Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-августундагы № 29/V-28
Ак-Кудук айыл аймагы боюнча таштанды төлөмүн чогултууну жөнгө салуу жөнүндө
Айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл аймагынан таштанды чыгаруу боюнча төлөмдөр ар бир үй чарбасы тарабынан милдеттүү түрдө төлөнбөгөндүгү жана өз убагында төлөм каражаты чогулбагандыктан муниципалдык ишкананын толук кандуу иш жүргүзүүгө мүмкүнчулүгү болбой жаткандыгы тууралуу маселени карап, Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги №5/11-28 токтомун жетекке алуу менен Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Кудук айыл аймагына кирген бардык айылдардагы үй чарбалары /короо/ тарабынан таштанды чыгарылганына жана чыгарылбагандыгына карабастан тиричилик калдыктарын чыгарып кетүү боюнча бекитилген айына 150 сомдук төлөмдү ай сайын төлөө үй ээлерине милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
Ак-Кудук айылдык кеңешинин төрагасы |
Кенжебек уулу А |