ТоктомКүчүндө

Ак-Кудук айылдык кеңешинин 2025-жылдын 24-январы № 18/IV-29 «Ак-Кудук айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция24.01.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 24-январы № 18/IV-29

Ак-Кудук айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 9-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарына таянып Ак-Кудук айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Ак-Кудук айылдык кеңешинин иштөө регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

(тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)

2. Ак-Кудук айылдык кеңешинин иш алып баруусу бекитилген регламент менен жүргүзүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

Дж.Маванкуй