктта "2022-жылдын 1-сентябрына" деген сөздөр "2024-жылдын 1-январына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы 10 жана 11-пункттар ме-нен толукталсын:
"10) 2008-жылдын 17-октябрындагы №230 Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган тартипте 2021-жылдын 31-декабрына чейин салык төлөөчүгө тапшырылган, салык төлөөчү тарабынан аткарылбаган жана даттанылбаган, салык төлөөчү тарабынан таанылган салыктык карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө чечим салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызын аткарууну камсыз кылуу жөнүндө билдирүү катары таанылат;
11) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга же болбосо ушул салык салуу тутумунан чыгууга ниеттенген салык төлөөчү учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына 2023-жылдын 1-июлуна чейинки мезгилде салык салуунун башка режимине өтүү тууралуу арыз берүүгө укуктуу. Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө салык төлөөчү тарабынан арыз берилген айдан кийинки айдын 1инен тартып жүзөгө ашырылат.
Ушул пунктка ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары эсептен чыгарылган салык төлөөчү салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунан өз ыктыяры менен чыккан салык төлөөчү болуп таанылат.".
14- берене
"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 5-июлу, №58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин он экинчи абзацында "оюн-зоок жайы" деген сөздөр ", казинодо жайгашкан оюн-зоок орун жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 6-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пунктта "80 000", "40 000" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "100 000", "50 000" деген цифраларга алмаштырылсын;
б) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 13-беренеде:
а) 2-бөлүктө "жеке менчик ресторанда, мейманкана комплек-синде" деген сөздөр "рестораны бар мейманкана комплексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө "өзүнчө жайда (имаратта)" деген сөздөр "казинонун өзүнчө жайында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 14-берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында "отуздан" деген сөз "алтымыштан" деген сөзгө алмаштырылсын.
15- берене
"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, №72-74) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 67-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда "ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органына" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 68-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Ушул берененин жоболору Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте ыйгарым укуктуу салык органына берилүүчү банктык сырды түзүүчү маалыматка жайылтылбайт.".
16- берене
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 16-ноябрындагы №106 Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 16-ноябры, №100-101) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 711-берене менен толукталсын:
"711-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун кароо
1. Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун кезектеги календардык жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.
2. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлоруна кезектеги календардык жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен коомдук талкуулоо жол-жобосу жүргүзүлүүгө жана Министрлер Кабинетинин корутундусу алынууга тийиш.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда пакеттик түрдө каралат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жана Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда жактырылган мыйзам долбоорлору экинчи окууда бир мыйзам долбооруна бириктирилет, ал андан ары ушул Регламентте жалпы белгиленген тартипте каралат.
5. Салык кодексинин 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык чечим кабыл алынган, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон карама-каршылыктарды жоюу же ченемдер жок болгон учурларда иштелип чыккан мыйзам долбоорлору ушул Регламентте жалпы белгиленген тартипте каралат.".
17- берене
2022-жылдын 1-ноябрына карата түзүлгөн салык калдыгынын суммасы, ошондой эле Баткен облусунун чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан бекитилген Баткен жана Ош облустарын-дагы Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогунда куралдуу чыр-чатактын натыйжасында жабыр тарткандардын тизмесине киргизилген субъекттердин ушул Мыйзам кабыл алынган датага карата түзүлгөн пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын суммалары эсептен чыгарылсын.
18- берене
1. Ушул Мыйзам, төмөнкүлөрдү кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет:
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 4-апрелиндеги № 27(3476) жарыяланды
1) ушул Мыйзамдын 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 15-пунктунун "б" пунктчасын, 42-пунктун, 71-пунктунун "д" пунктчасын, 77-пунктун, 78-пунк-тунун "в", "д" пунктчаларын, 84-пунктун, 86-88-пункттарын, 90, 91-пункттарын, 104-пунктунун "б" пунктчасын, 108-пунктун, 134-пунктунун он үчүнчү абзацын;
2) ушул Мыйзамдын 2022-жылдын 29-июнунан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 155, 156-пункттарын;
3) ушул Мыйзамдын 2022-жылдын 21-июлунан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 159-пунктун;
4) ушул Мыйзамдын 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кире турган 14-беренесинин бешинчи, алтынчы абзацтарын;
5) ушул Мыйзамдын 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 137-пунктун жана 149-пунктунун отуз бешинчи абзацын;
6) ушул Мыйзамдын 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 4-беренесинин 4-пунктун;
7) ушул Мыйзамдын 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 5-беренесинин 78-пунктунун "а" пунктчасын;
8) "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кире турган ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 18-пунктунун "а" пунктчасын, 26, 40-пункттарын, 41-пунктунун "б" пунктчасын, 79-пунктунун "б" пунктчасын, 80-пунктунун "б" пунктчасын.
Эскертүү: Ушул Мыйзамга мамлекеттик тилдеги өзгөртүүлөр жана толуктоолор текст боюнча расмий тилден айырмачылыктар бар (18-статьянын 4-пунктунда)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н.Жапаров |
2023-жылдын 16-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |