Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-августундагы № 27/V-28
Калктуу конуштардын аймагынан ташып чыгуучу таштандылар үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 12-1 жана 12-2-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагынын аймагынан таштанды чыгаруу жыйымы киргизилсин.
2. Калктуу конуштардын аймагынан таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы 2025-жылга ар бир кызматкерден юридикалык жактардан 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ак-Кудук айыл өкмөтү:
- айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адистери бул токтом менен бардык юридикалык жактарды жана ар бир кызматкерди кол койдуруп тааныштырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жана айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |