ТоктомКүчүндө

Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-августундагы № 27/V-28 «Калктуу конуштардын аймагынан ташып чыгуучу таштандылар үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция16.08.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 16-августундагы № 27/V-28

Калктуу конуштардын аймагынан ташып чыгуучу таштандылар үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 12-1 жана 12-2-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Кудук айыл аймагынын аймагынан таштанды чыгаруу жыйымы киргизилсин.

2. Калктуу конуштардын аймагынан таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы 2025-жылга ар бир кызматкерден юридикалык жактардан 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Ак-Кудук айыл өкмөтү:

- айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адистери бул токтом менен бардык юридикалык жактарды жана ар бир кызматкерди кол койдуруп тааныштырсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө жана айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Ак-Кудук айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Кенжебек уулу А