Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
от 30 января 2026 года № 45-р
“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча 2026–2028-жылдарга иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
– ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Иш-аракеттер планын ишке ашырууну камсыз кылсын;
– жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15нен кечиктирбестен Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине берсин;
– Иш-аракеттер планынын иш-чараларын каржылоону аны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү жылга бекитилген бюджеттерде каралган каражаттардын эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзсүн;
– жарандык коомдун, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Иш-аракеттер планын аткаруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25нен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жыйынды маалыматты берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 183-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.А. Касымалиев
Тиркеме
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясын ишке ашыруу боюнча 2026–2028-жылдарга
иш-аракеттер планы
№ | Милдеттер | Чаралар/Аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 1-глава. “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартибин институтташтыруу | ||||
1.1. “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартибин мамлекеттик жана муниципалдык органдардын функцияларына жана ишине киргизүү | 1.1.1. ВАЖТ курамын кеңейтүү | 2026-жылдын 1-жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО БУУ ККнын 1325-резолюциясын ишке ашырууга, аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө катышат. Коргоо жана ӨК органдары өткөрүлгөн окутуунун жүрүшүндө потенциалды жогорулатуу жана гендердик сезимталдыкты калыптандыруу аркылуу калк менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүдө | ИИМ | |
1.1.2. Климаттын өзгөрүшү, инклюзия маселелерин эске алуу менен, анын ичинде мамлекеттик заказ аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды БУУ ККнын 1325-резолюциясынын маселелери боюнча окутуу | 2026-жылдын 2-жарым жылдыгы | КРПМБА | |||
1.1.3. БУУ ККнын 1325-резолюциясынын ведомстволук иш-аракеттер пландарын иштеп чыгуу | 2027-жылдын 1-жарым жылдыгы | ИИМ, ӨКМ, КМ, ТИМ, ССМ, ЮМ, ДИЭМУА, КРПМБА | |||
1.1.4. Даярдалган окуу курстарынын негизинде ички иштер органдарынын кызматкерлерин, коргоо жана ӨК органдарынын аскер кызматчыларын окутуу | 2027-жыл | ИИМ, КМ, ӨКМ | |||
1.1.5. Климаттын өзгөрүшү, инклюзия маселелерин эске алуу менен ВАЖТ мүчөлөрүн БУУ ККнын 1325-резолюциясынын маселелери боюнча окутуу | 2026–2027-жылдар | ИИМ, ӨКМ, КМ | |||
1.2. Чыр-чатактардын алдын алуу механизмдерин бекемдөө үчүн гендердик жана климаттык маселелерге көңүл буруу менен чыр-чатактуу зоналарды аныктоо жана диагностикалоо | 1.2.1. Гендердик жана климаттык маселелерге көңүл буруу менен КРда чыр-чатактуу зоналарды аныктоо боюнча иштерди жүргүзүү | 2027-жылдын 1-жарым жылдыгы | Мамлекеттик органдар, ЖӨБО, жергиликтүү коомчулуктар, коомдук уюмдар коопсуз жана чыр-чатаксыз өнүгүү үчүн чакырыктар жөнүндө маалыматка жана климаттык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен чыр-чатактарды аныктоо жана алдын алуу үчүн тиешелүү инструментарийге ээ | ИИМ, ӨКМ, КМ | |
1.2.2. Иштин багыттары боюнча мамлекеттик органдарга кабарлоо менен расмий сайттарга маалыматты жайгаштыруу | 2027-жылдын 2-жарым жылдыгы | ИИМ, ӨКМ, КМ | |||
1.3. Климаттын өзгөрүшү, инклюзия маселелерин эске алуу менен БУУ ККнын 1325-резолюциясынын маселелерин интеграциялоо тажрыйбасын жана практикасын жергиликтүү программаларга, өнүгүү пландарына жана бюджеттерге масштабдоо | 1.3.1. Калктын бардык топторундагы эркектердин жана аялдардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, жаштардын, улгайган адамдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын, ошондой эле климат жана коопсуздук маселелерин эске алуу менен, жергиликтүү СЭӨПкө жана бюджеттерге БУУ ККнын 1325-резолюциясынын иш-аракеттер планын ишке ашыруу маселелерин киргизүү | 2027-жылдын 1-жарым жылдыгы | Тынч жана чыр-чатаксыз өнүгүү боюнча жергиликтүү демилгелер формалдаштырылды, натыйжада ЖӨБО БУУ ККнын 1325-резолюциясынын маселелерин аткаруу боюнча милдеттенмелерди алууда. Натыйжада социалдык жана жамааттар аралык талаш-тартыштар токтоду, калктын жашоо шарты жакшырды, ал эми аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү бир кыйла адилеттүү жана туруктуу болуп калды
| КРП ЫУӨ | |
1.3.2. Климаттын өзгөрүшү, инклюзия маселелерин эске алуу менен тынч жана чыр-чатаксыз өнүгүүнүн пилоттук биргелешкен пландарын иштеп чыгуу (климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин жана адамдардын ар кандай топторунун, анын ичинде эң аялуу топтордун муктаждыктарын эске алуу менен чыр-чатаксыз өнүгүүнү пландоо) | 2026-жылдын III кварталы | АДТ жана Кең-Булуң айыл аймагы (Ивановка а.), Ак-Сай айыл аймагы (Ак-Сай а.), Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагы, Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагы, Төрт-Күл айыл аймагы | |||
1.4. “АТК” күн тартиби жана климат маселелеринин өз ара аракеттенүү жана интеграциялоо жол-жоболору жана алгоритмдери боюнча методикалык материалдар менен камсыз кылуу | 1.4.1. “АТК” күн тартибинин маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун ортосундагы коммуникация жана координация боюнча колдонмолордун методикалык сунуштамаларын (СОП) иштеп чыгуу жана бекитүү | 2027-жылдын 1-жарым жылдыгы | Аткаруучулар пландоо, ишке ашыруу, каржылоо стадиясында методикага жана инструменттерге ээ болуу менен БУУ ККнын 1325-резолюциясынын ИПны ишке ашырууда өз ара аракеттенет. Долбоорлорду айлана-чөйрөгө, климаттык тобокелдиктерге, адамдардын коопсуздугуна жана калктын бардык топтору үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө тийгизген таасирин эске алуу менен баалоо жана ишке ашыруу үчүн эрежелерди жана талаптарды белгилеген бирдиктүү стандарт түзүлдү. Натыйжада бюджет чыгымдардын беренелери боюнча гана эмес, конкреттүү программалардын жана максаттардын негизинде бөлүштүрүлөт
| КРП ЫУӨ, КМ, ССМ, ЭСКММ, ДИЭМУА, ЮМ, ММЖСМ, ӨКМ, ИИМ, САЧКӨМ, ИЖБИМ, ЭКМ | |
1.4.2. Климат, инклюзия жана коопсуздук маселелери интеграцияланган типтүү СЭӨПтү иштеп чыгуу (климаттык тобокелдиктердин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин, адамдардын коопсуздугун жана калктын бардык топтору үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу) | 2027-жылдын 1-жарым жылдыгы | КРП ЫУӨ, ЭСКММ, ӨКМ | |||
1.4.3. Климат, инклюзия жана коопсуздук маселелери интеграцияланган типтүү СЭӨПтү чек арага чектеш аймактарда пилоттоштуруу | 2027-жылдын 2-жарым жылдыгы | КРП ЫУӨ, ЭСКММ | |||
1.4.4. Калктын бардык топторундагы эркектердин жана аялдардын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, жаштардын, улгайган адамдардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын, ошондой эле климат жана коопсуздук маселелерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 16, 80 жана 95-беренелеринин талаптарына шайкештигин камсыз кылуу максатында улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде бюджеттик каражаттарды туура пландоодо жана бөлүштүрүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына көмөк көрсөтүү үчүн арналган нускамаларды жана типтүү шаблондорду иштеп чыгуу | 2028-жылдын 1-жарым жылдыгы | КРП ЫУӨ, ӨКМ | |||
2 | 2-глава. “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартибин ишке ашырууда ар түрдүү факторлордун өнөктөштүгүн кеңейтүү жана бекемдөө аркылуу чыр-чатактардын алдын алуу | ||||
2.1. Жаштарды БУУ ККнын 1325-резолюциясын ишке ашырууга тартуу
| 2.1.1. Тынчтыкты орнотуунун күн тартибин ишке ашырууда синергияны камсыз кылуу максатында БУУ ККнын 2250-резолюциясы “Жаштар, тынчтык жана коопсуздук” боюнча ИПны ишке ашыруу боюнча ИИМдин жана ыйгарым укуктуу органдын ортосундагы өз ара аракеттенүү | 2027-жылдын 1-жарым жылдыгы | Кыздар жана жаш аялдар жаштар топторунун жана коомчулуктардын колдоосу менен эки саясаттын алкагында тынчтыкты орнотууга катышуунун кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрүн алат | ИИМ, ММЖСМ | |
2.1.2. Жаштар үчүн тынчтыкты орнотуу, гендердик зомбулук жана “АТК” күн тартиби жөнүндө онлайн/аралыктан курстарды иштеп чыгуу | 2027-жылдын 2-жарым жылдыгы | ММЖСМ, КРПМБА, Агартуумин, ИЖБИМ | |||
2.1.3. Жаш лидерлерди БУУ ККнын 1325-резолюциясынын ИПны ишке ашырууга активдүү тартуу | 2027-жылдын 1-жарым жылдыгы | ММЖСМ, ИЖБИМ | |||
2.2. Калктын БУУ ККнын 1325-резолюциясы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу | 2.2.1. “АТК” күн тартиби, анын ичинде климаттын өзгөрүшү маселелери жөнүндө маалыматты расмий сайттарга жайгаштыруу | 2026-жыл | Окуган жаштарга БУУ ККнын 1325-резолюциясынын ИП жана “АТК” күн тартиби жөнүндө маалымдалды, аны ишке ашырууга активдүү катышууда, бул “АТК” күн тартибин ишке киргизүү үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүүгө шарт түзөт | КРП ЫУӨ, ӨКМ, КМ, ИИМ, ЮМ, ЭСКММ | |
2.2.2. Окуучулардын БУУ ККнын 1325-резолюциясы жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу | 2027–2028-жылдар | Агартуумин | |||
2.2.3. Айыл өкмөттөрүнүн уставдарына “АТК” күн тартибинин маселелерин киргизүү | 2027-жыл | КРП ЫУӨ | |||
2.2.4. БККнын уставдарына “АТК” күн тартибинин маселелерин киргизүү | 2027-жыл | КРП ЫУӨ | |||
3 | 3-глава. Аялдардын тынчтыкты орнотуу процесстерине катышуусун кеңейтүү | ||||
3.1. Климаттын өзгөрүшү маселелерин эске алуу менен “АТК” күн тартибин ишке ашыруу максатында тынчтыкты орнотуу, чыр-чатактарды алдын алуу процесстерине катышуу үчүн жергиликтүү коомчулуктардагы аялдардын потенциалын жогорулатуу, алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү | 3.1.1. Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн лидерлик, “АТК” күн тартиби жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар маселелери боюнча окуу модулдарын иштеп чыгуу, ошондой эле жарандык активисттер, аялдар кеңештеринин мүчөлөрү, ҮЗАК, БКК жана жамааттык уюмдар үчүн оффлайн жана онлайн курстарды уюштуруу | 2027-жылдын 2-жарым жылдыгы | Жергиликтүү коомчулуктардагы аялдар БУУ ККнын 1325-резолюциясынын күн тартибинин туруктуулугу жана “АТК” күн тартибинин, чыр-чатактардын пререквизити, медиация жана чыр-чатактан кийинки өнүгүү катары климаттын өзгөрүшү маселелерин ишке ашырууга катышуу үчүн практикалык лидерлик көндүмдөргө жана компетенцияларга ээ болууда. Көбөйтүлдү: – Тынчтыкты орнотуу, “АТК” күн тартиби жана климаттык коопсуздук темалары боюнча окуудан өткөн аялдардын саны (адам); – чечимдерди кабыл алуу процесстерине, тынчтык демилгелерине жана климаттык долбоорлорго тартылган аялдардын үлүшү (%). Аялдардын жергиликтүү деңгээлдеги диалогдорго, сүйлөшүүлөргө жана чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусу кеңейди, ошондой эле гендердик шартталган зомбулуктун жана климаттын өзгөрүшүнүн өз ара байланышы жөнүндө маалымдуулук деңгээли жогорулады. Гуманитардык жардамды жана ресурстарды бөлүштүрүүдө калктын бардык топторунун гендердик жана курактык муктаждыктарын эсепке алуу камсыз кылынды | КРП ЫУӨ, КРПМБА
| |
3.1.2. Жергиликтүү коомчулуктардын аялдарынын потенциалын жогорулатуу | 2027-жылдын 1-жарым жылдыгы | КРП ЫУӨ | |||
3.1.3. Аялдарды медиация, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү көндүмдөрүнө жана чыр-чатактарга сезимталдык боюнча окутуу | 2027-жыл | ЮМ, МК | |||
3.1.4. Гуманитардык жардамды жана ресурстарды бөлүштүрүүдө бардык адамдардын (жынысы жана жашы) муктаждыктарын эсепке алуу принцибин ишке киргизүү | 2027-2028-жылдар | КРП ЫУӨ, ӨКМ, ЭСКММ | |||
3.1.5. Чек арага чектеш райондорго көңүл буруу менен айылдагы аялдарды климаттык аудит жана климаттын өзгөрүшүнө адаптацияны камсыз кылган технологиялар боюнча окутуу | 2028-жылдын 1-жарым жылдыгы | КРП ЫУӨ, САЧКӨМ, ӨКМ | |||
3.2. Аялдардын тынчтыкты орнотуу процесстерине жана коопсуздук секторуна катышуусун кеңейтүү | 3.2.1. Аял кызматкерлердин потенциалын жана квалификациясын жогорулатуу үчүн укук коргоо түзүмдөрүнүн жана коопсуздук секторунун ишине гендердик стандарттарды жана ыкмаларды иштеп чыгуу жана киргизүү | 2026–2028-жылдар | Коопсуздук секторундагы аялдар актуалдуу компетенцияларга, анын ичинде тынчтыкты орнотуу, гендердик сезимтал ыкмалар жаатындагы адистештирилген билимге жана көндүмдөргө ээ, бул алардын тынчтык орнотуу операцияларына, сүйлөшүүлөргө жана консультацияларга системалуу жана натыйжалуу катышуусун камсыз кылат, ошол эле учурда ар бир укук коргоо органынан 3–4 кем эмес кызматкер аял максаттуу даярдыктан өтүүдө жана эл аралык стандарттарга ылайык бул процесстерге активдүү тартылууда | ИИМ, КМ, ӨКМ, МБК, ЖАМК | |
3.2.2. Тынчтыкты орнотуу процесстеринде жана тынчтыкты сактоо операцияларында аялдардын катышуусун кеңейтүүнү кошкондо, гендердик балансты сактоону камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жана шарт түзүү | 2026–2028-жылдар | ИИМ, КМ, ЖАМК | |||
3.2.3. Тынчтыкты орнотуу миссияларына аялдардын талапкерлигин көрсөтүү | 2026–2028-жылдар | ИИМ, ТИМ, КМ, ӨКМ, ЖАМК, КРП ЫУӨ | |||
Кыскартуулардын тизмеси:
КРПМБА
| –
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы |
ЖАМК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы |
МБК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
АДТ | – | аялдардын демилгелүү тобу |
ҮЗАК | – | үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттер |
КР | – | Кыргыз Республикасы |
ИИМ | – | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ВАЖТ | – | ведомстволор аралык жумушчу топ |
САЧКӨМ | – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги |
ССМ | – | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги |
ТИМ | – | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
Агартуумин | – | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги |
ММЖСМ | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги |
ИЖБИМ | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги |
КМ | – | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги |
ЭСКММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
ӨКМ | – | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ЮМ | – | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ДИЭМУА
| – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик |
ЖӨБО | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары |
БКК | – | борборлордун коомдук кабылдамалары |
“АТК” күн тартиби | – | “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартиби
|
КРП ЫУӨ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү |
СЭӨП | – | Социалдык-экономикалык өнүгүү планы |
МРК | – | Кыргыз Республикасынын медиаторлордун республикалык коомчулугу |
БУУ КК | – | Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши |
ӨК | – | өзгөчө кырдаал |